Көлдүктөр Кубанычбек мырзаны жоопкерчиликке тартууга кызыкдар
Баракелде! Жеткен айлакер экс-депутат Кубанычбек Исабеков Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районунун миңдеген гектарды камтыган кызыл карагай, карагай, кайың сыяктуу көптөгөн баалуу өсүмдүктөр өскөн токой чарбасын өз билгениндей калчап жатканына аталган райондун тургундары нааразы болушуп, учурда карагайдын 60-70 пайызы кыйылып кеткенин айтышып каңырыктарын түтөтүүдө. Ошондон улам, Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак, Тосор, Барскоон, Тамга айылдарынын тургундары Кубанычбек Исабековду жоопкерчиликке тартууну талап кылып чыгышкан. Буга кошумча "2009-жылкы шайлоодо Жети-Өгүз району боюнча шайлоонун жыйынтыгын алмаштырып жасоого көмөктөшкөн. Ал шайлоочулардын К.Бакиевге уурдалып берилген добушуна түздөн-түз катышы бар" деген маселени козгоп, Кубанычбек Исабековдун жазаланбай калбашын айтышууда.

Ойкуйт да, кайкыйт ак чардак…
Буйткалуу жерден булт этип чыга калган, түлкүдөй болуп шайлоо учурунда пайда боло калчу Урмат Барктабасов "элимди сагындым, бийликтин деле кереги жок. Менден башка деле президент болом дегендер аябай көп болуп жатат. Анан мен элиме барып, өз колуман келген ишимди жасап, жардам көргөзөм деген эле оюм бар" - деп, "Азаттыкка" агынан жарылды. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн көрө албай жатканын айтып, каңырык түтөттү. Демейде президент болмокчумун деп чамынып чыкчу эле, бул жолкусунда шайлоого катышкысы келбегенин билдириптир. Ошол эле учурда эл катыш деп жатканын кыйытып өтүптүр. Кайсы сөзүнө ишенерибизди билбей башыбыз маң болду. Кыскасы, элдин психолгиясын текшерип, сымаптай мөлтүлдөйт чиркин.

Бири-биринин жоорун чукумай заман
Азимбек Бекназаров 27-май күнү "Кабар" агенттигинде берген пресс-конференцияда Алмазбек Атамбаев менен болгон 400 миң доллар туурасындагы сүйлөшүү Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдун кабинетинде болгонун маалымдаган сөздөрүн, эртеси 28-майда Сооронбай мырза жокко чыгарды. Ош облусунун жетекчиси бул туурасында: "А.Бекназаров менен иш бөлмөмдө облустагы жалпы абал, укук коргоо, фискалдык органдардын иштери боюнча сүйлөшкөнүм ырас. Ош бажысы тууралуу сөз болгондо бул жерге таза, коррупцияга малынбаган, мекенчил инсандардан жетекчи кылып бергиле деп айтканмын. Бирок 400 миң доллар жөнүндө такыр эле сөз болгон эмес. Ал эми менин кабинетимде А.Атамбаев менен козголгон ушул маселе же башка иштер тууралуу эч кандай телефондук сүйлөшүү да жүргөн эмес. Качан, кандай кырдаалда болбосун кеп өз нугунан чыкпаса, бурмаланбаса деп айткым келет" - деди. Айтор, кимисине ишенериңди билбейсиң. Бири-биринин жоорун чукумай заман.

Исхак Масалиев үй камагына чыгарылды
"Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери Үсөн Сыдыков менен болгон телефондогу сүйлөшүүлөрү ачыкка чыккандан кийин 14-майда УКМКнын абагына камакка алынып, Кылмыш-Жаза кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 233-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык башаламандыкты уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголуп сурак берип жаткан Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиевди Бишкек шаардык соту баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. Ал эми Үсөн Сыдыковдун баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй өз күчүндө калтырылды. Эскерте кетчү жагдай, буга чейин Оксана Малеваная, Каныбек Жороев үй камагына чыгарылып, Молдомуса Конгантиев Москвага бир катар аттуу-баштуу кишилердин кепилдиги менен дарыланууга жөнөтүлгөн болчу. Кыскасы, күнөөлүүлөрдүн баарысы эле боорукерлик менен бошоп жатат. Сыягы, эч ким күнөөлүү эмес окшойт. Убактылуу Өкмөт жаңылыш камап алган көрүнөт. Анан айла жок бошотууга туура келип жатпайбы, түгөттүкү.

Жарк этти, көз уялат…
Кыйын кезеңде куйрук түйүп, кара башын калкалап кеткен Кубат Байболов пайда болду. Америкадан кайтып келүү ниети жоктугун билдирген Кубат мырза айтканынан айнып, (негизи биздин чоңдорго айтканына турбоо көнүмүш адат, таң калып болбойт) булуттан чыккан айга окшоп "жарк" этти жарыктык. Кыргызстандын түнөргөн асманы ачыла түшкөндөй эле болду. "Мага бийлик автомат такап, өмүрүмө, үй-бүлөмө коркунуч жаратып жатканда, элиң качан басып келди эле" деген эргул, даяр ашка ооз майлагысы келип турат. Маркум Медет Садыркулов каза болгондо "Ата Мекен" партиясы туугандарына көңүл айтып, кайрылуу жолдосо итиркейи келип, "кечээ эле куугунтукка алып, мандатын бербей койгон адамга баш уруп гумандуу болуп чыгышат. Буларда ар-намыс деген болобу?" деп, айтканын эшиткен элек. Бүгүн Өмүрбек Текебаевди шынаарлап болбойт. Ар-намыс деген эмне экенин өзү түшүнбөйт көрүнөт. Эгер өзү айткан намысы болсо шайлоонун жытына магдырап, устукан үмтөтүп жетип келбей Америкада баш калкалап жата берет эле. Чээнден чыгып, жыт искеп, дүрбү салып, жер тыңшабай…

Улан Мелисбек кызматынан кол жууду
Кандуу 7-апрелден кийин "мага кысым көрсөтүлүп, өмүрүмө коркунуч туулуп жатат" деп, Американын элчилигине жашынууга мажбур болуп, андан соң өлкөдөн чыгып кеткен "Кыргызпатенттин" мурдагы жетекчиси Улан Мелисбек Убактылуу Өкмөттүн 28-майдагы чечими менен ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын башчысы болуп Зина Исабаева дайындалды.

Айтылуу Каркыра кайтарылабы?..
Курманбек Бакиевдин жана "Ак жол" фракциясынын депутаттарынын өзүм билемдигинин кесепетинен казактарга кеткен Каркыра менен көлдөгү пансионаттарды кайра кайтаруу керектигин коомчулук белгилеп келишет. Манас бабабыздан калган керемет Каркырадан К.Бакиев менен "Ак жолдун" жер карама кошоматчы депутаттары берип жибергенин айтып эле, айрылып кала беребизби деп түтөгөндөр арбын. Айтса-айтпаса төгүнбү, Убактылуу Өкмөт парламентти декрет менен тараткан соң, айтылуу Каркыраны казактарга кетишин мыйзамсыз деп таап, аталган маселени кайрадан карап чыгуу боюнча атайын декрет чыгарыш керектигин жумурай-журт самап турушат. Ошол эле учурда Каркыраны казактарга кармата берген депутаттарга элине, жерине чыккынчылык жасагандары үчүн жоопкерчиликке тартуу жагын караш керек. Алардын ана башында Жогорку Кеңештин төрагасы болуп, колдоп койгула деп добушка коюп отурган Адахам Мадумаров турганын эстен чыгарбоо зарыл. Эртеби-кечпи бул маселе сөзсүз каралыш керек. Бийликте жок учурда Каркыра үчүн Түпкө барып Өмүрбек Текебаев баш болуп "жумурткага" кабылган Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү, эми бийликте турганда бул көйгөйлүү жер маселесин эстен чыгарып, Каркыранын казактарда калышын каалашса эл кечирбейт го…