Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Сандан-санга

Кандуу жылдар
Эмнеси болсо да аялына телефон чалдырышты, милицияга билдирсе, эмне болорун да жакшы түшүндүрүштү. Токен кай жерде жатканын, кимдер тепкилеп турганын билбейт, маска кийип киришчү бөлмөгө.
- Эми мындан ары баары ушуну менен чыгып кетсин, - деп Макан тилегин айтты эле, Токен:
- Муну менен чыкпайт го, - деди Токен. - Акча дегениң балээнин баарын ала жүрөт тура...
Ошонун эртеси Токен бүлөсүн алып, келбей турган болгон Маканды көндүрүп тоодогу атасыныкына келишти. Токендин ата-энеси да, иниси да анын көргөн кордугу жөнүндө таптакыр кабары жок эле. Уулунун кейпин көргөн ата-эне аябай чочуп турушту. Эне дегдеңдей суу алып чыгып уулунун башынан тегеретип чачты. "Ооруп айыктым" деген уулуна багыштаган түлөөгө кой мууздалды.
Токен телефон аркылуу фирмасындагылар менен байланышып, бардык ишти тактап, тапшырмасын берип, бир жумача эс алып кетмек бу жерде. Макан экөө карыш басса чогуу жүрүшөт, өзүнүн да, ата-энесинин да колунда бар, каалаган тамактары алдыда. Сыртынан көңүлү ток көрүнгөнү менен, Токендин ичи бороон, көргөн кордугу, кеткен акча анын жанын кайдан тынчытты. Алсыз, бечара болуп, итке жасагандан да жаман мамиле жасап, жигиттик намысын каалагандай тебелеп-тепсеп кордошподубу. Бул ишти ушу менен эле унута албайт эле, бүт өмүрүн сайса да аларга жооп кайтарыш турулуу.
Бир күнү эки дос эртең мененки тамагын ичип, коктуга түшүп суу бойлошту. Баягы мылтык атып көпкөн немелердин клеенкасы калыбында турган экен курт-кумурска үйүлөт. Аны көргөн Токен жини келип алды:
- Айбандар, ичкен тамагын да жыйнабай кетишкен экен.
- Жыйнаганга үлгүрбөй калышкан, - деди Макан, - үлгүрсө деле жыйначулардан эмес болчу.
Аны кайдан билесиң дегендей, суроолуу караган досуна Макан болгон ишти айтып берди эле, ал аябай ыраазы болуп, кайра-кайра сурайт. Анан туткунда жатканда да, бошоп келгенден кийин да тынымсыз ойлоп турган маселесин айтып турду:
- Макан, сен мени чыныгы досум деп жүрөсүңбү?
- Анан калп эле демек белем.
- Башыңа кандай иш түшпөсүн, мени сатпайт белең?
- Ал эмне дегениң? Мени бирөөнү сатат деп уктуң беле? - Макан таарына кетти, - оң сүйлөчү, эмнени айткың келип ж атат?
- Мен сага жаманчылык кылсам эмне кылар элең?
- Эмне кылмак элем, ит экен деп кете бермекмин.
- Менин мындай оюм бар Макан, жаман көрбөй түшүнүп уксаң. Бул сөздү азырынча сенден башка бир дагы тирүү жан укпашы керек.
- Кулагым сенде, - деди Макан суу жээгине спорттук күрмөсүн сала отуруп.
Токен да кийип турган күрмөсүн чечип алдына салды да, Макандын маңдайына отуруп, Макан чыдамсыз күткөн кебин айтып турду:
- Мен бизнеске өтүп анча-мынча анын үзүрүн көрүп дегендей, дүнүйөдөн башка эч нерсе көрбөй, ойлонбой бараткан турбаймынбы. Уучуң акчага толуп турса, башка оюңа келбейт экен. Ошол акчаны дагы кантип көбөйтөм деген ойдон башка. Анан күндө тепки жеп, ага жооп кайтарууга ал жок, өлүм санап, бу көрөкчө өлүп калсам эмне деп, намыс жанды кыйнап турганда акчаң ай-талаада калат экен. Дал ошондой абалда акчаң кыкка татыбайт тура. Эми ал жөнүндө сайрай берип сени тажатпайын, Маке, ток этер жерин айтайын. Мен азыркыга чейин жасап келген ишимен кайтпайм, бизнестен дегеним. Дале акчанын арасында болом, ага көз арткандар күндөн-күнгө көбөйөт. Дагы уурдап, кол салып, өлтүрөбүз дегени чыгат. Ошондуктан сен башында турган бир жакшы топ түзсөмбү дейм, куралчан. Кандай дейсиң?
Макан ойлонуп отурган жок, досу эмне десе да көнмөк, дароо макулдугун айтты:
- Мен макулмун.
- Рахмат сага. Чынын айтсам, андай балээңди кой, достугубуз жай эле болсун деп коебу деп чочудум эле - Токен Маканды колдон тарта тургузуп, кучактай далыдан таптады, - шерттешкенибиз ушул болсун! Эми эң негизгисин айтайын, кордогондорду сөзсүз табышыбыз керек, бүт өмүрдү жумшасак да табышыбыз керек. Алардын тынч жашоого акысы жок, таптакыр жок, түшүндүңбү?!
- Түшүндүм. Алардын бирин тааныйм.
Селт эте калган Токенге Макан аларды аңдыган окуяны төкпөй-чачпай айтып берди...
***
Бир күнү Токенди эне-атасы, бала-чакасы менен бир кокту нараак конгон жайлоолошу чакырды. Ал кенедейинен актипчалыш тың чыгып, кызматы башкармага чейин жетип, оокаттуу жашап келген адам экен. Аялы өзүнөн жыйырма жаштай кичүү, өңдү да, тилди да Кудайым аяган эмес экен, тим эле чаң жукпайт. Үй ээси анын тескерисинче, кеп-сөздү эби менен айталбаган, бир балбырбы, далбырбы, айтор, оозунда он ооз сөзү жок сөлөкөт сымал көрүнөт. Аялынын айтканын өзү айткансып коштоп, баш ийкеп отурат. Дасмал шаарда чоңдорду күткөндөй даярдалыптыр. Мындайда белгилүү - тамакты дасмалга жайнатканы чакырылган меймандар тое жеп кетсин, ыраазы болсун дебей, кыйын экен десин, колунда бар экен десин, ичтери күйсүн деп даярдалат, мактаныш үчүн ошентет бир топтору. "Мобу салаттан алсаңар, чучуктан жесеңер, чесногу азыраак болуп калганбы, "Ак сууну" коюп, "Арашанды" ичиңиз" деп үй ээси аял дасторконго коюлгандарды баса белгилеп сыйлап отурду. Эмне болсо да бу аял баралында башкарма болгон неменин мойнуна минбей эле, түптүз төбөсүнө чыгып алганы көз ирмемде байкалды.




Айлакер
Айым
Улам Салыйкадан алган акчасына убактылуу болсо да жыргап жашаган Жумагүл тайкы акылы менен "дайым эле ушундай болот" деп ойлогонбу жумушун да таштап салган эле. Эптеп башын көтөрө ордунан турду, бөлмөсүнүн ичи иретсиз. Ичилген бөтөлкөлөр менен тамак-аштын калдыгы көгөрүп, көчүк айланбаган бөлмөнүн ичи жагымсыз жытка тирелип турду. Эскилиги жеткен муздаткычын аңтарса эч нерсе жок, курсагы курулдап, дарманы кете баштады. Көптөн бери ысык тамак ичпегенге өзүн жаман сезди. Турайын десе ордунан тура албайт, жедеп аракка ууланып калган окшобойбу. Өткөндө эптеп эски телефон сатып алган, аны күйгүзүп, Салыйканын телефонун терди. Гудок барган менен жооп берген эч ким жок. Тажабай кайра-кайра чалды. Акыры трубканы Салыйканын кызы алды.
- Мамаңды чакырчы...
- Мамам үйдө жок, ким чалды деп коеюн?
- Кантип үйдө жок, эмне менден коркуп атабы, коркпой эле сүйлөшө берсин, анын абийирин төкпөйм.
- А вы кто? Странная такая... Мамы нет, они с папой Турцияда, эс алууга кеткен.
Орусча-кыргызча аралаштыра сүйлөгөн кичине кыз жиндене трубканы койгончо шашты.
Жумагүлдүн шаштысы кетти, акыркы үмүтү Салыйкада эле да. Эптеп акча алып, тамак-аш ичип, кебетесин оңдоп, жумуш издейин дебеди беле. Эми эмне кылат? Ордунан турайын деп жерге жыгылды. Таптакыр шайы ооп калыптыр, анан эптеп жөрмөлөп сыртка жөнөдү, кимдир бирөөлөрдөн жардам сурабаса болбойт, өлүп калчудай.
Ошол маалда кошуна жашаган келин баласын көтөрүп сейилге чыгып бараткан эле, бөлмөсүнөн жөрмөлөп чыгып, өң-алеттен кеткен Жумагүлдү көрүп чочуп кетти. Кебетеси бир шумдук, сүйлөөгө дарманы жок. Жумагүл да "жардам" дегенден бөлөк эч нерсеге жарабай, башы менен жер сүздү. Кошуна келин баласын сыз жерге отургуза коюп, ач-айкырыкты салып, Жумагүлдүн башын жөлөдү. Араң дем алган аялдын оозунан тим эле арактын жыты буркурайт. Кырдаалды түшүндүбү, келин дароо уюлдук телефону менен "тез жардам" чакырды.
Зарина адаттагысындай кечки жолугушууга мыктап даярданды. "Афродитага" барды, маникюр, педикюр, айтор, денесинин тамтык жерин калтырбай оңдоп-түзөттү да, "эми баарына даярмын" дегендей кыпкызыл машинасын от алдыра кафени көздөй сызды.
Сапар жаңы үйлөнө турган жаш жигиттей болуп, Заринаны толкундана күткөнүчү. Ар бир жолуккан сайын кызга болгон сезими ашып-ташып, кыялында канат байлап учкусу келгеничи. "Карыганда сүйүү күчтүү болот" деген чын окшобойбу" деп ойлоно, кыңылдап ырдап, тирелген дасторкон үстүндө телмире отурду.
Аңгыча кабина шарт ачыла Зарина кирип келди, тим эле күн жаркырап тийгенсип, Сапардын жаш баладай кубанганычы. Көптөн бери жетелешип, сүйүшүп-күйүшүп жүргөн кыз-жигиттердей бир-бирин кучагынан чыгарбай, эриндер кызаргыча өбүштү. "Чай куюп, тамак салып тейлей калайын" деген официант экөөнү көрүп, сыртка чыккыча шашты.
- Жарыгым менин, кечөө эле ажырашсак да мен үчүн күн өтпөй койду, жипсиз байлапсың мени, кантем, кантем? Сагынычтан куса болчу болдум. Айлам да, аргам да түгөндү. Сенсиз жашай албайт окшойм.
Аял кулагы менен сүйөт деген чын бейм, жагымдуу сөздөргө көңүлү балкыган Зарина калп эле кылыктанды.
- Коюңузчу, эркектин баары окшошсуңар, жаш кыздардын башын айлантып, кооз сөздөрдү сүйлөгөнгө машсыңар да. Балким бул сөздү мен эле угуп жыргабай, башкалар да мындай бактыга балкып аткандыр.
- Өлүп кетейин Зарина, андай эмес, карган десең карганам. Сени баягы жол жээгинен көргөндө эле эсимди жоготуп сүйүп калгам. Сүйүү бул оору. Ошондон бери ушу оорудан айыга албай азап чектим. Колдон келсе сени жаныман чыгаргым жок.
- Аялыңызды, эл сөзүн кантесиз? Балдарыңыз да чоңоюп калды...
- Ошо да, ошолорду ойлогондо оргуштап чыккан сезимимди араң тыям. Үйгө да мойнунан байлаган иттей болуп барчу болдум. Кабагым ачылбайт. "Эмне болуп баратам?" деп анан араң оңолом. Кантем, кантем? Канткенде бул азаптан кутулам? Мындан 20 жыл мурун кайда элең? Ошондо баягыдай болуп көчөдөн жолуксаң, дароо ала качып кетмекмин.
- А мен сизге тиет белем?
- Билбейм, жаш, эчтекеси жок жигитти карамак белең?
- А сиз эмне байлыгым үчүн жүрөт деп атасызбы? Керек болсо менин атам сизден бай. Сизден мага эчтекенин кереги жок.- Ушу жерден Зарина атайын ызалангансып, өктөм сүйлөдү.
- Өй, көпөлөк десе, сразу эле таарынып кетет да, тамашалап атпайымбы. Тамашаны да түшүнбөйсүңбү? Келчи, андан көрө дасторконго отуралы.
Анын үстүнө сага сонун сюрпризим бар. Сага чын ыкластан сүйүүмдү далилдейин деп чечтим. Ошондо балким менин сүйүүмө ишенерсиң...

P.S. "Айлакер айым" сериалынын башталышын окубай арманда калдык, качан китеп болуп чыгат?" деп телефон чалган көптөгөн окурмандардын суроосун эске алып, автордун уруксаты менен "Айлакер айым" сериалы "Айат пресс" газетасында кайра башынан баштап басылып чыгууда. Окуялар кантип башталып, кандай өрчүгөнүн окуган да, окубаган да арманда. "Форумдагы" сериалдын окуялары уламдан-улам курчуп, бүйүр кызытып, жарык көрө бермекчи.










кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
2-бет
БИЗ КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ
3-бет
Декреттер менен эмес, мыйзам менен…
4-бет
Калыстыкты кайдан күтөбүз?
5-бет
Укук коргоочулардын өмүрү коркунучтабы?
6-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
7-бет
Мурутуңа муз тоңгур...
8-бет
Сагынбек Абдрахманов,
Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу:
"Ибраимова, Сариевдер мени
кызматтан алмакчы болуп…"

9-бет
Жаңы министр.
Аксы окуясы. 4 пансионат.

10-бет
Курмангазы Инсанаев,
Кыргыз мамлекеттик циркинин директору:
"Итти сыйласаң, килемге чычат!"

11-бет
Аргынбек Малабаев,
"Кыргыз темир жолу" башкармалыгынын башкы директору:
"Мен эч кимден коркпойм, анткени чындык мен тарапта"

12-бет
Келдибек Ниязов,
КРнын Эмгек сиңирген артисти, куудул:
"Кыргыз мамлекетинде жашаган сексен улуттун уулдары армияда кызмат өтөөгө милдеттүү"

13-бет
Ал элдин кулк-мүнөзүн
түшүнө билет...

14-бет
Сандан-санга
15-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
16-бет
Кылымдар Асыкбеков,
комузчу:
"Өзүм чыгарган
беш күүм бар"











??.??