Көңүл өйүгөн ойлор...

Коогалаң алдын ала даярдалганбы?
(Башы өткөн санда)
Кан төгүлгөн окуянын жүрүшүн, тирешкен эки тараптын аракеттерин, талаптарын ар тараптан логикалуу түрдө ойлоп көрсөк, Мекенибиздин территориялык бүтүндүүлүгүнө доо кетүү коркунучу даана сезилет. Буга ички күчтөргө караганда, сырткы күчтөрдүн кызыкчылыгы жогору болгондугун, натыйжада, дүйнө элине кыргыздарды өзбек улутундагыларга каршы геноциддик кылмыштуу саясат жүргүзгөн калк катары көргөзүшүүгө өткөнүн ачык белгилесек болот. Муну максатка ашырууга ИДУ жана СИДдин да катышуусу, маалымат майданында жабыркоочулар өзбектер болгон деген пикирдин кеңири тарашы, Орусиянын РТР каналында жана жергебиздеги жер жайнаган өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) билдирүүлөрүнүн бир беткейлиги да өз салымын кошууда. Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн эл аралык уюмдар кандай мамиледе болот деп кылчактап, "качкындарга" жан тартышы жана кыргыздарга кайдыгер жасаган мамилеси да ага кошул-ташыл болуп, Ош шаарында адамдарды "барымтага" кармоо токтолбой келе жаткандыгын жергиликтүү кыргыздар кан-какшоодо. Чынында бул окуяга кыргыздар күнөөлүүбү?

Биздин укук коргоочулардын жана күч структураларынын көндүм адаты - жасалган кылмыш ишинин табиятын, анын түпкү себептерин иликтөөгө көңүл бурбай, "күнөөлүүлөрдү" гана издеп калгандыгында экендигин эске алышыбыз керек. Мындай шартта аны аткаруучулар гана жоопко тартылып, башкы уюштуруучулары боштондукта кала берет. Буга айкын мисал келтирели: эки элдин ортосуна от жаккан Кадыржан Батыров, экс-депутаттардын ичинен туугандарынын үйүнөн курал-жарак чыккан Имонжон Абдирасулов менен "Ошкрастекст" ишканасындагы кеңсесинен курал табылган Жалалиддин Салахутдиновго, этникалык азчылыкты бириктирген Кыргыз элинин Ассамблеясында түштүк "синдрому" боюнча күнөөнү кыргыздарга койгон Алишер Сабировго неге кылмыш иши козголбой, боштондукта жүрүшөт?
Башка маалыматтарга кайрылалы. Мурда сөз кылган, бар болгону аткаруучу-ырчы Ю. Усманова 10-июнда окуядан кийин "каны кайнап", чагымчылык багытында ыр ырдап чыкты. "Оперативдүүлүктү" карачы, бирок анын "чагылгандай тездикте" ыр саптарын гана жаратпастан, обонун да жаратып, оранжировкалоого чейин жетишиптир. Менимче, бул бекеринен эмес, кан төгүлүүчү окуянын болорун жакшы билген, маалымат алып турган. Татаал кырдаал түзүлгөндө ырдап чыгууга камылга көргөн. Демек, биз "качкындар" дегендерибиз коогалаң чыгарууга алдын ала даярдык көргөн. Бөлөкчө пикир айтуу мүмкүн эмес.
Дагы бир ньюанска кайрылалы. Ошол 2010-жылдын капсалаңдуу 10-июнунда алгач багымдат намазына азан айтылат. Кыргын салууга мурдатан атайын белгиленген көрүнөт, саат 10 чендерде кайрадан беймаал азан созолонот. Көчөдө куралдуу адамдар пайда болуп, "кыргыздарга каршы" кыймыл башталат. Эске алалык, Ош шаарынын туруктуу жашаган калкынын 70 пайызга жакыны өзбек улутундагылар болсо, азчылыкты түзгөн кыргыздар эч качан көпкө туруктуу каршылык кылышы мүмкүн эмес да. Натыйжада, шаардык кыргыздар чет жакаларга, кыргыздар көп тарапка качууга мажбур болгондугун карапайым калкыбыз ачык эле айтып жатышат. Качан гана алайлык 3000ге жакын кыргыздар жардамга келгенден кийин күчтөрдүн катышы барабарланат. Ушундан улам, окуянын күнөөлүүлөрү кимдер экенин айтпасак да белгилүү болуп отурбайбы? Ал эми чыр-чатактар казинодо ойношкон кыргыз-өзбек жаштарынын тирешүүсүнөн чыккан деген версия өзүнөн-өзү четке кагылып жатат.
Акыркы күндөрдө Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн окуялар боюнча эл аралык масштабда буга "адамзаттын оор кылмышы" жарнагын тагууга аракеттер көрүлүп жатат. Кечээги "качкын өзбектер" формасын алмаштыргандар кыргыз жоокерлери тарабынан зордук-зомбулукка учурагандыгы тууралуу маалыматты таркатышууда. Бир суроо пайда болот: алар бул боюнча далил болуучу буюм-заттарын көргөзө алышабы? Дагы эл аралык экспертизаны талап кылышат? Буга Кыргыз Өкмөтү каршылык көргөзбөйт. Бирок ошол учурда мамлекетибиздин эртеңки келечегин ойлоп, кыргыз элинин бетине көө сыйпоого аракет кылышкан бул кылмыштуу аракеттерге каршы жаңы бийлик моргдон видео камерага тартылып алынган болгондо да жигиттерибиздин жан жерин кесип салып, андан кийин өлтүрүлгөн кадрларды ушул комиссияга көрсөтүшө алабы? - деген суроого ачык жооп бериши керек. Эгерде улуттук ар-намысыбызды коргоодон мурда, бир келген бийликтерин жогору койсо, бул аймакта стабилдүүлүктү орнотобуз деген убада куру убаракерчилик болуп каларын, мунун арты алгач этникалык, кийин жарандык салгылашка өтүп кетерин эскерте кетүү артыкбаш болбос…
Албетте, түштүк "синдрому" үчүн бул аймакта жашап жаткан жалпы өзбектерге түздөн-түз айып коюуга болбойт, бирок эски бийликтин акырынан жем жешип, "Ак-Жол" партиясынын арыгын чабышкан экс-депутаттар А. Сабировдун, И.Абдирасуловдун, Ж. Салахутдиновдун жогорудагы эки элдин ортосунда кагылышуусунда ойногон ролу зор экендигин коркпой айтсак болот. Согуштук куралдар, чагым кептер алар тарабынан таркатылып жатпасын? Демек, ушул көрүнүштөн коогалаңга ичи бузуктар мурдатан даярданып, улуттук араздашууну уюштурушкандыгы айгинеленип турбайбы? Мындан тышкары, К. Батыровдун буга катышпай калышы мүмкүн да эмес. Ал адамдын кыргыз деген сөздү укканда, "аллергиясы" кармап кетерин Ош жана Жалал-Абаддагы кыргыздардын көпчүлүгү жашырбас. Карапайым калкка мындай чыр-чатактардын кереги жок, тетирисинче, түрдүү коогалаңдарда бири-бирине арка-бел болушарына күбө болуп келе жатабыз. Ушундан улам, көшөгөнүн артында турган "лидер" сөрөйлөрдү аёосуз жазага тартуу зарылдыгы ачык көрүнүп отурат.
Ош жана Жалал-Абад аймактарында этникалык касташууларга чек коюлгандай, бирок бул көрүнүшкө ишеним жок. Азыркы күндө бул региондордо "ичтен күйүү" процесси жүрүп жатат. Кайсы "махаллаларда" кайсы улут жашаса, ошол жерде азчылыктын өкүлдөрүн барымтага кармап кетип жаткандыгы тууралуу тынчсызданган маалыматтар бар. Бул жагынан алганда стабилдүүлүктү орнотууда жаңы Өкмөткө нааразы болгондор да көп болууда. Алар "качкындарды" кайрып келгенинде кандай убада бергени белгисиз, бирок "күнөө" күнөөсүз кыргыздарга жүктөлөбү деген купуя ой элдин көкүрөгүн өйүп келүүдө.
Кыргыз Республикасынын бүтүндүүлүгүн сактамайынча, мамлекеттүүлүктү жоготуп коюу коркунучу түзүлүүдө. Такталбаган маалыматка таянсак, капсалаңдан кийин бул региондордон Чүй аймагына көчө качкандардын саны 5000-6000 үй-бүлөнү түзөт. Демек, Ош шаарында бошогон үйлөргө өзбектер ээлик кылып калуусу мүмкүн. Мындан тышкары, "качкын" статусун алгандардын паспорту бары-жогу каралбай тургандыгын эске алсак, алар менен аралашып, дагы канча адам кыргыз жергесине легалдуу "эмигрант" катары кирип келерин так айта албайбыз да! Ушул кырдаалдан улам эми Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасына жакын жерлерде кыргыздар жашай берет деп кимиси кепилдик бере алат?
"Кыргызстан - жалпыбыздын …" саан уюбузга айлангандан бери кыргыздар өз жеринде башка элдердин алдында күнкор абалда калды. Бүтүндөй байлыктарды башка улуттагылар ээлеп алганын кантип танабыз? Тилибизди чангандар дилибизди да булгап, бул коррупциянын гүлдөшүнө алып келди. Өзүбүздүн кыргыздардын көпчүлүгү ушул мезгилге чейин мыйзамдуу паспортун ала-албай жүрсө, кечээ эле көчүп келген башка улуттардын өкүлдөрү Кыргызстандын "жарандыгын айгинелеген" паспортун чөнтөгүнө салып жүрөт. Алардын айтымында, жарым жыл, бир жыл кыйналып, 3000 доллар жыйнап, паспортту сатып алышат экен. Мындай эркиндикке ээ болгондор: негизинен Кашкардан келген уйгурлар, коңшулаш мамлекеттерден өзбектер, тажиктер болуп саналышат экен. Ал эми алар мамлекеттик бул баалуу документти өз жерлеринде башка улуттардын алышы эң кыйын экендигине мактанышат да, сыймыктанышат да. Эгерде буга бийлик ишенбесе, чет элге кетип жаткандардын паспортуна коюлган визаларды, кай тараптан берилгенин текшерип көрүшсүн.
Сөзүбүз төгүн болбосун, дагы бир мисал келтирелик. Айтылуу араб жергесине ажылыкка жөнөтүлгөндөрдүн курамында кыргыздар аз, ошол эле учурда алардын көбүн башка улуттар түзөрүн кантип тана алабыз? Ал гана эмес чет мамлекетке "ишке" жөнөтүлгөн башка мамлекеттин жарандары кантип, кайсы негизде биздин өлкөдөн виза ачтырып кетип жатышат? Буга ким жооп берет? Бул коррупцияга кирбейби? Элибизде качан "мен - кыргызмын" деген улуттук сыймык орнойт? Эмне үчүн Германияда жашаган 4 миллион түрктөр, АКШдагы 200 миллион кытайлар автономия берүүгө талап койбойт? Эмне үчүн биздин жергебизде өзбектер бирде автономия түзүп берүү, бирде өзбек тилин расмий статус берүү талабын коюшат? Ал гана эмес Конституциябызды өзбек тилине которуу талабын коюп, Өкмөт аны аткарып берип жатабы ?
Элибизде: "-Жооштугуң билип алдым, кырманыңа кирип алдым" - деген ылакабы бекеринен айтылбаса керек. Бул жерде элдин "жооштугу" эмес, мансап ээлеринин манчыркоосунун, өзүм билемдигинин кесепетинен болуп жүрбөсүн? Болбосо, кан төгүлгөн капсалаңдан кийин бийлик "качкындарды" кайрып келүүдөн мурда, бийлик окуянын чыгышын терең изилдеп чыгышы керек эмес беле? Калк ортосуна салып, жер-жерлерде жыйындарды өткөрүп, элдин жалпы пикирине неге таянган жокпуз? Эмнеге башка маселелерге келгенде "эл" эсибизге келип", шыр эле референдум өткөрөбүз да, коогалаңдын жыйынтыгын чыгарганда калкты унутуп коюудабыз? Мейли, муну "демократияга" шылтайлы, бирок өлкөбүздө элдин 70 эле пайызы кыргыз болсун, анда неге демократияны тепкилеп, азчылыктын "айыптоолоруна" мүңкүрөп, алардын койгон талаптарын неге биздин калкыбыз аткарышы керек? Демократия дегенибиз "азчылыктын көпчүлүккө баш ийиши", мындан тышкары, кайсы улут болсо да, ошол өзү жашаган мамлекеттин мыйзамдарын урматтап, аны кыйшаюусуз аткарышы эмеспи? Эгер ага макул болбосо, каалаган башка өлкөгө неге кетип калышпайт?
Алардын Кыргызстандан кетпеген себеби да бар. Өзбекстандын чегине качкандарды Ислам Каримов эч качан кабыл албайт, себеби алар жергебизде бей ооз көнүп калганын жакшы билет. Ал жакка барышса катаал мыйзамды аткарууга мажбур кылмак. Биздегидей өз билгендерин жасай алышмак эмес. Байкерчилик турмушта эркиндикке ээ боло алышпайт болчу. Бизде болсо алар мыйзамдын үстүнөн тебелеп жүрүшөт. Айтты-койду дээрсиздер, коогалаң үчүн жоопкер кыргыздар болору "адамзаттын оор кылмышы" жарнагынын артында жашырылып жаткансыйт, тактап айтканда, бул окуянын жыйынтыгы "кыргыздардын өзбектерге жасаган геноциди" катары бааланып калуу коркунучу алдыда тургансыйт. Демек, азыркы бийлик эң алгач кыргыз элинин бөөдө жаманатты болуудан коргоого тийиш экендигин унутпоого тийиш.
Аргасыз эл оозундагы уламышка уялбай кайрылууга туура келет. Санжырада Кашкар, Үрүмчү тарапта кадимки кушчу уруусу жашап турган экен. Мансап талаштан улам туугандар бири-бирине каршы кара пиар уюштурушуптур. Кытай чериктеринин жылкысын түн ичинде айдап чыгып, жол боюнда баарын мууздап, баштарын кесип, куйругунун астына тыгып кетишет. Малдын изин кууп келген кытайлардын чериктери мунун сыры эмнеде деп сураганда, аны уюштургандар: -Силерди дагы ушундай кылабыз - деген ишараты деп жооп беришиптир. Ал эми "өзбек туугандардын" жасаган жогорудагы жасаган жосунсуз жоруктары "силерди тукум курут кылып, жериңерди ээлеп, жексен кылабыз" - деген эскертүүсү болуп жатпасын? Акыл калчап көрсөк, башкача жыйынтык чыгаруу мүмкүн да эмес…
(Уландысы бар)
Эртабылды АТТОКУРОВ