Чет элдик 7 снайпер кармалды
Ош, Жалал-Абадда элге ок аткан 20дай снайпер Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалды. Алардын ичинен жети көзгө атар чет элдик жарандар экенин 22-июнда УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев журналисттерге билдирди. Бирок алар кайсы өлкөнүн жарандары болгонун ачык айткан жок. Ошондой эле адамдардын коопсуздугун камсыздоо максатында түштүктө жүргүзүлүп жаткан тазалоо иштеринин натыйжасында 42 жардыруучу жана металл заттары бар идиштер табылганын маалымдады. Анын айтымында, 5 киши эки автоунаа менен жардыруучу заттарды алып жүрүшкөн. Алардын жанынан баңгизаттар да табылган. Мындан сырткары, Ош шаарынын комендатурасы берген маалыматка караганда, 23-июнда күч органдары Ош шаарында куралдарды алуу жана издөөдөгү шектүү адамдарды кармоо операцияларын улантып, операция учурунда 19 атуучу куралдар, башына мыктар кагылган таяктар, ок-дарылар алынган.


Референдумду өткөрбөөнү көздөшкөн күчтөр бар
Учурда 27-майда өтүүчү референдумду болтурбай үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар болгон ички-тышкы күчтөр бар экени айтылып келет. Мындай көйгөй тууралуу Убактылуу Өкмөттүн башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев да маалымдады. Алмазбек Атамбаев деструктивдүү күчтөр жалпы элдик добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратып, мындан ары да өлкөдө башаламандыкты уланта берүүсү ыктымалдыгын баса белгилеп, Кыргызстандын элин ар кандай чагымдарга алдырбоого жана референдумга келип добуш берүүгө чакырды. Ошондой эле 27-июнда референдум маалында күчөтүлгөн коопсуздук чарасы көрүлөрүн белгиледи.


Куловдун ырын ырдап…
Курманбек Бакиевден оомат качарда Молдомуса Конгантиев менен Таласка барып элди тынчтандыра коем деп, токмок жеп анча-мынча кадыр-баркына доо кетирип алган Акылбек Жапаров көпкө үйүнөн чыкпай эс алган. Угушубузга караганда, ошондо миллиондогон жашыл акчаларды берип араң кутулуптур. Бир тыйынга чейин эсептеген кыйын экономист, андагы жашыл сөлкөбайлардын күйүтүнө чыдабай, кыйлага бүк түшүп калган. Анан саясий амбициясы уктатпай койду көрүнөт, Аликбек Жекшенкулов баш болгон таасирдүү саясатчылардын тамырын тартып көрмөккө эшигин каккылап чыкты. Бирок эл ишениминдеги саясатчылар Акылбек мырзаны жанына жуутпай, оолак кармап, иттен чыгарып коюшту. Аргасы кеткен Жапаров эч кимден ылаажы болбосун түшүндү окшойт, акыры эбак "дат" баскан Ф.Куловдун этегин кармоого аргасыз болгонун уккан элек. Эми бул ойрон Ф.Куловдун колтугуна баш катып алып, анын эзелки ырын ырдай баштады. Тактап айтканда, Россияга кошулбасак күнүбүз өтпөй калат, эл болуудан калабыз өңдүү сөздөрдү айтып, "АиФ"ге интервью берип жибериптир. Эл тынчтана албай жатканда козуткан сөздөрдү сүйлөп акыл айтпай отурганга Акылбектин акылы жетпей жаткан окшойт. Мындайларга түк сөз жетпейт тура.


www.erkintoo.kgни ачкыла!
Кыргыз тилдүү гезиттерден биринчилерден болуп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити "Эркин Тоонун" интернет-сайты иштей баштады. Эми гезит жете бербеген алыс-жуук чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз, жалпы эле интернет аркылуу маалымат алган жарандарыбыз www.erkintoo.kq интернет баракчасын ачып, аталган гезиттин жаңы сандарын окуй алышат. "Эркин Тоонун" интернет-сайты өз гезитин жайгаштыруу менен эле чектелбей, өзүнчө маалымат булагы катары күнүмдүк жаңылык, аналитикалык материал, интервьюларды үзбөй жарыялап турмакчы. Азырынча жаңыдан гана бетин ачкан өз сайтын Абдувахаб Мониев жетекчилик кылган "Эркин Тоонун" редакциясы бара-бара торолуп, олуттуу маалымат булагына айлантууну көздөп жатат.


Ош шаарында 195 кишинин өлүгү табылган
Бул туурасында Башкы прокуратуранын Ош жана Жалал-Абад областындагы башаламандыктардын фактылары боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча берген маалыматында айтылат. Анда 18-июнга карата бардыгы болуп 195 өлүк дене табылган. Алардын 122си окко учурашкан, 73 адам жараттардан жана күйүктөрдөн каза тапкан.
Ош шаары боюнча 67 кылмыш иши козголуп, 22 адам кармалган. Бүт кылмыш иштер боюнча 84 экспертиза дайындалып, анын ичинде 6 сот-баллистикалык жана 1 жардыруу-техникалык экспертиза. Мындан сырткары, 2 автомат, 1 гранатомет, 1 колго жасалган курал жана 152 ок табылып алынган. Ош областы боюнча 24 кылмыш иши козголуп, 3 автомат, 2 тапанча жана 85 ок алынган. 75 сот экспертизалары дайындалган. Кармалган 8 адамдын ичинен бешөө камалган.


Кадыржан Батыровду чек арадан ким өткөзгөн?..
Улут аралык чагым жасоого ар дайым аракет жасап, ар дайым өзбек улутунун ураанын чакырып, өзбек улутунан турган "Ватан" улутчул партиясын жетектеген Кадыржан Батыровдун Ош, Жалал-Абаддагы кандуу кагылышка түздөн-түз тиешеси бардыгы айтылып, аны кармап жоопко тартууну Жалал-Абаддагы жалпы карапайым калк талап кылышкан. Анда Кадыржан Батыровдой эл арасына от жакканга маш болгон бузукулар кармалып, сот жобуна тартылбаса улут арасына доо кете берери баса белгиленген. Кадыржан Батыров буга чейин эле 14-майда Жалал-Абад шаарында башаламандыкты уюштурду делип шектелип, кылмыш иши козголгонун 20-майда Жалал-Абад облусу боюнча Убактылуу Өкмөттүн атайын өкүлү Исмаил Исаков билдирген. Тилекке каршы, андан бери К.Батыровдун Арсланбапта куралчан кайтаруучулар менен жатканы эчен ирээт айтылганына карабастан, аны кармоого укук коргоо органдары тарабынан эмнегедир чечкиндүү иштер жүргүзүлгөн жок. Бүгүнкү күндө К.Батыров Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенин УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди. Имиштерге караганда, Кадыржан Батыровду Убактылуу Өкмөттөгү бир таасирдүү жетекчи кыргыз-өзбек чек арасына чейин коштоп барып, өткөзүп келген. Төгүн жеринен "ууруну карма деп, ууру жүрөт" деп айтылбаптыр. Анан кантип жарыйбыз.


ЖККУ Кыргызстанга 9 "Ми-8" тик учагын берет
Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму Кыргызстанга жардам берүү боюнча чечим кабыл алганын маалымдады.
Жардам аскерий техникалык жактан көрсөтүлөт. ЖККУ Кыргызстанга "Ми-8" үлгүсүндөгү 9 тик учак, ок өтпөс унааларды жана милиция кызматкерлерине керектүү жабдыктарды бермей болду. Аталган техникалык жардамдар бир жуманын аралыгында келиши мүмкүн. А.Орозовдун маалыматына таянсак, ЖККУ аскердик техникалардан тышкары ок атуучу согуштук курал бербестигин билдирген. Ал эми келе турган 9 тик учак кандай негизде келери жана аларды кийин кайтарып берүү же бербөө маселеси азырынча белгисиз. Бирок Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргызстанга жардам катары берилген тик учактар келсе, аларды биротоло калтыруу жагын сурай турганын баса белгиледи.


Чындыктан өткөн ачуу, бирок улуу нерсе жок!
Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды эл аралык маалымат агенттиктери өзбек улутун жактап, кыргыздарды мыкаачы, жырткыч, катары сүрөттөп, бир тараптуу маалымат таратып жатканы кыргыз коомчулугун тынчсыздандырууда. Өзбек улуту тарабынан жасалган терс көрүнүштөрдүн да жетишерлик экенине карабастан, аларды кыргыздардан кордук көргөн байкуш кылып көрсөтүп, кандуу кагылышка кыргыздарды күнөөкөр кылуу максатында жасалып жаткан маалымат согушуна Убактылуу Өкмөт эмнегедир чара көрө албай жатканы өкүндүрөт. Өз жеринде качкынга айланып, жакындарынан айрылган кыргыздар туурасында маалымат берилбей жатышынын өзү калыстык болбой жатканын айгинелейт. Эгер биз кандуу окуяны убактылуу жайгаруу максатында чындыкты жашырып койсок, чуулгандуу окуяга калыс баа берилбей, натыйжада 90-жылдагы окуядай болуп кыргыздар күнөөлүү болуп чыгат. Анан дагы нааразычылык жаралат. Ошондуктан, чындык канчалык ачуу болсо да, андан өткөн улуу нерсе жоктугун моюнга алып, кандуу кагылыштын чыгышына өзбектердин да түздөн-түз тиешеси бардыгын ачык айтышыбыз зарыл. Кыргыздар "кыңыр иш кырк жылда" - дешет. Андыктан бардык болгон окуя, коркок-билиштик менен эмес, адилеттүүлүк, калыстык аркылуу анализге алынышы керек.