Журналист
Жылдыз Мусабекова коомдук маалымат борборун ачты!
- Жылдыз эже Сизди коомдук маалымат борборун ачып жатат деп уктук?
- Ооба, туура эле угупсуңар. Бүгүнкү күндүн көйгөйүн карап, айтаар сөзүн жалпы элге, коомчулукка жеткире албай жүргөн мекендештериме жардам бергим келди. Учурда сен сөзүңдү коомчулукка, керек болсо бийликке да жеткириш үчүн ММК өкүлдөрүн жеткиришиң керек. А журналисттер болсо ансыз да иши чачтан көп, убактысы аз анан дайыма эле редакцияда же иш ордунда отура бербеген калк болушат. Андыктан ошол айтайын дегенин кимге айтаарын билбей, жеткирейин дегени жетпей келе жаткан миңдеген кыргызстандык жарандардын мүдөөсүн орундатсам деп турам.
- Коомдук маалымат борбору деп атапсыз, демек коомдун бардык катмарына кызмат кылабы?
- Биздин борбордун башкалардан айырмасы-келип сүйлөйм, арызым бар эле айтам дегендерден бир тыйын акча албайбыз. Бул деген ошо коомдук дегенди айгинелеп турат. Болбосо, учурда маалымат агенттиктери жетиштүү болгону менен ар бир кызматы үчүн же бир маалымат жыйыны үчүн 10 миңден 15 миң сомго чейин акы алышат. Албетте, мындай каражат карапайым элде жок. Андыктан каржы жагынан каржалып жүргөн адамдар бизге келип, маалымат берип кетип турат деген ишенич бар. Дагы бир жагдай, карапайым элдин кызыкчылыгы үчүн ар кандай алгылыктуу иштерди алып барып жаткан мамлекеттик деңгээлдеги чиновниктер мамлекеттин акчасын пресс-конференция үчүн агенттиктерге төлөп, коромжу кылбай эле биздин коомдук маалымат борборуна келип, бекер маалымат берип кетсе болот.
- Расмий аталышы кандай жана ачылышы качан болот?
- Азыр расмий аталышын аныктай элекмин, балким "Айат" деп коюп коёбуз, белгисиз. Ал эми ачылышын ушул айдын аягында өткөрүп, тушоосун кесебиз. Бул жерден айта кетүүчү нерсе, көп жылдардан бери көөдөнүмдө келе жаткан ушул маалымат борбору тууралуу идеяны ат-башылык агаларыма айтсам колдоп, каржы маселесин толук чечип беришти. Анткени мен ушул убакка чейин бир карапайым, бийликтен запкы көргөн же ар кандай себептер менен укугу тебеленген карапайым адамдардын маалымат - жыйынын өткөргөнүн көрө элекмин. Узун барак арыздарын көтөрүп алып эле редакциялардын эшигинде жүрүшөт. Мындан ары ошондой замандаштарыбыз бизге келип, маалымат берсе, теле-радио, гезит, маалымат агенттиктеринин журналистерин чакырып, чагылдырууга шарт түзөбүз. Ошондой эле коомдук маалымат борборунун электрондук сайтын ачуу боюнча да пландар бар. Анткени ошол борбордогу маалыматтар толугу менен жарыкка чыгып турушу керек.
- Жакында Түркияга учуп жатыптырсыз?
- Ооба, Түркиянын борбору Стамбул шаарына ушул айдын 4үнөн 10уна чейин иш сапар менен кетип жатам. Биз катыша турган бул "21- кылымдагы Евразия чөлкөмүндөгү коопсуздук жана экономика боюнча кызматташтык" аттуу эл аралык жыйын.
Жыйында негизинен эки тема, биринчиси - "Жаңы глобалдык кырдаалда тобокелчиликтер жана коркунучтар, ОБСЕнин аларга каршы чаралары тууралуу, экстремизмге жана терроризмге каршы чогуулап күрөшүү, Афганистан: ОБСЕ жана JICA нын биргелешкен иш-аракеттери Афганистан проблемасын жонго сала алабы? " деген теманын айланасында эл аралык жетекчиликтер, байкоочу, эксперттердин катышуусунда болот. Ал эми экинчи тема- "Ишеним куруу чаралары коопсуздук жана экономика коркунучтарына каршы күрөшүүгө жардам бере алабы? Аскерий, саясий жана экономикалык туруктуулукка, энергетика, трансконтиненталдык коридордун өнүгүшүнө өбөлгө түзө алабы?" темасы.
- Ким тарабынан чакырылдыңыз?
- Убактылуу Өкмөттүн делегациясынын курамында бара жатам. Жыйынды уюштуруп жаткан Түркия мамлекети Убактылуу Өкмөткө эркин журналисттерди чакырууну сунуш кылышкан экен, мени көрсөтүптүр. Андыктан чоң жоопкерчиликти өзүмө алып, "Айат" гезитимден аз-маз колтугума кысып алып, кетип бара жатам. Убакытым болуп калса, Стамбулдун тарыхый жерлерин көрүү, алардын ММКларынын иштери менен таанышып, журналисттеринин иш шарттарын көрүүгө аракет кылам. Буюрса, силердин гезит жарыкка чыккан маалда, 4-июндун таңында Стамбулда болуп калам.
- Сапарыңыз байсалдуу болсун!
Маектешкен Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ




Кайран Каттани, мыкты адам эле...
"Бу бийлик кумары адамды алаканына салып каалагандай калчап калат. Бийлик үчүн адам өзүнүн бардык асыл максаттарынан баш тартат"- деп айткандарга анча ишенчү эмеспиз. Эми ишендик. Кечээ эле атпай журттун ардактаган баатырына айланып, "кыргыздын кыйын жигити" деген сөздүн үлгүсү болгон генерал Өмүрбек Суваналиев бүгүн башка абройлуу партия калбай калгансып кечээки Бакиевдин табакташтары болгон "Бригада" тобунун короосуна баш багыптыр. Тиги ач айкырык, куу сүрөөнчүлөр муну өздөрүнө болгон эбегейсиз эрдик катары баалашып, өмүкеңди көтөрө чалып эле, "Ата-Журт" партиясынын тең төрагасы кылып жатып калышты. Анткени бу азырынча алсыз көрүнгөн генерал кокус эртең чырт этсе, бүтүн бригаданы чачыратып салаарын жакшы билишет да эй! Бирок Өмүкенин бул кадамы миңдеген аны туу туткан кыргыз элинин ишеничине суу сээп, үмүтүн өчүрдү. "Өргө сүйрөй турган адам да көргө сүйрөй турган топко кошулабы" - деп, бул кадамды кечирилгис күнөө катары кабылдагандар да арбын.
Дагы бир айтып коюучу нерсе, ошол бригадачылардын "Ата-Журт" партиясына Бакиевдин командасынан Айгүл Рыскулова дагы кошулуптур. Айтор, эртең Кулов, бүрсүгүнү Жапаров, соңунан Конгантиев, Сыйданов, Масиров, Карашевдер кошулса таң калып кереги жок...


Отургучка ой-даа тырышты белем, чиркин...
Аты атпай журтка таанымал, атактуу Абдылас Малдыбаевдин атын алып жүргөн Кыргыз опера жана балет театрынын тегерегинде кайрадан ызы-чуу. Бакиевдин учурунда мурда үстүнөн кылмыш иши козголгонуна карабай, театрдын директорлугуна келген Болот Осмонов Убактылуу Өкмөттүн буйругун тоготпой, өзүм билемдик өжөрлүгүн карматып, кызматтан кетпей бир жума тырышты. Анын ордуна барган белгилүү инсан, талантуу композитор Тимур Саламатовго кабинетин бошотпой, коллективди ага каршы тукуруп, театрдын ынтымагын ыдыратып... Убагында Жанышты жандап, бакиевчилердин бийлигине ийилип кызмат кылган бу директорго мыйзам деген оюнчук болуп калган сыяктуу.
Эске сала кетсек, Т. Саламатов ошол эле театрды Осмонов келгенге чейин иш билгилик менен башкарып туруп, ошо кездеги оппозициялык партиянын съездин өткөрүүгө театрдын залын бергени үчүн саясий куугунтук менен кызматынан алынган болучу.


Жаш губернатор жаштарды кызматка тартып…
Эки бийликтин тушунда тең балит бийликтин камчысын чаппаган жаш инсандар 7-апрелден кийин жогорку кызматтарга келип отурушту. Ошолордун бири Нарындын губернаторунун милдетин аткаруучу, "Ата-Мекен" партиясынын активдүү мүчөсү Адыл Эсенбеков жаштарды мамлекеттик кызматтарга тартуу боюнча алгылыктуу иштерди жасап жатыптыр.
Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Өмүралиев: "бул идеяны көпчүлүк зор кубануу менен кабыл алышты. Азыр документтерин даярдап, кадрлар бөлүмүнө тапшырып жатышат"-деп билдирген.
Айтмакчы, өткөн саныбызда губернатордун милдетин аткаруучу Адыл Эсенбеков "Азиз Батукаевге "отметка" кылыптыр"-деген маанидеги сын макалабыз кеткен эле. Ошол маселенин үстүндө жана жалпы эле облустагы маанилүү маселелер тууралуу жакын арада Адыл Эсенбеков менен маек курмакчыбыз.


эскилер кетип, жаңылар келди...
Көп жылдан бери Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын директору болуп келген Керим Турапов, Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын 31-майдагы декрети менен кызматынан алынып, анын ордуна төкмө акын Замирбек Үсөнбаев шайланды. Мындан сырткары, ошондой эле Билим жана илим министри Мусаев Абдылда Инаятович кызматынан бошотулуп, Садыков Канат Жалилович министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.


Мадамин Каратаев кызматтан алынды
Убактылуу Өкмөттүн төр-айымынын буйругуна ылайык медицина тармагына кыйла чуу жараткан, Жаныш Бакиевдин ынагы делген Мадамин Каратаев ээлеген кызматынан бошотулуп, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп Касымбек Мамбетов дайындалды. Ошондой эле Каржы министринин орун басары Абдуалим Нишанов кызматынан бошотулуп, анын ордуна Самат Кылжыев бекитилди.