Эл айтат…

Эми кимге ишенебиз?..
Акыркы күндөрү өлкөдөгү болуп жаткан окуялар өлкөнүн тагдырына кайдыгер эмес ар бир инсанды ойлонууга мажбур кылып жатат. Болуп жаткан абалды туура түшүнүп, туура ойлонгон адамдын жүрөгүн өйүткөн маселелер азыркы учурда азаймак турсун, көбөйүп жаткансыйт. Мурунку бийликти алмаштыруудагы элдин эмгеги талаага кетеби деп жүрөктү өйүткөн бир-эки маселени айталы...

"Бөлүнбө, Кыргыз бөлүнбө, бөлүнсөң бөрү жеп кетет" дегендей, Убактылуу Өкмөттүн ичиндеги өз ара мамиленин бузулуп, "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара албай", бир команда катары душманга каршы бир муштум болуп түйүлүп тура албай жаткандыгы көпчүлүк элдин зээнин кейитип жатат. Ал эми душман деген айланабызда толуп жүргөндүгүн баарыңар билесиңер. Алар кимдер? Алар Бакиевдердин жайнаган куйруктары: жан жөкөрлөрү, туугандары, кошоматчылары, мамлекеттин казынасына беш колун салып жешкендери, Сыдыков, Масалиев, Ташиев, Түлеев, Жапаров, Келдибеков, Сулайманов, Арабаев, Баекова, Исабеков, Ормонов, Тагаев, Чекиев, Султанов, С.Жапаров, Турдумамбетов, Исаев, Болотбеков, Карашев, Мисиров, Чудинов, Рахманов ж.б. ушуларга окшогон эл душмандары самсып жүргөнүн баарыбыз эле билебиз деп ойлойм. Булар эч убакта элге жакшылык кылбайт, тескерисинче, алдырган бийлиги көздөрүнөн учуп, карга-кузгундардай жутунуп, араң турушат. Анан ушулардын түрлөрүн көрүп туруп Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү жанагындай ич ара келишпестиктере барып жаткандыгына акылыбыз жетпей турат. Элдин ишенгени силер эмес белеңер, алдыңар жыйырма жыл, артыңар беш жыл көрбөгөндү көрбөдүңөрбү. Эми ошол кыйынчылыктарды унута баштадыңрбы?! Силердин ич ара ынтымагыңар бузулуп, бөлүнүп-жарылсаңар, аңдып турган "кузгундар" эсебиңерди таппайт деп ким кепил боло алат. Аларда акча бар, демек, күч бар, жактоочулары, акчага сатылчулары жок эмес. Бакиевдин өзү мактаган уулу менен инисинин сөздөрүн укпадыкпы. Алар өздөрүн германдык фашисттердин ордуна коюп, 22-июнда ошол фашисттердей болуп элге согуш ачабыз деп жатпайбы! Ушунун баарын билип туруп, өкмөт мүчөлөрү ого бетер ынтымакта ширелишип, душман эч качан өтө алгыс бекем чеп болсоңор болбойт беле. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Бири-бириңерди аңдыгандын ордуна, эл душмандарын бирден терип, ордуна койсоңор болбойбу?!
Экинчи маселе, жаңы өкмөттүн, элдин душмандары көп да, анан колго түшкөнү бирин-экин. Колго түшкөндөрүн да кое берип жатасыңар. Силердин мындай ашкере боорукердигиңер жалпы элдин башына тийбес бекен?!
Биз жогоруда санаган бакиевчилер камалып олтуруп турса, эл тынчыраак жашабайт беле. Булардын бири да тынч жүрө албайт, элди козутат, бакиевдерге колдон келген жардамын аяшпайт, анын бийлигин кайтарабыз деп, бар аракеттерди тымызын жасайт. Түрмөдө отуруп турса өлүп деле кетишпейт, эгер аппак болсо, чыгышат да... Эми булар бир балээни кылбаса болду деп санааркаган элдин саны арбын. Ансыз деле калың журт эртеңки келечекке ишенимдүү карай албай санааркап турат. Бийликти алмаштыруудагы элдин эмгегин өкмөттүн мүчөлөрү баалайт деп билебиз. Демек, элдин ишенимин иши менен акташы керек эмеспи.
Азыр элдин бир эле тилеги - өкмөт мүчөлөрүнүн ынтымагы, биримдиги! Крылов чоң атабыздын "балык, чаян, ак куусундай" болбой, мамлекет жүгүн бир тарапка - элдин жаркын келечегин көздөй тартат деп ишенебиз.
Элдин ишенимин Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү, Сиздер актабасаңар ким актайт? Ушундай катаал, жандалбас суроо бизде бар…
Замир КАСЫМОВ,
Бейшен МААТКЕРИМОВ,
Кубат РАЙЫМКУЛОВ,
Кара-Кол шаары




  Укук талаасы ураган жерде

Талашка түшкөн имарат, жашыруун сырын ким табат?
(Башы өткөн санда)

Сот адилеттиги дейбиз. Тилекке каршы, 2009-жылдын 24-мартында болуп өткөн облустук соттун жүрүшүнө көңүл буруп көрөлү. Сот процесси башталганда, соттун секретары кирип, "губернатор тезинен жолугуп кеткенге" чакырганын билдирет. Процесске председателдик кылган С. Калканов ишти токтотуп, чыгып кетет. Ошол учурда облустук соттун төрагасынын орун басары Б. Раяпов: "Мындай кылууга болбойт, бул жаңылыштык. Түшүнүктүү болуп жатат, эмнеге чакырганы" - дейт. Анын бул сөзү процесске катышып отурган соттун мүчөсү Э. Барктабасовага жакпай калат. Жарым саатка жакын убакыт өткөндөн кийин С. Калканов келет. Иш каралып жатканда сот Э. Барыктабасова мэриянын, прокуратуранын өкүлдөрүнө ачыктан-ачык жардам көргөзүп, консультация да берип жиберет. Ошентип, облустук сот 1999-жылдын 6-декабрындагы Талас шаардык администрациясынын токтомун жокко чыгарат. Соттун сабатсыздыгыбы, же шалаакылыгыбы окурман өзү талдап көрсүн. Өкмөттүк эмес билим берүү багытындагы Талас университетине бүтпөгөн объектини берүүгө Талас шаардык администрациясынын 2000-жылдын 3-февралындагы №22 "А" токтому ушул күнгө чейин эч жерде жокко чыгарылган эмес жана юридикалык жактан күчкө ээ болгон боюнча калтырылган. Ошону менен катар бул имаратка мыйзамдуу түрдө ҮББ Талас университети ээлик кылып келе жатканына 9 жылга аяк басканына күбө болуп отурабыз. А доогер болушкан мэрия, шаардык жана облустук прокуратура имараттарга доо мөөнөтү 3 жыл экендигин "унутуп" койгондугун кантип түшүндүрүп беришер болду экен? Же карапайым калкка өзүнчө, бийликтегилерге өзүнчө мөөнөт коюлган башка мыйзамдар барбы?
Аттиң, десең, кечээ мамлекетибиздин, жергебиздин тагдырын чечкенге ишеним кылып жүргөн чиновниктерибиздин дагы бир жоругун айтпай кетсек болбос. Жогорудагы токтомдорду токуп, колун коюп, мөөрүн баскан айрым чиновниктердин бир эле маселеге ар башка мааниде түшүнүк бериши же сот аныктама чыгарганда тийиштүү документацияларды далил буюму катары эсептебегендиги бизде ушул мезгиле чейин адилеттүүлүктүн болбогонун айгинелегенсийт.
Талашка түшкөн бул имарат ҮББ "Талас университетине" берүү маселеси шаардык депутаттар Кеъеши тарабынан 1997-жылы 6-июнда каралганын жана Талас шаардык ИИБүнө жана "Соода үйүнө" калдык наркы менен өткөрүлүп берүүгө №11 чечими аткарылбагандыктан, 1999-жылдын 6-декабрында ушул эле негизде ҮББ "Талас университетине" берүүгө токтом кабыл алганын "машинкага" басылган түшүнүк катында көргөзөт. Таъ каларлыгы, 2008-жылдын 14-апрелинде ошол эле түшүнүк каттын этегине кол жазма менен бул имарат ҮББ "Талас университетке" эмес, Талас университетине берилгендигин оъдоп жазган. Эске алсак, бул мезгилде Талас мамлекеттик университети педагоикалык институт базасында уюштурулса, анда түшүнүк кат берген, ошол кездеги шаардын мэри М. Ашыралиев кайсы, "университетти" айтып отурганын облустук сот эмнеге эске алган эмес?
Ошол эле М. Ашыралиев 2008-жылдын 25-ноябрында түшүнүк катында: "2000-жылдын 3-февралындагы №22"А" сандуу токтомго кол койбогом, ал токтомду билбеймин"-деп жазса, анын өз колу менен Талас облусунун прокурору Т. Акышевге жазган түшүнүк катында 1999-жылдын 2-августунда имаратты ҮББ "Талас университетине" өткөрүп берүү чечимин чыгарганын моюнга алган.
Ушул жерде мыйзамдуу суроо пайда болот. Талас шаарынын мэриясынын башчысы М. Ашыралиев облустук сотто күбө катары сот процессине катышат, прокуратурага козголгон иш боюнча түшүнүк берет, бирок ушул жерде прокурор Т. Акышев, А. Казиев да, облустук сот да КРнын жарандык Кодексинин 51-беренесиндеги 3-пунктундагы "күбө билип туруп жалган маалыматтарды бергендиги үчүн КРнын мыйзамына ылайык жазык жоопкерчилигине тартылат"- деген жобосуна көз жумуп коюшу алардын башка кызыкчылыктары бар го деген шектенүүнү гана пайда кылат.
Ошол эле учурда М. Ашыралиевдин 1999-жылдын 6-декабрындагы токтомунда "Соода үйү" Ишкерлер ассоциацияга чыгарылган токтомун жокко чыгарат да, объектинин ушул токтомунун 2-пунктуна ылайык Талас университетинин ректоруна (К. Ташматова) контракттын негизинде өткөрүүгө тийиштүү барактарга көргөзмө берет (аткарган:А. Рысалиев).
Имараттын абалын аныктоого 8 адамдан турган комиссия түзүлүп, 1999-жылдын 5-октябрында инвентаризация жасоого 154-буйрук чыгарып, эртеси акт түзүлөт. Ошентип, 2000-жылдын 10-февралында объектини өткөрүп-кабыл алуу ишке ашырылат. Аткаруучу А. Рысалиев болсо, комиссиянын төрагасы шаардык администрациянын башчысынын орун басары А. Дүйшекеев экендигин гербдүү мөөр менен тастыктаган. Ошентип, бул мезгилде Талас шаардык мэриясынын башчысы М. Ашыралиевдин түшүнүк каттарындагы карама-каршылыктар кимдир-бирөөлөрдүн кысымы менен ишке ашырылган сыяктанат.
Буйруктарды жана актыларды даярдаган А. Рысалиев да өз түшүнүк катында М. Ашыралиевдин буйругу менен акт түзүлүп, өткөрүлүп бергенин моюнга алат да, объектини Талас университетине "убактылуу пайдаланууга" берилген деген сөзү да аргасыз көргөзүлгөн деген гана пикирди пайда кылат. Себеби 2000-жылдын 3-февралындагы №22 "А" токтомунда да, 1999-жылдын 6-декабрындагы токтомунда да имараттын убактылуу пайдаланууга берилгендиги тууралуу эч жерде көргөзүлбөгөндүгүн эске алсак, Талас шаардык администрациясынын башчысы Э. Турсункулов, прокурор К. Узакбаев тарабынан козголгон бул иш да бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн деген гана пикирди пайда кылат. Ошондой эле имарат ТМУнун ректору Чынаевге берилген деген билдирүү да, бул сыяктуу тийиштүү документтер менен тастыкталган эмес. Ал эми
А. Рысалиевдин түшүнүк катындагы айрым "төгүндөөлөр" анын жеке ишмердигине байланышта болуп жүрбөсүн жана "Элес" рестораны боюнча кысымга алынбаган деген шектенүүнү пайда кылат.
Акырында айтаарыбыз, түрмөктөшкөн бул түйүндү жакын арада Жогорку Сот көзөмөл иретинде карамак. Бизге белгилүү, карапайым калк же ишкерлер соттук териштирүүдө бийликти уткан эмес. Ушул жагын эске алып, Убактылуу +кмөттүн мүчөлөрү да, президенттин милдетин аткарган Р. Отунбаева бул маселени өздөрү бекем көзөмөлдүккө алып, маселенин мыйзам чегинде чечилишине көзөмөл жүргүзөөр болду бекен?..
Маселе ушунун талаасынын негизинде чечилеби, же кайрадан бул имаратты талашуу улантыла береби?.. аны учур өзү көргөзөр…
Эртабылды АТТОКУРОВ