Карынын сөзүн капка сал...
Оморбай Нарбеков,
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары:
"Азыр эң башкы маселе -ынтымак маселеси"
- Оморбай байке, учурдагы болуп жаткан кырдаал тууралуу аксакалдык сөзүңүздү айтсаңыз?
- Азыр ар бирибиздин милдетибиз элди ынтымакка чакыруу. Бул милдетти биз ыйык парзыбыз катары эсептешибиз керек. Көптөгөн интеллектуалдуу адамдарыбыз Убактылуу Өкмөткө ичи чыкпай, ар кандай далилсиз сөздөрдү айтып жатышат. Мен антип айтпайт элем. Ар бир адам колунан эмне иш келет, ошол ишин өкмөткө карабай жасай берсин. Четте калбай, кырдаалды оң жолго салууга аз да болсо салымын кошсун. Мына гезиттерди карасаң, акыркы убакта жалаң сынга толуп кетти. Журналисттер бир багыт менен иштесе абдан жакшы болот эле. Коомчулукка терс пикир тараткан гезиттер көбөйдү. Ушундай кыйчалыш учурда мындай "зарылчылыктын" такыр кереги жок эле. Ошол ойду-тоону карабай, сын үстүнөн сын айтып жаткандар эмне иш бүтүрдү? Сын айтуу баарынан оңой, бүт дүйнөнү бир сааттын ичинде сындап чыксаң болот. Бирок талабы менен, чеги менен болуусу кажет. Кыскасы, азыр бизде жылкысына карап ышкыруу деген такыр болбой баратат. Эл болгондон кийин, журт болгондон кийин бир кызыкчылыкты көздөп, жакшылыкта да, жамандыкта да бир болуп, бир багытта ишти алып баруу зарыл. Кудай буйруса, заман оңолуу жагына түштү. Айрым учурларда Отунбаева тууралуу ар кандай сөздөр айтылууда. Бирок ал сөздөрдүн дээрлик бардыгы тең суу кечпейт деп кесе айтар элем. Отунбаева депутат болуп турганда: "Биз Бакиев башында туруп башкарган кылмышкерлердин заманында жашап жатабыз"-деп бүт дүйнөгө ачык айтып чыккан жалгыз адам. Мындай сөздү ким айтат? Албетте, жүрөгүндө жалыны бар гана адам айта алат. Роза айым азыр Кыргызстандагы бүт эр киши жасай турган ишке тете кызмат кылууда. Акыл жагынан да, интеллект жагынан да, кыскасы, бардык жагынан алмаштырды. Ал өзүн ким экенин, иш жүзүндө көрсөтүп жатат. Роза Отунбаеваны азыр биз уялбай эле илгеркиче айтканда датка деп койсок жарашат. Курманжан апабыздын даткалыгын биз баса белгилеп айтып жүрбөйбүзбү, ал кыргыз тарыхында аялдардан чыккан үчүнчү датка. Биринчи датка Кокон хандыгында хан болгон Шералынын аялы Жаркын энебиз, андан кийин анын сиңдиси Зыйнат апабыз. Ал эми Роза Отунбаеваны төртүнчү датка деп баса белгилеп айтып коюшубуз керек. Биз колубуздан келишинче Отунбаеванын жүргүзүп жаткан саясий иштерин колдоп алышыбыз абзел. Бул биринчи маселе. Экинчи маселе - Бириккен Элдик Кыймыл. Бул кыймыл Кыргызстанга абдан пайдалуу иштерди жасады. Революциянын болушуна абдан чоң салым кошту. БЭКтин лидерлери толугу менен бийликке келишип, мына эки айга чукул убакыттан бери ар ким колунан келишинче иштеп жатышат. Бирок өкүнүчтүүсү, учурда БЭКтин лидерлеринин ынтымагы жакшы болбой турат. Текебаев өзүнчө, Бекназаров өзүнчө, Сариев өзүнчө, Атамбаев өзүнчө болуп бараткандай. Мындай болбошу керек. Революцияны ушул үчүн жасадык беле? Мамлекеттин жооптуу кызматында турган адамдар, саясат менен алектенбей, муштумдай түйүлүп, ынтымакка келип, өлкөнү токтоосуз оор кырдаалдан чыгаруусу зарыл. Бул мезгилдин, элдин бирден бир талабы. Талапты аткарууга ашыгышыбыз керек.
Элдин эркиндиги үчүн көкүрөгүн окко тосуп, шейит кетишкен баатырларга кыргыз эли өмүр бою карыз. Алардын туугандарына жана ошол каргашалуу күнү жарадар болгон адамдардын бардыгына жардамыбызды аябашыбыз керек. Алар муктаж болгон жардамын өкмөттөн, колунда бар адамдардан токтоосуз алышы керек. Кыскасы, тиешелүү конпенсациясын алып турушу керек. Биздин министрлик жарадар болгон адамдарды Воронцовкадагы курортко канча керек болсо, ошончо дарылатып турууну чечти. Андан тышкары, мен баатырлардын кырк ашында Ата-Бейитте жылкы союп, куран окуттум. Өзүм жасаган дарыларды 1 миллион сом эсебинде бекер бердим. Мен муну мактаныч катары айтып жаткан жокмун, колунда бар адамдар жардамга муктаж болгон баатыр каармандарыбызга жардамын аябашы керек.
- БЭКтин лидерлеринин ынтымагы жакшы болбой жатат деп жатпайсызбы, бул маселенин башкы себеби эмнеде деп ойлосуз?
- Бир себеби, кадр саясатынан болушу мүмкүн. Чынында кадр саясаты туура жүрбөй жаткан чыгар. Бирок мунун да жокко чыгара алгыс себеби бар, аны эстен чыгарбашыбыз керек. Мисалы, сен революцияны өмүрүңдү сайып коюп, бир нерсеге жетишем, сөзсүз өзгөрүү болот деген асыл тилек менен жасадың дейли. Балким, ал революционер адамдын деңгээли аким болгонго же губернатор болгонго жетпейт. Бирок болбой эле ал адамды жакшы тилек менен кызматка коюп койду, аны кызматтан кет деп кантип айтасың? Ал адам деле алты ай өзүн сынап көрсүн да. Кандай болгон күндө да андай адамдар азыр биротоло кызматка жабышып олтуруп калган жок да. Болгону алты ай иштейт. Анан жаңы мыйзамдын негизинде кайра шайланат, же иштей албаса бошотулат. Бул боло турган иш да. Анан эмнеге эле убактылуу иштеп жаткандарга мынчалык асылабыз. Өткөндө М. Ниязов "Агымга" интервью бериптир: "Мен улуттук лидерди көрө албай турам"-деп. Мен ал иниме көрбөй жатсаң, "Отунбаеваны жакшылап тикте, аял башы менен бүт жүктүн баарын өзүнө алып, улуттук лидер болууга татып олтурат" деп айтат элем. Кана эркектерден ким чыкты? Мен Ниязовго: "Акаевдин убагында Коопсуздук кеңешинде турдуң, ушул болуп жаткандардын баарына сенин да кыйыр тиешең бар, кел эми биригели" деп канча жолу айттым. Сөзгө муюп, бир-эки жолу элдин алдына чыгып жакшы сүйлөгөн болду. Анан үйүндө бекинип жатып алып, эми баары бүткөндөн кийин, мен улуттук лидер болмокчумун деп айтуунун кажети барбы? Улуттук лидер болсо, Бакиевдин тушунда көрөт элек го. Мен жолдош генералдарга, акылдууларга, интелигенттерге, тың сүйлөп элдин башына чай кайнатып жаткан сынчыларга, "кана силер мамлекет үчүн кандай иш кылып бердиңер, элге чыгып айтып көргүлөчү"- деп айтат элем. Азыр да кеч эмес, колуңардан келген ишиңерди мамлекет үчүн, эл үчүн жасагыла. Биригели, бир багытта иштейли.
Жанагы ынтымак маселесинин дагы бир себеби, бул "адамды кызмат берип сынап көр" деген сөздүн иш жүзүндөгү көрүнүшү болуп эсептелет. Негизи, адам баласы кызматка келгенде башкача болуп калат экен. Менменсинип, өзүн кыйын сезип, айрым учурларда өзүм билемдикке барып дегендей. БЭКте саясий бюронун 13 мүчөсү бар эле, ошол адамдар эки жылдан ашык убакыт жума сайын такай жолугуп, бардык маселени ийне-жибине чейин талкуулап, кырдаалга жараша чечим кабыл алат элек. Мына ошол БЭКтин лидерлери көбү чоң кызматтарда олтурат. Чалсаң, ошол эле адамдардын көбү, "колум бошобойт"-дегенсип сүйлөшөт. Сакалдуу башым менен Бекназаровдон баштап, көбүнө түзүлүп жаткан ар кандай курч маселелер боюнча кирип чыктым. Буйруса, жакында БЭКтин курамындагы адамдар бүт чогулуп, ортодо ачык сөз болот. Сөздүн ток этер жерин айтканда, азыр мамлекетибиздин жалпы маанайы жакшы эмес. Бөлүнгөндү, жарылганды токтотолу. Ынтымакка келип, бир муштумдай биригели. Ансыз деле, кошуна мамлекеттерибиз: "Кыргыздар өз ара бирдеме болуп кетишсе, бизге да бир топ нерселери артып калат"-дегенсип аңдып олтурушат. Муну да ойлонушубуз керек. Ынтымагы жок эл ыдыроонун гана жолуна түшөрүн унутпашыбыз керек.
- Убактылуу Өкмөттүн сакалдуу адамы катары айтсаңыз, референдумга коюлуп жаткан Башмыйзамдын жаңы долбооруна кандай көз караштасыз?
- Ал Башмыйзамда көбү жакшы, бирок эң башкысы бийликтин ээси эл болушу керек да. Бийликтин жооптуу кызматында иштеп жаткан адамдары жыл сайын элге отчет берип турушу керек. Эгер анын иши элге жакпаса, беш жыл күтүп олтурбай, бир жылда эле иштен айдаш керек. Ошондо тиги кызматтагы адамдар артымда эл карап турат деп, жакшы иштейт эле да. Кыскасы, өзүм билемдикке жол берилбейт эле да. Ушул маселе Башмыйзамга кирбей калды. Анан экинчиси, убагында мен Марат Султанов спикер болуп турганда ага:"Ай мырза, жер сатам дегениңерди токтоткула!" - деп кан какшап айткам. Ушул маселе да азыркы Башмыйзамга кирбей калды. Жерди да, кенди да сатпашыбыз керек. Баарын сата берсек, кийинки муундарга эмне калат? Кыскасы, ушул маселелерди кайра козгошубуз керек. Бирок азыр Башмыйзамдан мурун эң башкысы - ынтымак маселеси. Калганы акырындап болоор...
Маектешкен Айбек Шамшыкеев