oКүмүш сырга...

Улутчул болбосок,
Ата-Журтубузга коркунуч туула берет!
Кудайдын кулагы сүйүнсүн демекчи, учурда түштүктөгү дээрлик алты күнгө созулган курч кырдаал жөнгө салынып калды. Ылайым эле ошондой болсун! Калп айткан менен болобу, түштүктөгү окуя төбө чачыбызды тик тургузуп, айлабызды алты кетирди. Тилекке каршы, бул коогалаңдуу окуяны алдына ала албадык. Кыргыз мамлекети орду толгус чоң жоготууга учурады. Эки бирдей чоң шаарыбыз, бир нече район борборлорубуз, ондогон айылдарыбыздын быт-чыты чыгып талкаланды. Бул мамлекетибизди оңбогондой чыгымга учураткан - материалдык жоготуу дечи. Баш аман болуп, түбөлүгүбүз түз болсо, бу материалдык жоготуунун канча болсо да, акырындап ордун толтурабыз, шаарларыбыз оңдолот, окуянын курмандыгына айланып өрттөнүп кеткен, имараттарыбыз да калыбына келет. Ошентсе да, бул тилекти иш жүзүнө ашырууда чечкиндүү жана алгылыктуу иш аракеттерди көрүү зарыл. Бирок бейкүнөө шейит кеткен ондогон кыргыз-боордошторубуздун орду эч качан толбойт. Алардын ордун ким толтурат? Албетте, алардын Мекен үчүн болгон өлүмү, туугандарынын гана трагедиясы эмес. Бул бүтүндөй мамлекеттин оор трагедиясы! Алар кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн, улуттун улуу кызыкчылыгын жан аябай коргоп жатып курман болушту. Ал эр азаматтарыбыздын арбактарына башыбызды ийип, миң мертебе таазим кылуубуз абзел.
Эми түштүктөгү түзүлгөн кырдаалдын келип чыгышы кандай себептерге байланыштуу болду деген суроо ар бирибиздин жүрөгүбүздө теменедей тепчилип турат. Көбүбүз Бакиевдердин, үчүнчү күчтөрдүн кылганы деп тим болуп турабыз. Чынында ошондой эле болду. Буга Бакиевдин жээни Санжар Бакиевдин топ адамдарды мыкты куралдандырып, баш аламандыктарды уюштуруп жүргөндүгү, көзгө атар мергендердин кармалышы жана эки улуттун ортосуна от жагып жүргөн Курманбек Бакиевдин жакын санаалашы Пайзула Рахмановдун кармалышы далил. Бул бакиевдердин бийликке кандай жол менен болсо да келүүгө болгон чечкиндүү аракети болду. Алдыдагы референдумду өткөзбөөнүн амалы болду. Референдум ийгиликтүү өтүп кетсе, мамлекетибизди парламент башкара баштайт. Парламенттик республикага айланышыбызга каршы болгон (Бакиевдер гана эмес) көптөгөн (ички. сырткы) күчтөр бар. Ал эми парламенттик республикага КМШ мамлекеттеринин ичинен (жада калса Орусиядан мурун озунуп) биз биринчи болуп баратабыз. Бул кадамыбыз биринчи кезекте, бизди курчаган Өзбекстанга, Казакстанга, Тажикстанга жагымсыз көрүнүш болуп турат. Себеби эми мындан ары Кыргызстандын "мен билемчилерин" оңой менен алдап кете албайт. Мурун бүтүндөй өлкө үчүн бир гана "мен билем" деген адам болсо, эми парламенттик республика болгон соң 120 "мен билемчилер" пайда болот. "Ар кимде бар ар кыял" демекчи, алар (120 адам менен) менен сүйлөшүү, тилин табуу, кадыресе сатып алуу, соодалашуу бир топ оор болуп калары толук мүмкүн. Албетте, Кыргызстандагы мындай көрүнүш бизге кастарын тиккен, сугун артып, алдагысы келген көзү суук адамдарга жана мамлекеттерге жакпайт. Ошентсе да, акыры жүрүп олтуруп коңшу мамлекеттерибиздеги диктатуралар куласа, алар дагы биз баштаган парламенттик өлкөгө айланууга аракеттерди жасоого кадам таштары толук ыктымал.
Ал эми түштүктөгү баш аламандыкка даярдыгыбыздын жоктугунан улам, шаштыбыз кетип калганын танууга болбойт. Шаштыбыздын кеткенинен улам, түштүктөгү өзбектердин түп көтөрүлүшүнө (же аларды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөндөргө дейли) жол ачып койгондой болдук. Убактылуу Өкмөттүн 11и күнү республикабыздын ар кайсы жеринен Ошко барып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн күрөшөм деген мекенчил адамдарга тыюу салган кадамы, албетте, чечкинсиз кадам болгондугун убакыт көрсөттү. Себеби Убактылуу Өкмөт мамлекеттин колундагы күч тармагынын кызматкерлери менен түштүктө түзүлгөн кырдаалды жөнгө сала албастыгына көзү жетип, (эки күн өткөндөн кийин) 13-июнь күнү шашылыш түрдө аскерге жарактууларды мобилизациялоо тууралуу декретке кол койду. Ошол эле учурда бүтүндөй Өзбекстан менен согушуп жаткансып, Роза эжекебиздин Орусияга күч сурап кайрылгандыгы, эгемендүүлүгүбүзгө шек келтиргендей болду. Убактылуу Өкмөттүн дарегине капкайдагы сөздөр айтылып, көпчүлүктүн нааразычылыгын туудурду. Албетте, Роза Отунбаеваны аял заты дейт, эне дейт, ошон үчүн анын энелик жүрөгү мындай окуяларга чыдай албайт. Роза айымдын бул кадамын дал ушундай түшүнсө болот. Ошондой болсо да, Убактылуу Өкмөт бар күчүн жумшап, кырдаалды жөнгө салды.
Кыргызстандын жарандыгын алып жашап келатышкан биздеги өзбек улутундагы адамдардын саны 1 миллиондун тегереги экендиги буга чейин айтылып келген. Албетте, бул сан биздин бир ууч элибиз үчүн көптүк кылат. Көптүк кылганын эки жолу тарыхыбыз минтип ташка тамга баскандай далилдеп олтурат. Биринчиси, 1990-жыл 6-июнда болуп өткөн Ош коогалаңы болсо, экинчиси бүгүнкү кырдаал. Алты күнгө созулган түштүктөгү коогалаңда кайтыш болгондор расмий түрдө катталганы 180 адам болгону менен, чынында миңден ашуун адамдар кайтыш болду. Канчасы өзбек, канчасы кыргыз экенин убакыт тактаар, бирок өзбектер басымдуулук кылды. Себеби алар пейилине жараша тапты десе болот. Көпчүлүктү түзгөн үй ээсине (мамлекет ээсине) кол көтөргөн "квартирантка", (эшиктен келип үй меники дегендерге дейличи) үй ээси кандай мамиле кылышы керек эле. Башынан сылап, үйүн бошотуп, талаага тентип кетиш керек беле же алардын "жертвасына" айланышы керек беле? Ошентсе да, Убактылуу Өкмөтүбүз биздин элибизге кыялын көрсөткөн, өзбектердин мындай пейилин дагы да болсо түшүнбөгөндөй болуп турат. Мунун бир негизги себеби, "жоо аяган жаралуу" -деген сөздү унутуп, ошол эле кылгылыкты (кылып койгон) кылмакчы болгон качкын өзбектерге камкордук көрүп жаткандыгы, жалпы элдин нааразычылыгын туудурду. Албетте, алар өзбек болгону менен, жарандыгы кыргыз. Баш мыйзамда жазылгандай бардык жарандардын мыйзам алдындагы укугу бирдей болууга тийиш. Бирок мыйзамда жазылгандай эле мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирген адамдарга эмненин жакшылыгы? Кыргыз улутундагы ар бир адам мындай өткөөл мезгилде эле эмес, ар дайым улутчул болууга милдеттүү! Улутчулдукту четке каккандыгыбыздын кесепетинен улам, Ата-Журтубузга ушундай коркунучтар туулуп жатат. Демек, мындай учурда пайдасынан зыяны көп болуп жаткан "укук талаасы" деген ураанды унутуп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн каалабаган, мамлекет ээси болгусу келген дымактуу улутчулдардан тазалануубуз зарыл эле. Эртедир-кечтир алардын мындай жоруктары кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ал эми тазалануу маселесин да, сырткы күчтөрсүз эле, өзүбүз толук чече алмакпыз. Эми Убактылуу Өкмөттүн кожоюндары "болоору болуп кетти" дегенчелик кылбай, мындан ары мындай маселени элдин талабына жараша чечиши зарыл. Бул талап Убактылуу Өкмөттүн кулагына элдин атынан айтылган күмүш сырга болсун!
Айбек Шамшыкеев




Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
Кыргызстандын элине жана дүйнөлүк коомчулукка
Кайрылуусу
(Кыскартылып берилди)
Мына ушул кайгылуу күндөрдө биздин жүздөгөн мекендештерибиз бирин-бири жек көрүп, боордошторун өлтүрүүнүн ашынган акылсыздыгынын курмандыктары болушту. Кудум провокаторлордун шыкактыгы менен миңдеген адамдар кыйратып бүлүндүрүүгө жана талап - тоноого, адам өлтүрүүгө жана зордук-зомбулукка кабылышты. Азыр бул кайгыга жүрөгү сыздабаган бир да кыргыздын же өзбектин үй-бүлөсү жок. Болуп өткөндөрдүн түпкү себеби - бул мурдагы башкаруучулардын бийликке кайтып келүүгө жасаган жандалбас аракети. Көп жылдардан бери алар биздин элибиздин канын соруп, мамлекеттин коргонуу механизмин - билим берүүсү менен медицинасын, милициясы менен армиясын, экономикасы менен маданиятын бүлүндүрүп келишти. Өздөрүнөн кийин мамлекеттик аппараттын саркындысын калтырышып, алар өлкөнү адамдары жок кунарсыз талаага айландырууга аракет жасашты. "Үй - бүлө" мүчөлөрү бүткүл дүйнөгө элибизди канга батырарын айтып чыгышты. Аны кантип ишке ашырганын да көрдүк. Мына эми жүздөгөн адамдардын өлүмү, эң коркунучтуусу - бир тууган элдердин этникалык тирешүүсү алардын ыйманында турат. Биз терроризмдин жаңы түрүнүн, болгондо да жардырууну жана куралдарды гана пайдалануунун эмес, шумдуктуудай маалыматтык провокациялардын күбөсү болдук. Чын-чынында, бизге каршы жапырт кыргын салуучу жаңы куралды - этностордун ортосундагы масштабдуу чыр-чатакты уюштурууну жана шыкактоону колдонушту. Болуп өткөн трагедиянын чыныгы себеби - бул бозгун болуп куулуп чыккан топтун өкүлдөрү ойлонуштуруп жүзөгө ашырган террористтик диверсия. Биз, мына ушул оор мезгилде жоопкерчиликти өз мойнубузга алгандар, жакындары курман болгон же жабыр тарткан ар бир үй-бүлөдөн ошол кайгыдан сиздерди калкалай албагандыгыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Ооба, бийликте биздин турганыбызга эки айдын жүзү болду.Ооба, бизге каршы мүңкүрөгөн өлкөдөн ташылып кеткен эбегейсиз ресурстар жумшалууда. Өтө оор күндөрдө биз душман менен бетме-бет калууга аргасыз болгондугубуз да чындык. Бирок булар болуп өткөндөр үчүн бизден күнөөнү алып сала албайт. Ошондуктан аны акташ биздин милдет. Чагымчылар менен уюштуруучулар кайсы гана жерде жашынбасын, аларды таап, жазалоого сиздерге убада беребиз. Кылмышкерлер кармалмайынча жана жоопко тартылмайынча алардын тынчыбасы бизге белгилүү. Бүгүн Ошто жана Жалал-Абад облусунда кырдаал турукташууда. Бирок жаңы чагымчыл иштер, анын ичинде өлкөнүн башка аймактарында дагы даярдалууда. Кулатылган "Үй бүлөнүн" өкүлдөрү биздин элге террор жарыялашты жана алар кандай гана болбосун карасанатай чагымчылдыктарга даяр. Ошондуктан биз бардык кыргызстандыктарды кыраакылыкка, чагымчыл-бузукуларга алданып-азгырылбоого чакырабыз. Биз ар бирибиз кааласа, каалабаса да дүрбөлөң салгандарды жана улуттар аралык жаңжал чыгаруучуларды, карама-каршылыктарды козутуучуларды токтотушубуз керек. Укук коргоо түзүмдөрү, элдик коопсуздук күчтөрү, биздин армиябыз ушул күндөрдөн тартып, шайлоолорду өткөргөнгө чейин өз кызматтарын үзгүлтүксүз күчөтүлгөн тартипте өтөшөт. Биз өзүбүздү телегейи тегиз же дегеле жападан-жалгыз өкмөтпүз деп эсептебейбиз, азыр андай телегейи тегиз өкмөттүн болушу да мүмкүн эмес. "Ашуунун алдында ат алмаштырбайт". Ошондуктан, күчтүү кысымга алуу же башка бир зордук зомбулуктуу ыкмалар менен өлкөдөгү убактылуу форматта иштеп жаткан бийликти кулатуунун бардык аракеттери өлкөнү жок болуп кетүү коркунучуна алпарып такоочу кыйратуучулук болуп саналат жана түздөн-түз башаламандыктарга алып келет. Азыр "Үй-бүлө" Кыргызстандын элине каршы жаңы чабуулга өтүү үчүн ушундай гана мүмкүнчүлүктү күтүп турат. Саясий маселелерди чечүү: референдумду жана шайлоолорду өткөрүү аркылуу гана туруктуулукка жетишибиз мүмкүн. Убактылуу Өкмөт Конституциянын долбоору боюнча референдумду өткөргөндөн кийин дароо эле шайлоолорду жарыялоого ниеттенүүдө. Алар мыйзам боюнча мүмкүн болуучу эң жакынкы мөөнөткө дайындалат. Шайлоолорду тезирээк өткөрүү - бул турукташууга, чагымчыл жана кастык аракеттердин токтошуна алып баруучу жападан-жалгыз жол. Убактылуу Өкмөт биздин элибизге каршы таңууланган зордук-зомбулук аракеттер менен күрөшүү үчүн өз колунан келген бардык чараларды көрүүдө. Биз көйгөйлөрүбүзгө түшүнүү менен мамиле кылышкан, карама-каршылыкты жеңүүдө жана кырдаалды турукташтырууда материалдык колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүгө чечим кабыл алышкан, ЖККУ боюнча биздин өнөктөштөрүбүзгө, биринчи кезекте Россияга терең ыраазыбыз. Биз үчүн БУУ, ШКУ жана Евросоюз өлкөлөрүнүн жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринин Кыргызстандын элине карата көңүл бурушканы жана көргөн камкордуктары абдан кымбат. Биз дүйнөлүк саясий, маалыматтык, эксперттик коомчулукту биздин өлкөдө болуп жаткан окуяларды туура түшүнүүгө жана адилет баалоого чакырабыз. Ушундай учурда биздин кайгыбызга чайкоочулук кылуу таптакыр орунсуз. Биз бул оор күндөрдө жалпы улуттук кайгыга кабылдык, бирок Кыргызстандын бардык жарандарынын колдоосу менен кара ниеттиктин жана башаламандыктын күчтөрүн жеңип чыгабыз. Жакшынакай келечекке карай жолубуз канчалык кыйын болбосун, биз баарыбыз биримдикте ага жетебиз.