oУшундай болгон дешет...

Мурат Мукашев Максимден "Курулуш банк" үчүн 80 миллион сом алганбы?
Атасы президент сөрөй Бакиевдин тушунда зордукчул Максимдин рейдерлик саясаты чегинен ашып кеткени баарыбызга белгилүү. Максимден жабыр тарткан белгилүү бизнесмен-саясатчылар оголе көп. Ошолордун катарында атпай-журтка аттын кашкасындай таанымал, экс-депутат, банкир агабыз Мурат Мукашев да болгон. Тактап айтсак, Мукашев мырзанын эсил кайран СССРден кийин эмгектенип жүрүп "менчиктеп" калган "Курулуш банкын" Максим зордук менен, (коркутуу жана жасалма банкрот кылуу жолу менен) тартып алганы белгилүү. Албетте, бул банктын 100 пайыз акциясы Мукашевдин колунда деп айтууга болбойт. Мукашев мырзанын банкка жумшаган бараандуу эмгеги кайтып, абройлуу банкы өз колуна тийгени турганы жакшы көрүнүш деңизчи. Жакында эле Мукашев мырза жыйын өткөзүп, өзүнүн энчисиндеги банкын Максим мыйзамсыз жол менен тартып алганын дагы бир сыйра тастыктап, жар салган болчу. Ошол эле учурда Мурат мырза, Максим Бакиев өзүнө банк үчүн 80 миллион сом бергенин негедир айткан жок. Ошону менен катар аталган (банкка тиешелүү) көлдөгү "Тулпар" пансионаты берилгендиги да айтылууда. Бирок бул такталбаган маалымат болушу мүмкүн, балким бул пансионат жогоруда аталган сумманын ичинде. Ал эми бул "жашыруун сыр" тууралуу банк системасында көп жылдардан бери иштеп жүргөн, Мукашевди жакындан билишкен банкирлер кеп кылышууда. Алардын бири, учурда "Центркредит" банкынын жетекчиси (Убагында бул мырза Улуттук банктын төрага орун басары болуп бир нече жыл иштеген) Максат Ишенбаев мырза да ушундай пикирде. Мукашев мырзанын (банк темасындагы) Максат мырза менен болгон "Би-Би-Си" үналгысынын дебатына келбей койгону да кызык. Эмне үчүн келбей койгону, кандайдыр бир мандем бар экендигин жаратат. Чынында, эгер Мукашев ошол акчаны алганы чын болсо коомчулукка эчак эле ачык айтышы керек болчу да. Абийир, ар-намыс дегенибиз кайда калган? Өзүн алдаса да, элди алдабашы керек . Эл анын эмгегин кайтарып берип аткандан кийин элден айланса болот.
Банкка көзү тойбогон Максим Кыргызстанда ишкердик кылып жүргөн Фиякони деген итальянец мырзанын (маалыматтарда бул мырза ЦУМдун кожоюну экендиги айтылып келген болчу) "Кыргыз кредит банкын" рейдерлик жол менен тартып алган болчу. Бирок аны кыйнап соодалашкан. Максим Фиякониге банктын наркы деп 100 миллион сом берген экен. Эми ал мырза, Максимдин "АзияУниверсалБанкын" улутташтыруу маселеси карала баштаганда, тиешелүү жерге кайрылып "мен Максим берген 100 миллион сомду кайтарып берем, мага банкты кайра кайтарып бергиле"-деп жатыптыр. Эл сыйлаган Мукашев мырза чет элдик мырзадай болуп неге чындыкты айта албай калды, же 80 миллионду алганы калппы? Калп болсо, чын-төгүнүн тастыктап берер? Биз бул жерде Мукашев мырзаны жаманатты кылалы дегенибиз жок. Тек гана негизги чындыкты тактап коелу дедик. Көптү билген, көптү көргөн Мурат Мукашев муну туура түшүнөөр...
Айбек ШАМШЫКЕЕВ




Шайлоонун шайтан оюндарын башташып...
Учурда өткөрүлө турган так күнү белгилене элек парламенттик шайлоого айрым партиялар аябай "катуу" даярданып баштады. Айылдарды түрө кыдырып, жапырт эле элди партиялаштыруунун камын көрүп жаткандар тууралуу кеп угуп жатабыз. Айталы, Аликенин "Акыйкаты", Темикенин "Ак шумкары", Адакенин "Ата-Журт", Мукенин "Замандаш" сыяктуу партиялары катуу күүлөнүп, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарында эл аралай чаап, партиялык билет таркатып жатканын эшиттик. Укканыбызга караганда, алагүү болгон бир топ айылдык жердештер, чөнтөгүнөн партиялык билетти сууруп чыгып, "Мына менде партбилет бар, сеники кана" сыяктуу бири-бирине мактанчылык кылып жатыптыр. Кызык, тиги Ош, Жалал-Абадда кан суудай агып, аза-кайгысы көөдөнүнө батпай жатса, эл тынччылык, биримдик үчүн кечээ эле референдумга барып, ичинен тиленип отурса, булардын минтип жаткандарына бир аз аша чапкандык эмес бекен дейбиз да. Дагы бир кызыгы, Бишкек шаарынын карагайы деле, жарнамалык щиттеринин бети деле жалаң ошо "Ата-Журт" менен "Ак шумкар" партияларынын кыйыр түрдөгү жарнамаларына толуп баратат. Аны окуган эл партияларга ичи жылымак тургай, "эмитеден шайлоонун шайтан оюндарын башташып" таризинде нааразы болуп жатышканын да айтышууда.

Экс-аким эми кимдин этегин кармайт?
Кочкор районун чеңгээлине мыкчып, мурдагы бийликтин камчысын катуу чапкан, каяша айткан кишиге кара тапанчасын сууруп чыгып, какус-кукус кылып коюудан кайра тартпачудай болгон Курманбек Байтереков деген аким бар болчу. 7-апрелдеги элдин бийликти алышы менен кызматтан куржалак калган. Креслонун кыныгын алган неме жөн калчубу, саясат менен андан ары алпурушууну көздөп, көрүнгөн партиянын эшигин чертип, "кошулууга мүмкүнбү" деп кол куушуруп жүргөнүн уктук. Мейли, кошулса кошулуп, чыкса чыгып деле көрсүн, "эл тараза, эл сынчы" дегендей, эл алдында канча кадыр-баркы калганына чогуу күбө болоорбуз...

Барктабасовдун баштыгы бош калган дейби?
Мекенге кызмат кылам деген "Мекен Туу" партиясынын лидери Урмат Барктабасов тууралуу ар түркүн имиш-имиштер калкып чыгууда. Айталы, кай бирлери Урмат мырза учурдагы Убактылуу Өкмөттө отурган бир партиянын лидери менен көздөн далдаа жерден жолугуп, парламенттик шайлоого бир баруу тууралуу сунуш айткандыгын, тиги тарап сылык баш тартып койгону тууралуу айтышууда. Ошол эле убакта айрым тирикарак жигиттер Урматтын баскан изине чөп салып, иликтешип, анын оозундагы сөзүнөн башка эч нерсеси жоктугун, көпчүлүк элестеткен жашыл акчалары жок, Арабиядан айласы жок келгенин териштирип чыгышкан имиш. Кеп-сөздөргө караганда, тиги жактагы араб шейхтери "аныңар бул жактан банкрот болуп, айласы жок силерге кетти, ар кайсыны айтып кулагыңарга кесме илип кетиши мүмкүн" дегендей ишарат кылышыптыр. Ким билет, балким калптыр. Иши кылып, азыр Урмат мырза өзү жөнүндөгү кептерди унчукпай угуп, Балыкчыда бугуп жаткан кербези...

Байсалов барыптыр...
Чет жерден чабалекейдей тез учуп келип, Убактылуу Өкмөттүн бактылуу мүчөсүнө айлана калып, аз өтпөй кайра партия түзүп, Өкмөттөн кеткен, кеткенде да жөн кетпей, тапанданып, такылдап кеткен Эдил Байсалов деген бар. Кыргызстандагы алдына адам салдырбаган "арызчы". Качан болбосун билдирүү үстүнө билдирүү жазып, сындап, арызданып, алчы-таасынан турганы турган. "Айкөл эл" деген партия ачып, парламенттик шайлоого барам деп турган чагы. Өнөктөштөрү ким экенин айтпай, жарышка жалгыз чыкчудай болуп аткан. Анан акыры "жалгыз дарак токой болбосун" билгенби, же бирөө эскертүү бергенби, башка партиялар менен биригүү аргасын издеп жатыптыр. Каңшаарларга караганда а дегенде эле жаштыгын жарнама кылып, Бабановдун партиясы менен биригүү боюнча жашыруун сунушун жиберген экен. Тигилер, "дагы арыз-марыз кылып жатып, зыяны тийип калабы" дешкенби, ачык жооп айтпай турушат дейт...

Быйыл өлкөбүзгө келген туристтер аз
Өлкөбүздө орун алган тополоң-дордун таасири, Кыргызстанга келчү туристтердин агымын кыйла эле бууду. Мамлекетибизде али толук кандуу туруктуулуктун орной электигине байланыштуу быйыл жайкы сезон жылдагыдан 1 айга кеч башталды. Анткени өмүрлөрүнөн кооптонгон туристтер Кыргызстанга келип эс алуудан азыр да чочулап турушат. Башкасын айтпаганда да Ысык-Көлдөгү жайкы эс алууга келген туристтердин саны жылдагыга караганда бир нече эсеге аз. Учурда өлкөбүзгө туристтерди тартуу үчүн Ысык-Көлдүн бийлик өкүлдөрү болгон аракеттерин жумшап жатканы айтылууда.