Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин...

Жамынып, боору муздак кара жерди,
Сагынып жаткандырсың тууган элди.
Мүрзөңө ызаат төгүп кетейин деп,
Мүнөзү жайдакталган уулуң келди.
Өзөгү карарганда акыл сурап,
Өзүңдөн картайыңкы балаң келди.

("Атамдын мүрзөсүнө" 1985-ж.
Д. Cадырбаев)


Дооронбек ага доорубуздун добулбасы эле...
Кыргыздын кыраан уулу, залкар инсан, айтылуу Дооронбек Садырбаевдин эскерүү кечеси 28-май күнү Улуттук филармонияда болуп өттү. Дооронбек агабыздын арабыздан кеткенине туура эки жыл болду. Бул эскерүү кечесине өткөөл мезгилдин Президенти Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев баш болгон Убактылуу Өкмөттүн чоң-чоң үлкөндөрү жана Дооронбек аганы жакындан билишкен маданият тармагынын Ала-Тоого аттын кашкасындай таанымал инсандар, ошондой эле Дооронбек аганын күйөрмандары катышышты.
Дооронбек агабыздын экинчи өмүрү эми гана башталды. Ал жөнүндө айтыла турган асыл сөздөр, ага арнала турган миң сан эмгектер али алдыда. Дооронбек агабыз өзүнүн элине калтырып кеткен кайталангыс асыл эмгектери менен муундан-муунга үлгү болуп кала берет. Ал өткөн доордун да, келечек доордун да тунук күзгүсү болуп каларын тайманбай эле ачык айтышыбыз керек. Ушуну менен бирге залкар агабыз келечегибиздин жана өткөн доорубуздун добулбасы бойдон кала берет. Анткени Дооронбек агабыз чынында эле доорубуздун ЧЫНДЫГЫН кагып турган добулбасы эле...
Дооронбек агабыздай доорубуздун добулбасы боло турган адам азырынча арабызда жок. Дооронбек ага көп кырдуу таланттын жана ар кимдин колунан келе бербеген татаал эмгектердин ээси. Ал эмгек жолун кино тармагынан баштап, кино тармагында кырк жылдан ашуун убакыт жигердүү эмгектенип, кыргыз киносун өнүктүрүүгө, эбегейсиз салым кошту. Эсептеп көрсөк, 16 көркөм тасманын, 70тен ашык документалдуу тасманын режиссёру, 8 китептин жана 700дөн ашык публицистикалык макалалардын автору болууга жетишкен экен. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, "Манас" орденинин 3-даражадагы ээси, Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты. Убакыттын өтүшү менен, акыйкаттын орношу менен Дооронбек агабыздын өзүнүн эбегейсиз эмгектери баалана баштады. Анын жаркын элесин элдин эсинде түбөлүккө калтыруу үчүн Убактылуу Өкмөт бир катар алгылыктуу иш чараларды көрүп жатат. Ош шаарында Ашхабад көчөсүнө Д.Садырбаевдин аты берилди. Киндик кан тамган Ноокен районундагы Апыртаң айылында Докенин ашы өтүп, айкели тургузулду. Ал эми борбор шаарыбызда Докеге арналган кандай иш чаралар өтүп жатат, аны төмөндө өкмөт мүчөлөрүнүн өз сөздөрүнөн күбө боло аласыздар.

Роза Отунбаева,
Өткөөл мезгилдин Президенти:
Урматтуу замандаштар! Мезгилдин учкулдугун караңыздар, кыргыздын айтылуу залкар инсаны Дооронбек Садырбаевдин арабыздан кеткенине эки жылдын жүзү болуп олтурат. Ошентсе да ДОКЕбиз кайталангыс эмгектери менен элдин эсинде бекем орногонун бүгүн биз баарыбыз көрүп олтурабыз. Дооронбек агабыз улуттук кино өнөрүнүн башатында туруп, айтылуу кыргыз кереметин жараткандардын бири эле. Ошондой эле Дооронбек агабыз кыргыз саясатында өз ордун тапкан чоң саясатчы да боло алды. Эгемендүүлүккө жетишкен жылдардан баштап, кадырман карыябыз кыргыз элинин келечек тагдыры үчүн жан үрөп, кыйынчылык башка түшкөн учурларда тайманбай топ жарып, бийликте олтурган шылуундардын жорук-жосундарын элге ачык айтып келди. Бир гана өкүнүчтүү жагы - колунан келген бар аракетин жасап, жүрөк түпкүрүндө көптөн күткөн күнүн көрбөй калганы. Тагыраак айтканда, Бакиевдин жексур бийлигинин кулаганын көрбөй калды. Болбосо, арабызда нускалуу кебин айтып жүрөт эле го, аттиң... Буйруса, Дооронбек Садырбаевдин бейнесин эскерүү ушуну менен эле бүтүп калбайт. Ал өзү 1962- жылдан тартып, 1992- жылга чейин Кыргызтелефильм студиясында эмгектенген. Бул аталган студияга Убактылуу Өкмөттүн атайын чечими менен Дооронбек Садырбаевдин аты берилди.

Шайлообек Дүйшеев,
Кыргыз Эл акыны:
Биз кечээ ар кимди ээрчип абайлап,
Ар кимдин артын калайлап
Ак үйгө калыс сөз айтчу,
Аксакал таппай карайлап.
Айлабыз көп куруганда,
Аксакал болчу кишилер,
"Ак шакал" болуп турганда,
Улуттун туусуна айландың эле,
Асыл ДОКЕ!..
Асыл ДОКЕ, сиз экөөбүз Ала-Тоо аянтында турганда, сиз мага жумуртка басып олтурган канаттуу катынды көрсөтүп: "Шайлообек бул эстеликти алып салуу керек. Бул эстелик кыргызга жакшылык алып келбейт" дегениңизди; бул эстеликтен улутту ойлондурчу теңирден тескери энергия тарап турарын таланттуу иниңиз Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев: "Аялды жантайтып шаардын үстүнө олтургузуп койгондугу, бул туруксуздуктун белгиси, бул биздин өлкөдө баланстын жоктугу, анткени шаар деген өзү оома, туруксуз болот"- дегенин; Жыпар Турсунбаева деген кызыңыздын: "Ошол эстеликтин төмөн жагындагы "эр оюм" атайлап башы төмөн карап чегилгенин байкадым. Кыргызда эр оюмдун башы эч качан төмөн каратылбайт, ошондуктан кыргыздын канчалаган жигиттеринин башы четинен кетип жатат, эстеликтин эн белгилери терс энергия менен иштеп жаткандыктан, ал алынып салмайынча мамлекетте да тынчтык болбойт"- дегенин мурдагы өкмөттөр дагы, азыркы өкмөттөр дагы укпай келатканын кечир ДОКЕ! Дагы көп нерселерибизди кечир ДОКЕ…

Алмаз Атамбаев,
Убактылуу Өкмөттүн
биринчи орун басары:
- Мен үчүн ДОКЕДЕЙ ыйык адам сейрек, балким ал адам мага ата-энем болчу. Шакебиз абдан туура айтып кетти, мамлекетибизде "ак шакалдар" көп болуп, аксакалдар жок болуп кетти. Кыргызстанда эч качан мындай болчу эмес, дайыма улуулар үлгү көрсөтчү. Улуулар керек болсо алдыга чыгып, душмандын баатырын көтөрүп чапчу. Акыркы кездерде болсо ал касиет улуулардан качты. Чынында аксакалдарыбыз Акаевдинби, Бакиевдин бийлигиби, айтор, кандай жаңы бийлик келсе дагы бөжөңдөп чуркап келишти. Аксакалдар өтүнөм, ДОКЕДЕЙ болсоңор. Мына ДОКЕ кетти, ордун ким басат? Эгерде ДОКЕДЕЙ калыс аксакалдарыбыз болгондо 90дон ашык жаштарыбыз 7-апрелде шейит кетпейт болчу, анткени ошол эле Ынтымак курултайында аксакалдарыбыз Бакиевди айга-күнгө теңебей, калыс сөзүн айтмак. ДОКЕДЕЙ бир аксакал чыкпай койду. ДОКЕНИН ордун басуу абдан кыйын. Анткени ал такыр башкача адам болчу. Биз барган сайын ДОКЕНИН кадырын түшүнөбүз. Аянтка Аксы окуясынан баштап, ушул күндөргө чейин курман болгондорго эстелик эмес, мемориал куруу керек. Албетте, ал баатырларыбыздын башында ДОКЕ да бар.

Муратбек Мукашев,
Экс-депутат:
- Дооронбек Садырбаевдин ДОКЕ болушуна аялы Сонундун салымы чоң. Аялзаты ушуну билип койгула! Анткени ДОКЕ мага жезде болчу. ДОКЕ биздин Кегети айылынын Чүкү деген башкармасынын кызын сүйүп-күйүп жүрүп алган. Мен Жогорку Кеңеште ДОКЕ менен кесиптеш болуп иштеп турганда, анын кабинетине көп кирчүмүн. Сүйлөшүп олтуруп, бир маселени талкуулап олтуруп, мен орусчалап сөгүнүп калсам, ал айтчу эле: "сен орус турбайсыңбы, кыргызча сөгүнбөйсүңбү"-деп. Муну эстегеним, бая күнү Максим менен Жаныштын телефондон сүйлөшкөнүн угуп, ошондо Максимдин орусча сөгүнгөнүн " а, ал кыргыз эмес экен" деп өзүм ага ДОКЕНИН сөзүнөн улам айттым да. Орустун бир саясат таануучусу жакында минтип жазыптыр: "Кыргыздар президентин өздөрү мактап жатып бузат"-деп. Бул сөз бекер жерден айтылган жок. Роза Исаковна ушуну эстеп койсоңуз, сизден суранам! Бөлө турган жерибиз, бөлө турган элибиз калган жок эми, ошондуктан мен дагы бир жолу Убактылуу Өкмөттөн биримдикте болушуңарды суранат элем.

Өмүрбек Текебаев,
Убактылуу Өкмөттүн орун басары:
- Мен үчүн Дооронбек Садырбаев биринчи кезекте мугалим, устат. Мен Дооронбек Садырбаев менен 1990-жылдардан баштап үзөңгүлөш болуп келдим. Ошол убакта эле ДОКЕ мага аксакал, чалдай болуп көрүнгөн. Ошол убакта жашы азыркы менин курагымдай эле экен да. Биз аксакалыбыз жоголду деп, таянарга тоо таппай мүңкүрөп турабыз. Акыркы жылдары кыргыздын не деген аксакал залкарлары удаа-удаа өтүп кетти. Көрсө, заман эле эмес, доор өзгөрүп жатыптыр. Бирок аксакал дегенибиз курак эмес экен, көрсө философиялык ой жүгүртүү деңгээлине жеткен, даанышман көз карашка жеткен адамдар болот экен да. Ойлонуп көрсөк, биз Дооронбек агабыздын ордун басып жатыптырбыз да. Биз аксакал боло турган убакыт келип калыптыр да. Мен ДОКЕГЕ артында анын ишин уланта турган, ордун баса турган адамдар бар экенин ишенимдүү айтат элем.

Иса Өмүркулов,
Бишкек шаарынын мэринин
милдетин аткаруучу:
- ДОКЕ ар дайым акыйкаттык издеп жүрүп, элдин эркиндигин, жыргалчылыгын эңсеп жүрүп өтүп кетти. ДОКЕБИЗДИН ысымы кыргыз тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды. ДОКЕБИЗДИН өмүрүнүн басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында өткөн. Биз анын ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн Бишкек шаарынын жетекчилиги борборубуздун бир көчөсүнө анын ысымын берүүнү чечтик. Ал көчө Бах көчөсү. Биз бул көчө немистердин улуу композиторунун атынан коюлган экен деп ойлоп жүрчүбүз, көрсө, такыр башка Бах экен. Эми мындан ары бул көчө Дооронбек Садырбаев атындагы көчө деп аталат.

Рыскелди Момбеков,
Маданият министринин
милдетин аткаруучу:
- Бул ааламда бир гана чындык бар экен. Тилекке каршы, ал өлүм экен. ДОКЕ эки жыл мурун эле арабызда гана эмес, алдыбызда жүргөн болчу. ДОКЕМ чындыгында эле кыргыз оппозициясынын үлгүсү эле. Ал чындыгында эле элди эзген эки бийликтин күзгүсү болгон. Ошол эки бийлик ДОКЕНИН күзгүсүнүн алдында ар дайым кыйшык олтуруп алып, аны талкалап келишкен. Бүгүн биз ошол күзгүнү талкалоого ашыгып келишкен эки бийликтин өздөрүнүн талкаланганына күбө болдук. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн бир добушу менен биз ДОКЕГЕ Кыргыз Эл Баатыры наамын, "Ак шумкар" орденин берүүнү чечтик. Буйруса, ДОКЕМДИН бул эски сыйлыгы референдумдан кийин расмий түрдө ыйгарылат. Эмне үчүн эски сыйлыгы деп айтып жатам, себеби ал сыйлыкка ДОКЕМ көзү барда эле көрсөтүлүп, адилетсиздиктин айынан жетпей келген. Ушундай эле эскерүү кечеси 29-май күнү ордолуу Ош шаарында өткөрүлөт. Ал эми 30-май күнү кичи мекени Ноокенде ашы өткөрүлүп, анын айкелинин ачылышы болот.

Султан Урманаев,
Ысык-Көл областынын
экс-губернатору:
- ДОКЕМ кыргыз элинин жери сакталып калсын деп, ооруп жүргөнүнө карабай Түптөгү Каркыранын сатылышына каршы болуп барды эле. Ошондо мен да ошол жерде болбой калганыма өкүнөм. Мен бүгүн атайы ДОКЕМДИН арбагына көлдүктөрдүн атынан кечирим сурайын деп, көлдөн келдим. Себеби эч кимден көңүлү калбаган ДОКЕМ, ушул кыргыздын касиеттүү жери көлдөн көңүлү калып, кайгырып, көңүлү чөгүп жүрүп көзү өтүп кетти. ДОКЕ биздин пендечилигибизди кечир…
Даярдаган
Айбек Шамшыкеев