oЧакырык...

Алтынай Сулайманова,
Кыргыз Республикасынын өнөр жай тармагына эмгек сиңирген кызматкер, коомдук ишмер:
Ооруп турат
Ата - Журт!
Урматтуу мекендештер! 7-апрелде Бакиевдердин огунан учуп, шейит кеткен балдарыбыздын ата-энелерине, 10-июндан бери түштүк жергесинде көз жумган уул-кыздарыбыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Азыркы убакта эл арасында 1990-жылдын 4-июнундагы Ош окуясын кайрадан козгоп, эки элдин ортосуна от жаккан айбандар чыгып жатканын көрүп жатпайбызбы. Ал мезгилде мен Ош областтык обком партиясында иштейт элем, ошондуктан Ош окуясынын себептерин жакшы билем. Окуяга байланыштуу эки элдин президенттеринин катышуусу менен Ош кыргыз драмалык театрында 1991-жылы 4-мартта өткөн чоң жыйында Ислам Абдыганиевич Каримов накта эл башчылык кылып, калыстык сүйлөгөн сөздөрү бир гана менин эмес, бүткүл Кыргызстанда жашаган элдин бүгүнкү күндө да эсинде: "Урматтуу өзбек туугандар, мен бул маселени абдан жакшылап изилдетип карап чыктым, жашооңор жакшы экен, арманыңар эмнеде? Четтен келген бузукулардын тилине кирип, чыгарган чыр-чатагыңар Кыргыз мамлекетинин ички өз иши, бул маселени өзүңөрдүн президентиңер А. Акаев чечет. Чек арадан биз тарапка бир адам өтпөсүн, ал жакта силерди күткөн адам жок!",- деп биздин өзбек туугандардын аң- сезимине жеткире айткан акыл-насыяттарынын, журт атасындай акылмандуулук менен жүргүзгөн саясатынын негизинде, ошол мезгилдеги Союздун ичинде чыккан кагылыштардан бир гана Ош жергесинде тез аранын ичинде тынчтык орноп калган эле.
Улуу орус элинин акылмандарынын айткан сөзү бар эмеспи: "Друзья познаются в беде" - деген, көрүп жатпайбызбы, карайлап турган мезгилде, кайсы мамлекеттердин башчылары жардам көрсөтүп жатканын. Баягы эле өзүбүз жакшы көргөн Орусия мамлекетинин жетекчилери Д.В.Медведев, В.В.Путин бизди алар колдосо, аларды Кудай колдосун!
Азыркы мезгилдеги болуп жаткан каргашалуу окуялардын эң түпкү тамырлары кайдан өсүп жетилгенинин себептери эмнеде? Буга кимдер күнөөлүү? Ааламдын акылманы: "Народ достоен своего правителя", - дегендей биз өзүбүз күнөөлүүбүз.
Биринчи себеби: ошол кездеги демократтарыбыздын сунушу менен - "Бизге эски партократтардын кереги жок, жаңы башкаруу системасына өтөбүз"- деп академик Акаевге ишеним көрсөткөн элек. Кыргызстан кичинекей чакан мамлекет, жери кооз, эли чыдамкай, жер суулары кенен, өз элине жетишээрлик кен байлыктары белен, чындыгында Швейцарияга окшогон мамлекетти башкара албай академигибиз качып кетти. "Мен Акаевдин кетирген кемчиликтерин кайталабайм" - деп элдин башын айлантып калп айтып, чуу менен келген Бакиев кан төгүп качты.
Дүйнө элдеринин астында мурдагы эки президентибиз Манастын элинин аброюн түшүрдү. Аларда намыс, абийир, нарк, жигитчилик деген касиеттер, атаганат, жаратылыштан буларга буйрубай калган экен. Эгерде Бакиевдин кичине акылы, намысы болгондо Тейит айылында атасынын үйүндө отурганда, ошол адамдын арбагына шек келтирбей бир ок чыгарып, бул дүйнө менен коштошуп кете бергенде, мүмкүн, азыркы түштүктө болуп жаткан каргашалуу окуялар болбойт беле?
Экинчи себеби: жакшылап тандалбаган мурдагы эл башчыларыбыз, өкмөт жетекчилерибиз, саясатчыларыбыз, жетекчи чиновниктерибиз союздан калган байлыктарды, мамлекетке келген кредиттерди, инвестицияларды талап-тоноп, завод - фабрикаларды, аскердик техникаларды, жер-сууларды, мөңгүлөрдү сатышып, андан түшкөн акчаларды чет элдик эркин зоналарына чыгарып, ал жактан кыймылсыз мүлктөрдү, аралдарды сатып алышып, Кыргыз мамлекетин экономикалык жактан алсыратып, банкротко алып келгендигинде.
Калктын канын соргон ажыдаар Бакиевдерди, эл байлыгын уурдаган карышкыр саясатчыларыбызды, Манас атабыздын, 7- апрелде окко учкан алмончоктой балдарыбыздын, түштүктөгү каргашалуу окуяда өз жеринде зордук-зомбулук менен көз жумган боордошторубуздун арбактары уруп кетсин!
Үчүнчү себеби: Бакиевдин убагында күч органдары, бийликтин бүт бутактары криминалдар, наркобарондор менен чырмалышып калганында болуп жатпайбы. Улуттук бекем саясаттын жоктугунан, Түштүк жергесинде мамлекеттик чек аралар жакшылап каралбай калып, Хиз-Бут-Тахрир уюмдарынын өкүлдөрү жана башка өлкөнүн толуктугуна, биримдигине коркунуч туудурган ар кандай кыймылдардын куралдуу сакалчандарынын толуп кеткенин түштүктө жашаган жарандарыбыз канча жылдан бери эле боздоп, какшап айтып жүргөндөрүнө өз убагында бийлик тараптан чара көрүлбөй келгендигинде.
Төртүнчү себеби: мамлекеттик структураларда, кредит берген банк системаларында, окуу жайларында, ооруканаларда коррупциянын гүлдөй жайнап кеткенине бийликтин жол бергендиги. Пара бермейинче мамлекеттик жогорку кызматтарга бара албастык, жада калса жөнөкөй кызматчы болуп ишке кирүү мүмкүн эмес болуп калган. Ошолордун себебинен акылдуу, билимдүү келечекте мамлекетти башкаруучу уул-кыздарыбыз чет мамлекеттерге кетип калышып, Кыргызстанда жакшы, жаш кадрлардын жетишпей калгандыгында.
Министрдин орун басары болуп иштеп жүргөн мезгилимде, кызматыма байланыштуу көп жылдар бою чет элдик эксперттер менен иштешип калдым. Ошол эксперттер: "Силер мекенчил эмессиңер, өзгөчө чиновник жигиттериңер. Ар бириңер патриот болмоюнча мамлекетиңерди көтөрө албайсыңар" - деп айтышаар эле... Ал көз караш чет элдик байкоочулардын биздин чиновниктерге берген баасы болчу. Ошол сөздөр намыска тийип, мен көп ойлонот элем, азыр ойлосом ал эксперттер көзү ачык, көрөгөч адамдар экен...
Кыргыз элинин уучу куру эмес, акылдуу жаштарыбыз өсүп келе жатканын көрүп жатабыз. Өзгөчө Кыргыз Республикасынын Жаштар министри Алымкулов Алиясбекке окшогон балдарды көрүп жүрөк жылыйт, келечектен үмүт берет. Кудайым ошол жаштарыбызга ыйман берсин, алар мекенчил эмес агаларынын жолун жолдобосун. Ушул балдар өлкөнү башкарган мезгилде Кыргыз мамлекетинин багы ачылаар.
"Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болуп, ошондо мамлекет өнүгүп күчтүү болот. Ата-Журтуң ээлеген жер-сууну, керемет табигаттын байлыгын сакта, ал сенин энчиң эмес, тукумдарыңдын келечекте таянар байлыгы", - деп Кыргыз мамлекетин түптөп, тургузуп кеткен Искак Разаков атабыз бизге мурас катары айткан акыл-насаат сөздөрүн, көздөрүн май баскан башчыларыбыз, саясатчыларыбыз кулактарына илип да койбоду.
Ыраматылык Дооронбек Садырбаев акебиз убагында кыргыз элинин ушундай абалга кетип бара жатканын сезип, "Кайран эл" кор болду деп. Бакиевдин бийлиги менен күрөшүп жүрүп, жөнөкөй элдин маңкуртка айланып бара жатканын, бийлик аларды өйдө-ылдый калчап, кул катары колдонгонун көрүп, чыдабастан жүрөгү жарылып бул дүйнө менен эртелеп коштошуп кете бербеди беле.
Мамлекетти жакшылап башкара албай, өзүнүн күнүмдүк кызыкчылыгы менен күн өткөрүп жүргөн Бакиев, жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү топтоп отуруп бүгүнкү күндө Ата Мекенибиздин толуктугуна, бекемдүүлүгүнө коркунуч туудуруп кете берди.
Урматтуу мекендештер! Келгиле, өспүрүм баладан баштап чоң саясатчыларга чейин, жөнү жок ыплас, ушак сөздөргө ишенбей Убактылуу Өкмөттү колдойлу! Бүгүнкү күндө өлкөдө мамлекеттин башында турган башка саясий күч жок. Ошондуктан бийлик талашкан саясатчыларыбыз сабырдуулук кылгыла, өз кызыкчылыкты токтотуп, Ата - Журтту ойлогула! Тезирээк туруктуу бийликтин орношуна ар бирибиз жарандык милдетибизди абийирибиз менен аткаралы.
Бул биздин башыбызга келген каргашалуу окуялар, кыргыз элине Аллаа Тааладан келген чоң сыноо болду, өзгөчө саясатчыларыбыз үчүн. Көзүбүздү ачалы, таза жолго түшөлү. Акын агабыз Надырбек Алымбеков айткандай: "Ала Тоо бийик болбойт, биз сүйбөсөк!" Өлкөнүн түндүгүн бийик көтөрүп, душмандарга жол бербейли,
"Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн Ата - Журт!"- деген Алыкемдей мырзалар кайда?