Чек арачылар чемичке чагып атышабы…
Акыркы учурларда Кыргызстандын чек ара кызматына көптөгөн нааразычылыктар айтылып баштады. Мисалы, тээ 7-апрелден бери биздин чек арачыларыбыздын сагызгандай "сактыгынан" улам Бакиевдер белгисиз тарапка жылт койду, ошондой белгисиз согушчан, Шыпшайдар мергендер Ош менен Жалал-Абадга кайдан кирип келгени белгисиз. Ошондой эле кечээ өзүм билемдик кылып Өзбекстанга кире качкандар кайра Кыргызстанга киргенде Каримовдун катуулугунан кутула тажаган канчалаган өзбек качкындар менен бутташып, Кыргызстанга кирип кетишкен жок деп эч ким кепилдик бере албай калды. Анткени качкындардын да, келгиндердин да ким экендиги аныкталган жок. Ошого байланыштуу, учурдагы чек ара кызматынын башчылары өздөрүнүн мажүрөөлүгүн ачыктап олтурат. Айтмакчы, кептерге караганда азыр чек ара кызматындагылардын дээрлик 80 пайызы да ички Ата Мекенге болгон сүйүү төмөнгө түшүп, бардыгы тең эле күнүмдүк турмуш үчүн мойнунан байланган иттей эле басып жүрүшкөн имиш. "Эгер чек арага болгон мындай мамиле улана турган болсо, эртең бизге алиги Бен Ладен мырза өзү конокко келеби?"- деп чочугандар арбын….


5 кишиң барбы кыймылсың, 50 кишиң барбы, партия…
Парламенттик шайлоо чукулдаган сайын чээнде жаткан кыймыл, коом, партия дегендер жапырт ойгонуп, узун тизмелерди көтөрүп алып эле ар кайсы партиялар менен кудалашууга маш болду. Максатты эптеп эле оңой жерден олжого туйтунуу, каражатты капчыкка салып, кампайып басып кетүү. Кайсы партиянын штабын караба, "мен баланча деген кыймылданмын, бизде момунча мүчө бар, бардык регионду камтыйбыз репутациябыз укмуш" деп эле курулай кооз сөздөр менен кулак тебелеп жүргөндөрдү жолуктурасың. Айталы, азыр кичинекей Кыргызстанда эле саясий партия аты барлардын саны 136га барып такталды. Шайлоо жарыяланганга чейин бул тизме дагы он беш, жыйырмага көбөйүп кетиши мүмкүн. Мисалы, учурда андай жуучулук менен ойдаа алектенип жаткан партиялардан "Жарык Кыргызстан", "Өнөр жайчылар", "Бүтүн Кыргызстан", "Дыйкандар партиясы" дегендерди атай турсак туура болчудай. Ал эми кыймылдарга санак жетер эмес. Айтайын дегенибиз, биздин Адилет министрлигибиз кагаз көтөрүп баргандын баарын эле каттоого ала бербей, калчап коюшса… Деги куру убада, калп сөз, мааниси жок мактаныч менен кайда барар экенбиз?


Шамыраңбайлар шашпагыла!
"Жаманчылыкты аманчылык жеңет"-болуп, бүтүн калкты кайгыга салган убактар акырындык менен артта калууда. Бийлигибизди дагы жалпы элдик добуш берүү менен мыйзамдаштырып, ал турсун мамлекеттин ички-тышкы мамилелерин жөнгө салган башкы мыйзамыбызды да аныктап алдык. Мурдатан айткандай, ырас, мындан ары кландык жана үй-бүлөлүк башкарууга жол берилбейт, элдин сыртынан тон бычылбайт, мамлекетибиздин байлыгы сатылбайт, уурдалбайт деп жатабыз. Бул, албетте, кыргыздын кең келечеги үчүн абадай керек нерсе.

Бирок ошол эле убакта алар шашып жатышат. Баарысы кечээки өткөн катаал режимди, андан кийинки толкундоолорду, анын артынан чырактай жалп өчкөн өмүрлөрдү, ага удаалаш эле Ош менен Жалал-Абаддагы аккан кан, төгүлгөн көз жашты унутуп кетип баратышат. Тимеле жоо куугандай шашып, жин ургандай арттагы сабак боло турган нерселерди эстен чыгарып баратышат. Кечээки тонолгон Бишкекти, өрткө чулганган Ош менен Жалал-Абадды дагы эстегилери келбей баратат. Баарын шаштырган шайлоо, шайлоонун шаштырган бийликтеги жана бийликте эмес башчылардын жарыша үгүттөөгө, мажбурлоого, алдоого, чайкоого болгон аракети болуп жатат. Мына күздө өтө турган шайлоого эмитен дүрбөп, бийликтин бир этегин кармай жыгылуу үчүн Ата Мекен алдындагы, Ата-Журт алдындагы милдеттерин таштап кетип баратышат. Уялышкан жок, уялганды ойлошкон да жок. Алар антип шайлоого шамыраңдаган сайын бири-бирине ич ара душман болуп баратышканын, "өңдү көрсө жүз тайды" болуп, бири-бирине жылмайганы менен ичтеринен ит өлүп жатышканын жашырып жатышат. Кыргыздын кылым кечкен "дос изде, душман өзү табылат" деген сөзүн эстеринен чыгарып коюшуп, тескерисинче, биринен бири шекшинип, ичинен душман издеп жатышат. Мунун баары эртең жакшылыкка алып барбасын ойлонушпады.
Ошол эле мезгилде антип, Мекендин эртеңин ойлой турган биздин ишенген кожолорубуз октябрдын ортосундагы саясий кармашка даярданып жатканда, биздин тышкы душмандарыбыз дагы ээн-эркин өздөрүнүн ойлогондорун ишке ашырып, оюндарды дагы улантууну чечип жатышат. Буга бир мисал, биз канчалык жашырып жаап, караламан калктын кулагына кесме илген менен Ош менен Жалал-Абадда мылтык үнү тарсылдап, түн жамынган белгисиздер айрым жарандарыбыздын тынч уйкусун бузуп, уурдачусун уурдап, тоночусун тоноп жатканын ошол эле элдин өзүнөн угуп жатабыз. Тиги шайлоого даярданып жаткандар укпай калса билбейм, биз күнү куру эмес угуп жатабыз. Андыктан айтаарым, шайлоодон биринчи Кыргызстандын коопсуздугун жабыла бекемдеп, тартипке келтирип, ар бир жарандын ким экендигин тактап, чек араларды чычкан өткүс кылып тордоп алганыбыз жөндүү. Буга эмне күч жокпу? Буга эмне каражат жокпу? Буга эмне ошончолук көп акыл керекпи?
Албетте, буга күч да, каражат да жетиштүү. Шайлоону коё туруп, жибергиле ошол эртеден кечке көчө кыдырып, "биздин партияга өткүлө",-деп эшик чертип жүргөн балдарыңарды, узун тизмедеги мүчөлөрүңөрдү, эгер алар бар экени, Кыргызстанга кайдыгер эмес экени чын болсо, кошкула кечээ "шайлоо фондубуз 100 миллион болсун" деп мактанып жаткан акчаңардан. Баскыла, өзүңөр кошо, чек арабызды чыңдайлы, эл аралайлы, ынтымакты бекемдейли чогуу, бириңдин артыңан бириң мактанып, бириңди бириң шыбабай, ар бир жаран менен жолугуп, көйгөйүн угуп, курал-жарагын тазалайлы, кылмышкерлерди жашырынып жаткан жеринен кармап келели. Ошондо өсөт силердин кадыр-баркыңар, ошондо билинет силердин эл-жер деген аракетиңер, ошондо эл баалайт!
Болбосо айтып коёюн, алдагы Кыргызстанды гүлдөтүп жибере турган программаңар жүз пайызга чындыкка жакын болсо дагы, тынчтык болмоюн эгерим ишке ашпайт. Силер төбөңөр менен жер сайып, көшөрүп иштегениңер менен биздин колтугубуздагы жана жака-белибиздеги душмандар ал аракетиңерди кан буугандай токтотуп коёрун ойлонгула!
Азыр өзүңөр көрүп турасыңар, акыркы 20 жыл ичинде биздин чек арабыз ээн жайдак жатканы чын, ээн жатканы үчүн Кыргызстан баңги кербенинин уюгуна айланып, Кыргызстан диний экстремизмдин очогуна айланып, улуттар ортосундагы ажырым мамилелердин өнүкчү зонасына айланып бара жатат. Биздин күч органдарынын, чек ара кызматчыларынын мекенчил сезимден куржалак калгандыгы, кадр тандоо маселеси кландык, коррупциялык жол менен кеткендиги ушуга алпарып такады. Арттагы 20 жыл ичиндеги биздин Улуттук коопсуздук кызматынын кызматчылары мамлекеттин тышкы коопсуздугун ойлонгондон мурда, Ак үйдүн тапшырмасын маанилүү көрүп, бийликтегилердин кызыкчылыгын коргоп калганынын кесепети ушул болду. Болбосо айткылачы, жалпы узундугу 4503 километрге араң созулган чек арабызды бекем алууга чамабыз жок беле? Бар болчу, бирок ага кызыккан адам болгон эмес, тескерисинче, биздеги контрабандалык жол менен импорт, экспорт кылгандардын баары чек аранын ачык болушун ар тараптан колдоп келишкен. Ошондуктан биздин мамлекетке диний чагымчылар, эки мамлекетти кагыштырууга аракет кылган согушчул күчтөр, баңги бизнестин таасирдүү өкүлдөрү, ар кандай диний агымдарды таркатуучулар кирип, орун- очок алып, өздөрүнүн кызыкчылыктарын акырындап жайылтып келе жатышат. Буга далил - Ош менен Жалал-Абаддын айылдарында катылып жаткан төбө чачты тик тургузган козутуучу китептер, биздин Коргоо министрлигинде жок, кубаттуу делген, акыркы үлгүдөгү курал - жарактар, акыркы жетишкендиктеги байланыш каражаттары жана башкалар. Аягында айтарым, шайлоого шашмалык менен жапырт аттанып, "мен, мен" деп төш каккандын ордуна, кичинекей Кыргызстанды сактап калуу үчүн чачырап эмес, жалпылап аракеттенишибиз керек. Эгер силердин ой-максатыңардын бардыгы чындап эле Кыргызстанды гүлгө ороп, байлыкка ороп, тынчтыкка бөлөп коюу болсо, анда ички амбицияңардан "отказ" кылгыла да, биримдик менен чек араны бекемдөө, жарыша куралсыздандыруу демилгесине кызыкдар болгула. Жок антпей эле, айылдарды түрө кыдырып, ала келген артисттериңер менен элди алдап, бийликке жетебиз десеңер, өз шоруңар өзүңөрдө, элдин күнү бүгүн да кандай болсо, ошол абалында кала берет…
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ