УЛУТ БОЛСОМ, ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН!
ЭНЕ ТИЛИН БИЛБЕГЕН,
ЭЛИН СҮЙҮП ЖАРЫТПАЙТ.
ЭЛДИ-ЖЕРДИ СҮЙБӨСӨ,
ЭСИ ЖОГУН АНЫКТАЙТ!
( Б.САРНОГОЕВ).
Адамзаттын тукумун Жер шаарында энелер улап келет. Ар бирибизди жарык дүйнөгө алып келип, ак сүтүн берген, акылын айтып, эрезеге жеткирип, баласы үчүн түмөн түйшүк тартып, азаптарга чыдаган - ЭНЕ! (Өзгөчө кыргыз энелер!) Андыктан ЭНЕ - ыйыктардын ыйыгы, асылдардын асылы! Мына ошол эненин тили балага өтүп, мурасталып, байыртадан жан дүйнө азыгы руханий дөөлөттөрдү жаратып, асыл таберик кылып, урпактарга жеткирген да, азыр күндөлүк жашоодо колдонуп келе жаткан кун жеткис, баасыз байлыгыбыз ЭНЕ ТИЛИБИЗ - КЫРГЫЗ ТИЛИ!
Көз карандысыз жыйырма жыл ичинде "Мамлекеттик тилибизди көтөрөлү!" -деген чакырыктар канчалык көп угулганы менен кур сөз, куру убара бойдон калып келе жатат. Тилибизде улутубуздун ДИЛИ сакталган: асыл-ариеттүүлүк, бийик адамгерчилик, ата-эненин ыйыктыгы, акыл парасаттуулук, мекенчилдик, айкөлдүк, сабырдуулук, жакшы-жаманды ылгап, алысты көрө билген көсөмдүк, сөздүн кунун билген чечендик, берген антына бекем туруу, ар-намыстуулук, ыймандын пакиза-тазалыгы, бекем достук, тунук сүйүү, ак эмгектин үзүрү, ырыс алды - ынтымак деген философиялык маанилер эне тилдин пайдубалына кыштай кыналып, (ар бир макалды эле чечмелеп көрсөк), жалпы кыргыз улутунун нарк-насилин чулу камтып турат.
Ырас, өткөөл заманда жашап келе жатабыз. Буга Совет доору менен кийинки жыйырма жылды кошсок, бир кылымга жакындаптыр. Ушул мезгил ичинде эне тилибизди "өгөй баланын" кейпине келтирдик. Бизди башка жактан кас-душман келип, (ылайым эле жерибизде бейпилдик -тынчтык болсун!) карактаганынан улам руханий да, материалдык да жакырчылыкка кептелгенибиз жок. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун "Ак кемесиндеги" Момун чалдай болуп, ("Бугу эненин жомогун" небересине айтып берип жатып, ошол эле маалда бугуну өзү атпадыбы?) өзүбүздүн асыл баалуулуктарыбызга, менталитетибизге ата-бабаларыбыздын рухтары кечире алгыс чоң зыян алып келдик, урпактардын келечегин туңгуюкка кептедик. Кедергиси кеткен чалкеш жашообузда жалаң кара курсак көйгөйү менен жашап калдык. Заманыбызга жараша, элге билим берүү тармагы (бул маселе өзүнчө чоң сөз кылууга, талкуулоого муктаж!) эшекти тетири минген абалга, ал эми мугалим-агартуучунун кадыр-баркы көчө шыпыруучудан айырмасы жок акыбалга жетти. Ошол себептүү, билимдин баркы жерге түшүп, капчыктуулардын уул-кыздары жогорку окуу жайлардан жайдак билим, жалган диплом алып, пара менен кызматка туруп, (ата-энесинин акыркы уюн саттырып, эптеп диплом алгандар болсо, тейлөө кызматтарында күнүмдүк оокат үчүн иштеп жүрүшөт), турмушубузга тамырын терең жайып алган коррупциянын кесепетинен жашоонун тарпы чыгып баратат. Ч.Айтматов атабыздын көзү төбөсүндө экен! "Кылым карытар бир күн" романында маңкурт заман жакын калганын бизге эскертип жатпайбы? Эне тилин, тарых-санжырасын, бабалардын мурасын билбеген кийинки муундар чыгармадагы маңкурттай болуп өз энесин атпаганы менен карыган эне-атасын картаңдар үйүнө, жаңы төрөлгөн наристесин төрөт үйүнө, айласы кетсе көчөгө таштап, же атасы тааныбаган бирөөгө акчага сатып кетип жаткан ыймансыз-наадандардын көбөйгөнү эмнени каңкуулайт?! Маңкуртчулуктун кесепетинен апрель окуяларында кыргыз кыргызга ок жаадырды го?! (Жалданган көзгө атарларды айтпаганда). Ал эми жерибизди жердеген башка ашына-кошуналарыбызды карайлычы? Алар дилин да, тилин да өз даражасында кармап келе жатышат. Бөлөк элдин жеринде күн кечиришсе да турмуштары бакубат, өз ара ынтымактуу. Алардын көчөдө кайран өмүрдү кор кылып, мас абалында жатканын, же таштанды челекти аңтарып жүргөн бечара бирөөсүн көрбөйсүң. Начар чыккан баласын "Кыргыз болуп каласың!" - деп коркутуп, бизди үлгү кылышат. Алардын айткандары да туура. Өз баалуулуктарыбыздын кадырына жетпей, эне тилибизди жээрисек, нукура кыргыз эмес, гибрид "киргиз" болсок, ал сөздөргө чычалаганда эмне? Жакында: "Ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын" - деп, ичкен кудугуна түкүрүп, "жамандын коногу билет", " жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат" - деген сөздөрдүн калетсиздигин, бөтөндөрдүн алдында касиеттүү Мекенибиздин ээси катары кадыр-баркыбыздын төмөн экендигин жон терибиз менен сездик. (Улут маселесинде титулдук кыргыз улутуна бийликтегилердин жүргүзүп келген туура эмес саясатынын ачуу "жемиши"... Ушундан кийин, балды көп жесе, уу болгон сыңары, ашкере айкөлдүктүн да зыяны барбы?-деп ойлойт экенсиң).
Эми ушинтип өкмөттү карап, шал абалда отура бербестен, эне тилибизди өз даражасына жеткирүү учур талабы экенин ар бир аң-сезимдүү кыргыз атуулу сезүүгө тийишпиз! Ар ким өз жашоосунда, үй-бүлөдө, иштеген жамаатта буга салым кошпосок, (орусча сүйлөп, эне тилибизди чанып, кыйын деле болуп кеткенибиз жок, тескерисинче, өз жерибизде өзгөлөрдөн кем, майда-мажестигибизден пас болдук) эзелтеден бери келаткан кыргыз көчүн туура жолго баштабасак, элибиздин улут катары келечеги караңгы?! Кылымдардын нечендеген кыйырын ашып, кыргын салган согуштардан, ачарчылыктардан биротоло жок болуп кетпеген уюткулуу журтубузду жан-дүйнө гүлазыгы - руханий дөөлөттөрүбүз гана сактап келген эмеспи?!
Жакында ЭлТР телеканалында "Чак түш" программасынан жакшы берүү болду. "Акыл -жаштан, асыл-таштан" - демекчи, келечектүү, таланттуу жаш акыныбыз Алтынбек Исмаилов көп алгы ойлорун ортого салды, Азыр эл китепке көп көңүл бурбай жаткан маалда кыргыз адабиятындагы мыкты чыгармаларды, поэзиянын сонун үлгүлөрүн, сөз берметтерин Интернет-сайттарга киргизип, аудио-видео каражаттары аркылуу мамлекеттик тилибиздин кадырын көтөрүп, (Түркияда, Казакстанда мындай тажрыйба бар экендигин да баса белгиледи) жаштардын мекенчилдик, бийик адамгерчилик сезимдерин ойготсок болоорун айтты. Мен да буга толук кошулам. Кошумча айта кетчү нерсе, "МАНАС" дастанын жаштар эмес, орто муун, ал эмес пенсия жашындагы айрым карыларыбыз деле жакшы билишпейт. Ошондуктан дастандын баарын болбосо да, орчундуу окуяларын (мисалы, "Көкөтөйдүн ашы", "Чоң казат", "Каныкейдин Тайторуну чапканы", "Семетейдин Таласка келиши") ж.б. эпизоддорун манасчылардын айтуусунда, жомокторду, макал-лакаптардын маанисин чечмелеп, артисттердин көркөм окуусунда дискке же плеерге ылайык кылып жаздырып сатышса (элибизде мекенчил, капчыктуу ишкер жигиттерибиз бар эмеспи?), кадырман кыргыз калкыбыз азыр руханий азыктарга колу жетпей, чаңкап-суусап турган кези! Анткени мурдагы кездерде аш-тойлордо нарктуу карыялар нускалуу Улуу сөздөн кеп баштап, жандарында отурган небере-чөбөрөлөрү "куйма кулак" болуп, эстерине түйүп алышса, бүгүн тили чыккан бөбөктөн, тиши түшкөн карыларга чейин саясатчыбыз. Кафе-ресторандарда өткөн тойлордо улуу-кичүү дебей шарап ичип, шаңкылдап, шапар тээп, тамаша курабыз. Жогорку Кеңештин сессиясында отургансып, микрофон жетпесе, баягы кайталанма сөздөрдөн сүйлөбөй калдым деп таарынабыз. Ал эми жомок-дастандар, нускалуу накыл кептер, санжыра айтылбай калды. ( Жакындан бери теледен "МАНАС" баяны берилип жатканы эң сонун саамалык!) Ошондуктан бийликтегилерди карап отурбай, улуттун тагдырына түздөн-түз мааниси бар бул чоң маселеге жапа-тырмак киришсек, дүйнөдө көркөмдүгү, көлөмү жактан теңдешсиз, мухиттей терең, Теңир-Тоодой бийик даражалуу, алп дастан "МАНАСТЫ" жараткан Эне тилибиз бизге жана урпактарга жаркыраган Кут алып келээринен күмөн санабасак болот! Улутубуздун биз издеген идеологиясы да мамлекеттик тилибиздин "сыр сандыгына" катылган! - демекчимин.
Сапарбаева Айканыш Керим кызы