Референдум -
Кыргызстандын келечеги!..
Динара,
лаборант:
- Акыркы күндөрү жергебизде кырдаал оор болуп, чагымчыл күчтөрдүн арты менен көптөгөн жигиттерибизден ажырап отурабыз. Чагымчыл күчтөр биздин башчыбыздын жоктугунан пайдаланып, ар кандай иш аракеттерди жасап жатат. Мына ушундай кырдаалдан чыгуу үчүн Убактылуу Өкмөт легитимдүүлүккө ээ болушу зарыл. Ошондо гана жерибизде тынчтык орнойт. Азыр элге тынчтык гана керек. Убактылуу Өкмөттүн укуктук талаага келиши үчүн 27-июнда өтө турган референдумду ийгиликтүү өткөрүү керек. Ал үчүн биз баарыбыз жапырт референдумга барып, добуш берүүбүз абзел. Биз үй-бүлөбүз менен 27-июнда референдумга барабыз да өз добушубузду берип келебиз.

Лёня,
пенсионер:
- Албетте, референдумга барам. Биздин мамлекеттин келечеги үчүн жасалып жаткан ишке кайдыгер карай албайм. Бул референдумду колдоо зарыл. Баш мыйзамсыз мамлекет кантип иш алып бармак эле. Мыйзамды кабыл алуу үчүн, биринчи, референдумду өткөрүү зарыл. Кыргызстандын жарандары бул референдумду толугу менен колдойт деген ойдомун.
Сыргак,
айдоочу:
- Бүгүнкү күндөгү оор кырдаал референдумду кабыл алууну талап кылып турат. Себеби Убактылуу деген тышкы саясатта иш жүргүзүүгө өз таасирин тийгизип коюп жатат. Ошондуктан референдумду 27- июндан калтырбай өткөрүү керек. Мен эле эмес, жалпы жарандар ушундай ойдо деп ойлойм. Күнүмдүк оокатка шылтоо кылбай, жалпыбыз референдумга барып, Башмыйзамдын кабыл алынышына шарт түзүшүбүз керек. Легитимдүү бийлик бизге азыр суудай керек болуп турат. Буйруса, 27- июнда референдумга үй-бүлөбүз менен барабыз деп жатабыз. Эртеңки келечекти ойлогон адамдар, бул нерсеге кайдыгер карабайт деген ойдомун. Элдин тилеги - өлкөбүздөгү тынчтык, бакубат жашоо, таза бийлик.

Алымкул,
студент:
- Мамлекетте өткөн шайлоо болобу, референдум болобу барып добуш берүү ар бир жарандын милдети. Адам ар дайым өз милдетин аткарышы керек. Ал эми 27- июндагы өтө турган референдум Кыргызстандын тагдырын чечүүчү иш болуп турат. Мына ушундай учурда сырттан карап туруп алганга болбойт го. Азыр биздин Башмыйзамыбыз да жок. Конституцияны кабыл алуу биздин колдо. Өз тагдырыбызга кайдыгер карабай, референдумга барып, добуш беришибиз керек. Мен жаштардын баарын референдумга келип, добуш берүүгө чакырам. Өзүм болсо, сөзсүз барам.

Шабдан,
кызматкер:
- Референдум биздин келечек. Келечегибизге кайдыгер карап, референдумга барбасак, келечек муун бизди кечирбейт го. Азыр таарыныч, сындарды жыйыштырып, эртеңки күнүбүз үчүн жапырт аракет жасабасак, кырдаал оор болуп турат. Убактылуу Өкмөттүн 27- июнда референдумду өткөрөбүз дегенин толук колдойм. Айрым адамдар бул ойго каршы чыгып: "Азыр референдум өткөрө турган убак болуп турабы, балдар каза болуп жатса"- деп айтышууда. Мен бул ойлорго кошулбайт элем. Мыйзамдуу бийликтин жоктугунан бизде оор кырдаалдар түзүлүп жатат. Ушул нерселерди эске алып, референдумду колдоп, добуш берүүгө барышыбыз зарыл. Учурдан пайдаланып, жарандардын баарын добуш берүүгө чакырам.

Курманбай,
куруучу:
- Тышкы саясатта башка мамлекеттер менен алака түзүүдө Өкмөт легитимдүү болушу зарыл экендигин акыркы учурда баарыбыз көрүп, күбө болдук. Ошондуктан мүмкүн болсо, убакытты өткөрбөй, Убактылуу Өкмөттүн укуктук талаага кириши керек болуп турганын баарыбыз эле түшүнүп турабыз. Ошол үчүн Убактылуу Өкмөттүн 27- июндан калтырбай референдумду өткөрөбүз деп жатканы туура чечим болуп турат. Мен дагы өзүмдүн атуулдук милдетимди аткарып, референдумга барып, добуш берип келем.

Дияр,
студент:
- Албетте, барам. Конституцияны кабыл алуу керек. Башка мамлекеттер азыр биз менен мамиле түзгөндөн чоочулап жатышат. Алар менен тең ата болуш үчүн бийлик убактылуу эмес, легитимдүү болушу зарыл. Мен жаштарды референдумга келип, добуш берүүгө чакырам.




Жарылган жара
ырбап кетпесин!
Кыргызстандын түштүгүндө жаңжал уюштургандардын башында "үчүнчү күчтөр" турганы кийинки кездери көп айтылууда. Өлкө бүтүндүгүнө коркунуч келтирген андай саясий күчтөр ичтен чыктыбы же сырттан келдиби?
"Азаттыктын" бүгүнкү "Бетме-бет" талкуусу мына ушул темага арналат? Ага белгилүү коомдук ишмер Бахтияр Фаттахов, ишкер, саясат таануучу Тимур Муратов катышат.

Үчүнчү күч деп айтылып жаткан мурдагы президентпи?
- Бахтияр мырза, Ош менен Жалал-Абаддагы жаңжалдын артында үчүнчү күч турганы айтылууда. Үчүнчү күч деп сиз кандай күчтү айтат элеңиз?
- Эгер ал болбосо мындай провокация болмок эмес. Үчүнчү күч деп мурдагы президентти эле айткан болбойт. Башка эле күчтөрдүн, биздин өлкөдөгү саясий иш чараларды өткөрбөйбүз дегендерди мен байкап жатам. Бул күчтөр элдин бийликке ишенимин жоготуу аракетин көрүүдө.
- Тимур мырза, үчүнчү күч эгемендик заманында такай эле айтылып келатат. Мынабу жаңжалдын чыгышында анын ролу кандай болду?
- Туура, ал 90-жылдардан бери эле айтылып келатат. Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуяларга үчүнчү күчтүн тиешеси кандай дештен мурун анын өзүн аныктап алыш керек. Алар ички жана сырткы болуп бөлүнүшөт. Сырттагы үчүнчү күчтөргө биртоп мамлекеттер кирет. Алардын арасында Орусия, АКШ, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай турат. Сырткы күчтөргө дагы наркожолдун турушуна кызыкдар криминалдар, баңгизат ташуучулар, диний-экстремисттик кошуундар кирет. Буга кошуп А.Акаев менен К.Бакиевдин сыртта жүргөн жандоочтору, ошолорду колдогон күчтөр бар. Ошолордун да кызыкчылыктары бар. Ал эми үчүнчү күчтөргө саясатчылар, сепаратисттик көз карашта жүргөндөрдү кошсо болот. Буга дагы кайсы бийлик келсе да кошула калчу оппозициялык топтор, өлкө ичиндеги криминалдык топтор кошулат.
- Бахтияр мырза…
- Мына бул жоопту угуп олтуруп, өзүмдү бир илимий конференцияда отургандай сезип жатам. Кудай буюрса, изилдөөлөр көп болот. Азыр элди ынтымакка чакыруу зарыл. Эй кыргызым, эй өзбегим, экөөңдө күнөө жок! Ортоңорго кара мышык сойлотуп ийген күч бар. Мен азыр элдин арасында туруп сүйлөп жатам. Бизди Кудай мындай жаман күндөн тезирээк чыгарсын деп отурам. Ал эми үчүнчү күчтүн өлкө кысталыш чакта чыгып калышына жооп: Адамдын денесинде көрүнбөгөн кесел болот. Ал тирүүсүндө чыкпаса өлгөндөн кийин сөзсүз чыгат экен. Аны өзбектер кызамык деп коет. Кыргызча деле ошондой. Бул жаман ойлуу адамдан чыгат. Биз да эл катары ошондой илдеттен арылышыбыз керек. Элди ким баштап жатат? Азыр партиялык кызыкчылыкты алдыга жайып, популизм кылыштын кереги жок. Андайлар токтой турсун. Азыр өлкөнүн бүтүндүгү жөнүндө ойлонушубуз керек. Жаман оюн ишке ашыргысы келген адамдар элдин каргышына калат. Элди жакшылыкка үндөгүлө. Жакшы ишти элге жеткире албай жатабыз. Көпчүлүк элди аскерлер атып атат дешүүдө. Аскерлер аткан жок. Анын куралын тартып алган, аскердик форманы кийип алган бандиттер атып жатышат. Аларды кармап, куралын алып жатабыз. Элди дружинага чогултуп атабыз. Тынчтыкты калыбына келтиребиз деп жатабыз. Элибизди сактап калалы.
Өзгөндү сактаган элдин өзү
- Тимур мырза, жакшы иш катары Өзгөндөгү тынчтыкты айтсак жарашат. Элди ынтымакка келтирүүнүн жолун да айтсак.
- Өзгөндү сактап калган элдин өзү болду. "Жаман айтпай жакшы жок". 90-жылдагы окуя бардыгыбыздын башыбыздан өткөн. Ошон үчүн Өзгөндөгү кары-жаш, кыргыз-өзбек дебей чогуу жашаган эл катары пикирлеш, ынтымакта болушууда. Өзгөндө жаштарга "Өзгөн ынтымак" деген форма кийгизип кыргыз-өзбек жаштарынан атайын кошуундар түзүлдү. Жаштар менен жаштар, аксакалдар менен аксакалдар элди ынтымакка чакырышты. Баштан өткөн соң экинчи ирет тирешке Өзгөн эли барган жок. Чагымчыларга жол берилген жок.
- Бахтияр мырза, биздин талкуубуз 19-июнда жазылып жатат. Ушу саатка Оштогу абал кандай?
- Чоң көчөлөрдө машинелер каттап, эл ары-бери жүрө башташты. Майда базар, дүкөн, дарыканалар ачылып жатат. Биздин максат унаалар каттасын, эл жүрсүн деп жатабыз. Эл коркпосун үчүн. Автобустарга аскерлерден да отургузуп коелу деп атабыз. Анан элдин маанайы жакшы болуп жатат. Элдик кошуундар иштеп атат. Министр болсом да эл кызматында болоюн деп коменданттын орунбасары болуп иштеп атам. Биринчи күндөн шаар, облус жакшы болот деген үмүттөбүз. Анан түндөсү эл уктап атат. Атышмайлар азайып, дүрбөшмөйлөр жоголуп, ошого шүгүрлүк кылып отурабыз. Анан сиздер, журналисттер эл менен бийлик ортосунда көпүрө болуп бериңиздер. Этият жазыңыздар. Элде күнөө жок.
- Маалымат мейкининдеги бир жактуулук эмнеден чыгып жатат?
- Жанагы үчүнчү күчтүн арасына массалык маалымат каражаттарын да сөзсүз кошуу керек. Бул өзү жооптуу иш. Журналист акыйкатты чагылдырыш керек. Ооруну жашырсаң, аны өлүм ашкерелей турганын ырастаган макал бар. Журналист маалыматты бурмалабай так бериши зарыл.
- Бахтияр мырза, кырдаалдан чыгыш үчүн эл, бийлик, жалпыбыз эмнени жасашыбыз керек?
- Бийлик уюштуруу иштеринде кетирген каталарын эми кайталабаш керек. Эл бийликтин ээси. Азыр элдин бийликке ишеними анча эмес. Тараза элдин колунда. Элге кайрылып кетким келет. Айланайын туугандар! Ошко келип элге жардам кылайын деген жигиттер көп. Ушуларга ак батаңарды берип койгула! Бүгүн кызмат кылбаган качан кызмат кылат? Өз үйүбүзгө тартип орнотушубуз керек. Анан азыр бурч-бурчка чогулуп ким күнөөлүү дегенди талкуулап отурушка убакыт жок. Элди эч ким алдай албайт!
- Тимур мырза, кеп сизде.
- Майдын он тогузу, жыйырмасында Жалал-Абадда өткөн окуялардан убактылуу бийлик жыйынтык чыгарып, ал кайталанбашы үчүн аракеттерди көрсө болмок. Оштогу трагедияны эмоцияга берилип, баарыбыз азыр анча билбей жатабыз. Ошто 1990-жылы өткөн кандуу кагылышка да саясий баа берилген эмес. Анан референдум тууралуу болот-болбойт деген пикирлер арбын. Бирок референдум болушу керек. Эл катышсын. Суроого кандай жооп бериш алардын өз иши.

Бекташ Шамшиев,
"Азаттык" үналгысы