Сандан-санга

Кандуу жылдар
Ошондой ай, кымбат буюмдардын арасында Макан кичирейип турду. Беш эмес, бир бөлмө тамы жок адамга кыйын го мындайда. Анан тамактарын айтпайсыңбы, далайы ооз тийилбей кетти... Аялы да, Токен да Маканды үйрүлө түшүп сыйлады, ашыкча кетишти...
***
Эртеси Токен Маканды машинесине салып "Бардарга" апкелди. Суу жукпагандай шылуунунан келген шопуру базардан түрдүү даам көтөрүп багажникти толтуруп таштады.
Чет элдин машинесинен айланса болот, бат эле Токендин тоо таянган айылына жетишти. Ата-энеси кичүү уулу менен жайлоодо болгондуктан, үйү кулпуда. Жанаша жашаган атасынын инисиникине түшүштү. Анысы барпалаңдаган неме экен учурашып-учурашпай бак ичине аркандалып турган балканактай кызыл козуну туура тартты:
- Кана, Токен, бата кылып койчу, оомийин!
- Ой байке, козуңузга рахмат, биз шашып жүрөбүз. Атама кетип баратабыз. Машине алмаштыралы деп эле келип калбадыкпы.
- Рахматыңды кой, аны козу жегенден кийин айт. Атайын сага арнап жүрсө... - байкеси козуну көк чөпкө көтөрүп уруп, мойнундагы жиби менен козунун бутун байлап, нары-бери мууздап жиберди.
Колунда бар үчүн сыйлап жатабы же дил берилиппи, айтор, сыйы сый болуп кынапталат.
Аңгыча эшик алдына аппак "Нива" келип токтоп, аны айдаган жигит машинеден түшүп эле сөзүн Токенге багыттады:
- Токе, буйругуңуз аткарылды, сиздин кызматыңыздамын.
Бу жүзүнөн жылмаюу кетпеген жигит Токендин классташы экен. Эртең жайлоого алпарасың деп, түндө Токен шопурунан айттырган тура. Өз машинеси тоо-ташка кайдан жүрдү.
Козунун эти бат эле бышты. Таза аба, таза арак, эзиле бышкан семиз этке чыдачу дене барбы, Макандын денеси нымшып, жайдары сезим балкытты, көргөн азабы кол менен сыдырылгандай жыргалга балкыды. Эт желип, колго суу куюлгандан кийин шаардан ала келген тамак-аш "Нивага" салынып, жайлоого бет алышты. Таманынан күргүштөй суу агып, эки жагын карагай, бадал баскан чоң кокту менен үч сааттан ашыгыраак жүрүп, аппак боз үйгө келип токтошту, ага жанаша аскерлерде болчу чоң чатыр. Боз үйгө жөлөнүп жашы жетимиштерден өтүп калган аксакал китеп окуп отурат эле, көз айнегин чечип, келгендерди күтө карап турду. Токендер келип салам айтып кол алышты, амандык сурашты. Бу Токендин атасы экен, уулун тамашалады:
- Ии, кызыл кулагым, канча адамды алдап келдиң?
- "Кызыл кулак" деген илгери силердин заманда болгон, азыр бизди "бизнесмен" деп коет, канча айтам, ата.
- Деле миң-миллион айтсаң да "кызыл кулак" дейт сендейлерди. Айырмаңар эле ошо - мурунку "кызыл кулактар" чени менен алдачу, а силер ченеми жок алдайсыңар, туура айтамбы, уулум? - деп Маканга кайрылды аксакал.
- Туура, деди Макан сыпайы.
- Көрдүңбү, бу балам түшүнөт экен, баамы туура экен.
- Мында дагы сизге окшогон эски коммунисттин каны бар болсо керек, же өзү албаган же өңгөгө алдырбаган.
- Өзүңөр да алып, өңгөгө да алдырып, ушу силер не жакшылык алып келдиңер, ыя?! Саранчы каптагандай кылбадыңарбы, журт мүлкүн.
- Койдум ата, койдум.. Бу жигитти тааныштырып коеюн, аты - Макан, аскерде чогуу болгонбуз. Сиздин жаныңызда бир аз эс алып кетсин деп апкелдим.
- А мейли, досун эс алдырганга не жетсин, балам. Киргиле үйгө.
Боз үйгө киришти. Алты канат боз үйдүн ичи мыкты жасалгаланган. Боз үй деген ушундай болот деп жип-шуусунун баарын айтып, балдарга сабак өтсө болчудай.
Токендин энеси уулун да, анын эки жолдошун да эңкейте өөп, алкап, бат эле тасмал жайнап, нан-панын койду, кеселерге кымыз куюлуп, кыдыртылды.
Макандын кымыз ичпегени беш-алты жыл болсо керек эле, бир кесени араң түгөттү. Айылдан ичкен арак орун бербей койбодубу, болбосо, атаңгөрү, эки кесени удаа басса кана. Ошол маалда Токендин иниси келди, мал көздөп жүргөн го. Меймандар менен учурашып, энеси сунган кымызды дем албай көңтөрүп, атасына кайрылды:
- Ата, малдын камын көрө берейинби?
- Ии, анан эмне кылмак элең, антпесең чык татырбас Чынарбай экен дешпейби бу шаардыктарың.
Аз өтпөй дале болсо балканактай козу туура тартылып, бата тиленди...
***
Тоонун дене көлкүлдөтчү абасы, жеген эт менен ичкен кымыз Маканды бир жума өтүп карууга келтирип баратат, көңүлү ток. Ат минип мал көздөшөт, какшаган сууга чөмүлүп, үйдөй-үйдөй таштарга отуруп курганат, карагай аралап сагыз алат, кулун кармап, бээ саадырат...
Токендин атасы - Байкел карыя сөзмөр да, боорукер да адам экен. Ошол аз күндүн ичинде эле Макан аны атасындай көрүп калды. Бир-эки күн анын берген суроолоруна чоркок жооп кайтарып, кебине кептеш боло албай, анан алынып кетти. Карыя кырк алты жыл өз айылында мугалим, завуч, деректир, кайра мугалим болуп иштептир. Жыйырма төрт жашында партияга өтүп, кечээ жакында партияң тарап, белеттери жерге да, көргө да чабылганда аларга кошулбай, ушу бүгүнкү күнгө чейин жүрөк тушундагы чөнтөктөн түшүрбөйт экен. Ары жоктук менен адамдыкты, көпкөнчүлүк менен токтоо-жайчылыктын ажырым-чегин даана сезген адам экен.




Айлакер
айым
"Аялдын амалы кырк эшекке жүк" дейт кыргыздар. Анын сыңары, азыркы заманда айлакер айымдар каалаган эркегин торго түшүрүп, керек болсо ыйык эсептелген үй-бүлөлүк очогун бузуп, өз жыргалы, өз бактысы, айтор, өзү үчүн күрөшкөндөр жок эмес. Ал тургай, модага айланды. Айлакер айымдардын кылтагына биздин заманда жашап жаткан бизнесмен, министр, депутат ж.б. мырзалар түшүп, тагдырдын миң түркүн сыноосуна тушугуп, бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде кумардын туу чокусун багынтып, айтор, турмуш дөңгөлөгү чимирик. Мен дагы мына ушундай тагдырдын жазмышына моюн сунган бир кезде райондук аппаратта иштеп, анан депутат, анан министр, анан ... болуп тагдыр тегирменинде айланган мырзанын, эң негизгиси, ашкан айлакер, сулуу, бирок аягы суюк Заринанын турмуш-тагдырына саресеп салмакчымын. Бирге үңүлөлү... Кызыктар али алдыда...


- Ал өтө опурталдуу го. Кармалып калсак кантебиз?
- Эптеп шылтоо тапкыла, мас болчубуз өзү тийишти дейсиңерби, айтор, мен жөнүндө ныпым да сөз чыкпашы керек. Анан ал аялдын колундагы телефонду сөссүз алгыла, мага абдан керек.
Детектив оор тапшырманы мойнуна алганына кыжаалаттанып, бул кырдаалдан чыгуунун жолун ойлой баштады. Анын үстүнө аял кишиге кантип кол көтөрөт? Акыры, Салыйка айткан аял менен таанышмак болду. Сүрөтү, адреси боюнча ал аялды бир күн акмалады. "Күйөөсү жок окшойт" деп боолголоду.
Эртеси чыкыя кийинген детектив тиги аялды көчөдөн тосо, жолун утурлады.
- Чоң кыз, сизди өткөндө көрүп калып, ичимен жактырып, анан көчөңүздөн кетпей, көп акмалап аңдычу болдум. Кап этпесеңиз, таанышып алалычы.
Күйөөсү жок, бирок улам бир эркек менен мамиле жасап көнгөнгөбү, детективдин сунушуна түк каршы да болбой, тескерисинче, шаңкылдап күлүп жооп кайтарды.
- Атым Жумагүл. Сиздикичи?
- Мен Токтоболот, Тося деп койсоңуз да кап этпейм. Таанышканыбызды белгилеп бир жерден чай ичпейлиби.
- Ичсе, ичели.
Экөө борбордун чок ортосундагы кафеден орун алышып, чай үстүндө өткөн-кеткенден баарлашты. Токтоболот Жумагүлгө көп калптын башын айтып, мээсин айланкөчөк кылды. Өзүнүн фирмасы бар экенин, аялы менен ажырашып кеткенин, балдарына каралашып турарын айтып жатканда бети былкылдап да койбоду. Ага өзү да ишенип алды. Айтор, чай үстүндө детектив бул аялдын жеңил ойлуу экенин, аракты жакшы ичерин аңдады. Байкашынча илим-билимдүү жигит менен деле мамиле кылып көрбөптүр. Демек, муну торго түшүрүү текейден арзан иш. Жумагүл да калп айтуудан кур калбады. Салыйкадан ала турган үйлөрдү ойлоп, "мен деле оңой эмесмин, үй-жайым, өзүмө жетиштүү оокатым бар. Жакында сулуулук салонун ачканы жатам. "Эки бакыр, бир тукур" дейт, эгер көңүлдөрүбүз төп келсе үйлөнүп деле алалы" - деп тамаша-чындап, каткырып күлдү. Бирок Жумагүл тамашалаган менен ичинен Токтоболотту жактырып турду. Ой десе ою, бой десе бою бар, акчалуу эркек кимге эле жакпасын? Анын үстүнө башы да бош экен. "Үй-бүлө бузуп атам" деп сарсанаа да болбойт. Кафеден соң парк аралап басышты. Токтоболот аялды искусство музейине алып барды. Шаарга келгенине бир топ болсо да музейге биринчи келиши. Ар бир сүрөттүн маанисин түшүндүрүп, автору жөнүндө айтып аткан сайын Жумагүл эч нерсе билбесине ичинен кейип турду. "Буга тең болуш кыйын окшойт, менде же билим болбосо кантем?" - деген сарсанаага да батты. Жарым күн чогуу жүрүп, эртең да жолукмак болуп, экөө абдан жылуу коштошту. Көчүк айланбаган батирине келер менен Жумагүл Салыйкага телефон чалды.
- Ай, падружка, давай мен айткандарды тездет. Ии баса, сен мага бүгүн срочно акча беришиң керек. Тез жолуга коелу.
- Эртең жолуксак кантет? Колум бошобой атты эле...
- Эртең кеч болуп калат. Алдыңда машинаң бар, үйүмө заматта зырылдап жетип келе каласың. Коркпо, чай, тамак берип убактыңды албайм. Чыдамсыздык менен күтөм.
Салыйка ордунан ыргала козголду. Башка убак болгондо Жумагүлдү шыпыра-шакшак сөгүп, абийирин кетирип туруп, экинчи жанына жологус кылмак. Бу саам буту-колу байлануу, болгон жашоосу анын колунда да. Ашык кадам жасаса эле абийири төгүлүп калчудай. Жумагүл бети-башы кызарбай этпей, уялбастан Салыйкадан 500 доллар алып калды. Акчаны майдалатып, базарга барды да эки сыйра кийим, сумка, туфли алды да, андан нары мончого жөнөдү. Чачын кырктырып, колу-бутуна маникюр, педикюр жасатып, таптакыр өзгөрө үйүнө келди. Кандай болбосун кылыктанган келин Токтоболотко жаккысы келип турду.
Канат Темирбековичти бир жагынан аялынын үндөбөгөнү, бир жагынан Заринанын улам чалып "качан келесиң?" деп сурай бергени, министрликтеги чачтан көп иши, балдарынын да бир башкача болгону, үйдөгү сузсуздук, бирин-бирин түшүнбөө сыяктуу маселелер башын оорутуп жиберди. Кабинетинен чыкпай, эч кимди да кабыл албай түшкө чейин ойлонду. "Бул кырдаалдан кантип чыксам, Салыйканы кантип жумшартсам?" - деп, сарсанаага батты. Баары бир Заринаны элеп-желеп болуп сүйгөнү менен ага үйлөнүүгө болбостугун түшүндү. Балдарына не деп жооп берет, эл-журт эмне дейт? Мына ушундай жагдайлар министрдин жүрөгүн эзди. Канча жыл бирге жашаган аялын ара жолго таштаганын кудай да кечирбестир. Иши кылса абдан ойлонду. Заринаны ачыкка чыгарбай, көмүскөдө кармоону чечти. Албетте, андан төрөлө турган балдарын талаага таштабайт.

P.S. "Айлакер айым" сериалынын
башталышын окубай арманда кал-
дык, качан китеп болуп чыгат?" деп
телефон чалган көптөгөн окурман-
дардын суроосун эске алып, автор-
дун уруксаты менен "Айлакер айым"
сериалы "Айат пресс" газетасында
кайра башынан баштап басылып
чыгууда. Окуялар кантип башта-
лып, кандай өөрчүгөнүн окуган да,
окубаган да арманда. "Форумдагы"
сериалдын окуялары уламдан-улам
курчуп, бүйүр кызытып, жарык көрө
бермекчи.