Башмыйзамды балталап келгендер качан жоопко тартылат?
Мурдагы премьер-министр Апас Жумагуловдун кара чечекей жээни, Акаев менен Бакиевдин эң эле ишенимдүү укукчусу болгон Бектур Зулпиев качан Кыргызстандын элинин алдына чыгып, кылган иштери боюнча жооп берет? Же ал күн тийген жердин күкүгү болуп, Ак үй менен Көк үйдүн ортосунда каалаганын жасап түбөлүк жүрө берүү укугуна ээ болгонбу? Балким, чын эле 1997, 2001, 2007-жылдардагы Конституциялык реформалардын башында жүргөн мезгилинде өзүнө кол тийгистик жаздырып алганбы деген да ой кетет. Кечээ эле Бакиев Курманбек менен Максимдин жеке адвокатына айланып, ашмалтайы чыккан шайлоолорду "аппак" кылып актап: "Шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар болгондур, бирок бул жерде мыйзам бузуунун масштабы кандай деген суроо турат",- деп бүтүн кыргыз элинин добушун оюнчук кылып отурган Бектур бүгүн деле Убактылуу Өкмөттүн айланасында отурганына таңбыз? Же кечээки шайлоолорду, Конституцияны бир адамдын кызыкчылыгына буруу боюнча бул жигиттин кылган кыянаттыгын Отунбаева, Текебаевдер унутуп коюшканбы дегендер да арбын...

Карышкырга кой кайтартып...
Атактуу Мидин агабыз: "сулууларда мындан башка көз жокпу, акындарда мындан башка сөз жокпу" деп күйгөндөй, Убактылуу Өкмөттүн айрым кадрдык жүрүштөрүнө түтөгөндөр да жок эмес. Айталы, ошол эле мамлекеттик маанилүү мекеме болгон, мамлекеттин жүзү болгон Президенттин иш башкармалыгынын башына, эски бийликтин эркеси, Темирбаевдин "темир ысытып басса ооз ачкыс" ишенимдүү жөкөрү Турусбек Коеналиевдин кандай жол менен отуруп калганы кызык. Сүйлөсө эле миллиондон баштап ооз ачкан Турусбек мырза мындай жоопкерчиликтүү кызматка бараары менен эле кезектеги өзүм билемдигин көрсөтүп, мекемеге караштуу бир топ жооптуу кызматтарды мурдагы эле Бакиев менен Темирбаевдин кол балдарын койкойтуп коюп жатыптыр. Мисалы, мамлекеттин башкы ордосу болгон №1 мамлекеттик резиденцияга Курманбек Бакиевдин жеке официанты болуп жүгүрүп, ар кандай "оюндарды" уюштуруп берип, барган жерине ажосунун арагын ташып жүрчү бир жигитти директор кылып коюптур, башка кызматкерлерди бирден санабай ак коёлу. Анысы аз келгенсип, эми өзүнүн орун басарлыгына Бакиевдин ат кошчусу, мамлекеттик резиденцияны жеп-ичкен Кубанычбек Турдукожоевди дайындоого аракет жасап жатканын эшиттик. "Жумшагыңды билип алдым, жуурканыңа кирип алдым" деген ушубу?...


Жоробекова ким менен жолдош болгон?
Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын жетекчилигине нааразы болгон окумуштуу, илим изилдөөчүлөр четтен чыга баштады. Алардын айтымында, аталган жайга Шарипа Жоробекова келгени бул жер айрым адамдардын өздүк ишканасына айланып, академияга мүчө-корреспондент болобуз деген окумуштуу, илимпоздорго бир катар бут тосуулар орун алып, колу ийрисине тарткан мамилелер менен коштолуп келген. Ал тургай, ошол академияга кирип, окумуштуулар кеңешине мүчө болом дегендерден, жетекчилик айрым учурларда "шапке" сурагандыгы тууралуу да каңшаарлар болууда. "Бул академияны Жаныш менен Данияр экиге бөлүп алып, жалаң өздөрүнүн жакындарын кийирип келишкен. Ошондой эле эч кандай классикалык этаптарды басып өтпөгөн, илимге из салып, эмгеги менен элге тааныла элек айрым адамдарга справка жазгандай эле наамдарды, сыйлыктарды, илимий даражаларды жазып беришкен",-деп бир катар жаш окумуштуулар нааразы экендиктерин билдиришүүдө.
Чындап келсе, дүйнөлүк практикада илим изилдөө академияларына мүчө болгондор жыл сайын белгилүү өлчөмдө мүчөлүк акы төлөп турушат дагы, илимий ачылыштар жасап, мамлекетке чоң пайдаларды алып келет. Бизде болсо, тескерисинче, Илимдер академиясындагы окумуштууларыбыз жыл сайын мамлекеттен олчойгон каражат бөлдүрүп, кадимкидей айлык маяна алышат дагы, мамлекетке анын "отдачасын" кайрып, мамлекеттин өркүндөшүнө салым кошкон ачылыштарды жасаша элек. Мисалы, Казакстандын бийлиги Казакстан Илимдер академиясын "өзүн-өзү актабаган тармак" катары жоюп, окумуштууларды институттарга таратып жиберген.


КАМАЗ айдагандарды айыптагандар жаңылышат!
Жакында Убактылуу Өкмөттүн алдына Кыргызстандагы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары чыгышып, өздөрүнүн нааразычылыктарын билгизишти. "Ал айтса аныкы эп, бул айтса мунуку эп" дегендей, алар деле чындап күйгөнүн, колдо бар мүмкүнчүлүктөрүн ала албагандарына күйүп жүрүшөт. Туура, салмагы бери эле дегенде 40тан 80 тоннага чейинки Кытайдын жүкчүл унаалары эсил кайран СССРден мурас калган кан жолдорубузду талкалап, оңурайтып, балык жон кылып түйрүп таштады. Биздин байкуш айдоочулардын жүгү тигил жагы Эркештам, бул жагы Торугарт-Топодон нары өтө албай, жүгүн бошотуп берип, шарактап бош келип жатат. Калыстык деген кайда? Же бир кездеги өз көмөчүнө күл тартып, Кытайлардын алдына марионетка болуп берген Кубанычбек Жумалиевдин койгон колу менен эле ушинтип кыбыраган кытайларга тебеленди болуп жашай беришибиз керекпи? Айтмакчы,ошол көлөмүнө таянып, кан жолдун так ортосу менен айдаган, кааласа жолдун ортосуна токтотуп коюп тамактанган кытайлык шопурларга чара көрүш зарыл. Булардын адыраңдаган унааларынын алдынан ансыз деле канча кыргыз кырчын өмүрү менен коштошту?
Дагы бир айта кетүүчү нерсе, айдоочулардын бул көйгөйүн Убактылуу Өкмөттүн тиешелүү мүчөлөрү укканга жарабай, УТРК болсо эфир бербей койгону калыстык эмес дегендер редакцияга чалып, бул көтөрүлгөн маселе маанилүү экенин, тез арада чечүү керектигин айтышууда.


ГЕНПРОКУРАТУРА МЕНЕН
ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНЕ КУЛАК КАГЫШ
"Чыгышэлектронун" мурунку Генералдык деректири Рыскул Камалович Мукамеджанов ушул кезде өкүл баласы Турдубаевди өзүнүн ордуна койдурууга жетишип, өзү ошол эле жерде бир акчалуу кызматка илинип, мурун чоң болуп турганда мыйзамсыз менчиктештирип алган "Ак-Суу" курортунун профилакторийинен түшкөн акчага туйтунуп турган кези.
Бу ач көз адамдар айлакер да болот тура, Мукамеджанов профилакторийдин менчиктештирерден мурун аны "Чыгышэлектронун" эсебинен 4 миллион сомго ремонттотот да, кийин аны 221 000 сомго менчиктештирип алат. Наалаттыныкы, ремонту эле 4 миллион сом болсо, анан бүтүндөй объектинин баасы бул суммадан көп эсе кымбат болбойбу. Ошол ремонтуна эле кеткен сумманын дээрлик ондон бирине эле сатып алып жатпайбы! Бул иш караандай кылмыш экени көрүнүп турса да азыр ал жооп бере элек. Буга күйгөн коллективдин кээ бирлери арызданып жүрүшөт, бирок аларды уккан жан жок. Мурун эле сотко беришкен экен, сотторун тойгузуп коюп жаткан го, кебетеси.
Ушул эле Мукамеджанов Чолпон-Ата РЭСинин мурунку начальниги Исраилов Керимбекке Семеновка айылындагы жашылча сактоочу жайды ит бекер баада сатып жиберген.
Баса, Мукамеджановдун аялы Каракол РЭСинде бухгалтер болуп эмгектенет. Каракол шаардык кеңешинин депутаты, "Ак жол" партиясынын шаардык координатору да болгон. Анысы жүрөт эч нерсе болбогонсуп. "Ак жолдун" абийирсиз иштери жөнүндө ойлонуп, бу айым азга болсо да бетин чымыратпаган жан экен…
Генпрокуратура менен ички иштер министрлиги Мукамеджановдун ишин тескеп алат го деп үмүт эткен ак дил электриктер да, башкасы да Караколдо толо…


КАЙЫПОВ КөП КАТЫН АЛУУ МЕНЕН КАЙРАДАН ЧЫКТЫ?
Ноокенден чыккан чыгаандардын бири, кадимки Чолпон Баекова менен эрөөлгө чыккан экс-министр Марат Кайыпов негедир унчукпай кетти эле, кечээ "Азаттыктан" үн катты. Болбосо кечээ ал катышпаган той, жыйын же дебат жок эле. Бакиевдерге катуу таарынган боюнча кетип эле, дайнын билдирбей, көпкө көмүскөдө күн кечирди. Көрдүк-билдик деген да киши чыкпады. Бул жакта өлкөнүн эртеңки тагдыры чечилип, мамлекеттин негизин аныктаган Башкы мыйзамга өзгөртүүлөр кирип жатса, Марат аке бир ооз ачпай туруп, анан чээнден чыккан суурдай пайда боло калды да, кудум жаңы идея тапкансып "эки аял алуу" сунушун кайра колуна көтөрүп алыптыр. Таң калдык, анткени, кечээ Адилет министри кезинде "эки катын алууну мыйзамдаштыруу керек" деп чырылдап, орто жерде "байыркы кесип менен алектенгендерди (сойкулукту) мыйзамдаштыруу зарыл. Ошондо саламаттыкты сактоо жагынан коркунуч азыраак болот" таризинде күпүлдөгөн. Эми болсо экс-министр бүгүн ошол "оригиналдуу" идеялары менен Текебаевди кызыктырып, киргизип калууга кылган аракетиби деп түшүндүк. Кызыгы эмне эле Марат мырза бул сунушун өмүр бою коргоп келет, же өзүнүнү жеке кызыкчылыгы барбы же акчалуу ака-укөлөрү "бир жарасаң сен жарайсын эптеп мыйзамдаштырып берип, экинчи жеңелериндин багын ач" деп атышабы белгисиз? Бирок, минтип жок жорукту баштабай, улутчулдукту ушундай жерден бийигирээк көрсөтсөк жакшы болот эле, Маке?!