Түндүк кимдики?
Түштүктөгү мындай кагылышуу качандыр бир убакта болору кийинки учурда жашырын деле болбой калган. Куу жыгачтын жалбырттап күйүшүнө бир тал ширенке кандай керек болсо, буга дагы кандайдыр бир себеп керек эле. Эми ошол оттун алоолоп кетишине бакиевчилердин жасаган иштери чоң түрткү болду.

Ошол Ош менен Жалал-Абадда болуп өткөн кандуу кагылышууга эң алгач, кыргыздын өзүнүн күнөөсү тоодой деп эсептеймин. Эмне үчүн дегенде, биз өз жерибизге өзүбүз ээ боло албайбыз. Кыргыз мамлекети дегенибиз менен, мамлекет экендигибизди кадам сайын эске салып туруучу символдор, атрибуттар жок. Ош менен Жалал-Абадга барсаң, өзүңдү Өзбекстандын бир шаарында жүргөндөй сезесиң. Анткени каңкылдаган музыкасына кошумча жарнама, кафе, ресторан, ашканалардын аттары бардык жерде өзбекче жазылган. Кыргызча музыка укпайсың, чочугансып эле кээ бир жерлерден бирин-серин кыргызча аталыштарды көрбөсөң. Муну Кыргыз мамлекетинин Конституциясына каршы келет деп табууга болобу? Болот!
Бийликтегилерден эч кимиси муну көрбөйт же көрмөксөн. Эч ким бул маселеге маани бербейт. Ушунун өзү эле, "ме алгыла биздин жерди, каалагандай пайдалангыла" дегендикти билдирип турбайбы.
Мамлекеттин уюткусу болгон, титулдук улут экендигибизди сездире турган эч бир өзгөчөлүгүбүз, касиетибиз көрүнбөйт. Эсирип кеткен айрым эси жокторду кимибиз болбосун, бийликпи же башкабы, эсине келтирип коё албайбыз. Ушундайыбызды билип алып өзбектер кутуруп, көз көрүнөө эле кыргызды мазактап, киши ордуна көрбөй калбады беле. Өткөндө "Азаттыктан" Кадыржан Батыров: "Эмне эле кыргыз, кыргыз дей беребиз? Кыргыздан башка эл жок бекен?" - деп сүйлөп жатат. Бул эмне, Конституцияга каршы келбейби? Кыргызстандан байып, бийлик менен тең ата болуп алып, түштүктүн басымдуу көпчүлүгү "өзбектерге автономия бергиле" деп кыйкырып жүрөт. Бул мамлекеттин бүтүндүүлүгүнө каршы жасалган аракет, чакырык эмеспи? Союз учурунда КГБ деген мындайды түйүлдүгүндө жок кылчу эле. Бизде эмне кааласаң ошону жаса. Тим эле жыргал. УККнын кылган иши эмне? Кантип анан биз мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылабыз?
Өзбекстанда берилип жаткан расмий маалыматтарга караганда 250 миңдей кыргыз бар, ал эми чындыгында 800 миңден ашат дешет. Ал жерде кыргыз ушинтип сүйлөй алабы? Жок, эч качан. Автономия сурай албайт, бийликке каяша айталбайт, анткени ал жерде бийлик деген бийликтей, өзбектердин мамлекети деп коет ал жерди. Министрди айтпай эле коелу, бригадир болуп иштеген кыргыз бар бекен ал жакта?
Кечээки окуяда өзбектер мурдатан тымызын даярданып алышып, курал-жарагын камдап, шайма-шай болгондон кийин гана карасанатай иштерин башташты го. Бул жерде дагы УКК уктап жатты. Жатаканадагы кыздарыбызды мазакташып, жасаган абийирсиз иштерин эмне үчүн ачыкка чыгарып, тиешелүү органдар айтпайт? Баягы эле "чыр чыгып кетпесин, кой, акырын", деген сөздөр. Эми эмнеси калды, чыр чыкпаган? Эмне өзбектер айтса жарашат, кыргызга айтса болбойбу? Азыр алар Кыргызстанда өзбектерге каршы геноцид жүрүп жатат деп тээ эл аралык уюмдарга чейин коңгуроо кагып жатышпайбы. Биз болсо отурабыз, дагы эле унчукпай. Автомат менен снайпер кимде, өзбекте. Ал гана эмес, КАМАЗды темир такталар менен жабдуулап, пулемет орнотуп алгандары азыр ачыкка чыгып жатпайбы. Кыргызда эмне бар? Курал деген жок. Кырылганына карабай, көктүккө салып, коргонуп жатты го, байкуш кыргыз. Эми болсо, дүйнөлүк коомчулуктун көзүнө кыргызды жапайы, маданияты төмөн эл катары, ал эми өзүлөрүн ошол жапайылардан запкы жеген эл катары көрсөтүп жатат го? Байкасаңар, чет өлкөлүк кабарчылардын, журналисттердин көзүнчө бечара болуп, ыйлап-сыктап калышат, ал эми жергиликтүү кабарчыларга кыр көрсөткөн маанайда сүйлөп жатышпайбы.
Атамзамандан өзбек кыргызды алдап келген. Мында деле алдап коет. Же туура эмес айтып жатамбы? Өзгөндөгү мындан жыйырма жыл мурда болуп өткөн окуяда деле кыргыздар акырында күнөөлүү болуп, Союздан киргизилген аскерлер офицерлери менен баш болуп, кыргыздардын артынан түшүп, терип атпады беле. Көзүңдү көрүп башканы, артыңдан башканы айтат. Акча ошолордо, көз көрүнөө сатып алат. Орусиядан аскердин кирбегени жакшы болду. Аны өзбектер дароо сатып ала коймок дагы, кыргыз кырылып, анын үстүнө бардыгына күнөөлүү болуп чыкмак. Четтен келгендерге баары бир, ким күнөөлүү, иши кылып тынчытса болду да. Биздин жетекчилерибиз ал жагын ойлонгон жок көрүнөт. Өзүбегиң ошентип отуруп, акыры Ош менен Жалал-Абадды алып койбосо болду.
Биздин улуттук сыймыгыбыз, намысыбыз жоголуп, бечаралык каныбызга сиңген, тээ союз мезгилинде эле элеңдеп, башкалар эмне дейт деп корунуп турчубуз, айылдыктарды айтпай эле коёюн, жетекчилерибиз деле ошондой маанайда, коркуп-үркүп, бөжөңдөп турчу. Компартиянын саясатын өмөчөктөп ишке ашырып турчу, биздин чоңдор. Элинин рухий тагдырын, духун көтөрүүнү ойлошкон эмес алар.
Болбосо ошол эле учурда Балтика жээгиндеги Грузия, Азербайжан, жаныбыздагы эле Өзбекстан республикаларында улуттук сыймык өз деңгээлинде эмес беле? Ташкендин көчөсүндөбү, автобус-троллейбусундабы өзбектин тилинен башка тил колдонулчу беле?
Ал эми биздечи? Айылдан келгендер корунуп, "бараны вонючие" деген атка конуп, Фрунзеден батир издеп, орус кемпирлерден кагуу жеп эле жүрчү эмес белек.
Эми азыр эркиндикти алып, көз карандысыз болдук деп коебуз. Кана эркиндигиң? Баягыдай эле башка элдин тебелендисинде жүрбөйбүзбү? Бишкек деп борборубузду атап койдук эле, эмне, ошондо эле кыргыз болуп калдыкпы?
Жогоруда айтылган түштүктүн шаарларындай эле борбордун көчөлөрүндө эмне деген түркүн көрнөк-жарнактар, мекеме-ишканалардын аталыштары илинип турат. Ошонун ичинде кыргызчасы барбы? Жок. Эгер болсо дагы, ал орусчадан которулганы. Анысы дагы туура эмес, кыргыздын тилин келеке кылган, тантык котормосу. Кытайдын иероглифтери, англисчесин айтпай эле коелу, толтура. Анысы аз келгенсип, борбордук көчөлөрдүн биринин эле ортосунда "Хальт!" деген жазуусу бар жол белгисин орнотуп алышыптыр! Немисчеси эле жетишпей жаткан... Көзгө илинерлик кыргызча жазуу болбосо, анан кантип аны кыргыз мамлекетинин борбору деп атайбыз. Теледен сүйлөгөн дикторлордун, алып баруучулардын тили кыска, маданий жана билим көрөңгөсү тайкы, берилген тексттерди, кулактандырууларды окусаң, бир катанын үстүнө экинчиси минип, дагы бир катасы менен камчыланып жүрөт.
Ушундайбыздан башка улуттар биз менен эсептешпей, каакы ордуна көрбөстөн музыкасын каңкылдатып, телесин иштетип, автономия бергиле, конституцияңарды биздин тилге которгула деп жатат да. Айрым бийликтин башындагылар дагы макул болуп коет экен ошого. Бул кебетебиз менен жүрсөк мамлекет эмес, улут катары дагы жок болуп кетишибиз ыктымал.
Баары менен эле боордошпуз, бир тууганбыз дейбиз. Ошентип, биз айтабыз, анткени кыргыздын менталитети ошондой. Баарын эле тууган катары көрөбүз. Башкалар ошентеби? Э кокуй, тили башканын дили башка, ушуну качан түшүнөбүз? Ошон үчүн дүйнө эли улут болуп бөлүнөт. Түндүгү башканын түйшүгү башка. Ар ким өз оокатын кылат. Өзүнүн ээлигин өлсө өлөт, бирок башкага бербейт. Бизге эмне жакшылык кылат алар? Берсе гумжардам берер, андан башка эчтеке кылбайт. Ошон үчүн өз оокатыбызга тың болуп, өз жерибизге, суубузга, кен байлыктарыбызга өзүбүз ээлик кылып, биз дагы уюткулуу улут, суверендүү мамлекет экендигибизди дүйнө элине, эң алгач кошуналарбызга сездиришибиз керек.
Келген президент сөрөйлөрдүн бардыгы эле бийликтин кумарына мас болуп, көр оокат жыйнап жатып, анан элдин каарынан коркуп безип жоголгонду өнөкөт кылып алды.
Кыргыздын бактысына чыныгы мекенчил, кыргыз деп күйгөн эл башы чыгаар бекен? Убактылуу Өкмөтүбүз деле ызы-чуусу көп болуп, өйдө-төмөн болуп жатат окшойт. Бирок "көч бара-бара түзөлөт" деп элибиз айткандай, референдумду өткөзүп алсак, жаңы бийлик орунтукташса, эң алгач ушул кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, улуттук сыймыкты, ар - намысты көтөрүүгө багытталган чыныгы революциялык, түп - тамыры менен жаңы иштерди баштап, элдин, айрыкча жаш муундун атуулдук сезимин ойготуп, кыргыз журтунун түндүгүн бийик көтөрүп, башка улуттун өкүлдөрү сезгендей, ыйбаа кылгандай саясат жүргүзө алар бекен?
Бексару Түмөнбаев,
Бишкек шаары




Мухамеджановду ак дешет го
"Форум" газетасынын №35 11-июнь, 2010-жылдагы санында "Генпрокуратура менен ички иштер министрлигине кулак кагыш" аттуу билдирүүсүндө "Чыгышэлектро" ишканасынын мурунку Генералдык деректири Мухамеджанов Рыскул Камаловичтин үй-бүлөсүнүн атына шек келтирүү максатында туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн. Мындай маалыматтарды берген "чагымчылар" ондогон жылдар бою ар кайсы мисалдарды көрсөтүү менен "Чыгышэлектро" ишканасын түрдүү текшерүүлөрдөн өткөздүрүп келе жатышат.
Биз, билдирүүдө айтылган "ак дил электриктер жана кызматкерлер", ушул ишканада 33 жыл эмгектенген, жөн гана эмгектенбестен ишкананы алдыңкы орундарга жеткизип, быйылкы жылы 39млн. кирешеге алып келген эмгегин баалап, бул адамдын аброюна шек келтирүүгө жол бербестигибизди билдиребиз. Ооба, "Ак-Суу" курортунун аймагында жайгашкан 8 ванналык жылуу суу эс алуу жайы мыйзам чегинде менчиктештирүүгө берилген. 2006-жылкы облпрокуратура тарабынан болгон тешкерүүдө ремонтко жумшалган 108 130 сом компаниянын казынасына кириштелип берилген. Ошондой эле компаниянын жетекчилигине өкүл баласы Турдубаевди койдуруу тууралуу "Энергетика" министри Артыкбаевге кеңеш бермек түгүл өзү жумушсуз олтурат. Ушул жылдын март айында "акылдуу энергетиктер" "чыгышэлектрону" менчиктештирүүнүн жогорку чегине жеткенде мындай "акылдуу энергетиктер" менен иштеше албастыгын билдирип, өз каалоосу менен жумуштан кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми Рыскул Камаловичтин жолдошу Жумабекова Акылай Каракол РЭСинде бухгалтерлик жумуштан кеткенине 5 жыл болду. Каракол шаардык кеңешинин депутаты. Ооба, "Ак Жол" партиясынын Каракол шаары боюнча биринчи катчысы болгондугу анык, бирок бул эжени партиянын лидери катары элине жакшылык тилеп, чындыкка тике караган көп балалуу "баатыр эне" катары гана сезебиз. Урматтуу окурман, жалпы эле кыргыз элим! Келгиле ынтымакта жашайлы. Көрө албастык жакшылыкка алып келбейт! Баары бүтүп, эми энергетиктерди өз ара чагыштырууга жол бербейли.
Гүлмира Асаналиева,
Койсун Берикбаева,
Каракол шаары

РЕДАКЦИЯДАН: Биз экинчи тарапка да сөз бердик. Бирок алардын сөзүндө аталган профилакторий канча сомдук эле жана канча сомго менчиктештирилгени айтылбаптыр.




Өткөөл мезгилдин Президенти Роза Исаковна Отунбаевага
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!
Биз Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" заводунда иштечүбүз. Революциядан кийин завод иштебей калды. Мына эки ай өттү, андан мурун да төрт айдын айлыгын алган эмеспиз. Азыркы күндө абалыбыз өтө оор. Балдарыбыз мектепти бүтүп, жогорку окуу жайларга тапшырышы керек. Иштейли десек иш жок. Заводдон чыгып кетели десек, иш болуп калабы деген үмүт менен жүрөбүз. Чоңдорубуз Бишкекке барып эч нерсе чече алышпады. "Горячяя линияга" телефон чалдык, натыйжа жок. Жогоруда айтылган маселени чечип берет деп ишенген
"Кристалл" заводунун 300дөй жумушчулары.