oСелкинчек …

Максат Бегалиев,
ырчы:
"Үй таза турбаса, келинчегим
экөөбүз урушабыз"
- Максат, чыгармачылыгыңда күйөрмандарың кубана тургандай кандай жаңылыктарың бар?
- Жакында эле Америкадан келдик. Америкага барардын алдында экинчи альбомумду чыгарып, бирок ачылышын Кыргызстандан өткөргөнгө жетишпей, Америкада достор менен өткөрүп келдим. Ал эми азыр үчүнчү альбомду чыгаруунун үстүндө иштөөдөмүн. Андан сырткары, эки альбомдун ичинен он ырга клип тартууну максат кылып жатам. Экинчи альбомум "Жаным" деген ат менен жарыкка чыккан. Буйруса, үчүнчү альбомум "Максим" деген аталыш менен жарыкка чыгат. Азыр иштеп жаткан альбомумдун бет ачаарын июль айындагы туулган күнүмө карата өткөрсөмбү деп тилек кылып жаткам. Бирок июлда элдер шаарда болбой, эс алууга чыгып кетишет эмеспи. Ошондуктан альбомдун ачылышын кийинкиге жылдырсамбы деп да турам. Балким, Ысык-Көлдө эс алып жаткан күйөрмандарымды кубантып, көлдө өткөрүп калышым да мүмкүн. Учуру келгенде көрөрбүз.
- Америкага кайсы ырчылар менен бардың? Гастроль кандай өттү, элдер сагынышып калса керек?
- Америкага гастролдоп экинчи жолу барышым. Биринчи барганда АКШнын 10 штатына концерт койгон элек. Бул сапар Каныкей, Бактыгүл үчөөбүз барып, мурда барбаган шаарларына концерт коюп келдик. Гастроль жогорку деңгээлде өттү десем болот. Кыргыз ырчылары ал жактарга аз баргандыктан, кыргыз ырларын сагынышып калыптыр. Бизди аябай жакшы тосуп алышты. Альбомдун бет ачары да жакшы өттү. Бирок ортодо сахналашыбыз Микаэлдин мыкаачылар тарабынан каза болушу, Кыргызстандагы 7-апрелде жердештерибиздин курман болушу чыгармачылыгыбызга терс таасирин тийгизип жатты. Ошол күндөрү концерттерди токтотуп же кийинкиге жылдырып жаттык.
- 7-апрелдеги окуядан кийин, чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар жан-дүйнөбүз кыйналып жатат деп айтышууда. Бул окуя сага кандай таасир берди?
- Америкадан интернет аркылуу Кыргызстанда болуп жаткан окуялардан кабардар болуп турдум. Чынында ошол окуялар Кыргызстанда болуп жатканына ишене алган жокмун. Биз алыста жүргөндүктөн, көп таасирин тийгизген жок. Бул жерде өз көзү менен көргөн ырчыларга оор эле тийиптир. Микаэлдин өлүмүнөн кийин бизде да кооптонуу пайда боло баштады. Азыр өлкөдө стабилдүүлүк жок. Ошондуктан баштагыдай эки жакка чыкпай калдык. Студияда ыр жаздырып иштеп гана жатабыз. Гастролго чыгуу жагынан ырчылар чоочулап калышты.
- Ырчылардын жок дегенде бир ыры өзүнүн жеке турмушуна байланыштуу болот дешет. "Жаным" деген ырды келинчегиңе арнаган эмес белең?
- "Жаным" деген альбомумду толугу менен келинчегиме арнагам. Келинчегим менин эң жакын, сүйүктүү адамым. Ага болгон сезимимди ыр менен жеткирип турам.
- Эл арасында "Азыр бир ыр менен жылдыз болгондор көбөйүп кетти" деген сөздөр байма-бай айтылууда. Ырчы катары бул сөздөргө кошуласыңбы?
- Биздин элди сынатып эле койсо. Сын айткан адам чыгармачылык менен алектенип көрсө, анын түйшүгүн түшүнмөк. Бир ырды жаздырууга канча эмгек жумшаларын сындап жаткан адам кайдан түшүнсүн. Ырчылардын баары бир ыр менен жылдыз болуп жатат дегенге мен кошулбайм. Ырчылардын арасында таланттуу, алкышка арзый тургандары бар. Алар жөнүндө эмнеге айтпайт? Бирок "калк айтса, калп айтпайт" демекчи, эл да жөн жерден эле сын айта бербейт да. Бир ырды жазып алып концерт бергендер жок эмес, андайлар кездешип эле жатат. Бирок жалпы ырчыларга сөз тийгизбей, ошол бир ыр менен жылдыз болгон ырчынын атын айтып сындашса туура болот деп ойлойм.
- Сен өзүңдү ырчылардын кайсы тобуна кошосуң. Таланттуулардынбы же?..
- Өзүмдү асманга чыгып кеттим деп айта албайм. Мына үчүнчү альбомду чыгаруунун үстүндө иштеп жатам. Репертуарым бир же эки эле ыр эмес. Көп ырларды жаздырдым. Башкалар кандай көз карашта билбейм, өзүмдүн иштеп жатканыма ыраазы элемин.
- Жаш ырчылардан кимди таланттуу деп эсептейсиң?
- Негизи, бизде таланттуу ырчылар көп. Бирок ырчылардын арасынан Мирбек Атабеков учурда жакшы иштеп жатат. Анын ырлары хитке айланып, элдин мактоосуна арзып турган кези. Таланттуу деп баалаган ырчым - Актан Исабаев.
- Чыгармачыл чөйрөдө атаандашуу көп болот дейт. Сен кимге атаандашасың?
- Эч кимге атаандашып иштебейм. Өзүмдүн стилим, багытым бар.Бирөөнү туурап, же бирөөгө атаандашып иштеген эмесмин. Ар ким өзүнүн талантына жараша атакка жетишет. Талант жок болсо, он жолу бирөөгө атаандашсаң да ага жете албайсың. Бирок ырчылардын арасында атаандашуу бар болуш керек. Себеби бир кезде Султан менен Мирбек бири-бирине атаандашып иштейт экен деп уккан элем.
- Келинчегиң биринчи көргөндө эмнеси менен сенин көңүлүңдү бурду эле?
- Биринчи көргөндө бири-бирибизге көңүл бурган эмеспиз. Кийинчерээк жакшылап карасам, татына сулуу, жакшы кыз экен. Жакындан таанышып, сүйүүмдү арнап, ал да мени жактырып, буйрук экен баш кошуп, азыр бактылуу үй-бүлөөлөрдүн катарындабыз.
- Кайсы сапатын баалайсың?
- Бир нерсени чечээрде мен көпкө ойлонуп, чечим чыгарам. Назгүл болсо шыпылдап, арыдан-бери чечим чыгарып коет. Бат чечим кабыл алган сапатын баалайм. Бирок кээде туура эмес чечим чыгарып койсо, шашмалыгына жиним келет. Ушул сапаты кээде жагат, кээде жакпай кетет.
- Балаңар чоңоюп, кылыгы чыгып калса керек?
- Балам азыр 2 жаштан өтүп калды. Аты Айтоо. Баламды аябай жакшы көрөм. Үчүнчү альбомумда "Балама" деген ырды Айтоого арнап чыгаргам. Өнөрү, тили чыгып калды да, кылыктары менен бизди зериктирбейт. Үйгө барарым менен баламды эркелетип, ойнотууга киришем.
- Чыгармачыл адамдар сыртта көп жүрөт эмеспи. Гастролго чыгышыңа келинчегиң каршы болбойбу?
- Башында келинчегим "кайда жүрдүң, качан келесиң, жүрө бересиңби, мени да алып бар" деп чыккан. Азыр көнүп калды. Азыр кайда барбайын мени түшүнүү менен кабыл алат. Эркек киши акча таап, үй-бүлөсүн материалдык жактан камсыз кылып турса, аял анын кайда жүргөнүн такыр сурабайт экен.
- Казан-аяк кагышпай койбосо керек…
- Мени бала кезимден ата-энем тазалыкка үйрөткөн. Өзүм аябай тазамын. Келинчегим азыр жаш, анын ортосунда бала менен үй иштерин жасаганга кээде жетишпей калат да. Жумуштан келгенде үй жыйналбаган болсо, жиним келип, башым ооруп чыгат. Эч нерсеге карабай үйдү жыйнап кирем. Үй таза турбаса, келинчегим экөөбүз урушабыз.
- Элдешүүгө биринчи кадамды ким жасайт?
- Элдешүүгө биринчи кадамды мен жасайм. Келинчегимди алдап, кучактап эркелетип атып таарынычын жазып алам. Кээде катуу таарыныша кетсек, экөөбүз бир күн кечке сүйлөшпөй коебуз. Бир жолу келинчегим экөөбүз, эки күн бою сүйлөшкөн эмеспиз. Экөөбүздүн көктүгүбүзгө таң калгам.
- Өзүңө кайсы сапаттарың жакпайт?
- Колумдан келсе да, келбесе да макул боло берген сапатым өзүмө жакпайт.
- "Эркек үйдөн жети кадам чыккандан кийин бойдок" демекчи, тескери жолго бардың беле?
- Тескери жолго баскам деп да, баспагам деп да айтпайм. Келинчегимди аябай жакшы көрөм. Кыздарга көп деле көңүл бура бербейм. Көңүл бурганга убакыт да жок. Менин максатым кыздар менен көңүл ачуу эмес. Бул жашоодо татыктуу жашап, көп нерселерге жетишүү. Буйруса, үй-бүлөм менен 4-5 жыл Америкага барып жашап келейин деп жатам. Бир, бир жарым жылдын ичинде кетем го. Ал жактын мыйзамдарын үйрөнүп, саясий жактан да тажрыйба топтоп, тилди мыкты өздөштүрүп келип, өзүмдүн өлкөм үчүн иштеп, аз да болсо салымымды кошоюн деген жакшы ой-тилектерим бар. Биринчи алдыга койгон максаттарымды ишке ашырышым керек.
- Келечекте саясатка аралашайын деген оюң барбы?
- Мен өз жеримдин патриотумун. Жерим, элим үчүн кызмат кылсам деген ойлор бар. Келечекте, буйруса, өзүмдүн кесибим боюнча иштеп, Кыргызстандын өнүгүшүнө жардам берем. Кайсы учурда саясатка аралашам, аны убакыт көрсөтөт.
- Жаштар министрлигинин түзүлүшүнө кандай көз караштасың?
- Жаштар министрлигин түзүлгөнүнө каршы эмесмин. Ал жерге татыктуу илим-билимдүү жаштар барса жакшы болмок. Бул сөздү айтканымдын себеби, Улуттук биринчи каналдан министрликтин түзүлүшү боюнча талкуу болуп жатканда министрликке барып, эмне иш кылаарын билбеген жаштардын көп экенине күбө болгом. Жаштар азыр башкаруучулук жактан тажрыйба топтоп, такшалышы керек.
- Чарчаганда кантип эс аласың?
- Айылдын абасын жутуп, тоого чыгып эс алган жагат. Андай шарт жок болгондон кийин, машина менен көчө кыдырып, машинада уктап эс алам
- Айылга канча жылдан бери бара элексиң? Элетти сагынасыңбы?
- Жумгалда төрөлүп, Суусамырда чоңойдум. Суусамырга барбаганыма беш жылдан ашып кетти. Айылымды аябай сагындым. Буйруса, жайында сөзсүз барам.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова