Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Аргынбек Малабаев,
"Кыргыз темир жолу" башкармалыгынын башкы директору:
"Мен эч кимден коркпойм, анткени чындык мен тарапта"
Өткөн жумада "Кыргыз темир жолунун" өкүлдөрүбүз деген он чакты адам 24.kg маалымат агенттигинде жыйын өткөрүшүп, учурдагы темир жолчулардын башчысы Аргынбек Малабаевдин дарегине бир топ ачуу кептерди айтышып, коррупциянын гүлдөтүп атат деп, ачык эле айыптап чыгышты. Маселенин чын-төгүнүн тактоо үчүн "Кыргыз темир жолунун" башкы директору Аргынбек Малабаевди кепке тартып, окуянын чоо-жайын такташтырдык.


- Алгач, маалымат жыйынын өткөрүп атышкан кесиптештериңер тууралуу айта кетсеңиз. Алардын нааразычылыгы эмнеден улам келип чыгып отурат?
- Алгач белгилей кетүүчү нерсе, бул жерде темир жолчулардын атынан чыгып аткан алты-жети адамдардын экөөсү гана "Кыргыз темир жолунда" иштешет. Калгандарынын биздин ишканага эч кандай тиешелери жок. Жанагы ач айкырык салып чыккандардын башчысы Өмүров Жекшен деген неме учурда бизде проводник болуп иштейт. Анын ойлогон ой-максаты эле жетекчилик кызмат. Акыйкатчы Турсунбек Акундун классташы экен. Өткөндө Турсунбек Акунду ортого салып, поезд начальниги кыл деп келишиптир. Ошондо мен: "билими, тажрыйбасы туура келсе коелук, эгер андай болбосо кечирип койгула"-деп терс жообумду бергем. Эми мен "коюп кой" десе эле ар кимди начальник кылып кое бербейм да. Анан ошого таарынганыбы же эмнеси экенин ким билсин, пресс-конференция өткөрүп, мени шантаж кылайын деп ойлоп атса керек.
Бул адамдан тышкары, ошол 6-7 адамдын арасындагы У.Самудинов, Абдылдаева, Закинов дегендер Эмгек кодексинин 83-беренесин бузгандыгы үчүн кызматтан айдалган немелер. Бул боюнча баардык далилдүү фактыларыбыз бар. Мына ушуларга окшогон кызматтан кеткендер же кызматка таарынгандар жанагы иштерди уюштуруп атышат. Мен алардын эч кимисинен коркпойм, себеби темир жолчулардын дээрлик баардыгы биз жакты колдоп атат. Алардын артында болгону жогорудагыдай он чакты адам жана менин кызматтан кетишимди каалаган, ордуна өзүнүн кишисин койгусу келген таасирдүү бир адамдын уюштуруп жатканы деп ачык эле айта алам. "Кыргыз темир жолунун" баардык кызматкерлери мага келип нааразы болуп атышат: "6-7 адамдын бүтүндөй темир жолчулардын атынан сүйлөгөнгө кандай акысы бар, биз дагы чыгабыз, алардын оозун бир заматта басабыз"-деп араң турушат. Бул чырды мен андан ары ырбатпайын деп:"койгула, күтө туралык, өлкөдө кырдаал мындай болуп атса, ошолорго эрегишип, чуу чыгарганыбыз туура эмес болуп калат"-деп, аларды токтотуп турам. Жогоруда айтпадымбы, мени кызматтан алгысы келгендердин артында таасирдүү бир нече фигура турат деп. Себеби 1992-жылдан тарта "Кыргыз темир жолуна" жакшыбы-жаманбы бир канча жетекчи иштеп кеткен, бирок ошол жетекчилердин бири да темир жолчу болгон эмес, алардын кесиптери темир жолго тиешеси такыр жок болчу. Азыркы убакытта, темир жолчулардын эңсегени бир эле нерсе, темир жолду жакшы билген, темир жол окуу жайын бүтүргөн адам башкарып, темир жолдо өмүр бою иштеген адам керектигин гана самап жүрүшөт. Себеби мен иштеген кыска убакыттын аралыгында төрт күндүк жумуш убактысынан беш күндүккө өткөрдүм, жумушчулардын айлыгын 10 пайызга көтөрдүм. Ошондуктан мен үчүн темир жолчулар акыр-аягына чейин туруп беребиз дегенинин себеби да ошол болуп атат. Себеби темир жол окуу жайын бүтүрбөй, темир жолду жакшы билбеген адамдар темир жолдун азабын да билишпей, жакшылыкка алып келээрине темир жолдун жамааты ишенишпейт.
- Маалымат жыйынын өткөргөндөр: "Малабаев өзүнө жакпаган адамдарды кетирип атат"- деп айтып атат го…
- Бул жерде тактап коюучу нерсе, маалымат жыйын өткөргөндөрдүн үчөөсүнөн башкасы өз эрки менен арызын жазып кеткендер же мурда кийин темир жолдо иштегендер. Ал гана эмес биздин ишканага тиешеси жоктор деле жүрөт. Мага чейинки жетекчи тарабынан кызматтан кетирилгендер деле жүрөт. Булардын артында менин ордума башка бирөөнү коюуга абдан кызыкдар болгон адамдар уюштуруп жатканы ачык эле көрүнүп турат. Мен жетекчи болуп турганда кызматтан кетирилген Самудинов, Абдылдаева, Закинов дегендер Эмгек Кодексин одоно түрдө бузушкандыгы үчүн, профсоюздун макулдугу менен поезд начальниги болуп иштеген Самудинов кызматтан айдалган. Тагыраак айтканда, жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондун проводниктери Абдылдаева менен Закинов Москвадан келе жаткан ноокаттык эки келинди орто жолдон эч себепсиз эле түшүрүп салышкан. Москвадагы метролордун биринде пол жуугуч болуп иштеген байкуш аялдар Кыргызстанга келе жатканда, жүгүңөр көп экен деп акча сурашкан экен. Алар эки миң рублдан беришсе ага ыраазы болбой, Рязаньдан түшүрүп салышкан. Мындай кылганга алардын эч кандай акысы жок болчу.
- Ошолордун бири Сизди Нариман Түлеевди колдоп, 12-май күнү темир жолчуларды кыйнап, эски аянтка алып чыккан, акча тараткан деп атат. Буга эмне дейсиз?
- Бул жерде эч кандай логика жок болуп атат да. 7-апрелден кийин Убактылуу Өкмөт тарабынан бул ишканага жетекчи болуп дайындалып атсам, мен кандайча жаңы бийликке каршы чыкмак элем. Менден эч кандай кынтык таба алышпагандан кийин Нариман Түлеевге жабыштырып, бийликке жаман көрсөтөбүз деген ойлору бар окшойт.
Анын үстүнө 9-май күнү мен чоң апам каза болуп, айылга кеткем. Кийин күч структуралары да алардын арызы боюнча мени суракка чакырышканда, менден бул боюнча эч нерсе таба алышкан жок. Чындык мен тарапта болуп атса, эмнени табышмак эле.
- Жалган жалаа жапканы үчүн аларга кандайдыр бир чара көрөйүн деген оюңуз барбы?
- Менин өзүмө эле келип, бетиме ошентип айтышса го бир жөн эле. Алар журналисттерди чогултуп алып, бүт элге чындыкка дал келбеген, жалган жалааларды жаап аткандан кийин сөзсүз сотко кайрылам. Айткан ар бир сөзү үчүн жооп бериши керек.
Баарынан да мени күйгүзгөнү алардын: "7-апрелде окко учкан жигиттер ушуларга окшогондорду бийликке алып келиш үчүн өлүшкөн турбайбы" - деп оозу-мурду кыйшайбай туруп айтып атканы болуп атат. Мен СДПК партиясында 2000-жылдан бери мүчөмүн. 7-апрелде Медиа Форумдагы атышуудан баштап, акыр-аягына чейин эл менен жүрдүк. А тигилериң 7-апрель күнү үйлөрүндө жашынып отурушкан. Биздин темир жолдо иштеген Дастан, Рустам деген эки эгиз бала иштечү. Дастан 7-апрель күнү эгизи Рустамдын колунда каза болгон. Ошол Рустам: "байке, бирдеме кылбайсызбы, эмнеге өлгөн балдардын атын жамынып атышат. Алардын бирөө да ошол окуяларга катышкан эмес"-деп жини кайнап, мага келип кетти.
- Эми өзүңүз жөнүндө да айта кетсеңиз. Буга чейин каякта иштедиңиз эле?
- Темир жол тармагында мен 1981-жылдан бери иштеп келе жатам. 9-классты бүтүп эле темир жолдун училищасына тапшырып, эң алгач слесарь-машинисттин жардамчысы болуп иштегем. Кийин атайын жолдомо менен 1988-жылы Алматыдагы темир жол институтун бүтүп келип, инструктор, ага инструктор, Жүк ташууларды уюштуруу бөлүмүнүн начальниги, башкы инженер, 2001-жылы Темир жол башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары болдум, анан башкармалыктын башчысы болдум.
Кыскасы, өмүрүмдүн көпчүлүк бөлүгү темир жол тармагы менен байланышкан. Бул жерде 30-40 жылдан бери иштеп келе жатышкан өтө көп санаалаштарым, кесиптештерим бар.
Маектешкен
Тиленбек Азык








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
2-бет
БИЗ КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ
3-бет
Декреттер менен эмес, мыйзам менен…
4-бет
Калыстыкты кайдан күтөбүз?
5-бет
Укук коргоочулардын өмүрү коркунучтабы?
6-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
7-бет
Мурутуңа муз тоңгур...
8-бет
Сагынбек Абдрахманов,
Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу:
"Ибраимова, Сариевдер мени
кызматтан алмакчы болуп…"

9-бет
Жаңы министр.
Аксы окуясы. 4 пансионат.

10-бет
Курмангазы Инсанаев,
Кыргыз мамлекеттик циркинин директору:
"Итти сыйласаң, килемге чычат!"

11-бет
Аргынбек Малабаев,
"Кыргыз темир жолу" башкармалыгынын башкы директору:
"Мен эч кимден коркпойм, анткени чындык мен тарапта"

12-бет
Келдибек Ниязов,
КРнын Эмгек сиңирген артисти, куудул:
"Кыргыз мамлекетинде жашаган сексен улуттун уулдары армияда кызмат өтөөгө милдеттүү"

13-бет
Ал элдин кулк-мүнөзүн
түшүнө билет...

14-бет
Сандан-санга
15-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
16-бет
Кылымдар Асыкбеков,
комузчу:
"Өзүм чыгарган
беш күүм бар"











??.??