Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Курмангазы Инсанаев,
Кыргыз мамлекеттик циркинин директору:
"Итти сыйласаң, килемге чычат!"
- Курмангазы агай, цирктин жетекчилиги менен аталган мекеменин жатаканасынын ортосунда чыр чыгып жатканын уктук?
- Бул жерде мындай болду. Ал биз менен талашып-тартышып жаткандар цирктин кызматкерлери эмес, капкайдагы эле тиешеси жок чоочун адамдар десем болот. Адегенде окуяны башынан баштайлы. Биздин цирк өнөрү бул - көчмө искусствонун катарына кирет. Цирк кызматкерлери менен артисттери ар дайым бир жерден экинчи жерге көчүп-конуп, жатып-түнөп иш кылабыз. Биз эртең коллектив менен башка бир мамлекетке оюндарыбызды койгону кетсек, башка күнү чет өлкөнүн цирк өнөрпоздору бизге келет. Андыктан ушул Бишкекте мамлекеттик цирк салынып жаткан учурда эле жанына Цирк артисттеринин конок үйү, мейманканасы чогуу салынган. Азыр биздин цирк менен ошол талашка түшүп жаткан мейманкананын дареги бир - Жумабеков көчөсү-119 деп жазылып турат. Демек, цирк менен ал имараттын кан-жаны бир. Мындай мейманканалар ар бир шаардагы цирктин жанында, ал тургай ичинде салынган.
- Талаштан баштасаңыз?
- Бул имарат мамлекеттик мүлк фондунда цирктин балансында тургандыгына карабастан, 2005-жылы премьер-министр Николай Танаев ГАИРТ деген ишканага административдик имарат катары берилсин" деп токтом чыгарып койгон. Бирок бул токтом тиешелүү түрдө юридикалык жактан аткарылып, биздин мейманкана ГАИРТке мамлекеттик мүлк фондусу тарабынан расмий түрдө катталып өткөрүлгөн эмес. Натыйжада, ГАИРТ башка имаратка кетип, бул жерге кайра эле цирк ээ болуп калат. Ошондон пайдаланган мурдагы цирктин жетекчилиги жеке менчик "Международый цирк "Спутник"" ЖЧКсын түзүп, ал аркылуу циркке тиешелүү автоунааларды, бир катар жарак-жабдыктарды мыйзамсыз сатып жиберишет. Тигил бош калган мейманканага шаарга сырттан келген адамдарды ижарага киргизип, акчасын ай сайын алып турушат. Анан 2005-жылдын март революциясынан кийин мен циркке жетекчи болуп келип, ар жак бери жактарды карап чыктым. Кийин биз жогорудагы "Спутник" ЖЧКсын мыйзамсыз деп таап, сот аркылуу жокко чыгарып, ошондой эле Жогорку Кеңеш, кийинки Өкмөт аркылуу ГАИРТке берүү токтомдорун жараксыз деп таптырдык, муну менен кошо ЖЧК менен жүргүзүлүп келе жаткан келишимдер да күчүн жоготту. Анан кийин биз айттык, тигил мамлекеттик циркке тиешеси жок ижарачыларды мейманкананы бошотуп бергиле деп. Ошондон кийин эле тигилер ызы-чуу салып, туш тарапка арызданып жатып калышты.
- Сот аркылуу чыгарып салууга болбойт беле?
- Биз Октябрь райондук сотуна тээ 2009-жылы эле кайрылганбыз. Баардык жагдайларды карап чыгышып, 2 инстанция менен биздин пайдабызга чечип, тигил мыйзамсыз ээлик кылуучуларды чыгаруу боюнча чечим чыгарган. Ага макул болбогон булар Жогорку сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылышкан. Ал тарап дагы ишти көп убакыт бою тыкыр изилдеп чыгып, мурдагы Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Чечимди аткаруу үчүн соттук департаментке жөнөткөндө, алар ар кайсы шылтоо менен чечимди аткарууну кечеңдетип келишти. Мисалы, Текебаевдин "матрешка гейт" окуясы, анан Түптөгү жумуртка операциясы, андан кийинки буйрук менен өлтүрүүлөрдү бетине кармашып эле, "ансыз да элдер көчөгө чыгып жатат, коё туралы, стабилдүүлүктү жогорку жак талап кылып жатат" деп жатышып, соттун чечимин аткаруу мөөнөтү бүтүп калат. Анан биз кайра арызданабыз, соттор кайра карашат, баягы эле арыздануучулар менен жоопкерлер, баягы процесстер. Ошону менен кайра эле чечимдер биздин пайдабызга чечилип, акыркысы 2010-жылдын 28-майында угузулат. Чечимге ылайык сот департаментинин кызматкерлери тигил адамдарга имаратты бошотуу талабын коюшат. А тигилер кайрадан чыр чыгарып, баягы эчак күчүн жоготкон "Спутник менен келишим түзгөнбүз" деген кагазын бетине кармашат. Бири дагы мыйзам тууралуу түшүнүгү жокпу, сөзгө, кепке, мыйзам жолуна макул болушпайт. Баардыгы тең арызчыл немелер экен. Кара күчкө эле "биз приватизация кылабыз, Акаевдин мыйзамы жол берет" деп, болбогон талаптарын коюшат, бул деген менчиктештирилбей турган мекеме, жатакана эмес, "Цирк кызматкерлеринин конок үйү" деп турганын түшүнүшпөйт. Анан дагы биздин артыбыздан арыз жазышып, "цирк акча жеп атат" деп, каржы полициясына, коррупцияга каршы агенттикке, салык кызматына кайрыла беришет. Булардын арызына ишенген ошол көзөмөл органдары кайра-кайра текшере берип тажатышты. Акыркы алты айдан бери иш кыла албай эле ошол арызчылар менен алек болмой болдук. Кыскасы, уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат" деген болуп турабыз.
- Райондук администрация кандай реакция жасады?
- Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Булар цирктин атына жамынып алып, канча жылдан бери эч кандай каттоосу жок эле жашап жатышат. Андан тышкары, электр энергиясына болгон карызы 520 миң сомго чыгыптыр. Өздөрү болсо: "биз электр энергиясына, ысык-муздак сууга ар дайым төлөп келе жатабыз"-деп караандай калп айтышат. Текшере келсең, аны тастыктаган бир квитанциясы жок. Чатырын жабдык, ремонт кылдык деп күйгүзүшөт. Ага учурдагы Октябрь райондук администрациясы да ишенип алган сыягы бар. Керимова деген акимдин орун басары келип, маселенин төркүнүн түшүнбөй эле, тигилердин таламын талашканына таң калып турабыз...
Маектешкен
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
2-бет
БИЗ КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ
3-бет
Декреттер менен эмес, мыйзам менен…
4-бет
Калыстыкты кайдан күтөбүз?
5-бет
Укук коргоочулардын өмүрү коркунучтабы?
6-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
7-бет
Мурутуңа муз тоңгур...
8-бет
Сагынбек Абдрахманов,
Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу:
"Ибраимова, Сариевдер мени
кызматтан алмакчы болуп…"

9-бет
Жаңы министр.
Аксы окуясы. 4 пансионат.

10-бет
Курмангазы Инсанаев,
Кыргыз мамлекеттик циркинин директору:
"Итти сыйласаң, килемге чычат!"

11-бет
Аргынбек Малабаев,
"Кыргыз темир жолу" башкармалыгынын башкы директору:
"Мен эч кимден коркпойм, анткени чындык мен тарапта"

12-бет
Келдибек Ниязов,
КРнын Эмгек сиңирген артисти, куудул:
"Кыргыз мамлекетинде жашаган сексен улуттун уулдары армияда кызмат өтөөгө милдеттүү"

13-бет
Ал элдин кулк-мүнөзүн
түшүнө билет...

14-бет
Сандан-санга
15-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
16-бет
Кылымдар Асыкбеков,
комузчу:
"Өзүм чыгарган
беш күүм бар"











??.??