Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Келдибек Ниязов,
КРнын Эмгек сиңирген артисти, куудул:
"Кыргыз мамлекетинде жашаган сексен улуттун уулдары армияда кызмат өтөөгө милдеттүү"
- Келдибек байке, азыр эки адамдын башы кошулса эле, референдум туурасында кеп козгоп жатышат. Сиз референдумга бардыңызбы?
- Менин референдумга барышым өзүнчө эле кызык болду. Буга бир икаяны мисал кылып кетейин: "Токойдо бүт айбанаттарды чогултуп, жолборс той берет экен. Чоңдон төө кичинеден кумурска калбасын" - деп токойдун туш тарабына жарчы чаптырат дейт. Айбанаттардын баары чогулуп, аябай тойлошот экен. Кичинеден кумурска да келет дейт. Оо, бир убакта караса эле, төө жок. Көрсө, ошончо айбандын арасынан төө байкуш, тойго чакырылбай унутулуп калган экен." Анын сыңары референдумга келген чакыруу кагазында менин фамилиям жок. "Чакыруу кагаз бир жерге түшүп калган го"- деп, шайлоо участкасына барсам тизмеде да жокмун. Ошол райондо кырк жыл жашап, мен унутулуп калыпмын. "Ой, бул кандай, кой эми ушунча келгенден кийин, добуш берип кетейин"- деп, кошумча тизмеге атымды жазып, референдумга добуш берип келдим.
- Ош, Жалал-Абаддагы окуяга биз үчүнчү күчтөрдү күнөөлөп жатабыз. Ал эми ошол аймактагы эки эл, бирин-бири күнөөлөөдө. Чыгармачылык сапар менен Ош, Жалал-Абад аймактарында көп болсоңуз керек. Бир кезде көзгө кооз көрүнгөн шаарларыбыздын бир түндө күлгө айланышына чынында эле үчүнчү күчтөр күнөөлүүбү?
- Кыргызда "Керкисинен да кемигинен да кетти"- деген жакшы сөз бар. Анын сыңары бул коогалаңдын күчөп кетишине бийликте тургандардын да, чырды чыгаргандардын да үчүнчү күчтөрдүн да күнөөсү бар. Кемчилик баардык жактан кетти. Биздикилер "Бул окуяны үчүнчү күч, төртүнчү күч жасады"- деп айтып жатышпайбы. Менимче, Ош, Жалал-Абаддагы коогалаңга үчүнчү күчтү бетке кармап, күнөөнү бир беткей эле аларга шылтоо туура эмес. Азырынча, үчүнчү күч кое туруш керек. Yчүнчү күчтү качан гана кармап элге көрсөткөндөн кийин айтышса болмок. Кайдагы көз көрбөгөн күчтөрдү кайындарын тергеген келиндей болушуп эле кеп кыла бербей, адегенде кармап, анан күнөөсүн далилдеп, андан кийин гана "Ош, Жалал-Абаддагы коогалаңды ушулар баштады"- дешип чыкса жарашмак. Тилекке каршы, бизде мындай болгон жок. Yчүнчү күч деп эле кыйкырып кала бердик. Алар кимдер?.. жооп жок.
Касиеттүү, боорукер, колу ачык кыргыз элинде сексенден ашык улут жашайт деп жатабыз. Ошол сексенден ашык улуттун өкүлдөрү биздин жерде жыргап жашай бербей, (чынында жыргап жашап жатышат) түндүгүбүздү сыйлап, тилибизди, дилибизди түшүнүп, эң башкысы - биздин мыйзамдын чегинде, мыйзамга баш ийип жашашы шарт. Закондорду тебелеп-тепсеп, каалагандай калчап коюшуп, анан эле телевизорго чыга калышып "Биз кыргызстандыкпыз"- деп бакырышып калышат. Башка мамлекеттерге барсаң, ошол өлкөдө жашаган ар бир жаран ошол мамлекеттин мыйзамына баш ийип жашайт экен. Буга мисал катары бир окуяны айтып берейин. 2000-жылдын башында Кытайда жашаган кыргыздардын бир чоң делегациясы бизге концерт коюп келип калды. Биздин чыгармачыл топ аларды Торугарттан тосуп алдык. Ат- Башы районуна сый дасторкон даярдап, сый көрсөтө баштадык. Сыйдын үстүндө сөзсүз шарап болот эмеспи. Шарап сунсак бири да албайт. Түшүнбөй калдык. "Эмне болду"- деп сурай албайбыз. Көнүшө элекпиз да. Кытайдан келген кыргыздар менен эки кытай кошо келген эле. Эки киши сүйлөшө калса эле баягы эки кытайдын бирөө басып барып тыңшап калат да, өзүнүн тилинде кагазына бирдеме деп жазып алат. Эки күн өткөндөн кийин көнүшүп калдык. Анан жетекчисин чакырып, "Силерге биз сый көрсөтүп жатсак, силердин кабыл албаганыңар кандай, сыйыбыз жакпай жатабы? Силер жакта дагы ичкиликти татып коерун, угуп эле жүрөбүз"- десек, "Жок, баары жакшы. Сыйыңар жакты. Тиги экөөсү КГБдан келген. Биздин ар бир кадамыбызды карап жүрөт. Туура эмес иш кылсак эле, ал жакка айтып барат. Бизде түрмөгө түшкөндөн өткөн кордук жок. Түрмөгө түшүп чыккан адамдын бетине өмүр бою кара так калат. Ал бала-чакасына чейин өтүп, тукумуң өмүр бою кор болот. Бизде мыйзам деген күчтүү. Ага баарыбыз баш ийебиз. Мына ошол үчүн биздин балдар тиги экөөсүнөн чоочуп жатпайбы"-деди. Карачы, алардын мыйзамын сыйлаганын. Бизде да ушундай тартип болсо, бизде жашаган улуттун баары биздин мыйзамды сыйлап жашамак. Катуу тартипти орнотууга ким тыюу салмак эле. Мыйзам менен иштесек, сырттан бирөө келип "Сен эмне кыйын болуп жатасың"- деп бизди жакадан алмак беле… Деги эле азыркы заманда өтө боштуктун деле кереги жок экен. Муну жыйырма жылдан бери түшүнүп деле калгандай болдук окшойт.
- "Кыргыздардан башка эч ким армияда кызмат өтөбөйт"- деген сөздөр эл арасында көп айтылат. Сиздер аскер бөлүктөрүнө концерт коюп көп барбадыңыздарбы, башка улуттун уулдарынын армияда кызмат өтөгөнүнө күбө боло алдыңызбы?
- Туура суроо берип жатасың. Чынын айтсам, биз канча деген аскер бөлүктөрүнө концерт коюп барбадык, бир жолу да сексенди бери коюп, армияда кызмат өтөп жаткан он улуттун балдарын кезиктире алган жокмун. Жалаң эле кыргыздын балдары, арасында азыраак орустар бар. Башка улуттун балдарын көрмөк тургай укпайсың. Кечээ "Азаттыктан" Ош облусунун коменданты Б. Фаттахов: "Биздин балдарды армияга албайт"- деп айтып жатат. Чындыгында албайт эмес, алардын балдары армияга барбайт. Азыр акча деген балекет баарын чечип калган. Акчаны бер, армияга барбай эле кой, сенден эч ким армияга барып кызмат өтө деп талап кылбайт. Ушунун өзү туура эмес.
Биздин күч органында иштеген адамдар да балдарды армияга чакыруу боюнча битоп туура эмес мыйзамдарды кабыл алып салышты. Акча бер да барбай кой деп коюшту. Колунда бар, бардар үй-бүлөнүн балдары армия эмне экенин билбей, колунда жок үй-бүлөнүн балдары кызмат өтөшү керекпи? Ошол кантип болсун. Азыр биринчи кезекте, ушул нерсени жок кылуу керек. Кыргызстанда жашаган улуттун өкүлдөрү улутуна карабай, армияда кызмат өтөө милдетин күчөтүү керек. "Кыргыз мамлекетинде жашаган сексен улут пайызына жараша баары Кыргыз жерин коргоого жана армияга барып кызмат өтөөгө милдеттүү"- деген закон чыгарып коюу керек. Ал эми жогорудагы Б. Фаттахов айткандай, "башка улуттун балдарын армияга албайт" деген болбогон сөз. Армия келип кызмат өтө деген чакыруу кагазы аларга деле барат. Алар армияга баргандын ордуна акча берет. А биздикилер алганга маш да. "Жок, кызмат өтө"- дегендери жокко эсе.
Дагы бир айта кете турган нерсе, азыр үйүнө курал кармаган террористтерден тазаланып алуу зарыл болуп турат. Кыргыз, өзбек, татар дебей үйлөрдү бүтүндөй текшерип, курал-жарактарды мамлекетке өткөрүү зарыл. Болбосо, бизде тынчтык орнобойт. Ошол үйлөрүндө курал кармаган адамдардын баары жоопко тартылышы керек. Карапайым адам үйүнө курал кармамак беле…
1990-жылдагы Ош окуясынан кийин Ислам Каримов Кыргызстанга келип: "Өзбектер, тынч жашагыла! Кыргыз агайындардын законун, тилин-дилин сыйлап жашагыла"- деп айтканда телевизор көрүп отурган биз кол чаап жибергенбиз.
- Темирдей тартипти орнотуп, мыйзамга баш ийип жашоо үчүн кандай чаралар көрүлүшү керек?
- Биз, кыргыздар, кең пейил, ак көңүлдүгүбүздү таштасак. Ашкере ак көңүлдүгүбүз жыйырыма жылдан бери башыбызга таяктай эле тийип жатат. "Биз меймандоспуз, берешен, ак көңүлбүз, башкаларга койнубузду кенен ачабыз"- деп жатып, байкабай койнубузду өтө эле кенен ачып алып, эми төшүбүздү жаба албай жатабыз. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийин жалпы элдик биринчи курултай болгон. Ошондо дүйнө жүзүндөгү кыргыздардын баары борборго келген. Анан биз алардан "Силердин пикириңерди угалы. Биз кандай жашап жатабыз. Түпкүлүктүү эл кандай экен"- деп сурасак, алар:"Абдан жакшы жашайт экенсиңер. Биз уккандан жакшы. Биздин угушубузда силерди басынып жашайт деди эле. Андай эмес экенине өзүбүз күбө болуп отурабыз. Бир кемчилигиңер силер тааныбаган адамдарга деле өтө эле койнуңарды ачып жиберет экенсиңер"-дешти эле. Ошол сөздү баарыбыз эле угуп тургандай болгонбуз. Бирок өзгөрүү жок. "Yйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы"- дегендей болуп эле келе жатабыз. Кайда барабыз билбейм.
- Жакында партиялардын парады башталат эмеспи. Баардык эле шайлоолордо эл менен жолугушуу үчүн ырчыларды колдонуп келерин билебиз. Айтсаңыз, сиздер үгүт иштери үчүн жетиштүү эле каражат аласыздарбы?
- Азыр эмне көп, партия көп. Тим эле жамгырдан кийин пайда болгон козу карындай эле жайнап кетти. Эми сан жетпейт. Биринен-бири кыйын, биринен-бири көзүр. Бирок жасаган иштеринен дайын жок. Арасында 3-4 аты чыгып, эмгеги элге өтүп калгандарын кошпогондо, жаңы түзүлгөн партиялар туурасында кеп козгоштун деле кажети жок. Өзүбүз үч миллион шайлоочу болсок, ар бир партияга 10 пайыздан тийип калат го.
Эң кызыгы, шайлоого карата үгүт иштери башталганда башталат. Кыйкыргандар, "мен кыйратам, мен гүлдөтөм" дегендер толуп чыгат. Эгер алар өздөрү эле эл алдына чыгып алып, ошентип кыйкыра берсе, эл аларды укпайт дагы, келбейт дагы. Алар дагы амалкөй да, "Силер жакшысыңар, каалаган акчаңарды беребиз"- деп артисттерди далыга таптап, ырчылардын арты менен шайлоочулар менен жолугушат да, шайлоо бүткөндөн кийин тескери карап, берген убадаларын унутуп калат. Yгүт учурунда "үйүм жок" дегендерге "үй элеби, аны да караштырабыз"- деп күпүлдөп убадаларын беришет. Шайлоо өттү. Баары унутулат.
Мындай окуялар баштан көп өтпөдүбү. Ошол үчүн ырчылар алдын ала келишим түзүп, тыйындарын алышып, андан кийин гана үгүт иштерине чыгышса деген оюмду айтам.
Маектешкен
Жаркынай КАДЫРКУЛОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
2-бет
БИЗ КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ
3-бет
Декреттер менен эмес, мыйзам менен…
4-бет
Калыстыкты кайдан күтөбүз?
5-бет
Укук коргоочулардын өмүрү коркунучтабы?
6-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
7-бет
Мурутуңа муз тоңгур...
8-бет
Сагынбек Абдрахманов,
Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу:
"Ибраимова, Сариевдер мени
кызматтан алмакчы болуп…"

9-бет
Жаңы министр.
Аксы окуясы. 4 пансионат.

10-бет
Курмангазы Инсанаев,
Кыргыз мамлекеттик циркинин директору:
"Итти сыйласаң, килемге чычат!"

11-бет
Аргынбек Малабаев,
"Кыргыз темир жолу" башкармалыгынын башкы директору:
"Мен эч кимден коркпойм, анткени чындык мен тарапта"

12-бет
Келдибек Ниязов,
КРнын Эмгек сиңирген артисти, куудул:
"Кыргыз мамлекетинде жашаган сексен улуттун уулдары армияда кызмат өтөөгө милдеттүү"

13-бет
Ал элдин кулк-мүнөзүн
түшүнө билет...

14-бет
Сандан-санга
15-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
16-бет
Кылымдар Асыкбеков,
комузчу:
"Өзүм чыгарган
беш күүм бар"











??.??