Акылбек Сариев,
БШКнын төрагасы:
"2007-2009-жылдардагы шайлоого катышкан комиссия мүчөлөрү алдыдагы өнөктөштүккө катышпайт!"
Убактылуу Өкмөттүн Декрети аркылуу Кыргызстандын эли 27-июнда жалпы элдик добуш берүү, референдум өтөт. Бул боюнча азыр Кыргызстандын Борбордук Шайлоо комиссиясы уюштуруу иштери менен алек. Ырас, акыркы өткөн шайлоолор коомчулуктун көңүлүн калтырып, БШКга болгон элдин ишеними жоголуп кеткен эле. Чындап эле Кыргызстанды кыйын ахыбалга алып келген "иттин өлүгү" ушул БШКда катылып жатчу. Бийликтин өңчөй арзыматтары топтолуп алып, элдин добушун каалаган жакка бурушуп, жалган сандарды абадан алып кошуп, бир үй-бүлөөнүн кызыкчылыгына баш байлап келишкен. Көпчүлүктүн эсинде болсо керек, ошол кошоматчылардын уюгунан жалгыз Акылбек Сариев мырза айырмаланып, кесиптештеринин бет пардасын сыйрып, калыстыгы, актыгы, принципиалдуулугу менен ичти жылыткан. Бирок жалгыздын иши жалгыз да. Анын аракеттерин бийлик ар кандай жолдор менен басып, эч нерсе болбогондой туруп алган. Акыры чындык жеңет демекчи, 7-апрелдеги окуядан кийин Убактылуу Өкмөт дал ошол Акылбек мырзаны БШКнын төрагалыгына алып келди. Бул туура чечим эле, эч ким каршы пикир айткан жок...

- Акылбек Аблабекович, референдумга БШК кандай даярдык көрүүдө?
- Биз, БШКнын жаңы курамы, 27-июнга белгиленген референдумду өткөрүү боюнча атайын координациялык иш планды бекиткенбиз. Учурда ошол аркылуу иш алып барып, Кыргызстан боюнча 56 облустук жана шаардык шайлоо комиссиялары түзүлүп бүттү. Кудай буюрса, 4-июнга чейин бардык айылдык шайлоо участкалары толугу менен түзүлүп, мүчөлөрү такталып, иш пландары бекитилип берилмекчи. Мындан тышкары, шайлоочулардын, же болбосо, добуш берүүчүлөрдүн санын тактоо иштери менен кызуу алектенип жатабыз. Мен алдыдагы референдум толугу менен коомчулуктун көзөмөлүндө, ачык-айрым жана так өтөт деп ойлойм.
- Кечиресиз, ошол шайлоо комиссияларын түзүүдө элдин пикири эске алындыбы же мурдагы эле караны ак, акты кара деген эски мүчөлөр кирип кеттиби?
- Бул боюнча айтсам, биз принципиалдуу түрдө мурда добуш уурдоого катышып калган, элди ирээнжиткен шайлоо комиссияларын моралдык жактан да укугу жок деп таап, алдыдагы шайлоо өнөктүктөргө катыштырууга тыюу салдык. Тактап айтканда, 2007-2009-жылдардагы шайлоолорго катышкан бардык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү алдыдагы референдум, шайлоолордо шайлоо комиссиясынын катарында иштей албайт. Бул боюнча катуу тапшырма берип, бардык шаардык жана облустук, райондук шайлоо комиссияларын окутуп жатабыз. Учурда биздин Борбордук комиссиянын мүчөлөрү жер-жерлерде шайлоого карата окутууларды өткөрүп жатабыз. Буга кошумча азыр шайлоого катыша тургандардын так тизмесин мүмкүн болушунча алууга аракеттер бар. Биз алдыдагы добуш берүүлөргө канча адам келсе, ошону гана жазабыз, 5 киши келдиби - 5, 500 киши келдиби - 500 деп. Эч кандай апыртып, "элдин 90 пайызы катышты" деп жок жердеги добушту жарыялабайбыз.
- Кечээ эле "Замандаш" партиясынын лидери билдирүү жасап, кыргыз мигранттарынын добушун алуу демилгесин айтты, буга сиздердин позиция кандай?
- Албетте, ал боюнча биз да мүмкүнчүлүктөрдү карап жатабыз. Бирок ошол Кыргызстандын сыртында жүргөн жарандардын добушу анчалык көп эместигин айтып коюу керек. Себеби ошол жарандардын канчасы кайсыл жерде расмий катталганын тактаган эч бир орган жок. Экинчи жагынан, бул маселени чечүү үчүн бир топ каражат маселеси келип чыгат. Үчүнчүдөн, азыр сыртка чыгып иштеп жаткан жарандардын эмес, Кыргызстандын ичиндеги миграциянын эсеп-чоту алынган эмес. Ушул себептерге байланыштуу азырынча мигранттар боюнча бир чечимге келе элекпиз. Бирок жазылган сунуш-арыздардын негизинде учурдагы Шайлоо Кодексине ылайык шайлоочулардын саны көрсөтүлгөн ченемдериндегидей талапка туура келсе шайлоо участкаларын ачуу аракетин көрөбүз. Дагы бир нерсе. Учурда сырттагы мекендештерибиздин санын 1 миллион деп жатабыз, бирок алардын буга чейинки шайлоолордо добуш бергени 25 миң. Андыктан бул деңиздин тамчысындай эле добуш болуп калат. Ошондуктан биз ошол 1 миллиондун жок дегенде 40-50 пайызы добуш бере турганга даяр болуп, такталган болсо, катыштырууга бардык шарттарды түзүүгө даярбыз.
- Белгилүү ченемдер деп айтып жатасыз. Мисалы, мен өткөн жылдагы шайлоо учурунда Ат-Башы өрөөнүндө болдум. Жайлоодогу 100дөн ашык малчы үй-бүлөөлөр көчмө добуш берүү боюнча арыз жолдошкону менен шайлоо күнү эч ким басып барган жок. Бирок тизмеде алардын добуш бергендиги турат. Демек, ошол 300 жаран добуш берүү укугун пайдалана албай калса, эч нерсе эмеспи?
-Ал үчүн ошол жайлоодогу добуштун саны анан ага кеткен унаанын чыгымы, ага кеткен убакыт да эсепке алынат.
- Жеңил авто менен 1 жарым сааттык жол, чыгымы 600 сом болмок...
Мындайда, демек, бул жерде түздөн-түз жергиликтүү шайлоо комиссиясынын күнөөсү. Эгер чындап эле ошол бир аз чыгым үчүн 300 адамды добуш берүү укугунан ажыратып, алардын ордуна өздөрү добуш берип койгон болсо, абийир сотунда жооп беришет. Андай адамдар мындан нары эч бир шайлоо комиссиясына мүчө болууга акысы жок! Дагы бир жагы мурдатан эле айтып келе жаткандай, жалпы жарандардын өздөрүнүн добуш берүүсүнө ошол кездеги өкмөт өздөрү кызыкдар болгон эмес. Анткени алар шайлоонун жыйынтыгын кандай да болбосун бурмалабаса, керектүү добушту ала албай тургандыктарын билишкен дагы, жанагыдай атайын тапшырмаларды жогору жактан берип турушкан. Биз азыр ушуга жол бербейли деп катуу талап коюп жатабыз. Кошумча, азыр биздин курамдарда бардык партиялардын, коомдук уюмдардын мүчөлөрү бар. Демек, баары бир тарапты угуп, макул болуп, баш ийип калышпайт. Бул боюнча коомчулукта да ар кандай пикирлер бар, бирок биздин курам аз гана убакытка жети ай иштөө мөөнөтү менен шайландык. Ишибизди так аткарсак, калыс аткарсак, эл андан ары иштөөгө уруксат берет, жок, иштей албайбызбы, кетебиз. Мурдагы БШК өкүлдөрүндөй иштесек, иштебесек да беш жыл бекер айлык алып, жашайбыз деген бизде жок.
- Бир ай убакыт калган референдумга эл аралык байкоочулар катышабы?
- Албетте. Учурда шайлоо, референдум өнөктүгүнө катышып келген бардык эл аралык уюмдарга БШКнын атынан атайын чакыруу кагаздарын жөнөттүк. Ким келсе дагы, өз демилгелери менен, өз каражаттары менен келип көзөмөл кыла алышат. Ал жагынан биздин бюджеттен бир тыйын коротулушу мүмкүн эмес.




  Жылкы мүнөз, кебез салмак, тактай бет...

"Көңүлчөөктөр" парады
Элди билбейм, менин оюмча, саясий көңүлчөөктөрдүн катарына сөзсүз эле аркы жээктен берки жээкке, берки жээктен аркы жээкке кадыр-баркын, ар-намысын артынып алып "көчүп" жүргөндөр эле эмес, кандай бийлик болбосун тез эле ага "адаптациялашып", коюн-колтук алышып, жытташып кеткендерди да кошууга болот. Анткени алар келген бийликти мактап, кеткен бийликти жамандап отуруп эле, өздөрүнүн кызыкчылыгын ишке ашырып, "ат дагы аман, араба да бүтүн" болуп жүрө беришет. Аларга коомчулуктун, улуттун, элдин мүдөөсү бир тыйын. Мындай саясий көңүлчөөктөр чоң саясатта анчалык таасир көрсөтө албаганы менен саясий эрки менен туруксуздугунун жоктугу аркылуу коомчулукту ирээнжитип турат.
Андай ортозаар көңүлчөөктөргө эгемен Кыргызстандын эң биринчи олигархына айланган Аскар Салымбековду айтууга болот. Бу киши саясатты деле анчалык кыйратып жирөөчүүлөрдөн, же болбосо, саясий деңгээли асман чапчыгандардан эмес. Бирок чөнтөгү калың, акчасы бар. Ошон үчүн кайсы бийлик келбесин, ага акырын жылып кирип кеткенге маш жана ошол эле убакта акчасына таянып, элдин добушун сатып алуу жагынан алдыга киши салдырбайт. Эстеп көрөлү, 2005-жылкы парламенттик шайлоодо Аскар Акайычтын жанжигитине айланып, анын арамзаа оюн ишке ашырып туруу үчүн түзүлгөн "Алга, Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү катары катышты. Ага чейин Нарын облусунун губернаторлугун сатып алып, көзгө көрүнөөрлүк иш жасаган эмес. Жада калса, Нарын шаарындагы күрөө тамырдай болуп, болгон кыймыл-аракеттин негизи делген ..... көчөсүн оңдоп-түзөп, асфальттап койгонго жараган жок. Башка маселелерди айтпаса да түшүнүктүү дечи. Анан Ат-Башы шайлоо чөлкөмүнөн атасындай болгон киши, аттуу-баштуу дарыгер Накен Касиев атаандашына акча менен баарын сатып алса болоорун далилдегиси келдиби, айтор, Накен мырзаны инисинен бетер тескеп, "Бекер убара болбой, кандидаттыгыңды алып сал, сени каалаган кызматыңа Акаев менен сүйлөшүп, коюп берем, же башка чөлкөмдөн чык, каражатыңды көтөрөм" таризинде ачык кыйынсынып турду. Өзүнүн кадыр-баркы, билим-тажрыйбасы менен Аскарга караганда алда канча эле бийик турган Накен мырза тигинин мындай сөзүнө асыресе арданды, намыстанды. Анын үстүнө а киши элде "пулуң болсо кулуңмун" деген позиция орун алып, күнүмдүк кызыкчылыктын алдыга чыгып бара жатканын байкаган эмес. Ал ат-башылыктарды баягыдай эле бийик, таза, көсөм эл деп бел байлаган. Иш жүзүндө андай болгон жок.
Иши кылып ошол басыгы менен Акаевдерге ого бетер "свойлошуп" калган Аскар Мааткабылович Бакиевдин бийлигинин чыңдалышына, анын арам максаттарынын ишке ашышына жакшы эле эмгек сиңирди. "Ак жол" партиясында отурган мезгилинде иш ордуна эки-үч чөнтөк телефонун тизип алып эле, улам бирөө менен сүйлөшүп, көңүл кош отурду. Үзөңгү-Кууш, Каркыра, көлдөгү пансионаттардын сатылып кетишине, Жетим-Тоо, Аксай, Арпа чууларына түздөн-түз өз салымын кошту. Анткени эгер Аскардан башка эл өкүлү болгондо элден улам кабар алып, облустун ар кандай маселелерин парламенттин ар бир жыйынында кан какшап айтып турмак. Жетим-Тоого кытайлардын кыбырап кирип келгенин, Аксай менен Арпанын тону бычылып жатканын алдына ала айтып, коомчулуктун көңүлүн бурмак, бийликке кулак кагыш кылып, депуттаттык мандатын ошо кезде эле "таштап баса бермек!" Кытайлардын оор жүкчүл унааларынын Бишкек-Торугарт жолу менен өтүүсүнө тыюу салып, жолдун оңдолушун сессия сайын талап кылмак! Нарындын "бийик толуу" статусу бар райондорунун жөлөк пулдарын жоюу боюнча сөз кылган айрым кесиптеш акжолчулардын оозун Ошту карата уруп, тескерисинче, жарым жыл кар кечкен ошол райондордун элине көмөк көрсөтүүчү мыйзамдарды жазмак. "Ат-Башы" ГЭСинен электр энергиясы менен камсыз болгон Нарын элинин электр төлөмдөрүн кымбаттатууга бут тосмок. Аскар антпеди, өзүнүн гана атын чыгарыштын аракетинде болду. Анан түштөн кийин "качкан жоону катын саят" болуп, "Ак жолдон" чыкканын аябай катуу билдирип отурат.
Бул жерден өзгөчө көңүл буруп кароочу дагы бир инсан жогоруда кеп кылган "инсанга" аты уйкаш Аскар Шадиев. Баткенден чыккан баатыр жигит убагында өзүнүн биттин ичегисине кан куйган тыңдыгы менен оозго алынган. Бизнесте басыгы жумшак жигитти Акаевдин командасы алдыртадан байкап, Баткендин башчылыгына дайындаган. Ансыз деле облустун аймагындагы нефтини өз кызыкчылыгына пайдаланып келген Шадиев губернатор кезинде катуу бутунан турган дешет. Баткен менен эле чектелип калгысы келбеген акаевчи "Алга, Кыргызстан" партиясына өтүп, шыр эле парламентке кирип келет. 24-марттагы окуядан кийин "кайдан көрдүм кара эшек, жолдон көрдүм жоору эшек" деп, акаевдерди тааныбаган киши катары Бакиевдин Баткендеги тиреги болууга жетишти. "Ак жолдун" алдыңкы адамы катары парламенттеги эң эле май-чүйгүндүү экономика жана каржы комитетин жетектеп, Кыргызстандын каржысын бир үй-бүлөөнүн чөнтөгүнө бурууга опол тоодой эмгек жасады. Ар убак кошоматчылыгы менен айырмаланып, Бакиевдин ар бир буйругу менен чечимин чыркырап эле мактап калмайы бар эле. Мисалы, Бакиев Россияга барып, "Камбар-Ата" ГЭСтерине каржы сурап, ал үчүн АКШ аба базасын чыгарууга макулдук бергенде "Президент Курманбек Бакиевдин бул чечими чоң жетишкендик. Келгиле, кесиптештер, кол чаап коштоп коелу" десе, кийин Бакиев айнып кеткенде уялбай эле "Биздин жетекчилик барып турган көсөм, стратег" деп койгонун уккандар арбын. Кыскасы, Аскар мырзанын ишмердиги башынан аягына чейин саясий көңүлчөөктүк менен коштолуп келди. Эми мындан ары да ошол жол менен кетээрин ит билсинби? Же балким, атасынын жазасын алып, "бир короо кой кайтарып калабы" деген да ой келет. Муну айтканым, Аскардын Баткенге карамы жок жүрүштөрүнө капа болгон карыялар атасына барып, "уулуң уят кылды, Баткенди унутту" таризинде арызданышса, атасы: "Эгер балам элди уят кылган болсо, айылга чакыртып алам, анын жазасы бир короо кой. Бир короо кой бактырып коем!" -деген экен.
Так эле жогорудагыдай саясий көңүлчөөк-төргө мурунку-кийинки бийликке жылпыштап мамиле жасап, бийлик креслолору менен бизнес креслолорун сактап калгандардын бардыгын тең кошууга болот. Алар: Кубанычбек Исабеков, Шарипа Садыбакасова, Чолпон Баекова, Зайнидин Курманов, Айтибай Тагаев жана башкаларды да кеп кылууга болот.
Бетти даярдаган
Тынчтык Алтымышев