Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кылымдар Асыкбеков,
комузчу:
"Өзүм чыгарган
беш күүм бар"
Комуздун тарыхын, сырын, кереметин билбеген адамга жөнөкөй, жупуну көрүнөрү шексиз. Ошол жупуну көрүнгөн үч кылына бүтүндөй кыргыздын тарыхын камтып, симфонияга тете чыгармаларды жөнөкөй үч кылына сыйдырган керемет комуз кыргыздын рухий мурастарын урпактарга жеткирип отурат. "Yч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз, чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз" демекчи, чындыгында чебер колсуз комуздан керемет обон кайдан чыксын. Кыргыздын тарыхын күүгө салып, урпактарга жеткирген улуу комузчулар арабыздан жашап өткөнүн баарыбыз билебиз. Элибизде "Улуттун уучу таланттан куру болбойт"- деген жакшы сөз айтылып келет эмеспи. Анын сыңары, улуу комузчулардын жолун улап, үч жашынан тартып комузда кол ойнотуп, эл аралык конкурстарда Кыргызстандын атын чыгарып, намысын коргоп келе жаткан жаш комузчу Асыкбеков Кылымдар бизде мейманда.


- Кылымдар, кайсы мектепте окуйсуң?
- №39 кыргыз мектепте окуйм. Түшкө чейин мектепте окуп, түштөн кийин "Агахан" фондунда окуйм. Мындан тышкары, Курмангазы Азыкбаевдин атайын жаштарды улуттук аспаптарды ойноого үйрөтүүчү мектебине да барам. Быйыл төртүнчү классты бүттүм.
- Комузду канча жашыңдан баштап үйрөндүң?
- Биздин үйдө белекке келген комуз бар болчу. Yч жашымдан тартып эле ошол комузду чертип ойной берчүмүн. Кийин атам мени биздин жаныбыздагы комуз үйрөткөн такыр берген. Ал жерден бардык күүлөрдү бат эле үйрөнүп алгам. Эжекебиз үйрөткөн күүлөрдү эч жаңылбай чертип калганымда, бизге комуздан сабак берген эжекебиз бир күнү атама келип: "Менин күүлөрүм калбай калды. Балаңар бардык күүлөрдү үйрөнүп алды. Башка чоң комузчуларга бербейсиңерби?"- деп айтыптыр. Анан атам мени Нурак абама алып келген. Калган күүлөрдү Нурак абамдан үйрөндүм. Нурак абам чоң комузчу да. Анын күүлөрү көп, эч түгөнбөйт.
- Биринчи жолу күү үйрөнгөндө кыйналган жоксуңбу?
- Өзүм башынан эле комуз черткенди аябай жакшы көрчүмүн. Биринчи жолу күү үйрөткөндө такыр кыйналган жокмун. Тескерисинче, башка балдарга караганда бат эле үйрөнүп алдым. Азыр деле күү үйрөнгөндөн кыйналбайм.
- Канча күү билесиң?
- Жалпы отуздан ашык күүнү черте алам. Мындан сырткары, өзүм дагы күү чыгара баштагам. Азыр өзүмдүн чыгарган беш күүм бар. Бирок ал күүлөрдү элге тартуулай элекмин. Атам: "Азыр бир аз эртерээк кылат. Дагы бир-эки жыл өтсүн анан кийин элдин сыноосуна коебуз"-деп жатат. Ошол үчүн өзүмдүн күүлөрүмдү азыр элдин алдында чертпейм.
- Черткен күүлөрүңдүн тарыхын билесиңби?
- Ооба. Атам мага күүлөрдүн бардыгынын тарыхын кагазга жазып берет. Мен окуп, билип алам да, күүнү чертерде элге айтып берем. Нурак абам бизге күү үйрөтүп жатканда "Тарыхы жок күү болбойт. Кандай күү чертсеңер да тарыхын билип жүргүлө. Күү ошонусу менен улуу жана касиеттүү"- деп көп айтат. Нурак абам бизге күү черткенди гана үйрөтпөстөн, күүнү уга билгенди, түшүнө билгенди, күү чыгарганды да үйрөтөт.
- Өзүң чыгарган күүлөрүңдүн аттарын айтып берсең? Аларды кантип чыгардың?
- 2009-жылы Алтынбек Сапаралиев, Шахрезада Аскарова эжелер менен Ош жергесине концерт коюп барганбыз. Ошондо Сулайман тоону көрүп, "Сулайман тоом" деген күүнү жараткам. Биздин жерлерибиз аябай кооз да. Мага жайлоого барган жагат. Жайлоону жакшы көрөм. Жайлоого арнап, "Жайлоо" деген күү чыгаргам. Булардын тарыхтарын кийин күү черткен учурда айтып берем.
- Жакында Венгрияга барарыңдан кабардар болдук эле? Ал жакта конкурс болобу?
- Жок, конкурс болбойт. Венгрияда бүткүл көчмөндөрдүн курултайы болот экен. Бизди келип катышып бергиле деп чакырган. Чакыруу кагаздары бар. Азыр даярданып жатабыз. Ал жакка атам экөөбүз бармакпыз. Атам Алтайга кетип, бошобой калат экен. Мен өзүм эле жетекчи эжелер менен барам. Венгриядан келгенден кийин күзүндө Кытайга барабыз. Ал жакка да атайын чакыруу кагазы келген.
- Эл аралык конкурстарга катышып жүрөсүң. Жеңиштериң туурасында айтып берсең?
- Биз биринчи Францияга конкурска барганбыз. Ал жакка отуздан ашык өлкөдөн конкурсанттар келишкен. Отуз өлкөнүн ичинен биз биринчи орунду жеңип алганбыз. Мындан тышкары, 2009-жылы Орто Азияда өткөн конкурста биринчи орунду алгам. Быйыл мени катыштырбай коюшту.
- Эмнеге?
- Билбейм.
- Францияга барганда комуздун күүсүн угуп таң калыштыбы?
- Францияга биринчи барганда бала бакчадагы балдар келип, комузга таңданышып карап жатышты. Аларга күү чертип бердик эле, кечке биздин жаныбыздан кетпей жүрө беришти. Андан кийин мектеп окуучулары да келишип, күү угушуп, таң калып кетишти. Анан конкурс башталып, биз күү черткенде элдер туруп алып кол чаап жатты. Конкурс аяктаганда ал жактын элдери биздин жаныбызга келип: "Ой, ушул үч кылдан ушундай керемет күү чыгабы"- деп таң калышып карап калышты. Анан биз шаарларды кыдырып, концерт коюп келдик.
- Сен менен бирге кимдер барды эле?
- Бизде комуз үйрөнүп жүргөн Канат, Адинай үчөөбүз барганбыз. Бизди жетекчибиз Рахат эже алып барган.
- Комуздан башка дагы кайсы улуттук аспаптарда ойногонду билесиң?
- Азыр чопо чоор, ооз комузда ойногонду үйрөнүп жатам. Мындан тышкары, Эстебес Турсуналиевдин вариантындагы "Чоң кербезди" комуз менен ырдап, "Саринжи-Бөкөйдү" үйрөнүп жатам.
- Убактыңдын баары күү үйрөнүүгө кетет экен. Мектепте кандай окуйсуң?
- Жакшы эле окуйм. Кечинде эки-үч саат убактымды сабак даярдаганга бөлөм. Сабактарымды даярдап бүткөндөн кийин гана күү үйрөнө баштайм. Сабактардан сырткары нота да жаттайбыз. Түнкү саат бирге чейин сабак окуйм.
- Эртеден кечке сабак менен алектенсең, ойноого качан убакыт табасың?
- Кээде гана сыртка чыгып ойноп келем. Бирок кечке ойноп жүрүп албайм. Жарым саат ойноп, кайра эле үйгө кирем. Атам айткандай, үйдө "Суворов тарбиясы" менен тарбияланам. Бирок дем алыш күндөрү бош болом. Ал күндөрү атам "Каалаган жагыңа барып ойноп кел"- деп коет. Каалагандай эс алам.
- Спорттун кайсы түрү жагат?
- Сууда сүзгөндү жактырам. Бирок өзүм барбайм. Убактым жок. Сууга сүзүүдөн башка шахмат ойногон жагат. Бош болгондо шахмат ойнойм. Чарчаганда да шахмат ойноп эс алам.
Маектешкен
Жаркынай КАДЫРКУЛОВА




Государственное Предприятие "Национальная компания "Кыргыз темир жолу" объявляет конкурс на замещение следующих вакантных должностей:

1. Начальника отдела юридического сопровождения пассажирских перевозок.
Квалификационные требования:
- высшее юридическое образование
- владение государственным и официальным языками;
- хорошие организаторские и аналитические способности, навыки письменной речи;
- инициативность умение работать в команде, коммуникабельность, дисциплинированность и ответственность;
- умение работать на персональном компьютере - знание офисных программ работы с ИПС "Токтом" Аdvaizer.
- знание Конституции Кыргызской Республики, нормативно-правовых актов в сфере гражданского, уголовного, таможенного, миграционного, железнодорожного транспорта стран СНГ и Балтии (преимущественно)
- стаж работы по специальности не менее 5 лет.

2. Юрисконсульт.
Характер работы - разъездной.
Квалификационные требования:
- высшее юридическое образование
- владение государственным, официальным языками, английским (преимущественно)
- опыт правовой работы по специальности не менее 3 лет.
- знание Конституции Кыргызской Республики, нормативно-правовых актов в сфере гражданского, уголовного, таможенного, миграционного, железнодорожного транспорта стран СНГ и Балтии (преимущественно)

Резюме на русском языке просим представить до 29 июля 2010 года,
на e-mail:
kadryykgd@mail.ru

За дополнительной информацией обращаться по телефону 92-73-29.







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
2-бет
БИЗ КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ
3-бет
Декреттер менен эмес, мыйзам менен…
4-бет
Калыстыкты кайдан күтөбүз?
5-бет
Укук коргоочулардын өмүрү коркунучтабы?
6-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
7-бет
Мурутуңа муз тоңгур...
8-бет
Сагынбек Абдрахманов,
Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу:
"Ибраимова, Сариевдер мени
кызматтан алмакчы болуп…"

9-бет
Жаңы министр.
Аксы окуясы. 4 пансионат.

10-бет
Курмангазы Инсанаев,
Кыргыз мамлекеттик циркинин директору:
"Итти сыйласаң, килемге чычат!"

11-бет
Аргынбек Малабаев,
"Кыргыз темир жолу" башкармалыгынын башкы директору:
"Мен эч кимден коркпойм, анткени чындык мен тарапта"

12-бет
Келдибек Ниязов,
КРнын Эмгек сиңирген артисти, куудул:
"Кыргыз мамлекетинде жашаган сексен улуттун уулдары армияда кызмат өтөөгө милдеттүү"

13-бет
Ал элдин кулк-мүнөзүн
түшүнө билет...

14-бет
Сандан-санга
15-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
16-бет
Кылымдар Асыкбеков,
комузчу:
"Өзүм чыгарган
беш күүм бар"











??.??