Акчага бааланган экс-атка минерлер
Ички иштер министрлиги кечээ жакында жыйын өткөзүп, 7 - апрелден кийин качып кетишкен атка минерлердин качып жүргөн жерин так билдиргендерге же кармоого көмөк көрсөткөн адамдарга оңбогондой акчалай сыйлык берилерин жетине албай "сүйүнчүлөп" эле жатып калды. Тактап айтсак, ал желмогуздардын ана башчысы Курманбек Бакиевдин башы 100 миң долларга бааланган. Ал эми Данияр Үсөнөв, Алексей Ширшов, Алексей Елисеев, Евгений Гуреевичтердин да баа-баркы (баарыныкы биригип) 100 миң долларга бааланды. УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун кайда качып жүргөнүн айткан адам 50 миң долларга маарып эле жатып калат экен. Калган Курманбек Темирбаев баштаган бир катар атка минерлердин кара башы 20 миң долларга бааланды.
Эске сала кетсек, 7-апрелден кийин качып кетишкен 36 чиновник эл аралык издөөгө жана айрымдары Интерполго берилген болчу. Ал качып кеткен атка минерлердин 25и Ички иштер министрлигинин үлкөн кызматкерлери болсо, тогузу каржы полициясынын, экөөсү УКМКнын кызматкерлери экендиги аныкталган. Сөздүн кыскасы, жогоруда айтылган качкын чиновниктердин (балким убакыттын өтүшү менен айрымдары кармалар) Бакиевдер баштаган көбү кармаларына жалпы эле коомчулуктун көзү жетпей турат. Убактылуу Өкмөт ал кыргыз элинин душмандарын кармоо үчүн кандай гана аракеттерди жумшабасын, кыргыздын канына сиңип калган кайдыгерлиги жана айкөлдүгү баары бир биринчи орунга чыгып кетип жатканын буга чейин болуп (ушул маселеге жакын) келген, күйбөгөн жериңди күл кылган окуялар аныктап койбодубу. Негизи, мындай болбошу керек эле, азыр өздөн чыккан душмандарыбызга темирдей бекем болуу көзгө сүртөр дарыдай эле керек.


Кубат Оторбаев шумпайларга жан тартып жатабы?
Кыргыздын кыйын чыкма журналисттеринин бири Кубат Оторбаев экенине калың катмарлуу калк да, таразалуу ташың да күбө. Кубат мырза акыркы беш жылда айтылуу "Азаттык" үналгысында абдан жемиштүү иштеп, акыйкатты өлгөн жерден тирилтип, атпай-журттун алкоосуна татып келген эр-азамат экени белгилүү. Кандуу 7-апрелден кийин Кубат мырзанын опол-тоодой эмгеги эске алынып, улуттун жүзү болгон УТРКнын жетекчилигине дайындалышын жалпыбыз жакшы маанай менен кабыл алганбыз. Бирок "мактаган кызыбыз тойдо осурат" болуп, Кубат мырзабыз акыркы күндөрү эл менен анча эсептешпей барат. Дегенибиз, Кубат мырза калк ичинде кадыры эчак кайтыш болуп кеткен, Акаев менен Бакиевдин накта кадрларын "тележылдыз" кыла берип, жалпы элдин кыжырын кайнатып турат. Сөз эркиндиги деп эле, "атка ээрди тетири токуп алып чапкан" Мадумаров баштаган эргулдарды байма-бай көгүлтүр экранга "асып" коюунун канчалык кажети бар эле? Же УТРКга чыгып сүйлөй турган алардан башка татыктуу саясатчылар жокпу? Ал эргулдарын көгүлтүр экрандан "бети бет экен, эки чара эт" экендигин далилдеп, эч бир уялбай ай чапчыган акылын үйрөтүп, элдин башына чай кайнатып, көпчүлүктүн аллергиясын карматып жатышканына баарыбыз күбөбүз. УТРК мындай "сасыган саясат" менен эч качан кадыр топтой албасы бышык. Андыктан бул кулак кагышыбыз, Кубат мырзага тырмак алды эле болсун!


Илгерки убак болгондо...
Илгери кыргыз эли караламан калкка кашкая чыгып, кесир сүйлөп, кесепеттенген кыздарды азоо атка тетири мингизип таңып, "өз шоруң өзүңдө, кесириң өзүң менен кетсин" деп, ээн талааны көздөй айдап жиберишчү экен. Азыр болсо демократия деп эле эркегибизден аялдар озунуп, оюна келгенди жасап, оозуна келгенди сүйлөп койгондор, жөн сүйлөбөй жөөлүп алгандар арбыды. Айтылуу укук коргоочу, саясатчы катары буту-бутуна тийбей жүгүрүп, адам укугу десе эт-бетинен кеткен Асия Сасыкбаева деген айымыбыз кечээ кесирлүү сөз сүйлөп, кыргызыңдын канын кызытып турат. "Эгер орус тилдин расмий статус дегенин алып салса, биз кайсы тил менен чет мамлекеттерге чыгабыз. Башка жакта кыргыз тилин эч ким билбейт да. Биз цивилизацияга кошулушубуз керек"-дейт. Көрсө, билимдүүсүнгөн бийкеч цивилизация деген нукура кыргыздар экенин, эне тилин чангандар таза маңкурт болушарын, дүйнө элдеринин баары эле орусча сүйлөй албасын билбейт көрүнөт. Же эмне Асиянын эне тилин билбегени үчүн жалпы кыргыз эли жабыр тартып, өз тилин өгөйлөп өтүшү керекпи? Кыргызча сүйлөгөндөн уялып, орус тили жок жерде сырткы дүйнөдөн бөлүнүп кала турганыңар чын болсо, Кыргызстанда кыйынсынып эмне жүрөсүңөр дейбиз да?! Негизи, "ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө" демекчи, обу жок опурулганды коюп, кыргыздын эне тилинин балакетин албай жүрүшсө.


Агымга каршы сүзөбүз
дегендердин алы канча...
Бүтүн журт, караламан эл эртеңки келечек үчүн, Кыргызстандын биримдиги менен ынтымагы, келечектеги өнүгүп-өсүүсү үчүн деп, жалпы элдик добуш берүүгө-референдумга даярданып жатса, баягылар дагы баягы "иттигин" карматып, ботом, жок жорукту башташса болобу?! "Бул деген мыйзамга каршы келет, бул деген элдин кызыкчылыгына каршы" деп, тетири үгүт жүргүзүп, анан дагы "Убактылуу өкмөттүн эл ичинде бийлиги жок" деп, жок негизди ойлоп тапкандарына жол болсун. Партия түзсө го түзсүн, элдин элегинен өтүп, парламенттик шайлоодо өз ордуларын аныктап алышсын, мейли, бирок Башкы мыйзамды элдин колуна салып, теңдеп, эл үчүн кызмат кылчу жагына оодарган референдумга каршы чыккандарын түшүнбөдүк. Салыштырып караган кишиге булардын аракети, көчөдө кетип бара жаткан автобуска каңшылап каршылык көрсөткөн канчык кандектей эле таасир калтырышууда. Андай ата-журтчул экен, референдумду колдоого алып, "парламенттик башкарууга жетишели, андан кийин кимибиз кандай иштейбиз көрсөтөлү" дешпейби! Антпейт, анткени буларга кечээкидей бир гана кулагы жумшак кожоюн, анан эч нерсе менен иши жок, унчукпай чыдай берген эл керек да...


Кадрлар келатат...
Жаштар эмгек биржасы өткөргөн жарманке аркылуу 350 жаш кадр иш менен камсыз болду. Аталган жарманкени өткөргөн КРдин калкты иш менен камсыз кылуу, эмгек жана миграция министрлигинин айтымында жаш кадрлар жарманкеге активдүү катышып, 500гө чукул жаштар өздөрүнүн билимин сындан өткөрүшкөн. "Аталган жарманкеге 14 жаштан 18 жашка чейинки жеткинчектер дагы катышты. Билим берүү, курулуш, тейлөө, соода-сатык тармагынан келген жумуш берүүчү өкүлдөр 400 жумушчу орундарды сунуш кылышып, жарманкенин жыйынтыгында 350 жаш кадрды тандап алышты. Мындай жарманкелер ар бир төрт айда бирден өткөрүлүп турат",-дешет жарманкенин уюштуруучулары.
Мындан тышкары, жаш кадрларга атайын кеп-кеңештер жүргүзүлүп, жумушка алынуунун тартиби тууралуу маалыматтар менен камсыз кылынган.


Оппозициянын артынан аңдыган 9-башкармалыктын иши токтотулду
Жалаң бийликке сын айтып, оппозиция болгондордун артынан түшүп, үйүнөн ишине, ишинен үйүнө кеткиче, жада калса, өлүк узатуучу жерге чейин артынан калбай акмалап, үн тыңшоочу, аудио, видео жаздыргычтар менен мыкты куралданган ИИМдин 9-башкармалыгынын иши токтотулду. Бул боюнча атайын буйрукка КР ИИМ министри Болот Шер өзү кол койгон. Сыртынан коомдук чакырыктарга, анын ичинде диний экстремисттик жана идеологиялык мыйзамсыз чакырыктарды жасап жаткандарга каршы делинип түзүлгөн бул башкармалык, чындыгында атайын оппозициялык күчтөрдүн артынан түшүп, алардын аракеттерин алсыздандырууга карата иштеп келгени маалым. Коомчулук Болот Шердин бул ишин "нукура революциялык кадам" катары баалашып, өлөкдө чындап саясий эркиндиктин болоорунан үмүт этип турушат.


"Сөздөн ишке өттүк"-дейт...
Бакиевдердин балит бийлигинин кулашына кыргыз жаштарынын кошкон салымы опол тоодой болду. Бул окуяда СДПК партиясынын жаштарынын да орду өзгөчө. Дал ошол күнкү 7-апрелдеги "Чоң казатты" "Медиа форумдун" алдынан дал ошол жаш сдпкчылар баштап беришкен.
Өткөн жылкы президенттик шайлоодон кийин да "накта бакиевдер" уурулук жол менен бийликке келип алып, элибизди накта эзип киргенде "элим, Кыргызстаным үчүн" деп эч нерседен коркпой-үркпөй дал ошол СДПКнын жаштары чуркап жүрүштү. Бүгүн да алар бир мүнөт тыным албай, ар кандай иш чараларын өткөрүүнүн үстүндө. Кечээ жакында эле Кыргызстандагы жаш мүчөлөрүнүн саны боюнча эң алдыңкы деп эсептелинген СДПК партиясынын жаштар канаты атайын жыйын өткөрдү. Мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, эртеңки келечегибизге сокку урууга тыштан да, ичтен да мите куртча кыбырап, чагымчыл аракеттери жана келжирек сөздөрү менен элибиздин тынчтыгын бузууга аракет кылып жатышкандарга татыктуу жообун берүүгө качан болсо да даяр экендиктерин билдиришти. Бул жыйында өлкөбүздүн ар кайсы аймактарындагы элдин көйгөлөрүн жаш сдпкчылар аркылуу партия жетекчилигине жана мамлекет башчыларына жеткирүү менен карапайым эл менен бийликтин ортосунда көпүрө катары кызмат кылуу сыяктуу орчундуу маселелер көтөрүлдү.