Жаныш менен Максимдин "кипишиби"?
Кыргыз элинин тарыхында экинчи жолу кайталанып жаткан Ош коогалаңында кыргызын да, өзбегин да бирдей аткылаган көзгө атар мергендер, баш кесер бандиттер Тажикстандын аймагынан жалданып келингени ачыкка чыга баштады. Бул тууралуу УКМКнын биринчи орун басары, Жалал-Абад областынын коменданты Кубатбек Байболов: "Терезелери карартылган автоунаалар менен эки улуттун тең өкүлдөрүн аткылап жүргөндөр -Тажикстандан жалданган мыкты даярдыктагы боевиктер. Алар Бакиевдер тарабынан жалданышкан. Бул тууралуу бизде далилдүү фактылар жана кармалгандарынын көрсөтмөлөрү бар" - деп билдирген. Айткандай эле, мындан бир ай мурдараак Максим менен Жаныштын Кыргызстанга "кипиш" уюштуруу жөнүндөгү телефондук сүйлөшүүлөрүнөн кийин Жаныш Бакиевдин Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагында жашырынып жүргөндүгү айтылып келген. Бирок Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Байболовдун "Тажикстандан келген" деген сөзүнө нааразчылыгын билдирип: "Жөнөкөй адамдардын канын төккөн башкесер-террористтердин улуту, Мекени болбойт."-деген маанидеги катын кыргыз бийлигине жөнөтүшкөн. Айрым маалыматтар боюнча Ош шаарында 30дан ашык чет элден жалданылып алып келинген көзгө атар мергендер "иштеп", онго жакыны күч органдары жана эл тарабынан өлтүрүлгөн.


Жаңы ректордун эски жоруктары барбы?
Ишенаалы Арабаев атындагы педогогикалык окуу жайынын мурдагы проректору, учурда жаңыдан университтеттин ректорлугуна бекиген Төлөбек Абдырахманов тууралуу ар кандай кептер айтыла баштады. Алардын бири азыркы учурда аталган окуу жайдын мугалимдери айлык маяналарын, өргүү акыларын ала албай жүрүшкөн имиш. Анан дагы редакциябызга кайрылган башка бир адамдар бул тарыхчы агайыбызды "Университеттин акча каражаттарын казынадан шыпырып алып, бизнес жасачу" сыяктуу кептерди айтып кетишти. Бул боюнча биздин редакция айрым тактоолор менен иликтөөлөрдү жүргүзмөкчүбүз...


"Мышыкка оюн, чычканга өлүм"
Чынын айтыш керек, учурдагы жумурай-журттун башына түшкөн оор кырдаалдан пайдаланып, айрым аттуу-баштуу көч башында келаткан партиялардын саясий упай топтоо менен алектенип жатканын көргөндө зээниң кейийт. Айтайын дегенибиз, айрым партиянын өкүлдөрү аза күтүп жаткан, өлүк койгон жерлерге чейин анча-мынча жардам кылганын колко кылгансып, партиянын желегин көтөрүп барышып өздөрүн пиар жасоого кылган аракеттери калың элдин көңүлүн айнытып жатат. Ушундан улам, коомчулукта эл аза-кайгысынан арыла албай турганда, жеке кызыкчылыктарын көздөп ушулардыкы "өттү" деген сөздөр байма-бай айтыла баштады. Айтор, салтка сыйбаган мындай жосунсуз жорук, карапайым калктын кыжырын келтирүүдө. Бийликке жутунган партиялардын жетекчилери ушуну түшүнөр бекен?.. Же, "мышыкка оюн, чычканга өлүм" дегенчелик кылышып, жеңил пиар менен алектене беришеби, ага эл тараза болор...


Кеңешбек кимден
кеп угат?
"Болоору болду, боесу канды"-демекчи, ондогон мекендештерибиздин канын суудай агызган трагедиялуу окуя Кудай буйруса, акырындап басылып барат. Бирок өлкө коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудурган бул окуяны УКМК деген кызматыбыз эмне үчүн алдын алган жок? 19-майда Жалал-Абаддагы Батыровдун "ызы-чуусунан" кийин кандайдыр бир чара көрүлүшү керек эле да. Бул аймактагы кырдаал опурталдуу болуп турганын бардыгы эле айтып жатышпадыбы беле? Негизи эле, Кеңешбек Дүйшөбаевдин бул кызматты мыктылап алып кетээрине башынан эле көпчүлүк анча ишенген эмес. Акаевдин бийликтеги акыркы күндөрүндө бир күндүк ИИМ министри боло калып, акыйкаттык үчүн күрөшкө чыккан элибизге "баарыңарды камайм"-деп опурулганын кантип унутабыз. Же беш жылдын ичинде Кеңешбек мырза башкача болуп өзгөрүлүп калдыбы. Анын үстүнө өткөндө "башкы чекистибиздин" Акаевдин эрке кызы Бермет менен жашыруун жолугушууларды өткөрүп, кадимки эле "Учкун" жакка тез-тез каттап жүргөнүн кулагыбыз чалып калган. Муну башка гезиттер да жазып чыгышкан. Айтор, "карышкырга кой кайтартып жаткан жокпузбу?" дегендердин саны күндөн-күнгө көбөйүп барат.


Жаныш жапкан агенттик кайра ачылат
Убактылуу Өкмөт "банги заттар менен күрөшүү" агенттигин кайра иштетүү жөнүндө чечим кабыл алды. Эске салсак, Курманбек Бакиевдин өткөн жылдагы башкаруу системасын өзгөртүү "оюнунда" дал ушул бангизатка каршы агенттиги жоюлуп, Маданият министрлиги маданият агенттигине айланып калган эле. Аталган агенттиктин жоюлушунун себеби дароо эле түшүнүктүү болгон болчу. Себеби кыргыз элинин чоң душманына айланган Жаныш Бакиев Кыргызстандагы бардык наркобизнести, биздин өлкөгө Афганистандан, Тажикстандан кирип жаткан маңзаттарды өзү көзөмөлгө алып, наркобизнес менен шугулдангандарга дал ушунтип агенттикти "муунтуп өлтүрүү" менен жол ачып берген. Натыйжада, бул "майлуу" бизнестин "майын" ашкере жей берип, көзүн май басып калган болчу. Эми элдик бийликке айланууга алгылыктуу аракеттерди көрө баштаган Убактылуу Өкмөттүн бул агенттикти кайра калыбына келтирип жатышы жакшы саамалык. Агенттиктин жакында иштеп башташына тиешелүү аракеттер жүрүп жаткандыгы боюнча Убактылу Өкмөттүн жетекчисинин биринчи орун басары А. Атамбаев билдирди. Алмаз мырзанын айтымында, бул структуранын иш алып баруусу башкача ыкма менен жүргүзүлүп, бардыгы Орусия жана башка өлкөлөрдүн Коопсуздук кызматы жана Бангизатына каршы ведомстволор менен тыгыз иштөө пландаштырылат экен. Айтор, кандай өңүттө иш алып барса да, бул агенттиктин иши ийгиликтүү болуп, өлкөгө ар кандай жолдор менен кирип жаткан баңгизаттарды (такыр жок кылып жибербесе да) тийиштүү чараларды көрүп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иш алпарат деген ишеничтебиз.


Кытайлашуунун камыбы?..
Эл-жер деген эчендеген эр-азаматтарыбыз аткан окко төшүн тосуп, канын төгүп, кудай теңирин тааныбай кеткен Курманбек Бакиевди тактан кулаткандан кийин, элдин арманын ошондо араң сезген Мирослав Ниязов "Эл арманы" партиясын түзүп, элдик киши болуп чыга келген. Угушубузга караганда мына ошол "Эл арманы" партиясына Кыргызстанда иштеген кытайлардын кызыкдарлыгы күч дешет. Бизге жеткен маалыматтарга караганда аталган партиянын каржылык жүгүн кытай ишкерлери көтөрүп, Мирослав мырзаны бийликке барып калсаң "крыша" болуп бер деп жатышыптыр. Учурда партиянын ыгым-чыгымынан кутултуп жаткан кытайларга М.Ниязовдун аябай ичи жылып турган кези экен. Ушундан улам, "Эл арманы" партиясы келечекте кыргыздарга кызмат кылабы, же кытайлашуунун арыгын чабабы деп, түшүнө албай турабыз. Кебез менен кан чыгарбай муздаган кытайлар саясатыбызга аралашып баштаса, ишибиздин бүткөнү ушул да…


Кыргыздар да,
өзбектер да
бирдей кырылган
Мындай пикирин Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрага орун басары, тажиктердин "Рудаки" коомунун башчысы Равшан Сабиров билдирген. Ал учурдагы көпчүлүк ММКларда бир жактуу маалыматтар берилип жаткандыгына тынчсызданып: "Чындыгында болуп өткөн бул тополоңдо эки улуттун тең өкүлдөрү өтө оор жоготууларга дуушар болушту. Бул жерде атайын уюшулган топ эки улуттун тең намысына тийген чагымчылык иш-аракеттери менен, мисалы: "кыздарыңарды кыргыздар же өзбектер кордоп атат" деп, ортого от жагышкан. Эки эл эзелтеден бери кыз алышып, кыз беришип куда-сөөк болуп ынтымактуу эле жашап келишкен"-деп билдирген.


"Аллергиянын"
символу…
Түштүктөгү дүрбөлөңдөн кийин, кадыры капкачан кайтыш болгон Феликс Кулов кайра-кайра пресс-конференция берип, акыл айтып, мекенчил болуп чыга келди. Коогалаңдуу окуядан упай топтогусу келип жатабы, айтор, өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга барып салым кошкондун ордуна, Бишкекте отуруп алып: "ЖККУнун, же БУУнун аскер күчтөрүн киргизбесе, эгемендүүлүгүбүздөн айрылабыз" - деп акыл айтып, элдин үрөйүн учуруу менен алек. Сыягы, "Тилек" деп уюм түзгөнүнө караганда Россияга Кыргызстанды кантип кошсом деген эски оорусу (тилеги) кармаган көрүнөт. Эл кайгы-муңга батып, мамлекетибиз оор кырдаалды башынан кечирип турганда Феликс Куловго окшогондор капталдан чыгып, кабырганы кайыштырганы жанга батат экен. Өлкөнүн башына кыйын күн түшкөндө Ф.Куловго окшогондор акыл айтып, элдин аллергиясын карматпай, үйүндө жармасын ичип тынч отурса, мамлекеттин оңолушуна чоң салым кошмок эле. Тилекке каршы, мындайлар дал кыйчалыш учурда куру кыйкырык салып, кызыкты көрсөтөт тура. Акыл айтканга уста болгондору менен, көөдөнү сокурларга түк сөз жетпейт экен.