Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө агалык ачык кат
"Улуудан бир сөз, кичүүдөн бир сөз" деп коет кыргыздар. Анын сыңарындай кези келип турган шартта Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө агалык сөзүмдү айтып коюуну туура көрдүм.
Кудайдын буйругу менен силер бийликке келдиңер, элдин милдетин оор кезеңде мойнуңарга алдыңар. Буга силердин толук акыңар бар. Силердин эки бийликти тең кулатууга кошкон салымыңарды эч ким тана албайт. Элдик революция силерге эл атынан иш алып барууга толук укук берет, бул боюнча "революция" дегендин классикалык аныктамасын билбегендер окуп алышсын. Негизги кеп анда эмес. Кээ бир оозуна алы жетпегендер БЭКтин лидерлери жок эле революция болду деп былжырап жүрүшөт. Силер болбосоңор революция болот беле, болбойт беле аны бир кудай билет.
Урматтуу иничектер, кудай силерди сактайм деген экен, 7-апрелде түрмөдө олтуруп ажалдан бир калдыңар. Ошол күнү силер ак үйгө элдин алдына келмексиңер, ошондо жанагы даярдап койгон снайперлер (көзгө атарлар) силерди бизден терип атып салмак. Тобо дешибиз керек. Силерди жоктотпой, 7-апрелде "Форумдун" алдында чогулган элдин духун көтөрүп, ак үйгө элдин алдында келген Момбеков Рыскелди, Мукамбетов Сабыр, Мусабекова Жылдыздарга ок жаңылбай аман калгандарына шүгүр дейли. Эми инилер, эң негизги айтайын дегеним, "Бирде жигит төө минет, барде жигит жөө жүрөт". Силер кечээ жөө жүргөндө, артыңардан күнү-түнү аңдуу, коркунуч коштоп жүргөндө, бир тилек, бир максатта жүргөн азаматтар элеңер эми бүгүн ич ара келишпестиктерге жол берип, ар кандай бузукулардын азгырыгына алдырбай ынтымакта иш алып баргыла. Элдин үмүтү силерге байланып турганда силердин ары-бери тартышканыңар жөнсүз иш болуп калат. Бул ички жана тышкы душмандардын чырагына май тамызып жатат.
Өлкөбүздүн тагдыры бычактын мизинде турганда керт баштын кызыкчылыгын унутуш керек. Бийлик, байлык, кызмат опо болсо Акаев, Бакиевдерге опо болот эле го. Ошондуктан төө минип турган кезде жөө жүргөн күнүңөрдү унута көрбөгүлө.
Алмаз иним, 7-апрелдин түнү башка БЭКтин мүчөлөрүн УККнын жер төлөсүнө камашса сени түз эле түрмөгө алып барып камашып, сени кылмыш дүйнөсүнүн колдору менен жок кылуу аракети болгонун, ошол жерде да кыргыздын патриот жигиттери сени сактап калганын элдин көбү билбейт, кудай сактайм десе ошентип эле сактап коет экен. Эми элдин элегине экинчи жолу түшүп отурасың, соратниктериң менен кеңешип, кадр маселесин ортого ачык коюп, калыс чечип, анан тиешелүү буйругуңарды чыгарсаңар эл туура көрөт. Буга чейин бир топ мүмкүнчүлүктөр кетти, себептерин ачык эле айтып койсоңор жанагы жумурткадан кыр издегендердин жаагы басылып калмак.
Өмүрбек иним, өзүң менен жолуккан сайын оппозицияны бириктир деп жүрчү элем. Акыры ошого жетише алдың жана элдик жеңишке жетиштиңер. Эми эки үзөңгүнү тең теп, дегеним жалаң эле батыштын демократиясына таянбай, улуттук демократияга да таянсаң кадырыңдын өсөөрүнө ишенем. Сага болгон элдин ишеними, сыйы ал сенин буга чейинки басып өткөн жолуң жана иш аракетиң, сенин тазалыгың.
Азимбек иним, сени Бакиев кызматтан алганда мен сага келип, "сенден ажыроо менен Бакиев канатынан да, куйругунан да ажырады"- десем, сен "эмне үчүн" дегенде мезгили келгенде айтам дедим эле. Мына, Бакиев уча да албай, коно да албай, Теиттин келиндеринин этегине корголоп, азыр Лукашенконун улагасын сагалап олтурат. Сенин таза, пейилиң ак, жүрөгүң жалаң кыргыз деп соккон чыныгы мекенчил жигит экениңди көрө албагандар көп экенине эми көзүм жетти. "Калык билер, калык билбесе, балык билер"- дейт баштаган ишиңди аягына чыгара бер акыры эл баалайт.
Темир иним, сакадай боюң сары алтын, айкөлдүк сапатыңдан пайдалангысы келгендер көп, Бакиевдин жана Акаевдин куйруктары бир күнү болбосо бир күнү сени катуу подводить этип коюшу мүмкүн, ошондуктан кеч боло электе бир силкинип, тазаланып алышың оң болор эле.
Роза Исаковна кичүү болсоңуз да сизге сиз деп кайрылууну туура көрдүм себеби сиз энесиз, кыйын кезеңде башты катпай жаныңызда жүргөн жигиттерге жетекчи болуп, элдик жеңишти уюштура алдыңыз. Мындан 15 кылым мурда Манас атабыздын таенеси Зулайка апа "журт энеси" деген даражага татыктуу болуу менен элибиздин чачылганын чогултуп, үзүлгөнүн улап, хан ордону сактап калган экен. Тагдырдын буйругу менен бүгүн сизге да журт энеси болуу озуйпасы тагылды десем жаңылыштык болбос.
Азыр артка жол жок, талапты катуу коюп, элдин үнүн угуп, сунуш, пикирлерди терең талдап пайдалуу жактарын тезирээк ишке ашырсаңыз, чоңдорго жеп-ичкенге мүмкүнчүлүк бербесеңиз эле өлкө оңолуу жолуна түшөт. Эл аралык мамилени эч кимден үйрөнбөйсүз, антсе да коңшулар менен тең ата болуп сүйлөшүп турганыңызды көргүбүз келет. Өлкөбүздө мурунку бийликтерге булганбаган таза, билимдүү, иштерман жигиттер көп, ошолорго таянсаңыз жакшы болор эле. Эми инилер, акырында айтаарым, бул күндөр да өтөт, алдында али далай ашуу бар. Ошондуктан ынтымакта иштегиле, Роза эжеңердин колуна кол, бутуна бут болуп, Бакайдай карыңар, Топчукенин, Омокенин кеп-кеңешин угуп, кылчактабай, жалтактабай качыргыла. Эрге дөөлөт бир келет, бир кетет. Алты ай деген мөөнөттү өзүңөр чектеп алдыңар, мындан ары төрт ай калды, чамдабасаңар убакыт күтпөйт. Силерди Манас атанын арбагы колдосун! Ишиңерге ийгилик каалап жаман агаңар
Соотбек Токтогазиев, Талас шаары




  Эркингүл Иманкожоева,

Убактылуу өкмөттүн идеология иштери
жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы:
"Бизде "Менин мекеним - Кыргызстан" деген негизги идеология болуш керек!"
- Эркингүл Бекбачаевна, аталган бөлүм тууралуу айтып кетсеңиз?
- Убактылуу Өкмөттүн идеология иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмү жаңыдан түзүлүп, иш алып бара баштаганына жарым айга чукулдап калды. Биздин негизги максатыбыз - мамлекеттин бирдиктүү улутттук идеологиясын таап, аны жалпы элге жеткирүү, ишке ашыруу жана Убактылуу Өкмөт менен элдин ортосундагы тыгыз байланышты камсыз кылуу болуп саналат. Ошондой эле биз апрель жана май айларындагы башаламандыктардан жабыркагандар менен иш алып барган улуттук комиссиянын ишин дагы өзүбүзгө алдык.
- Кечиресиз, 20 жылдан бери эле идеология деп кан-какшап, бирок иш жүзүндө эч нерсе жасай албадык. Килейген мамлекеттик катчы деген орунга отуруп, идеолог болобуз дегендер, ар кайсы жыйын, той-аштарга барып лента кесип, сый тамакка тойгондон башкага жарабады...
- Чындыгында, буга чейин ошондой эле болду. Идеология деген "Манаста" деп, андан жети гана осуятты сууруп чыгып, элге сиңиргенге аракет кылышты. Натыйжасы болгон жок. Туура, биздин башатыбыз, биздин идеологиябыз Манаста жатат. Манасты кан-жаныбызга сиңирсек, анда биз баарыбыз мекенчил болуп, Манас атанын рухунан, духунан коркуп, эл үчүн башты сайып иштээр элек. Бирок Манастагы бир эле бакырайган осуятты-ынтымакты кармай алган жокпуз. Эл башындагылар ошол элдин ынтымагын камсыздай албай коюшту. Менимче, элге саясий маселелерди саймедиреп, оппозиция, позиция, карапайым анан элита деген сыяктуу бөлүп жарууларды токтотуп, баарыбыз бир элбиз, баарыбыз бирдейбиз, баарыбыз мыйзам алдында да, Теңир алдында да бир укукта жана бир милдеттебиз деген жалпылыкты орнотушса, мындай окуялар болбойт эле, мамлекет кыйналбайт эле. Экинчи жагынан алганда, Манастын осуятын элге жеткирүүдөн мурун, биринчи Кыргызстандын элине кыргыз тилин жалпылап сиңирип, кыргыз тили кадыр-барктуу тилге айланып, көп улуттуу элибиз кыргыз тилин күнүмдүк тилге айландырганда Манасты окумак, түшүнмөк. Аны менен маданиятты көтөрүү зарыл болчу. "Манас, Манас" деп кыйкырганыбыз менен манасчыларды баалабасак, манасчыларбыз ачка жүрсө, жөө жүрсө кантип осуятын бекем сактайбыз.
Идеологиянын дагы бир аксаганы - Кыргызстандын эли, жарандары мамлекетти жүрөгү менен сүйүшкөн жок. "Менин Кыргызстаным", "Мен мамлекетке жардам берем", "Кыргызстанымдын келечегине кам көрөм" деген ураан көкүрөктө жашабай, эптеп эле чет өлкөгө чыгып, комфорт жашоону каалап туруп алдык. Мунун баары атуулдук парзыбызды аткаруудан баш тарткандык болуп калаары чындык. Бир жагынан алганда жарандардын минтип келечегин бүдөмүк көрүүсүнө улуттун, мамлекеттин келечеги үчүн эмес, өз кызыкчылыктары үчүн иштеген бийликтегилер да күнөөлүү.
- Эми сиздер ишти кайсындан баштаганы турасыздар?
- Биз биринчи кезекте, өлкөбүздөгү ар бир жаран "Менин мекеним - Кыргызстан" деген ураан алдында жашап, ар бир жаран, улутуна, динине, тилине карабай мекенчилдик сезим менен жашашына багыт алабыз. Ал үчүн атайын улуттук программалар иштелип чыгып, элдер менен тыгыз иш-аракеттерди жасайбыз. "Сен Кыргызстандын жаранысыңбы, ушул жерде туулуп-өстүң беле, демек, Кыргызстан үчүн иштөөгө, Кыргызстанды коргоого жана өнүктүрүүгө милдеттүүсүң! Сен Кыргызстандык кыргызсың, сен Кыргызстандык корей же оруссуң, сен Кыргызстандык өзбексиң же дунгансың, демек, силер Кыргызстандын элисиңер. Андыктан баарыбыз Кыргызстан үчүн!" - деген ураан алдында бардык улуттардын башын бириктирип, улуттар аралык ынтымакты Кыргызстан деген сөздүн алдында бириктирүүгө тийишпиз.
Экинчи жагынан "Баарыбыз бирдей укуктабыз" деген сезимди элге сиңиришибиз керек. Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерби, дыйканбы, койчубу же жеке ишкерби бардыгы тең укуктарынын бирдейлигин сезип, алдуусу алсызына, акчалуусу акчасы жокторго күч көрсөтүп, чоңсунуп, кыйынсынып туруусун жок кылышыбыз керек. Коомдо мыйзам үстөмдүк жасап, "Менин мыйзамым - менин тумарым, менин коргоочум" деген ой ар бир атуулдун жүрөгүндө жашаш керек.
Мындан тышкары, ошол эле Кыргызстандын жерин, кен-байлыктарын, жаратылыш ар бир жаран тарабынан корголушуна, жеке менчиктин кол тийгис болушуна ар бир жарандын ишенимин жаратуу демилгелери бар. Албетте, биз бул иштердин баарын, тээтиги алыскы айылдардагы карапайым элдерден эмес, ушул бийлик бутактарынын өкүлдөрүнөн баштап, баштан аяк кетишибиз керек. Анткени мыйзам кайда бузулуп жатат, мекенчилдик сезим кимдерде пас болуп келди, албетте, борбордун элинде, интеллигенция өкүлдөрүндө, бийликтеги, жогорку кызматтагы адамдарда. Муну биз жашырбай ачык айтып, "Сизге караганда айылдагы карапайым, өзүн-өзү камсыздаган адамдар беш эсе мекенчил, улутчул, жана мыйзамды сыйлайт. Уялбайсызбы?!" деп коңгуроо кагып турушубуз керек.
- Жабыркаган адамдардын жакындарына жардам көрсөтүү боюнча эмне иштер аткарылды?
- Бул боюнча көп иштер алып барылып жатат. Бирок айрым адамдар айыл жеринде болгондуктан, толук маалымат жетпей жатышы да мүмкүн. Ошондуктан айтып кетейин, мына быйылкы окуу жылына карата 200 бюджеттик орун апрель, май окуяларынан жапа чеккендердин жакындарына, уул-кыздары менен бир туугандарына же өзүлөрү болобу Билим берүү министрлиги тарабынан бөлүнүп берилди. Мындан тышкары, ошондой эле орун жапа чеккендердин мектеп жашындагы уул-кыздарына Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жолдомо берилип жатат. Ошондой эле техникумдар боюнча да азыр орундарды карап, жок дегенде 50 пайыз төлөмүн мамлекет өз мойнуна алган орундарды карап жатабыз. Андан тышкары, мына Жал кичирайонунда жеке ишкер Жумабек Токтогазиев өз менчигинен бөлүп берген жерге мэрия тарабынан 126 квартиралуу үй курулушу башталды. Азыр курулушка 2 миллион сом бөлүнүп, буюрса, 1-декабрда ишке берүүгө убада кылышты. Жапа чеккендерге жардам боюнча (0 312) 96 02 71, (0 312) 62 53 46 байланыш телефондоруна кайрылса болот.
Маектешкен
Тынчтык Алтымышев