Коңшу өлкөлөр...

"Экономикалык блокада" же казак элинин коопсуздугу тууралуу куру кыйкырыкпы?
Кыргыз эли үй-бүлөлүк жана кландык бийликти кулатты. Мунун таасири коңшу өлкөлөргө да тийиши мүмкүн эле. Саясий кырдаалдын курчушунан улам, башкалар сыяктуу эле Казакстан Республикасы Кыргызстан менен байланыштырган бүтүндөй чек араны жапкан.

Мындай аракеттин коңшу өлкөгө зарылдыгы бар беле? Кыргызстандагы төңкөрүштөн казак жергесине, же элине зор коркунуч түзүлдү беле? Көзөмөлү күчтүү Казак Республикасына кыргыз эли каптап киргендей кырдаал түзүлгөнбү? Ошол эле учурда чек ара жабылганда, эски бийликтин бир канча көрүнүктүүлөрүнө "чек араны жабуу" буйругунун тиешеси жок беле?- деген суроо пайда болот.
Эл аралык мамиледе бир өлкө экинчи өлкөнүн ички ишине кийлигишпейт, демек, Кыргызстанда бийликтин кандай жол менен алмашпасын, ал ошол мамлекеттин өзүнүн гана проблемасы. Ал эми коңшу мамлекеттер бийликте позициябы же оппозицияда турабы, аларга бирдей мамиле жасоосу ийги болмок. Тескерисинче, коңшуларыбыз Өзбекстан жана Казакстан чек араны жаап, Кыргызстанды "экономикалык блокадага" алышып, такталбаган маалыматтарга таянсак, кылмыш иши козголгон айрым жетекчилердин эч тоскоолдуксуз чек арадан өтүп кеткендиги тууралуу маалыматтарды алар официалдуу түрдө четке кага алабы?
Таң каларлык шылтоолор да бар. Кыргызстанда төңкөрүштөн кийин бийликке ээ болгон тарапты легитимсиз деген пикирлерди алар "туз көзүр" катары пайдаланышканы да жашыруун эмес. Төңкөрүш тынчтык жолу менен да, куралдуу көтөрүлүш жолу менен да ишке ашырылат. Кайсы жолу болсо да, ал баары бир көтөрүлөш же төңкөрүш. Ал эми Өзбекстанда же Казакстанда деле 1992-жылы төңкөрүш да, көтөрүлүш да болуп, СССР деген державадан бөлүнүп чыгышкан. Анда бул өлкөлөрдөгү азыркы бийлик деле легитимсиз деп кыйкырып чыксак жарашабы? Ага караганда кыргыз эли авторитардык-диктатордук эки бийликти кулатып, элдик демократиялык бийликти орнотууга жасаган аракеттери үчүн күнөөлүү болушабы?
Кыргыз эли эзелтен достук мамиледе болуп, кыз алышкан, беришкен, жамандык менен жакшылыкты ийиндешип көтөрүшкөн эл болгон. Азыркы "жапайы капитализмдин" мезгилинде бул өлкөнүн эли менен кыргыздын ортосунда мамлекет чече албаган байлыктарды карапайым калк өздөрү чечишип, соода байланыштарын жолго коюшкан. Мисал келтирели, Кыргызстандын Чүй жана Талас өрөөнүнүн эли казак туугандарга эң арзан баадагы айыл чарба продукцияны даярдап, Казакстандын айрым полуфабрикат чыгаруучу ишканаларын сырье менен камсыз кылып келишкен.
Мындан тышкары, жазгы талаа жумуштары башталганда Казакстандын белгилүү аймагы Мейкин талаасын суу менен камсыз кылууда Кыргызстандын кошкон салымы зор болгон. Чектеш аймактардагы казак элинин айыл чарба тармагындагы түшүм кыргыз эли менен мамилесине жараша болорун "унутуп" коюуга бийликтин укугу да жок эле. Демек, "экономикалык блокада" бийликке казак элинин нааразычылыгын пайда кыларын, мунун залакасы эки элдин ынтымагына да, Казакстандын саясий жана экономикалык абалына тийгизер терс таасирин эстеринен чыгарышпаса болмок.
Казакстандын чек араны жабышы ансыз да оор абалда турган Кыргызстандын экономикасына капталдан урулган "канжар" болду. Бул өлкө менен чектеш кыргыз элинин айыл чарба продукцияларын сатуучу базарынан (рыногунан) ажырады. Сатууга даярдалган азык сырьелор бузулуп, жараксыз абалга жетти. Ал эми ушул сырьену сатып алып жаткан Казакстандын көптөгөн чакан жана орто ишканалары продукция чыгара албай, банкротко түшүү абалына жеткен эле. Мындай шартты бир эле мамлекетке эмес, эки өлкөнүн элине зор кыйынчылык түшөрүн казак бийлиги эсепке албагандыгын турмуш өзү тастыктап коюп отурбайбы?
Окуянын жүрүшүнө Казакстандын саясий жактан бир беткей баа бергени өкүнүчтүү. Алар эки өлкөнүн пикир келишпестиги суу маселесинен келип чыгууда деп маалымат беришкени дагы, Д.Датов деген кимдир-бирөөлөр "суу-кыргыз пролетариаттар куралы" катары баалаган пикири да улуттук араздашууга ташталган чакырык сыяктанат. Чейрек кылымга жакын аралыкта коңшулар "сууну кудай жаратканын, аны кыргыздар колго жасап албагандыгын, ошондон улам сууну ар бир мамлекет бекер пайдалануу укугуна ээ экендигин" какшап, жаактарын жанып келет.
Буга макул дейли. "Сууну кудай жараткан". Ал эми Казакстан кымбат баада кыргыз элине саткан газ, нефти продуктуларын "кудай эмес" алар өз колдору менен жасап алышты беле? Суу да, газ да, нефти да кудай жараткан табигый байлык. Суу керек болсо, калыстык катары анда эмне үчүн казак эли ага тийиштүү акы төлөбөшү керек? Ошол казак жергесин суу менен камсыз кылган суу сактагычтардын алдында жерлер үчүн эмне себептен Казакстан компенсация төлөбөйт?
Талас регионунун жана Чүй аймагынын эли чек ара жабылгандан кийин суунун көлөмү кескин төмөндөгөндүгү үчүн тымызын айыптоолор да жасалды. Бирок буга Кыргызстан эмес, Казакстан өзү күнөөлүү эмеспи? Кыргыз эли "экономикалык блокадага" Казакстанды алып, чек араны жапкан жок го?
Жогорудагы Д.Датов Киров суу сактагычын кооптуу объект катары белгилеп, ал тоолуу, жер титирөө коркунучунда экендигин, бул суу сактагыч толук толгон учурда кырсык болсо, Тараз шаары менен дагы 17 калктуу пунктту каптап, 2320 чарчы километр аймак суудан жабыр тартарын "каңырыгын" түтөтүптүр.
Аттиң, бул маселени бир журналист гана эмес мажилистин депутаты А. Момышев да актуалдуу маселе катары көтөрүп чыгып отурат. Биз өз элинин "коопсуздугуна камкор мамиле" жасаганга каршы эмеспиз. Бирок тырмакчага алынган коопсуздук маселесин ошончо көтөргөн соң, "Көксарай суу сактагычын куруп бүткөнгө чейин, Киров суу сактагычын капремонттон өткөрүүгө, болбосо, бул суу сактагычта кырсыктын чыгашасы орду толгус жоготууга алып келерин неге мамлекеттик масштабда көтөрүп чыккан жок. "Кырсык каш менен кабактын ортосунда"- деген кыргыз-казактын сөзү бар, казак эли Көксарай суу сактагычын курса да, курбаса да Киров суу сактагычы кароосуз калып, кыйроого учураса эмне болот? Талас өрөөнүндөгү Киров суу сактагычы бар болгону Манас районунун айрым аймагына гана суу бербесе, анын басымдуу бөлүгүн Жамбыл облусунун дыйкандары пайдаланарын эскерте кетсек күнөө болбос. Бул депутаттын калыстыгыбы же калпыстыгыбы, болбосо, бул маселе А. Момышевдин амбициялык кызыкчылыгы менен байланыштуубу, ага ачык пикир айтуу кыйын. Ошондой болсо да, ошончо маселе козголгон соң, Киров атындагы суу сактагычтын түзүлгөн коркунучтун алдын алууга, ремонт иштерин жүргүзүүгө Казакстан канча суммадагы каражат бөлүштүрөт болду экен? Ошондой эле Чоң Чүй каналынын суусун пайдаланган казак туугандар бул каналды тазалоо иштерине да тиешелүү каражат бөлүп берер бекен? Болбосо, Д.Датов менен мажилистин депутаты А. Момышевдин бул пикирлери "эшектин тушоосун чечпеген", "ишке ашпас куру кыял" бойдон кала береби? Сөз менен иши айкашабы же казак элинин "коопсуздук" маселеси күпүлдөгөн куру кыйкырык бойдон калабы?..




Тең ата сүйлөшүүгө убакыт жетти
Эзелтен эле эки өлкөнүн гана эмес, эки коңшунун ортосундагы чыр-чатактар жарым суу, алакандай жер үчүн чыгып келген. Ушундай көрүнүш жакында Баткен облусундагы Сох анклавындагы Согмент кыргыз айылынын эли менен Өзбекстандын Сох районундагы Хушяр айылынын тургундарынын ортосунда болуп өттү.
"АКИ-пресс" маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда Согментке мейманга баргандарды Хушяр айылындагы өзбектер барымтага кармап калууга аракет жасашкан. Автоунаанын айдоочусу кармалып, эртеси гана чыгарылган.
Баткен облусунун администрациясынын маалыматына караганда Хушяр айылынын тургундарынын нааразычылыгы жайыт талашуудан келип чыккан. Эки мамлекеттин чек ара боюнча келишиминен кийин Хушяр айылынын эли эми бул жайытка малын чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Жайыт талашка эртеси чек арага ар бир айылдан болжолдуу түрдө 300-500дөй адам чогулушкан. Согменттиктер эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин тынч тарап кетсе, Хушярлыктардын толкундоолору басылган эмес. Өзбек бийлиги эскертүү иретинде асманга ок атып, аларды тароого мажбур кылган.
Белгилеп кетүүчү нерсе, кыргыз-өзбек чек араларында мындай кагылышуулар акыркы мезгилдерде тез-тез кайталанып, анын кесепетинен адам жоготууларга чейин жетип отурат. Ушул жерде Кыргызстан менен Өзбекстандын эки башка мамлекет экендигин, мурдагы СССРдин учурундай мамлекеттик келишим болбой, чек арадан өтүп, мал жаюуга болбой тургандыгын айрым өзбек туугандардын билмексенге салышы аягы чыр-чатактын чыгышына себепкер болууда. Сох анклавындагы окуя бөлөкчө жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк бербейт.
Кыргызстандын Убактылуу Өкмөтү өлкөнүн жана чек арадагы Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында эки өлкөнүн чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери, Баткен облусунун губернатору жана Өзбекстандын Фергана облусунун ИИМинин жетекчилери Вуадиль элдүү пунктунда жолугушуу өткөрүштү. Бул жолугушууда өкмөт аралык комиссиянын чек арадагы делимитация жана демаркация жасоо зарылчылыгын көргөзүштү. Чыр-чатактын чыгышына ар дайым "үчүнчү күчтөрдүн" кийгилишүүсү да таасир берерин белгилешкен. Мына ушул максатта жер-суу чатактары, чек ара маселелери боюнча мамлекеттик масштабда чечүү зарылдыгы жана Өзбек Республикасынын Сох анклавындагы аскердик-согуштук брондолгон техникаларды кыска мөөнөттө чыгарып кетүү маселеси оң жыйынтыктарын берди. Ошол эле учурда Өзбек Республикасы тарабынан Кыргызстандын территориялык бүтүндүүлүгүнө жана эгемендүүлүгүнө доо кетпей тургандыгын жана эл аралык масштабда бири-бирин сыйлоо принцибин бекем сактай тургандыгы да белгиленип, эки өлкөнүн белдүү жетекчилеринин жолугушуусунда бул чечимдерди кыйшаюусуз аткарууга жетишилген.
Кыргыз Республикасынын азыркы күндөгү Коргоо министринин милдетин аткарган И. Исаков бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын, ар түрдүү пикир келишпестикти тынч жол менен чечүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоо, ар кандай провокацияларга жол бербөө мүмкүнчүлүгүн колдонуу зарылчылыгын белгиледи.
Албетте, азыркы шартта ар бир өлкө өз коопсуздугун сактоого кызыкдар болору шексиз. Азыркы учурда кыргыз-өзбек чек арасында түрдүү чыр-чатактардын чыгышы адаттагы көрүнүшкө айланган. Мындай караганда эки элдин тирешүүсү карапайым калктын түшүнбөстүгүнөн чыккан сыяктанат. Бул бар болгону эки баланын оюнундай эле болуп калмак, бирок бул көшөгөнүн артында экинчи бир күчтүн саясий-экономикалык оюнунун тургандыгын да танууга болбойт.
Дүйнөдө көптөгөн мамлекеттердин ортосунда акча каражаттарынан карыздары миллиондогон сомдорду чапчып жыгылат. Ошол карыздар товар алмашуулар же карыздарды узак жана кыска мөөнөттө төлөп берүү келишимдери менен жөнгө салынып келет. Тилекке каршы, коңшубуз Өзбекстан мамлекеттер аралык мындай ыкманы Кыргызстан менен түзгүсү келбейт.
Алып көрөлү. Өзбекстандан кыргыз эли белгилүү өлчөмдө газ жана нефти сатып алат. Элибизде "кандын бир татым тузу кемип калыптыр"- дегендей, кээде буга акча каражаттарынын которулушу кечиктирлип калышы мүмкүн. Мындай шартта Өзбекстан берилүүчү газдын өлчөмүн азайтып же толугу менен токтотуп коет. Мындай көрүнүш айрыкча, кыш мезгилинде күчүнө кирет. Мисал келтирели, быйылкы жылдын кыш айынын аягында өлкөбүздүн түштүк региондорунда газ берүүнү токтотконго чейин барганы жалпыбызга белгилүү эмеспи. Маселени мындай "кысым" менен эмес, сүйлөшүү жолдору аркылуу чечүүгө мүмкүнчүлүктөр неге четке кагылып келет?
Эки мамлекеттин ортосунда чек ара маселеси гана эмес, Нарын дайрасынын "Камбар-Ата" ГЭСин куруу маселеси да чоң пикир келишпестиктин очогуна айланган. Чынында бул ГЭСтин жерпайы эсил кайран СССРдин учурунда башталган. Анда Өзбекстан буга каршы эч пикир айта албаган. Азыркы күндө бул ГЭС курулуп бүтсө, Кыргызстан Нарын дайрасынын чыныгы ээсине айланмак. Фергана өрөөнүндөгү сугат системасын суу менен камсыз кылуу менен Кыргызстан нукура суу ээсине айланмак. Албетте, Өзбекстандагы бийлик өкүлдөрү буга макулдук бериши күмөн. Ошол эле учурда Өзбекстан газ жана нефти берүүнү токтотуп, тымызын "кысым" жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыроо коркунучу түзүлмөк.
Учур өзү көргөзбөдүбү. Казак туугандар чек араны жапкан учурда кыргыз эли суу берүүнүн көлөмүн азайтканда бул аракетти токтотууга аргасыз болбодубу? Демек, коңшулар менен тең ата сүйлөшүүдөн коркпой, алар газ жана нефтини бетине кармап "кысым" көргөзсө, жайыт жана кудай берген суубуз аркылуу аракет жасообуз зарыл. Бул биз тараптан кысым эмес, мамилеге жараша кадамыбыз болуп каларын оюбуздан чыгарбасак…
Бетти даярдаган
Эртабылды Аттокуров