Аракетке берекет...

Экономикалылык абалды турукташтыруу маселеси - мезгилдин талабы!
Өлкөбүздүн экономикасынын акыбалы эгемендүүлүк алган жылдардан бери эле ич жылытпай келгенин жашырууга болбойт. Себеби экономика тармагында ырааттуу иштер жүргүзүлгөн эмес.

Буга мамлекетибиздеги завод - фабрикалардын кыйрашы, жумушсуздуктун күчөшү, миграция агымынын тынымсыз көбөйүшү, маянанын төмөндүгү жана коңшу мамлекеттердин экономикалык катнаштагы мамилелердин бир нукка түшпөгөндүгүн мисал кылсак жетиштүү болоор. Ушундай себептерден улам, өлкөбүздө экономикалык көрсөткүчтөр төмөн болуп келген. Албетте, экономика тармагынын мындай терс системасы мамлекетке олуттуу коркунуч жаратып келгенин ачык эле айтышыбыз керек. Ал эми бул көрүнүштөргө кошумча болуп, "өлгөндүн үстүнө көмгөн" кылып, апрель окуяларынын тийгизген терс таасиринен улам, өлкөнүн (биринчи кезекте) экономикалык абалы кыйла жабыркоого учураганын четке кагууга болбойт.
Учурда экономикалык абалды токтоосуз турукташтыруу - мезгилдин талабы болуп эсептелет. Биринчи кезекте, азык-түлүк коопсуздугу, ишкерлердин жана жеке менчик коопсуздук абалын кыйын акыбалда. Ал эми айыл чарба-азыктарын экспорттоо маселеси тийиштүү түрдө чечилген эмес. Өткөн жылдарга караганда калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү кыйла төмөндөп кеткенин баса белгилеп айтууга болот. Албетте, бул маселе көпчүлүк адамдардын тапкан кирешесинин аздыгына түздөн-түз тиешелүү экендиги белгилүү. Экинчи зарыл маселе болуп калктын отун-энергетикалык комплексинин туруктуу иштешин камсыз кылуу, калкты арзан жарык менен, жана ошондой эле, жылуулук менен камсыз кылуу маселелери курч бойдон калууда. Коңшу Өзбекстан мамлекети көгүлтүр отту, ал эми Казакстан менен Россиянын күйүүчү-майлоочу майды муктаждыкка жараша үзгүлтүксүз берип турары да белгисиз. Үчүнчү, бюджеттин фискалдык туруктуулугу бүгүнкү күндө терең ойлондура турган көйгөй. Ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү, тышкы соодадагы болуп жаткан чектөөлөр салыктык кирешенин бир кыйла азайышына алып келгени жашыруун эмес. Үй-бүлөлүк бийликтин пайдасына иш жүргүзүп келген Өнүктүрүү фондунун каражаттары, орусиялык кредитти эсепке алган күнү да, 2010-2011-жылдарда бюджеттин салык жыйноо туруктуулугу жөнүндө маселеси да оор бойдон калууда.
Биздин ички экономикалык ресурстарыбыз жетишсиз болгондуктан, экономикабыз сөзсүз дүйнөлүк экономиканын абалына жараша өнүгөт. Азыр дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү карызга белчеден батып, натыйжада арзан ресурстарга болгон атаандаштык күч алып турат. Бул маселеден Кыргызстан да четте калган эмес. Ушул себептерден улам, жаңы бийликтин келишине чейинки негизги маселе, кызматтык кызыкчылыктарга жол бербөө, папка талашуу көрүнүштөрүнө чекит коюп, алгылыктуу иш-аракеттер менен кризиске каршы реалдуу программаны иштеп чыгуу зарыл. Ал эми ал программанын максаты - өлкөнү калыптандыруу этабына алып келе турган социалдык-экономикалык стабилдүүлүккө багыт берүүсү талапка ылайык.
Жаңы бийлик канткенде, кандай иш-аракеттер менен экономиканы башкарууну жолго салып, кантип энергетикалык, бюджеттик, финансылык, азык-түлүктүк коопсуздукту камсыз кыла алат, ушундай кыйын кырдаалда кантип ишкердик активдүүлүктү күчөтө алабыз деген суроолорго жооп издеши керек.
Экономиканы башкарууну натыйжалуу колго алуу үчүн, Убактылуу Өкмөт өзүнүн экономикалык саясый планын тез арада иштеп чыгып, элге маалымдоосу абзел. Ушундай максаттуу иш-аракеттер дүйнөнүн ар тарабынан агылган донорлордун өлкөгө кошумча каражат алып келүүсүнө шарт түзөрүн ишенимдүү айтса болот. Бул иш-аракеттер аткарылбай турган болсо, экономиканы натыйжалуу башкаруу жана калктын катмарын ишендирүү мүмкүн эмес.
Эгерде бийлик ар бир ай сайын экономиканын ар тармагы боюнча тереңден анализ жүргүзүп, бюджеттин негизги киреше, чыгашасын эсептеп турбаса, бюджеттин коопсуздук маселесин талаптагыдай камсыз кылуу мүмкүн болбой кала турган иш. Казынанын киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн, буга чейин белгилүү болуп келгендей, салык, бажы органдарынын иштөө эффективдүүлүгүн жогорулатуу зарыл. Кирешелүү деп саналган ичимдик, тамеки, энергетика тармактарына, күйүүчү май айлантууга, казинолорго болгон көзөмөлдү күчөтүү маселесин из жүзүнө ашыруу зарыл. Ал эми каржы коопсуздугундагы негизги көңүл бура турган башкы маселе - бул коммерциялык банктардын, кичи финансылык уюмдардын жыл аягына чейинки бизнес-пландарын тактоо болуп эсептелинет. Бийлик финансылык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн, биринчи кезекте финансы рыногундагы кырдаалды, коммерциялык банктардын ишин ММКларга чагылдырууну активдештирүүнү колго алуусу зарыл.
Айбек Шамшыкеев




Эгерде өзгөрүүлөрдү кааласак, аракеттенүү керек
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө ачык кат
Бакиев режиминен кийин көп маселелер тез арада кароону жана алар боюнча адекваттуу чечим кабыл алууну талап кылат. Кыргызстандын алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясы бул иштерге өзүнүн үлүшүн кошо алат.

Бүгүнкү күндө республиканын алкоголдук тармагындагы абал курч экендиги тууралуу маалыматты сиздерге жеткиргим келет. Бул тармакта өзгөчө мыйзамсыз жана жасалма продукциялар басымдуулук кылат, анын үлүшү рынокто 50 пайыздан ашык. Көптөгөн жылдар катары Турция, Кытай сыяктуу мамлекеттерден спирт, жасалма акциздик маркалар алынып келинүүдө. Муну менен катар алардын арак-шарап продукциялары өлкө рыногун толтуруп, кенен сатылууда. Аларды сатуу иши менен жалкоо эмес адамдардын бардыгы алектенет. Бүгүн аракты ар ким, мунун ичинде балдар да сатып ала алат. Соңку жылдары арак чыгаруу өндүрүшү чыгашалуу болуп калгандыгына сиздердин көңүлүңүздөрдү бургум келет.
Биздин өлкөдө арак-шарап өндүрүшү- спирт өндүрүшүнөн табылган акчаны нак алуу (обналичивание) механизми гана болуп калган. Эгерде кимде -ким спирттен көп акча жасаса, анда арактын рынокко чыккан көлөмү да өсөт. Аны сатып алабы же албайбы, ал арак жакшыбы же жаманбы- ал мааниге ээ эмес, спиртке салынган акча "чыкты" ал мамлекеттин чөнтөгүнөн сырткары которулду дегенди билдирет.
Спирт жана арак өндүрүшүндөгү мындай монополия аттандаштык идеясын толук жоготту. Ал эми рынокто мыйзамсыз иш жүргүзгөн өндүрүшчүлөр өз күчтөрүн бекемдөөгө өтүштү. Бул тармактагы "өз", "бөтөн" деген принциптер толук корруцияланышкандыгынан кабар берүүдө. Мындай "ишмердүүлүктүн" башаты Акаев учурунда түптөлүп, ал эми Бакиев учурунда бекемделип, өтө ыплас чегине жетти.
Биздин өлкөдөгү спирт жана арак продукцияларын өндүрүү жана сатуудагы коррупцияланышкан катуу схема мамлекеттик кызматта отурган чиновниктер тарабынан түзүлүп, ар тараптан бекемделип келет. Алгач бул "Кыргызалко" мамлекеттик АК болду, андан кийин Мамлекеттик алкоинспекция, Мамлекеттик агенство, ал эми азыр кайра спирт жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү, сактоо жана сатуу боюнча Мамлекеттик алкоинспекция болду. Аталыштары гана өзгөрүүдө, ал эми ички мазмуну, турушу ошол боюнча калды. Тилекке каршы, бул практика дагы бекемделип, азыркы шартка ылайыкташып кетүү коркунучу да бар. Бирок Убактылуу Өкмөт биздин катыбызды алып, мамлекетке киреше гана алып келе турган тармак катары гана карабастан, азыркы кырдаалда түп тамырынан бери өзгөртүү аракетин көрөт деп ишенебиз.
Биздин ассоциация бул үчүн өзүнүн схемасын, долбоорун Убактылуу Өкмөткө сунуш кылууга даяр жана керектүү маалыматтарыбыз да бар.
Мындай коррупцияланышкан схема мурдагы бийликтин кайтаруусунда болуп келгендигин жана бул тармактын азыркы жетекчилери өз орундарында калууга моралдык укуктары жок экендигин белгилегим келет. Бул маселе жакшы аяктабайт.
Ошондой эле ушул үстүбүздөгү жылы кабыл алынган " Этил спирти жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу боюнча" КР нын мыйзамына да көңүл бөлүү керек… Мындан тышкары, " Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү ишмердүүлүгүнө лицензия берүүдөн каражат алуу тартиби тууралуу " Өкмөттүн жобосу да өлкөнүн ишкерлеринин бир нече укуктарын бузуу менен иштелип чыгып, кабыл алынган. Бул боюнча биздин сунуштарыбыз, кайчы пикирлерибиз эч кандай жыйынтык берген жок. Алар иштеп чыккан схемага кирбегендер таасир этүү укугунан толук ажыраган. Белгилей кетүү керек, ЮСАИДдин эксперттик комиссиясы регулятивдик таасир этүү анализинин корутундусуна тескери баа беришкен. Алардын корутундусунун көчүрмөсү бизде сакталуу. Бакиевдин колунда болуп келген спирт мафиясы, башкаруу кыймылы, катуу коррупцияланышкан схема өз позициясын бүгүнкү күнү дале колунан чыгаргысы келбей турат. Мындан улам, биз Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү сиздерге кайрылып, төмөнкүлөрдү билдиребиз. Алкоголдук тармакты кайра калыбына келтирүү, ал жакка тартип орнотуу үчүн биздин профессионализмди жана тажрыйбаны пайдалансаңыздар. Спирт жана алкоголдук продукциялар өндүрүшү мамлекетке ири дивиденддерди алып келиши үчүн, коомдо ичимдик ичүүнү чектеген социалдык программаларга катышуусу үчүн биздин конкреттүү сунуштар бар.
Коррупцияланышкан схеманын жолун жана формасын анализдөө зарыл жана аны жок кылуу керек. Ал схема конкреттүү адамдар тарабынан иштелип чыккандыгын, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жаткандыгына көңүл буруу керек.
Акциздик белгиси бар товар өндүрүүчүлөрдү продукцияларын өз алдынча сатуусуна тыюу салынышы керек. Спирт жана арак ар башка адамдын колунда болуш керек. Жалпы акциз маркаларынын ордуна ар түрдүү түстөгү , сериядагы жана номердеги регионалдык маркалар киргизилиши керек. Бул продукциянын өтүшүнө, каталыктардын кетпешине жана аларды жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Азыр иштеп жаткан, факт жүзүндө эч кимге кереги жок мамлекеттик агенттиктердин ордуна "Акциздик белгилери бар товарларды реализациялоо Корпорациясын" түзүүгө болот. Мында ликер арак продукцияларын графиктин жана өтүнүчтөрдүн негизинде борбордук терминал жана региондордогу терминалдар аркылуу көзөмөлдөөгө шарт түзүлөт. Бул башка структура деле болушу мүмкүн, бирок принцип өзгөрүүсүз калышы керек. Корпорациянын 51% акциясына мамлекет ээ болушу керек, калган 49%на өлкө ичиндеги жеке капиталдарды ( алкоголдук продукция өндүрүүчүлөрдү ) тартууга болот.
Борборлоштурулган маалыматтык-каттоо булагын жана акциздик белгиси бар товарлардын өндүрүшчүнүн кампасынан терминалга, андан ары соода түйүнүнө жетүүчү жолго чейинкисине анализ жүргүзүү базасын түзүү керек. Соода түйүндөрүндөгү контролдук - кассалык каттоо жана көзөмөлдөө ишин күчтөндүрөт.
КР Кылмыш-жаза кодексине жасалма акциздик маркалар жасалма баалуу мамлекеттик кагаздар же жасалма акча менен барабар болот деген өзгөртүү киргизилиши керек.
Акциздик белгилери бар товарларды өндүрүү, жүгүртүү жана сатууга көзөмөлдүк күчөтүү боюнча профилдик министрликтер менен ведомстволор биргелешкен аракеттерди көрүү керек. Ушул жол менен гана азыркы коррупцияланышкан схеманы талкалоого болот.
Демек, таза иштебеген заводдор контрабандалык продукцияларды чыгарганды токтотот. Алкоголдук тармак ачык болот. Заводдор мыйзамдуу өндүрүштө продукция чыгаруу көлөмүн көбөйтөт. Жасалма акциздик маркаларды ташып келип, региондорду камсыз кылгандардын иши татаалдашат. Анткени жаңы шартта аларга иштөө кыйынчылык жаратат. Арак продукциялары толугу менен регионалдык терминал аркылуу өтөт, өндүрүшчүлөр акциз салыгынан бошотулат, демек, ал каражаттарды өндүрүштү модернизациялоо, технологиялык процессти жакшыртууга, продукциянын сапатын жогорлатууга жумшайт.
Акциздик салык терминал аркылуу төлөнөт. Сандарга көңүл бөлсөк, мисалы, 2008-жылы акциздик салык төлөмдөрүнөн бюджетке 395 миллион 700 миң сом каражат түшкөн. Бирок акциздик белгиси бар продукциялардын иш жүзүндөгү көлөмү мындан да көп болгон, демек, канчалаган кирешелер мамлекеттик казынадан тышкары кетип калган. Аналитиктердин маалыматтары боюнча, ошол жылдарда алкоголдук продукциялардын факт түрүндөгү сатылышы 1 миллиард 12 миллион сом болгон. Айырмасын байкап көрүңүздөр. Акциздик салык муну менен 2,6 эсеге аз болгон.
Эгерде тармактагы абалды өзгөртүүгө азыртан чечкиндүү киришсек, анда акциздик салыктан өлкөнүн бюджетине түшчү киреше бир нече өсөт.
Биздин сунуштарыбыз колдоо табаарына чоң ишеним артабыз.
Турсунбек Күренкеев,
Алкоголдук продукция өндүрүүчүлөр
Ассоциациясынын президенти