Сандан-санга

Кандуу жылдар
Акелең үч-төрт күнгө чейин Макандын жоголгонунан эсеп деле берген жок. Тааныштары менен жүрсө керек деп ойлоду. Анан санааркай баштады. Кантмек, биринчиден, айылдашы, экинчиден, бу ак дил баланы чындап келсе бир тууган инисинен кем көрбөйт...
Ошол үч-төрт күндөн кийин Маканды өзү жиберген базарга барып керээли-кечке издеди, бирин-экин айылдаштарын жолуктуруп сураштырды, уккан-билген киши жок. Милийсага барсачы? Бул оюнан дароо кайтты, андан аябай коркчу. Акыры кудай сактасын деген ою жеңип, өз түйшүгү менен алек, кудай сактасын деген кудуреттүү сөз кыргызыңды санааркатпай, коймаарек кылып таштайт эмеспи...
***
Макан бир айдан өтүп, ооруканадан сакайып чыкты. Анткен менен шайы жок, өңү кагаз, баягы таш дене шалбырай түшкөн. Ал чыгып келген күнү Акелең жакшылап тамак жасап, экөө бир бөтөлкөнү тең бөлүп, тээ түндүн бир оокумуна чейин сүйлөшүп отурушту. Макандын окуясын уккан Акелең дароо эле айтты:
- Аны жанагы сен көтөрүп урган мурут жасады, билдиңби? Дароо эле байкагам, соо адам эмес, бандиттердин анабашы болуш керек. Өлтүрүп салгыла деди да...
Арак денесин жибитип бараткан Макан тиштенди:
- Эми өзү өлөт!
Акелең так секирди:
- Сен эмне, жинди болдуңбу?! Жаман болсом да улуу деген атым бар, өлтүргөндү коюп, аман калганыңа сүйүн. Андан көрө экинчи жолу анын көзүнө чалдыкпайын деп тиле.
- Баары бир өч алам.
- Эй кандай келесоосуң, ыя?! Ошолор эле сенден өч алдырып коюп жатып бермек беле. Колдон келчү ишти айтсаң боло! Өлбөй калганыңды билсе, түбүңө жетет. Аны-мунуңду кой да, эртеңден калбай айылга кет. Жан керекпи, кет.
- Көрөбүз...
Макан ошол түнү таң атканча кирпик каккан жок. Эмне ойлобосун, "өч алуу керек" дегенге алпарып такайт, ызаланып кетет, азыр ушу жетип барып мурутчанды да, беркилерин да мууздап салгысы бар. "Өлтүрөм, баары бир өлтүрөм". Минтип кызуу кандуулук кылып жатат, болбосо чычкан өлтүрө албас. Ырасында эле Макан ошондой, чычкан өлтүрмөк турсун, мууздап жаткан койду карай албайт. Айылда жүргөндө бир кошуна жеңеси чакырып келиптир: "Байкең үйдө жок эле, тооктун башын чаап берчи" деп. Так секирген: "Чаап көргөн эмесмин". "Эй, жигит эмес эле мен окшогон катынсың го..." деп жеңеси оюн-чындан катуу айткан. "Ырас эле, тооктун башын чабалбасам, эркектигим аз го..." ушинтип ойлонуп койгону бар...
***
Ак көңүл Акелең эртең менен Маканга айылга кет деп кеңири акча берди:
- Ме, момуну ыраскот кылып кой, таттуу-паттуудан кеңири алганыңа да жетет. Кийин байыганыңда берерсиң, бербесең доолашмай жок. Баарына менден салам айт. Жеңең келмек эле тезирээк келсин, унутпай айт. Соода кылчу орун даярдап коюптур де...
Макан аз кийими салынган асынма кара сомкесин алып, Акелеңге рахматын айтып, үйдөн чыкты.
Анын айылга кетейин деген ою жок болчу. Атып салам десе да бармак эмес. Өң-алеттен кетип, кебетеси келишип, кайсы бети менен барат. "Тентип калып, ичээрге тамагы, кийерге кийими жок калганда келиптир, нанга жетпей отурган эне-атасы эми муну кантип бакты" деп кеп кылчулар четтен чыкпайбы...
Палан кылам, түкөн кылам деп жашоосун мындан ары багыттаган тартиптүү ою деле жок болчу. Сомкесин асынып, көчө бойлой илкий келатат. Өзүн өлүмдөн алып калган догдур байкенин айткандарын эстеди. "Жайлоого бар, кымыз ич, казы-карта же, оор жумуш жасаба. Анан бир ай өтүп-өтпөй калыбыңа келесиң, организмиң мыкты экен" деген ал киши. Андан соң эки ирет келген милийсаны эстеди. Кадимки эле шым-көйнөкчөн экен. Сан суроо салып мазээсин алды, араң жан жаткан неменин ашмалтайын чыгарды. Догдурлар кырсыкка учурагандарды милийсага дароо билдирет тура. Ошол эки ирет келгенден кийин дайыны жок болду. Ушуларды ойлонуп келатып, баягы эрди-катынды эстеди. Ыраазы болуп эстеди. Атаңдын көрү де, колунда болсо ошол экөөнү дүнүйөгө карк кылып багып албайт беле... Алардын адреси менен атайын барууга нээти жок эле, ошол жерге келди. Келгенин келгенден кийин билди. Бул жер чоң шаардын чок ортосунда болгону менен, көпчүлүгү кепе тамдардан турган жер. Эшик алды кайсы, көчөсү кайсы - ажырымы жок.
Качандыр бир көк-жашыл түскө сырдалып, анысы белгисиз түскө айланып, Пизан мунарасындай бир жагына оогон дарбазаны какты. Короодон жооп жок. Дарбазаны түртсө ачык экен, короого кирди. Ана, баягы катынына кыргыйдай тийип турчу эркек дөңгөчкө отуруп тамеки тартып жатат. Маканды көрө сала атып турду, жүзү жайнап кетти:
- Ой, иним, кел, кел. Бу дарбаза каккан ким деп, туруп баргандан эринип отурсам, сен турбайсыңбы! Сакайып кеттиңби? - Маканга келип бир тууганындай кыса кучактап, балч-балч үч-төрт ирет өөп жиберди. Ичкиликтин жыты күчүндө экен. - Ырас келбедиңби. Энеңдурайын десе, ой, өз үйүмө өзүмдү киргизбей жатпайбы!
- Ким?





Айлакер
Айым
"Аялдын амалы кырк эшекке жүк" дейт кыргыздар. Анын сыңары, азыркы заманда айлакер айымдар каалаган эркегин торго түшүрүп, керек болсо ыйык эсептелген үй-бүлөлүк очогун бузуп, өз жыргалы, өз бактысы, айтор, өзү үчүн күрөшкөндөр жок эмес. Ал тургай, модага айланды. Айлакер айымдардын кылтагына биздин заманда жашап жаткан бизнесмен, министр, депутат ж.б. мырзалар түшүп, тагдырдын миң түркүн сыноосуна тушугуп, бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде кумардын туу чокусун багынтып, айтор, турмуш дөңгөлөгү чимирик. Мен дагы мына ушундай тагдырдын жазмышына моюн сунган бир кезде райондук аппаратта иштеп, анан депутат, анан министр, анан ... болуп тагдыр тегирменинде айланган мырзанын, эң негизгиси, ашкан айлакер, сулуу, бирок аягы суюк Заринанын турмуш-тагдырына саресеп салмакчымын. Бирге үңүлөлү... Кызыктар али алдыда...

Зарина агасынын өлүк коюу зыйнаты менен айылда бир жумадай жатты. Бу мезгилде Канат Темирбекович министрликтин иши менен мыктап таанышты. Кечке эле түйшүктүн баарын Искен досунун мойнуна илип коймок беле.
Салыйка да бир жума суудан чыгып тумчугуп калган балыктай ооз ачпай, күйөөсүн өтө таң калтырды. Аялынын бул жоошуганы алдыда чоң чабышты камдап тургансып, Канат өзүнчө кыжаалат. Жубайлардын мамилеси акырындан сууп баратты, ортодогу ыңгайсыздыкты оңдоо үчүн эч бири аракет да кылбады. Ата-энесинин бир-бирине болгон суз мүнөздөрүн көрүп, балдары да үрпүйүп, үйдүн куту кача түштү.
Акыры бир жумалык ойлонуудан кийин Салыйка бурк деди.
- Канат, экөөбүздүн мындай жашообуз мүмкүн эмес, кел, бир-бирибизди кыйнабай ажырашалы.
Аялы менен ажырашууну 15 жылдан бери ойлоп келаткан Канат чоочуп кетти.
- Анча эмне болду? Сени катуу таарынттымбы. "Ажырашалы" деген сөздөн өрт тийгенсип каччу эмес белең? Кандай күч сени ушу сөздү айттырып атат?
- Билбейм, айтор, мен сага жаман аял болгон окшойм, абдан катуу ойлондум. Менин жамандыгыман үйлөнгөндөн бери тескери басып келатсаң керек да. Калган жашооңду сүйгөн адамың менен өткөр деп айткым келип атат.
"Аа, эми эсине келген турбайбы? Кап, эртерек ойлонгонунда эмне?" деп Канат да кыжаалат боло түштү. Аялынын бул сунушунун артында чоң оюн жатканын кайдан билсин?! Дабдаарып оозунан сөзү учту. Эмне деп жооп айтаарын билбей, шашкалактаганын айт.
- Канат, иши кылса ойлон. Мен да ойлондум, ызы-чуу кылбай, ажырашалы да, ар кимибиз өз жашоообуз менен жашайлы, балдардын да жүрөгүн оорутпайлы. Алар ким менен жашашты өздөрү тандасын. Албетте, мен өзүмө тиешелүү оокат-аштын баарын алып калам, сотко барып, экөөбүз чака-чайнек бөлүп убара болбой эле коелу. Уят, эми сен азыр министрсиң акчаң саман, жаш аялыңа мага түзгөн шартты эки айда эле түзүп берип, капчыгыңды акчага толтураарыңды билем. Балдарга алимент доолабайм, керек болсо аларды өзүң бак!
- Омей, сага анчалык не болду? Балдарды төрөгөн соң өзүң бак да, үйдө бошсуң.
- Мен да иштейм. Өмүр бою сени карадым, иштесем сен сыяктуу министр мен деле болмокмун. Бала-чакам, күйөөм деп жүрүп кайран өмүрүм текке кетти. Ушу жерден көнгөн адатынча Салыйка албууттанды. Көздөрү акшырайып, кебетеси бир кызык болуп өзгөрдү. Өзүнүн чектен чыгып баратканын сезе сала кайрадан жоошуй түштү.
- Канат, просто мен чарчадым. Ойлосом өмүр бою сени кызганып, кайтарып, ажылдап жүрүп оорукчан болуп калыпмын. Тынч жашагым келет, сага да жашоо берейин. Эс алам, курортторго барам, өзүмдү карайм. Балдар эмне чоңойду да, бир-бирин бага берет, көз салып коюп тур.
- Эми сен эс алыш үчүн сөссүз эле ажырашуу керекпи? Андан көрө курортторго барып эс ал, дагы ойлон, кабыргаларың менен кеңеш. Анан такыр эле болбой баратсаң, ажырашса ажырашалы. Абышкаңдын секс алдындагы алсыздыгын дагы бир ирет кечирип койсоң не болот эле. Сенин кызганычыңа, ажылдагыңа көнүп деле бүткөм, керек болсо унчукпай калсаң, коңултуктап жаман болом. Кой, байбиче, катуу кетпе...
Канаттын аялын тамашалап, сөздү башкага бурайын деген аракети текке кетти.
Салыйканын бир кыялы бар, айткан сөзүнөн кайтпаган. Экөөнүн сөзү ушу менен тамам болду. Канат аялынын тез өзгөргөнүнө таң кала, телевизор тиктейт. Телефонун өчүрүп, үйдөн сурагандарга "жок" дедиртип коюп, керели-кечке диванда жатты. Гезиттерди аралаштырат, максатсыз эле каналдан канал которуп, болгон жинин телевизордон чыгарды. Аялы менен жай олтуруп баарлашайын деген тилеги да таш капты. "Ажырашалы" дегенден башканы айтпаган Салыйка жасана кийинип, кайдадыр кетти. Канат да "кайда барасың?" деп тескеген жок. "Чатакты ырбатып албайын" деп өзүнүн чар жайыт ойлору менен алектенди.
Салыйканы подругасы чакырган. Экөөнүн ортосунда өткөндөгү соткадагы видик жөнүндө сөз болмок. Кыжаалаттанган Салыйка курбусу чакырган кафеге келди.
- Ии, падружке, кандай?
- Жакшы, эмне өлүп калат деп ойлодуң беле?
- Койчу, Салыйка, кергиштебечи, өлүп алгыдай жаш бала белең. Сансыз байлыгың, балдарың турганда жашашың керек да. А мен эмне, сага кичинекей эле проблемамын.
- Ошо кичинекей проблеманы козгобой койсоң болмок. Акыры өзүңө жаман болуп калат го. Мени эстен тангыча ичирип туруп, арам ой-максатыңды ишке ашырганыңа жол болсун!
- Кой, антип майдаланбай, сөздөн ишке өтөлү.


P.S. "Айлакер айым" сериалынын башталышын окубай арманда калдык, качан китеп болуп чыгат?" деп телефон чалган көптөгөн окурмандардын суроосун эске алып, автордун уруксаты менен "Айлакер айым" сериалы "Айат пресс" газетасында кайра башынан баштап басылып чыгууда. Окуялар кантип башталып, кандай өөрчүгөнүн окуган да, окубаган да арманда. "Форумдагы" сериалдын окуялары уламдан-улам курчуп, бүйүр кызытып, жарык көрө бермекчи.