Учур маек…

Асыкбек ОМОРОВ, жазуучу, тарыхчы:
"Манастан келген аянды ишке ашыралы"
Эски бийликти кулаткандан бери мамлекетибизде кан төгүлүү көп болуп, эл арасында кайсы бир күчтөрдүн арты менен ызы-чуу, коогалаңдар чыгып, ынтымагыбыз ыдырап, жерибизден кут, ырыскы качып,ыр-күлкү токтоп, томсоруп эле калдык. Азыр бардыгыбыздын жүрөгүбүздө кооптонуу пайда болуп, сак-сактап, эртеңки келечегибиз кандай болот деген жоопсуз суроо менен жашап келебиз. Канчалык жан үрөп элди ынтымакка, тынчтыкка чакырбайлы жергебизде тынчтык орноп, бакубат жашоо өкүм сүрүп кеткен жок. Өлкөбүздөгү жан кейиткен кыйын кырдаалга түйшөлбөгөн адам жоктой. Мындай учурда арбак да тынч жата албайт тура. Дегеним, чачылган элди жыйып, журт кылган "Манас" атабыздын арбагы да жергебиздеги кыйын кырдаалга түйшөлүп, касиеттүү адамдарга аян берүүдө. Алтайдагы бир тууган Акайга келген аян элдин арасында кызуу талкууну жаратып, элдин үмүтүн жандандыргандай. Акайдын өз оозунан аянды угуп келген Асыкбек Оморов өз демилгеси менен Манастан келген аянды ишке ашырууну көздөп, Алтай жүрүшүн уюштуруу милдетин өз мойнуна алып, жүрүшкө катуу даярдык көрүп жатканынан кабардар болдук. Бул туурасында кененирээк маалымат алуу үчүн аталган долбоордун жетекчиси, белгилүү жазуучу, тарыхчы Асыкбек Оморов менен баарлаштык.

- Асыкбек агай, сиз Акай Кинеге жолугуп, "Манастан" келген аянды өз оозунан угуп келипсиз. Ушул туурасында айтып берсеңиз?
- 28-апрелде "Манас" коомунун иштери менен Алтайга барганбыз. Жумуштарыбыз бүтүп, Кыргызстанга келгенден кийин, Акайга келген аян туурасында угуп калдым. Кабарды угарым менен, телефон аркылуу Акай менен байланышып, жолугуучу күндү болжолдоп, белгиленген күнү жетип бардым. Ал да мени кубанып тосуп алды. Себеби ага келген аян бүтүндөй дүйнө элинин тагдырына байланыштуу болчу. Жолугуп, бир аз эс алгандан кийин, шыр эле ишке өттүк. Бизге азыр бир секунд убакыт да кымбат. Акай сөзүнүн башында Кыргызстанга атайын башчыларга жолукканы келген сырын да баяндап берди. "Кыргызстанга көп эле жолу баргам. Бирок атайын президентке жолугуу үчүн үч жолу гана бардым. Биринчи жолу А. Акаев президент болуп турганда "Манастын" туулган жеринен чыныдай болгон таш алып барып, "Сиз ушул ташты иш бөлмөңүзгө сактап, ыйык буюм катары тутуңуз. Элден алыстабай, жылына бир жолу "Элдик курултай" өткөрүп туруңуз. Болбосо, элиңизден качып кетесиз"- деп ташты берип кеткем. Ал мен айткандарды жасаган-жасабаганына тарых күбө. Экинчи жолу 2005-жылы К. Бакиев президент болуп турганда келип, "Бул ташты ыйык сактап, бир жылда бир жолу "Элдик курултай" өткөрүп туруңуз. Болбосо, Акаевден жаман тагдырга туш болуп, качып кетесиз"- деп чыныдай ташты иш бөлмөсүнө калтырып кеткем. Буга да тарых күбө болду. Үчүнчү жолу 11-майда бардым. Бирок Убактылуу Өкмөт мени кабыл алган жок. Аларга айтайын деген максаттарым ишке ашпай, пресс-конференция өткөрүп баса бердим. Мен айткан нерселерге тереңирээк маани беришсе, мындай окуялар болбойт эле. Беш жылда силерде эки революция болду. Yчүнчү революцияны болтурбоо керек. Эгер үчүнчү революция болсо, анын арты менен үчүнчү дүйнөлүк согуш, мына так ушул Кыргызстандан башталат. Ошол үчүн эртерээк ойлонуп, ынтымакка келгиле. Азыр силердин мамлекет бычактын мизинде турган учуру. Кыргыз элинин тагдыры менен бүткүл дүйнөлүк элдин тагдыры байланышып турат. Силер ынтымакка келип, оңолсоңор биз оңолобуз, силер талашып-тартышып жоголсоңор биз дагы жоголобуз. Ошондуктан азыр баарыбыз туура чечим кабыл алып, "Манастан" келген аянды ишке ашыралы. Дагы бир жолу революцияга жол бербешибиз керек. Эгер болуп кетсе кыргыз мамлекети жок болот"- деди. Угуп алып аябай ойлонуп, чочулап калдым. Мындай оор кырдаалдан чыгуунун жолу барбы десем. "Бар. Ал үчүн биз алты милдетти аткарышыбыз керек. Эгер ал милдеттер аткарылса, Кыргызстан өнүгүп, дүйнөдөгү эң алдыңкы мамлекеттердин бири болот. Убакытты өткөрбөй, силер да кеңешип, ишке киришели"- деп сөзүн аяктады. Алтайдан жолго чыкканы миссияны кантип аткаруу керек деген ой мээмди жеп келди. Чындыгында ойчул Мелис Карыбеков айткандай, азыр биздин бүткүл аймагыбызды кара дуба баскан. Кара дуба - бул еврейлер менен калмактардын дубасы. Биз азыр ушул нерседен арылышыбыз керек болуп турат.
- Алтай жүрүшүнө даярдык көрүп жатканыңыздардан кабардар болдук эле. Миссияны аткаруу үчүн кандай иш аракеттер көрүлүшү керек экен? Кененирээк токтолуп өтсөңүз?
- Кыргыздардын кырк уруусунан бирден өкүл, жалпысынан, кырк өкүл Алтайга барышыбыз керек. Ал жакка барганда Акай бизге кырк жылкы даярдап турат. Ошол кырк жылкы менен Алтайдан жүрүш жасап, эгемендүүлүк күнүнө чейин Кыргызстанга келишибиз керек. Тактап айтканда, Манас туулган Алтайдан анын изи менен жүрүп отуруп, "Манас" сыйынган Көкө-Теңир тоосуна сыйынып, күмбөзүнө топурак салышыбыз шарт. Көкө-Теңир тоосу бул биздин Сары-Жаздагы Хан-Теңири тоосу экен. Жүрүшкө чыккан кырк уруунун өкүлдөрүнүн алдында алты чоң милдет бар. Башкача айтканда, алты миссияны аткарышыбыз зарыл. Алар: асман, жер, суу, өсүмдүк, жаныбар, от. Алтай менен Кыргызстандын жер, асман, суу, өсүмдүк, от, жаныбарын байланыштырыбыз керек. Ушул жерден булар кантип байланышмак эле деген суроо туулушу мүмкүн. Мунун жолдорун да Акай айтып берди. Алтайдан чыгып, Казакстан аркылуу Каркырага өтөбүз, андан ары Сары-Жазга түшүп, "Манас" сыйынган жерге барып Көкө-Теңирге сыйынсак асман менен байланышкан болобуз. Бир миссиябыз аяктадыбы? Экинчиси, жерди байланыштырыш үчүн кырк өкүл бирден куржун алабыз. Ошол куржундарга жарымынан топурак салып, "Манас" күмбөзүнө алып келип салабыз. Экинчи миссиябыз аяктадыбы? Yчүнчү миссияны аткаруу үчүн Алтайдагы "Манас" көлүнөн агып чыккан суудан бирден желим бөтөлкө суу алып келип, Ысык-Көлгө куюшубуз керек. Ал эми өсүмдүктү байланыштыруу үчүн Алтайда, бизде өспөгөн карагайдын сорту бар экен. Ошол карагайды биз алып келип саздуу жерге тигишибиз шарт. Бешинчи миссияны биздин ал жактан минип келген жылкылар аткарат. Жүрүш бүткөндөн кийин жылкыларды биздин жылкыларга кошуп, жаңы пародадагы асыл тукумдуу жылкыларды алабыз. Ал жылкыларды "Манас" тукумундагы жылкылар деп атагыла"-деди эле. Бирок жылкыны "Манас" деп атоо туура болбой калат экен. Биз аларды "Манас" минген аттын атынан "Аккула" деп атамай болдук. Албетте, отту күйгүзүп алып келе албастыгыбыз турган иш. Адегенде, ал жакка улуу от жагып, ал оттун чычаласын же күйгөн дүмүрүн алып келип, от жагабыз. Ошол менен алты миссия аяктайт. Миссияны бүтүп келгенден кийин борбордо улуттук колориттегти музыка менен эки күн фестиваль өткөрүүбүз кажет. Фестивалдан соң бүтүндөй калк катышкан "Улуу курултай" өткөрүүбүз зарыл. Ошондо гана биздин миссия толук өз максатына жетет.
- Мунун баарын уюштурууга мамлекет тарабынан да колдоо көрсөтүлүшү керек го…
- Мен мамлекет башындагыларга атайын токтом чыгарып берүүгө кайрылгам. Ал токтомдо бизге керектүү зарыл болгон талаптар толук жазылган. Алтайдагы жүрүшкө чыгуу үчүн бизге Айыл-чарба министрлигинен бир мал доктур, Саламаттыкты сактоо министрлигинен бир тез жардам машина менен бирге эки дарыгер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жыйырмадан адам бата турган эки палатка жана Токой-чарба агенттигинен өсүмдүктөрдү изилдеген эки адис керек. Себеби жол узак, күн ысык. Адамдар сыркоолоп, аттар ылаңдап калышы мүмкүн. Ал эми айыл- чарбадан барган адистер кандай өсүмдүк бизде өсөт, кантип көчүрүп келиш керектигин аныкташат. Мындан сырткары, журналисттер, киноматографтар да кошулат. Бирок булардын бардыгы кырк кишинин ичинде болот.
- Бул иш-чарага манасчылар да катышып жатабы?
- Биз бул жактан эки группа болуп барабыз. Биздин кырк уруудан сырткары чыгармачыл топтон 10 адам барат. Алардын үчөөсү сөзсүз манасчылардан болушат. Төртөө комузчу, төртөө сыбызгы, чопочоор, кыл кыякта ойногон чыгармачыл адамдар толуктайт. Батышты туурап, даңка-дүңк болгон ырчыларды албайбыз. Улуттук аспаптарда ойногон таланттарды гана кошобуз. Алтайга барганда ал жактын чыгармачыл топтору кошулуп, эки күн фестиваль өткөрөбүз. Андан кийин жолго сапар алабыз.
- Жол узак, күн ысык, бардык эле адам мындай нерсеге чыдай бербесе керек. Жүрүшкө чыккан адамдарды кандай талаптардын негизинде тандап жатасыздар? Алар да "Манас" туурасында билиши керекпи?
- Бизге биринчи ден-соолугу чың, күндүн ысыгына, жолдун алыстыгына чыдай алган, сабырдуу, токтоо, чыдамкай адамдар керек. Негизги талап сиз айткандай, "Манас" эпосун толук билген, кырк чоросунун атынан тартып, жубайынын атына чейин такалбай айтып берген, "Манас" дүйнөсүн түшүнгөн адамдар болушу шарт. Мындан сырткары, атта жүргөндү, ээр токуй алган, ат бага алган жигиттерди тандап жатабыз. Эгер жүрүш учурунда бирөө-жарымы кыйшактап, чыдай албай кетем десе, жолго салып коебуз. Бирок андай болбойт го деп ойлойм.
- Кырк өкүлдүн бири чыдабай кетип калып, же алты милдеттин бирөөсү эле аткарылбай калса, миссия ишке ашпай калбайбы?
- Эң туура суроо. Эгер биз бир нерсени эле бузсак, миссия өз максатына жетпейт. Кырк өкүлдүн бири барбай калса, анда жолду улантыштын деле кажети жок. Ошол үчүн бара турган адамдар терең ойлонуп кадам ташташы керек. Бул оюнчук эмес. Мамлекеттин келечеги чечиле турган маселе. Ошондуктан баарыбыз бул ишке жоопкерчилик менен мамиле кылсак.
- Сиздердин сунушту бийлик колдоп жатабы? Дегеним, 31-августка чейин убакыт аз эле калбадыбы? Алтайдан Кыргызстанга келиш узак убакытты талап кылат эмеспи. Токтомдун кечеңдеши сиздердин жүрүшкө залакасын тийгизип койбойбу?
- Биздин жолго чыгарыбызга 15 күн калды. Ошол он беш күндөн калбай жолго чыгышыбыз керек. Эгер андан кечигип калсак, учурунда борборго келе албай калышыбыз мүмкүн. Себеби Россиядан Казакстанга келиш үчүн эле 490 км аралыкты басып өтүш керек. Ал эми Казакстандан Кыргызстанга жетүү үчүн 1200км аралыкты басып өтүүгө туура келет. Алтайдан Кыргызстанга келиш үчүн 2850км аралыкты басып өтөбүз. Бул үчүн биз болжол менен күнүнө 90 км аралыкты басууга туура келет. Эгер токтом чыгарылбай кечеңдей берсе, миссиянын өз убагында аткарылышына кайсы бир деңгээлде терс таасирин тийгизип коет.
- "Манастан" аян деле келген эмес. Элдин башын айлантып жаткан адамдардын чыгарган калп эле сөздөрү деген пикирлер да эл арасында айтылууда. Долбоордун жетекчиси катары буга кандай жооп айтар элеңиз?
- Эми эл арасында ар кандай адамдар бар. Акайдын айткандарын көрө албай жаткандар да жок эмес. Айрым адамдар жөн эле көрө албастык кылып жатат. Жалпы элдин, улуттун тагдыры чечилип жаткан учурда көрө албастык, ич күйдүлүктү ичке катып, ишке киришсек. Мындай сөздөрдү кыргыз элинин эртеңки жаркын келечегин көрө албаган адамдар айтып жатат. Мамлекетибиз оор учурда турганда бири-бирибизге тиш кайрап, сын айтканды коюп, өлкөбүздүн бүтүндүгүн ойлошубуз керек. Аяндын келгендиги чын. Мен Акайга 100 пайыз ишенем. Ким эле Кыргызстандын жыргалчылыгын ойлоп, кырк жылкысын садага чапсын. Ошол сын айтып жаткан адамдар бир тыйын кошоор бекен? Куру сөздөрүнөн башка эч нерселери жок.
Кудайга шүгүр, бизди колдогон да адамдар бар. Мына жакында эле бизге "Алтай" жүрүшүн колдойбуз, муну токтоосуз ишке ашыруу керек"- дешип Оштон жыйырмадан ашык "кыргыз" деп күйгөн кишилер келишти. Ушундай учурда мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган адамдардын чыгып жатканы зор кубаныч. Жардам беребиз деген жаштар да бар. Уучубуз куру эмес. Буйруса, бул миссияны таза, так аткарууга бүт күчүбүздү жумшайбыз. Калган сөз жүрүштөн кийин айтылат.
Бүгүнкү күндөгү штабыбыз "Дасмия" комплексиндеги 5 боз үй. Байланыш телефонубуз:89-22-89. Эгер кимде-ким кайсы бир суроолор боюнча кайрылса, ушул телефонго чалсаңыздар толук жооп аласыздар.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова