Сандан-санга

Кандуу жылдар
Кеңири жашайт, анысы жакшы дечи, анан ага топук кылбай дүнүйөгө жетеленип калабы деп корком. Дүнүйө-пулуң бир жабышып алса, кайдан кутулдуң?.. Жакшылык беттеген жолу жок болот эмеспи аныңдын. Токенимдин акча тутамдап жүргөнүн көргөн сайын жүрөгүм мыкчылат, балам. Сени да байкадым балам, жигиттигиң бар экен, топуктуу да экенсиң. Токен жакшы досум десең, көз боло жүр. Айта жүр акылың болсо. Кээде аганын сөзүнөн досунун сөзү өтүмдүү болот. Ушул сөзүмдү эстей жүр, балам. Дүнүйө топтогондорду тоногондор да көп чыкты, өлтүрүп да кетишет экен, бала-чакасын да уурдашат экен... Жүзү курусун!
***
Дал ошол Макан менен Байкел аксакал кымыз ичип сүйлөшүп отурганда Токендин колуна кишен салынып, бир учу батареяга бекитилип полдо отурган. Бети көк шишик, денесинин кайсы жери соо, кайсы жери соо эмес, биле албайт...
Токендин чет элден ташыткан тамак-ашы бул жерде өтүмдүү болуп, күндөн-күнгө көлөмү көбөйүп, кирешеси артып жаткан. Шаардын борборундагы илгерки бир жоюлуп кеткен мекеменин эски имаратын сатып алып, аны мыкты усталарга оңдотуп-түзөткөн. Кооз жасалгаланып, кимди да болбосун көңүлүн бурдурбай койбойт. Фирмада жыйырмадай аял-эркек иштейт, жакшы табышат. Орношо албай тааныштан тааныш салып жүргөндөр канча дейсиң. Кыскарта чапса, фирманын аты чыгып гүлдөп турган...
Бир күнү Токен түшкү тамакка жөнөмөк болуп машинесине келип эшигин ачары менен жакадан жулка тартылып, арткы отургучка күм-жам бүк түштү. Баштан ныгыра басылып, буттар алдында калгандай болду. Машине жөнөп берди. Аз өтпөй үч-төрт жигит Токенди бир бөлмөгө алып келип оң колуна кишендин бир учун салып, экинчи учун батареяга илип кеп-сөзгө келбей тепкилеп киришти. Далайда барып токтошту алар. Анан чыгып кетишти. Токен жарым саатта барып эсине араң келди. Жанчып салышкан экен...
***
Базарком Кубанычбек Сапаевичке болгон окуяны айтып, сууга түшкөн чычкандай шөмтүрөп отуруп берди. Шефинин дүйнөсү куурулуп, сиркеси суу көтөрбөй турган. Маңдайында жазылган гезитти тиктейт. Өзү жөнүндө олчойгон макала чыгып, эмнелерди жеп-ичкенин чогуу жүргөндөй жазыптыр. Кудайдан коркпогон журналисттер иштеген ал гезитти мурун эле жаман көрчү, эми өрттөп жибергиси бар. Сотко берсе былыгы ого бетер чукулат, жазган немесин жайлатып салса, ал шүмшүктөрдүн экинчиси чыгат, бу да туура эмес жол. Макала аз келгенсип, эми рэкет деген немесинин чыкканын карабайсыңбы! Ушуларды ойлоп калчаган болуп Базаркомго:
- Бар, кете бер. Жанагылардын айтканына көнүп тур, - деп орой бурк этти да, өзүнчө сүйлөнүп койду, - азырынча ошенте туралы...
Ошондон жума өтпөй Базарком алгачкы долларларды кымгуут көчөлөрдүн биринен баягы жигиттердин бирине карматты, бу шүмшүктөрүң сомуңду албайт экен. А кезде ал шүмшүктөрдүн да чатагы күчөп турган. Баягы Базаркомго келип соодасын сурап, крыша болобуз деген жигитти Базарком анабашы деп ойлойт. Бирок андай эмес болчу, ал анабашынын тың жигиттеринин бири эле. Анабашы болсо бир чоң фирманын барандай президенти болуп, ар түрдүү салтанаттарда төрдө отуруп, Ак үйгө чейинки жыйындарга катышчу. Ошол Ак үйдөгү бир белдүү кызматкердин кыйбас адамы болуп, анын жардамын көрчү, капчык толо долларды анын колуна карматып турчу. Анын фирмасына караган бу шаарда да, башка шаарларда да майда фирмалары бар. Алардын жетекчилери өзү айлап-жылдап кураган шылуун жигиттери, өлтүр десе да, өл десе да "эмнеге?" деген суроосу жок аткарчылардан эле. Тээ ишинин башында ошол тобу менен мен деген бизнесмендерди биртоп соруп-соолутуп, рэкетчилик кылып, кийин акча батпай баратканда ушул фирмасын ачып, эми арам акчалары адалданып жүгүртүлүп жаткан. Жигиттери болсо анабашынын шилтөөсү менен майлуу жерлерге ортоктош болуп турчу. Жанагы "Бардар" базарынан өндүрө баштаган жигиттер бир бригадасы, тыңдарынын бири. Кызыгы, анабашыны топбашчылары эле билет, катардагы камчы болчу, балта болуп чабылчу жигиттер тааныбайт да, билбейт да. Анабашы отурган фирмада алты жигит ар кызмат аткарган болот, бу сыртынан караганда, ал эми алардын негизги милдети анабашынын эң маанилүү, коркунучтуу тапшырмаларын аткарат, эпке келбеген бизнесмендер кырсыкка кабылат, жок болуп "дайынсыз" деп милийсанын тизмесине катталат, ар-ар топторундагы жигиттери күнөө кылса, милдетин так аткара албаса, же моюн толгогон кенедей аракети болсо, бу алты жигити дароо эсебин табат. Далай дайынсыз шейит болгондордун ээси ушулар. Анабашы килейген фирма башкара электе куулук-шумдугуна дене күчү келишкен беш жигиттин башы болчу. Өзү менен алтоо болуп, кылбаганды кылышпадыбы. Баары бирден-экиден түрмөгө түшкөн болуп келишкен. Канча жылга кессе да, жыл айланбай чыгып келгендерине таң калбай көр! Көрсө, таң калышыңдын деле кажети жок көрүнбөйбү, акча баарын чечип коет тура. Бу жарык дүйнөдө акчанын кудурети Алланын кудуретинен ашып түшпөсө, алды кемибеси бар экен. Асманга чыгарган да акча, жерге киргизген да акча. Башкасын кой, атасын өлтүртүп, энесин саттырган да акча. Ошондой балакет!
Анабашыны Ром дешет. бала кезинде "Сырдуу арал" деген китепти окуп, ал аябай жагып, көп кайталап окуган. Ошондо бир каракчынын: "Өлүктүн сандыгында он беш адам, ой-хой-хой бир бөтөлкө ром" деген ыры эсине бекем орноп, кези келсе да, келбесе да ырдап кайталай берчү.





Айлакер
Айым
"Аялдын амалы кырк эшекке жүк" дейт кыргыздар. Анын сыңары, азыркы заманда айлакер айымдар каалаган эркегин торго түшүрүп, керек болсо ыйык эсептелген үй - бүлөлүк очогун бузуп, өз жыргалы, өз бактысы, айтор, өзү үчүн күрөшкөндөр жок эмес. Ал тургай, модага айланды. Айлакер айымдардын кылтагына биздин заманда жашап жаткан бизнесмен, министр, депутат ж.б. мырзалар түшүп, тагдырдын миң түркүн сыноосуна тушугуп, бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде кумардын туу чокусун багынтып, айтор, турмуш дөңгөлөгү чимирик. Мен дагы мына ушундай тагдырдын жазмышына моюн сунган бир кезде райондук аппаратта иштеп, анан депутат, анан министр, анан ... болуп тагдыр тегирменинде айланган мырзанын, эң негизгиси, ашкан айлакер, сулуу, бирок аягы суюк Заринанын турмуш-тагдырына саресеп салмакчымын. Бирге үңүлөлү... Кызыктар али алдыда...

- Зариночкам, менин Заринам. Дагы айтам, акылдан адаштырдың го мени. Ыйлабачы, сен ыйлагыча мен ыйлайын.
- Кой, антпеңиз, чоң киши болгондо да сиздин ыйлап атканыңыз жарашпайт. Өзүм эле ыйлап турайын, анын үстүнө агам да өзүмдүкү. Просто, ичим куйкаланып атат, кенедейден жетелешип, бир үйдө чоңойгонбуз да. Өлө ыйладым, мамам, папам күйүткө батып калышты. Анан мен да алаксыйын деп сизди эстеп, сизге телефон чалдым.
- Сенин телефон чалганыңан, үнүңдү укканда 20 жылга жашара түшпөдүмбү. Эми эмне кылалы, курсакты кампайткан соң экөөбүздүн үйүбүзгө баралыбы?
- Мммм, барса баралы, бирок, ар дайым эле мейманканалап жүргөнүбүз жаккан жок. Кимдир бирөөлөр таанып калып ата-энеме жеткирсе алар менин тирсегимен илет. Ошол үчүн үй болсо жакшы болмок, жашаган үйүңүздөн бөлөк үй жокпу? Ачкычы экөөбүздө болуп дайым жашыруун жолугушуп турмакпыз.
Эркек ар дайым кумар алдында алсыз дегени чын бейм. Кыздын наздуу кылыгына башын ийе, эрдемсий түштү. Өтө бардар, колу ачык, берешен көрүнгүсү келди, ал иши менен кызга ого бетер жагууну ойлоп, дардалактап кетти. Непадам аялы алдында турса ушу ишке барат беле жок беле ким билсин?
- Жаным десе, мейманканага баргандан уялып атсаң мен сага эртең эле үй алып берем. Бүгүн айла жок, баягы мейманканабызга бара берели, а эртең үйлүү болосуң.
Зарина ичинен жым дей түшсө да сыр билдирбеди, калп эле кара күчкө жылмая: "ой, мага үйдүн кереги не, үйүм бар, атам да үй алып койгон, аны күйөөгө тийгенде белек кылат" - деп койду.
- Койчу, күйөөнү айтып жүрөгүмдү оорутпачы. Мен сени өмүр бою алаканыма салып ардактап, эркелетип, сүйүп, сыйлагым келет. Эми үй бул кичкинтай белек болсун.
- А мейли өзүңүз билиңиз...
Албетте, Сапар үчүн бир бөлмө үй кеп беле. Өзү баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгында иштесе, бизнеси жолго коюлган. Кааласа Заринадан да жаш кыздарды чекеге черте тандап, чардап, шапар тепсе да жарашат.
Бу маалда Анталияга аялы менен келген Канат Темирбекович Бишкекти, Заринаны ойлоп, санаасы санга бөлүндү. Сагынганын айт. Канчалык Салыйкага жылуу-жумшак мамиле жасап, көзүнүн агы менен тең айланса да, жан-дүйнөсү жибибей, тоңгон бойдон туруп алды. Өмүр бою кол кармаша тагдыр кечирген жубайы чоочун, жат болуп, ал ансайын Заринага болгон эңсөөсү, кумары, сагынычы ашып-ташып алты айласы кеткенин айт. Аялы менен жетелешип дүкөн кыдырган сайын Заринанын келбетине ылайык кийимдерди көргөндө көздөрү күйүп, байкабай кармалап да ийип атты. Ошентсе да сыр билгизбей аялын 5-6 сыйра чыштай кийинтти. Экөө ээрчишип мейманканага келген соң, Канат аялына бир нерселерди шылтоолоп, жарым саатка сыртка чыгып келүүнү ойлоп аткан. Күйөөсүнүн кыйпычыктап атканын сезген Салыйка да: "Абышка, мен кыңая жатып эс алайын, сен ары-бери ээн-эркин басып сейилдеп кел. Эркиндикке чык, кечке эле мени ээрчип жүрүп тажасаң керек, анын үстүнө көрөр көзүңдү да сагынгандырсың" деди.
Канат ичинен кымылдай түшсө да аялына таарынгансып: "Койчу эми, канчага чейин какшыктай бересиң, ээн-эркини жок эле бассейнге барып чумкуп келейин, анан жаныңа жатып мен да эс алам" - деп актанды.
Халатын желбегей жамына мейманкананын бассейнине келген Канат Темирбекович дароо эле Заринанын телефон номерин терди. Гудок кеткен менен сүйгөнү телефонун албады. Алгач ага анча маани берген эмес, 5 жолу, 10 жолу чалды, анан жинденгенин айт. Саатты караса көп болсо үч сааттык айырма. Анча деле кеч эмес. "Кайда, ким менен жүрөт? Эмне болуп кетти?" деп сарсанаага батканычы. Кеминде 100 жолу чалды окшойт. Заринасы телефон көтөргөнгө да жарабады. Ачуусун шакардай кайната бассейнге бир чумкуду, караса чала берип телефондун батареясы да түгөнүптүр. Кызганычы башына тепкен бойдон номерине жөнөдү.
Зарина болсо бейкапар кумардын туу чокусуна батып, Сапардын кучагында туйлап жаткан эле. Телефонун "без звукага" коюп, сумкасынын түпкүрүнө каткан. Ага азыр тоо жарылып, сел каптап жатса да баары бир эле. Канат Темирбековичин түк да ойлогусу келген эмес...