Абдылдажан Акматалиев,
Академик:
"ЭРКИНДИККЕ ЖЕТҮҮ ОҢОЙ,
АНЫ КАРМАП КАЛУУ КЫЙЫН"
- 7-апрель өлкөбүзгө чыныгы эркиндик алып келди. Өткөн жылдардын митингисинде күн-түн жүрдүңөр эле. Бут кийимиңдин жыртылып кеткени да эсимде. 7-апрелде карааныңарды көрө албадык го?!.
- Биз 2006, 2007-жылдардагы митингдердин катышуучуларыбыз. Анан кантип, бул 7-апрелдеги окуяга катышпай коёлу. Элдин адилетсиз бийликтен жадап, эркиндикти самап, күтүп келгенин 7-апрелдеги тарыхый окуя даана көрсөтүп койду. Бул күнү түшкө маал ишибизден чыгып, мен, Мурат Мукасов, Жээренче Исмаилов, Сокулуктун жаштары менен Ак үйгө чейин бардык. Балдардын революциялык духу бизди да шыктандырды, жан дүйнөбүз аларды көрүп кубанды, келечекке үмүт бар экендигине ишендик. Жаш жигиттердин деми менен Ак үйгө жетип барсак, ал жактан тарсылдактар угулуп, ок жаай баштады. Ошондо балдардын акыйкаттык, адилеттик, чындык үчүн баштарын сайып койгон эрдигине, баатырдыгына, кайраттуулугуна, өжөрлүгүнө баа бердик. Бизге болсо "байкелер аягына чейин туралы, кетпегиле, бирге бололу" деп жатышты. Эки-үч жолу сүрүлүп барып токтодук... Жеңиш оңой-олтоң келген жок, жада калса Баткендеги террористтерден да мындай көп кан аккан эмес болчу. Арман, кайгы, капа жан дүйнөбүздү бүлүнтүп, кан менен ый аралаш болуп турса да Чыңгыз Айтматов "Саманчынын жолу" повестинде Жеңишти сүрөттөгөндөй Жеңишти биз ат чабыштан озуп келе жаткан атты тосуп алгандай, сүрөп кеттик. Антпеске айлабыз да жок болчу.
- Ошондой эле деп ойлогом да! Жеңишибизди сактап калсак деген ниет жалпы баарыбызда болду. Сен да менчилеп түйшөлүп чыксаң керек.
- Мындай учурда улуттук трагедия болду деп теле-радиодон, басма сөздөрдөн аза күтүүнү жарыялап, туулар түшүрүлүшү керек, ошондо эл тынчый түшмөк. Ушул оюбузду Убактылуу Өкмөткө билдирип коюу үчүн шаардын коменданты Турат Мадылбековго телефон чалып билдирдик, ал оюбузду кубаттады. Ал эми Каныбек Абдыкадыров телекөрсөтүүдөн улуттук аза күтүү жарыяланат деп айтканы кетти.
Мурат Мукасов экөөбүз кийинки күндөрү да аянтка барып жүрдүк, куран окуттук, бирок бийлик күсөп тынчый албаган айрым жаштарды, балдарды көрүп, жан дүйнөбүз муздай түштү. Алар эптеп эле чыр чыгарууну көздөп, 300-400дөй бала Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү отурган жерди басып алалы дешип да барышты. Эки жаат болуп уруша да кетишти, эптеп Убактылуу Өкмөт жетекчилеринин бири чыксын деп Эмил Каптагаевге телефон чалдым, дежур болуп турган балдардан суранып, Өмүрбек Текебаевди издедим. Текебаев чыгып он-он беш минут сүйлөп жаштарды тынчытты. Мукасов экөөбүз аянтка келсек, туубуз түшүрүлгөн бойдон жерге тийип турат, ар кимиси келип анын чекесинен айрып, повязка кылып жатышыптыр, балким провокация кылып өрттөп жиберишсе, дүйнөгө шерменде болмокпуз. Дароо Турат Мадылбековго телефон чалып, элдик күзөттөн киши жиберүүсүн, аза күтүүдө түшүрүлгөн тууну кайра көтөрүүнү унутуп калышканын кабарладым. Жигиттерден убактылуу күзөт коюп, кирип-чыгууга тыюу салынган лентаны тактырып койдук. Жаштардын лидерлери Чыңгыз менен Дайырга тууну кайтарып турууну өтүнүп, ушул эле оюбузду эң жакын мекеме Маданият агенттигинин директору Рыскелди Момбековго кирип айттык.
Революциянын курмандыктары аң-сезимибизди, жан дүйнөбүздү, абийирибизди таразалоого чакырат. Эркиндикке жетүү оңой, аны кармап калуу кыйын...
- Революция бир күн менен бүтпөй тургандыгын тарых тастыктап келет. Азыр Түштүктө болуп жаткан кайгылуу окуялар келечегибизге тоскоол болууда.
- 2010-жылдагы Ош, Жалал-Абад окуялары баарыбызды кабатыр кылып турат. Улутуна, динине, жашына карабай тынчтыкты орнотууну жалпы эл көксөөдө. Бирок өзбек-кыргыз элинин ортосуна от жагып, эски бийлик дагы эле болсо өзүнүн эки жүздүүлүгүн, арсыздыгын көрсөтүп жатат. Ушунчалык адамдын өлүмү боло тургандан кийин ниети таза эместерди 7-апрелден кийин эле камап салса болмок экен. Кан төкпөйбүз, гумандуу болобуз деп отуруп, "Жоо аяган жаралуу" дегендей болдук.
- Мындан жыйырма жыл мурун Ош окуясына Чыңгыз Айтматов да күбө болбоду беле?!
- Ооба, 1990-жылдагы кайгылуу Ош окуяларынын тынчышына Чыңгыз Айтматовдун зор салымы бар. Ал мезгилде Чыңгыз агай СССРдин Президенти Михаил Горбачевдун кеңешчиси эле. Дароо атайын самолёт менен Москвадан Ташкентке учуп, Өзбекстандын мамлекеттик жетекчилери менен сүйлөшүп, белгилүү жазуучулар Адыл Якубов менен Пиримкул Кадыровду Ошко ала келип, атышууларга карабай, өмүрүн тобокелге салып, уйку көрбөй, согуштун отун өчүрүп калган. Өзбектерге да, кыргыздарга да түшүндүрүп, сабырдуулукка чакырып, өзүнүн кадыр-баркын, аброюн салган. "Биз Ош жергесинде эзелтен бери жашап келген журтпуз. Каны да, тили да бирге түрк атанын балдарыбыз. Азыр кыргыз, өзбектин арасы душмандашуу коркунучунун абалында. Кан төгүлүп, кишилер майып болууда. Эртеңки күнүбүздү ойлонолу, бала - чака, неберелерибиздин убал-сообун ойлонолу. Булардын келечеги эмне болот? Акыл токтотуп сабыр күтөлү.
Мен силерге кайрылам, өзбек да, кыргыз да мен үчүн бирдей өз элим. Кеч боло электе бир-бириңерге кол сунгула, маселелерди акыл менен чечкиле. Күч - акылда! Зордук эч убакта элге жакшылык алып келе албайт." - деп кайрылган. Азыр да бул сөз актуалдуу.
Кийин аскер адамдары айтып жатпайбы, Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнөн коркуп БТР менен танканын үстүнө чыгып сүйлөгөнгө уруксат жок десек да болбой күнүнө үч-төрт жолу сүйлөп жатты деп. Чыңгыз агайдын ошондогу атуулдук эрдигин, көп адамдардын өмүрүн сактап калгандыгын унутуп калып, айрым ээн ооздор "Айтматов болбосо өзбектердин сазайын бермекпиз" дешип, ооздоруна эмне келсе ошону оттогонун да уктук.
Эл тынчып калганда агай Бишкекке келди. Биз аэропорттон тосуп алдык. Аябай чарчап, жүдөп, чачы өсүп кетиптир. Көңүлү чөгүңкү. Баргандар эмне дээрибизди билбейбиз, сөз баштоо өтө оор болду. Ошондо агай: "Аманчылык эле болсунчу" - деп койду.
- Айтматов касиеттүү адам эмес беле, сени бекеринен жанына алып жүрбөсө керек?
- Мен башкалардай болуп, "Чыке", "аке", "ага" деп кайрылчу эмесмин. Ар дайым "Чыңгыз агай" деп кайрылчумун. "Өзүмө ишенгендей ишенем" - деп айтаар эле. Кат жазганда да ушул сүйлөмдү баса көрсөтчү. Бул мен үчүн өтө жооптуу - менин Чыңгыз агай менен болгон турмуштук, адамдык байланышымдын кредосу болуп калган. Баарын мага ишеним менен тапшырчу. Бир мисал. Агайдын уулу Эльдар үйлөнүп жатканда мени чакырып, үйлөнүү үлпөт тоюна кете турган каражаттардын бардыгын менин көзөмөлүмдө болуусун өтүнгөн. Ошондо ойлоп койгом, "эмне үчүн туугандарына, инилерине тапшырбайт" деп. Көрсө, ортобузда ишеним турган экен. Мен дайыма агайдын тапшырмасын өз убагында, так, өзү канааттангандай аткарчумун. Бир жолу мындай окуя болуп калды. Чыңгыз агайдын 60 жылдык мааракеси Шекерде өткөндөн кийин таластыктар чоң, кооз боз үйдү белек кылышты. Боз үйдү алып келип тигип жатканда ырымдап кан чыгарып коёлу деп калышты. Кой байланып турат. Жумуш аякталып калганда агайды чакырып, "малга бата кылалы" деп калдык. Агай жаныбызга келгенде койду кармап турган бала коё берсе болобу, мына анан кармай албай жүрөбүз. \Бир маалда кой дубалдын жылчыгынан өтүп кетти. Балдар артынан чуркады, бир саат издешти, кайда житип кеткени билинбейт, таппай калдык. Агайга айтсак: "буюрбаган турбайбы, тим койгула" - деп койду. Дегеле, Чыңгыз агайдын мал-жанга, жада калса айбандарга жасаган мамилеси башкача эмес беле! Ошол күндөрдү сагынып келем.
- Чыңгыз Айтматов 1974-жылы Илимдер академиясынын академиги болуп шайланган экен. Ошондон бери - 36 жылдан бери адабият адистигинен орун берилбептир. Айтматов дүйнөдөн кайткандан кийин агайыңдын ордуна өзүң атаандаштык жол менен шайланыпсың, наамың куттуу болсун. Анын үстүнө Айтматов баш редактор болуп чыгарган Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин вариантындагы "Манастарды" килейтип чыгарып, руханий жактан да канааттанып, агайыңдын традициясын улап турган чагың экен...
- Өзүң айткандай, улуу манасчылардын варианттары алгачкы жолу Чыңгыз агайдын жоопкерчилиги менен чыккандыгына отуз жылдай болуп калды. Бирок ал мезгилде - советтик-партиялык идеологиянын чоң көзөмөлүндө турганда "Манастын" тексттеринин, өзгөчө Сагымбайдын тексттери Айтматовдун аброюна, кадыр-баркына таянып чыгышы, окурмандардын колуна жетиши руханий чоң эрдик эле. Ал үчүн Айтматовго күнөө койгондор да табылбадыбы. Ошентсе да Сагымбайдын "Манасы" толук чыга элек болчу. Чыңгыз агайдын "Манаска" жасаган ишин улантып, Сагымбайдыкын "Хан-Теңири", Саякбайдыкын "Турар" басмаканаларынан чыгардык. Басмаканалардын генералдык директорлору Айнагүл Алымжановага, Тилек Мураталиевге чоң ыраазычылык билдирем. "Манастын" жоопкерчилиги мага отуз жылдан кийин артылып отурганына жана аны абийирим менен аткарганыма өзүң айткандай кубанып турам. Эки залкар манасчынын китептери Чыңгыз Айтматовдун баш сөздөрү менен ачылды, ал эми мен соңку сөздөрүн жаздым. Ошондуктан бул Чыңгыз агайдын жаркын элесине дагы бир жолу таазим кылганым деп эсептейм. Ошону менен бирге Чыңгыз Айтматовдун ордуна академик болуп шайланышым да көп нерселерге милдеттендирет. Наам алып эле чиренип жатып калыш эмес, мен академиктик жолго маңдай тер агызып, эмгек менен тайгак кечүү, тар жолдо чыгып келдим. Бул наам да мага насип болгонуна ыраазымын.
Чыңгыз агай менен менин тагдырымдын өмүр жолдо бир чекиттен кезигиши жана турмушта сапарлаш болгонубуз капысынан, кокусунан эмес, мыйзамченемдүүлүк деп эсептейм. Мен Чыңгыз агайдын жасабай кеткен идеяларын, ойлорун колдон келишинче аткарууну жашоомдун максаты деп билем. "Манас", Айтматов - менин руханий паспортум.

Маектешкен
Баратбай АРАКЕЕВ