Шералы Назаркуловго Кыргыз эл баатыры наамын берүү керек
Кыргыз элинин куту, буркураган жыттуу, жомоктогудай көк-ала тунук кашка суусу, Ала-Тоолуу Үзөңгү-Кууш жайлообуз Акаевдин чыккынчылыгы менен Кытайга кетүүсүнө, ушул кылмышка тикеден-тике каршы турган Азимбек Бекназаровдун камалышына нааразы болуп, өлүм же жерим, элим үчүн эркин жашоо деп, жерим Кытайга кетсе, Бекназаров камаса андан көрө өлгөнүм артык деп, 2002-ж 15-январдан 7-февралга дейре, борборубуздун агропром мекемесинин астында, кыргыз мамлекети эгемендикке келгенден кийин 50дөн ашык 60ка кадам шилтөө жашында саясий экономист Шералы Назаркулов мекендештери менен бирге ачкачылык жарыялап олтуруп 22 күндөн кийин кыргыз элине үлгү көрсөтүп тирүүлүктөн үзүлүп, өлүмгө кете берди.

Ушул жогорудагы жоруктарга нааразы болуп, Аксылык миңдеген тургундарыбыз да Акаевдин саясатына каршы чыгып, алты (азамат) жигиттерибиз окко учуп о дүйнөгө кетишсе, ондогон жигиттерибиз ок жеп, Аксынын талааларында сулап жатышты.
Достору, жакындары Шералыны ачкачылыкка барбай эле Акаевдин саясатына "башка жол менен күрөшкүн деди. Жок, жерибиз Кытайга кетип, Бекназаров камалып жатса, бул бийлигиң айтканды укпай, сайганды көрбөй жатса, андан көрө ачкадан өлүү же өз жеримде сыймыктанып эркиндикте жашоо"- деп айтканынан кайтпады. Кокустуктан ок тийээрин күтпөдү, бирок далдоодогу жаналгычты байкап турду. Өткөн-кеткен карапайым журтчулук аянычтуу да таң калаарлык да көз салып турушту, күндөн-күнгө өңү бозоруп, арыктап ажал менен арбашып, 22 күн дегенде бийлигиңе нааразы болуп, ачкадан жан алгычтын колуна түшүп берди.
Бийлигиң түшкүр десе, кыргыздын эркиндиги үчүн өмүрүн кыйган XXI кылымдын тунгуч патриот-баатыры Шералы Назаркуловдун өлүмүн бир тыйынчалык көрбөдү. Шералы, кыргыз элин эркиндике сүйрөгөн баатырлыкка үндөгөн бирден-бир нукура баатыр болуп кыргыз элинин жүрөгүндө калды. Шералынын баатырлыгы өтө тунук, өтө бийик жана куну өтө кымбат турат. Баатырдыктын элеси түбөлүк сакталат.
7-апрель 2010-жылда эркиндикте бакубат жашоо үчүн уландарыбыз шейит кетип, 1600 жигиттерибиз ок тийип жарадар болуп эркиндикти эңсеген дүйнө элдерине үлгү көрсөтүп кыргыз эли кулчулукка моюн сунбай эркиндикти өтө бийик тутуп, жашоо же өлүм деген эрки күчтүү бүркүттөй сүрдүү экендигин аныктап, дүйнө элдеринин оозун ачырды.
Дүйнө элдери 7-апрелден бери биздей эле күнү-түнү дүңгүрөтүп кыргызыңдын кандай экендигин даңгыратып газет-журнал, радио-телевизорлордо тынбай кыргыздын баатыр эл экендигин кубаттоо менен даңазалашууда. Элибиздин эркиндиги деп ушул шейит кеткендерге куран окулуп, кыргыз эл баатырлары деп наам берип, үй-бүлөлөрүнө бир миллион сомдон жардам берген жаңы Убактылуу Өкмөтүбүздүн кам көргөндүгүнө бир жагынан ыраазы болуп да турабыз.
Бирок "Бала ыйлабаса эне сүт бербейт" деген макалга капталуудабыз. XXI кылымда биринчилерден болуп кыргыздын жеринин бүтүндүгү, элинин эркиндиги деп Акаевдин керт башынын кызыкчылыгынан кыргыздын келечегин бийик коюп, Акаев менин тирүүмдө түшүнбөсө мен өлгөндө түшүнөөр, ал түшүнбөсө элим түшүнөт деп дене бою ачкачылыкка туруштук бере албай Шералы Назаркулов чын дүйнөгө аттанып кете берди. Кыргызым деп өзүн курмандыкка чалды.
Өлгөндүн эртеси Кара-Кулжадан (Совет р-ну) агасы келип өлүгүн алып кетип, айылга алып барып көмдү. Бийлик жактан көңүл айтып жардамдашмак тургай кайта өлгөнүнө сүйүнүштү. СНБдан көзөмөлдөө тургандыктан, эл да оолак болду. Кыскасы, Шералынын өлүмү патриот эмес бечара-жетимдей эле болду. Келинчеги Назгүл жесир калды. Өлөөрдөн үч күн мурда аялы Назгүл уул төрөп, атын Азимбек коюшту, атадан тукум калды. Ушул балага Кудай узун өмүр берсин, келечеги кең болсун.
Акаев го Акаев, эл топтому жол-жобосу менен узатып койбогон бизге да ыңгайсыз эле көрүнүш болду.

Биз адамзат эмне болбосун, кандай болбосун түз, калыс баалоого милдеттүүбүз. Бакиевдин убагында Шералыга эрдик медалы дегенди ыйгарыптыр. 45 жылкы согуштан кийин Сталиндин бюсту бар, мындан жогорураак медалдарды чөп орган ар-бир колхозчу аялдарга деле тапшырган эле, жада калса, колхозчу аялдар Шералыга караганда бир эли жогорураак медаль алышкан экен. Шералы кыргыздын биринчи патриот-баатыры деген наамга татыктуу. Урматтуу Өкмөтүбүздүн башчысы Роза айым жана Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү, биз, кыргыз эли, Шералы Назаркуловго XXI кылымдын биринчи патриот эли, эркиндиги үчүн курман болгон баатыры деген наам ыйгаруу менен башка баатырлардай эле үй-бүлөсүнө (жесири Назгүл, уулу Азимбекке) мамлекетибиздин эсебинен көңүлдөн чыгарып акчалай жардам берүүңүздөрдү бүткүл кыргыз элинин атынан суранабыз.
Азыркы катаал убакта кыргызчылыкты билесиздер, куран окутат экен, жылдыктарын белгилейт экен, эстелик коюу жана китеби даяр болуп, чыгарууга каражат жок басмага берилбей турат экен.
Шералынын XXI кылымдын биринчи тунгуч патриоттуулугун эске алып, Шералынын эстелигин агропромдун астына койсок деле кыргыз эли эчтеке жоготпой, эркиндиктин улуттук символу болмок.
Караш Насер,
Болот Айдаров,
Манап Мамытов,
Ниязалы Бекбердинов,
Алмазбек Адишев,
Абдувахаб Мониев




АКСАКАЛДЫК СөЗүН АЙТУУГА АЛСЫЗ
Көлдүк карыялардын анабашы, расмий түрдө облустук аксакалдар кеңешинин төрагасы деген кызматтагы Жаныш Жээнбаев аттуу аксакал бар. Ал киши өмүр бою финансы тармагында иштеп, жалаң чот менен мамилелеш жүргөн экен. Белгилүү го, чот менен мамилелеш болсоң, каалаганды жасайсың, ал сенин сөзүңдү кынтыксыз аткарат, айтканыңа кың дебей көнүп берет, сөөмөйдүн буйругунда.

Ал эми адам деген, бөтөнчө пайгамбар жашынан өтүп калган адамдар менен сүйлөшүү, бөтөнчө алардын лидери болуш дегениң, балакет басып, чот каккандай иш эмес. Сенин сөзүңдү угуш үчүн алды менен эл алдыңда жакшы аброюң болуш керек, ал аброй көп жыл бою эл менен аралашып, аларга жагып иштегенден келет. Экинчиден, ошол лидер болчу адам беркилерге ар тараптан үлгү болгондой, анын баскан жолуна суктана тамшанып тургандай болуш керек го. А бу адам андай сапаттардан куру дешет. Мен ал асакалдын жеке керт башына сөз тийгизгим жок, аны көпчүлүк аксакалдардын бүтүмү менен айтып жатам, өзүм деле аздап билгеним бар… Баягыда оппозиция лидерлери көлгө эл менен жолугушууга келгенде, алардын Исаев үкөмдүн башында "катындардан турган карательный отряды" жумуртка менен атакалаганда, ал иш уят иш маанисинде ушул Жээнбаев бир ооз сөзүн айткан эмес. Тескерисинче, бийликтин, Исаевдин бул акмакчылык аракетин колдоп турган, жалаң гана жетекчилердин сөзүн сүйлөп кошоматтанып турган. Демек, бул адамдын бүгүнкү күндө аксакалдар кеңешинин төрагасы болуп олтурууга кенедей да акысы жок!
Жээнбаев аксакалды бул ишке облустун мурунку губернаторлорунун бири Өмүралиев койдурган экен. Буга эки себеп дешет: биринчиден, көлдө "тоң мафиясы" деген бар, тоңдуктар бири-бирин катуу колдошот, кызматты чогуу-чаран эле бөлүп алышат. Жээнбаев ошол мафиянын активдүү мүчөсү деп айтылат. Экинчиден, бу киши мурун облустук админстрациянын финансы бөлүмүнүн башчысы болуп иштечү, анан анын кызматы башка бирөөгө керек болуп калып, аны аксакалдар башчылыгына коюп салган дешет. Кандай болгон күндө да бүтүндөй облустун аксакалдарынын анабашы болуп турууга дарамети жетпейт деген кепти азыр аксакалдардын басымдуу көпчүлүгү айтып жатат.
Өткөн жумада Жээнбаевдин ишине ичтери тойбогон бир катар аксакалдар облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Мирбек Асанкуновго кирип, Убактылуу өкмөткө, референдум, парламенттик шайлоо жөнүндө пикирлерин айтышты. Анан Жээнбаев жөнүндө билдирүү жасамак болуп келгенин ачык эле билдиришти.
Аксакалдар менден өтүнүп, губернаторго кошо ээрчите киришкен эле, алардын сөзүнө күбө болуп, ушул саптар жаралып жатат.
Үсөнгазы МОЛДОКАНОВ:
- Мен көп жылдар бою облустун саламаттыкты сактоо бөлүмүн жетектеп келдим. Арманым жок, колдон келген эмгегимди жасадым, өкмөттүн сыйына татыдым. Азыр кудая тобо, балдардын сыйын көрүп, аларга да, башка жаштарга да акылымды айткан болуп куунак жашап келем. Тилегеним эле ошол, карыган кезде эл оозунда жаман сөзгө арзыбасам экен деп. "Карынын сөзүн капка сал" деген жакшы кеп бар, биздин сөз өтүмдүү болсо, туура болсо, жалганы жок болсо, жаштарыбыз ошону угат. Биз облустун карылары бир болуп бар акылыбызды жаштарга айтып, айтканда да өзүбүз үлгү болуп айтышыбыз керек. Мына азыркы кыйын кырдаалда Убактылуу Өкмөттү колдошубуз керек. Мына референдум чукулдап калды, баарыбыз бир кишидей ага катышып, жаңы Конституциябызды кабыл алышыбыз керек.
Мына ушундай кырдаалда ардагерлер кеңешинин төрагасы Жээнбаев чабалдык кылып жатат. Иштеген иши көрүнбөйт. Облустун жетекчиси катары ушуну билип коюңуз деп келдик.
Керезбек
КЫДЫКБАЕВ:
- Ооба, биз карыялар акты ак деп, караны кара деп түз сүйлөп, түз жүрүшүбүз керек. Биздин иштен жаштар үлгү алсын. Айта турган сөзүмдүн ток этерин айтайын, Жээнбаев деген азыркы отурган ордуна татыксыз адам. Бул кишини Өмүралиев деген губернатор жердештик кылып эле шайлатып салган. Же жугумдуу сөзү жок, же кылган иши жок. Төрага болуп келери менен эле аксакалдар кеңешине тиешелүү "Жигулини" менчиктештирип алды. Аксакалдык аброю бар адам болсо, антип ач көздүк кылмак эмес. Ал эртең төрагалыктан кетсе, кийинки келген төрага жөө жүрүш керек экен да. Бул төраганы токтоосуз алмаштырыш керек. Кызыгы, Жээнбаев төрага болгону бир дагы жолу толук кандуу пленум өткөзгөн жок. Эми, орун басары каза болсо, анын ордуна эч кимге кеңешпестен эле аты-жыты жок бирөөнү коюп алыптыр.
Кожобек ИМАЕВ:
- Мен дагы жогорудагы жолдошторумдун айткандарына толугу менен кошулам. Чот каккандан башканы көрбөй, билбей карыган адам, эл менен кантип иштеше алат? Эл менен иштеш үчүн авторитети бар, оозунда сөзү бар, көп адам менен иштешкен тажрыйбасы бар адам иштеш керек го. А бу Жээнбаев кызмат машинасын менчиктеп алганына маашыр болуп жүрөт. Бүтүргөн иши ошол. Азыркы кыйын кырдаалда ардагерлер кеңешинин иши аябай пайдалуу болмок. Жээнбаевден башка бирөө төрага болгондо азыркы элдик бийликке чоң жардам бермек.
Бейшеналы АРАКЕЕВ:
- Туура, Жээнбаевди башка иш билген адам менен алмаштырыш керек. Ушул жерде олтургандар Жээнбаевдин ордун сурап келге жокпуз. Ал кишинин бул иште иштей албай турганын айталы деп, анын ордуна башка бир адамды шайлап алалы, ошол иште Сиздин жардамыңыз керектир деп келдик. Керек болсо, мына Кожобек отурат, бу киши деле ал кызматта камчы салдырбай иштеп кетет. Анткени анын тажрыйбасы да, эл арасында жакшы аброю да бар.
Булардан башка ЖАКШЫЛЫКОВ Төлгө, КЕРИМБАЕВ Абдыш деген аксакалдар сүйлөп, алар да Жээнбаев бүтүндөй облустун ардагерлеринин төрагасы болуп иштөөгө татыксыз экендигин айтышты.
Губернатордун милдетин аткаруучу М.Асанакунов бул маселени ардагерлер өздөрү чече тургандыгын, жакында ардагерлер кеңешинин пленуму өтсө өз оюн айта турганын билдирди жана да Жээнбаев ким экендигин жакшы түшүндү окшоду…
Баратбай АРАКЕЕВ