БИЗ КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ
ОТУНБАЕВА ОРДУНДА, БИРОК МӨӨНӨТҮ КЫСКА
"Мен, Роза Исаковна Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришип жатып: Конституцияны жана мыйзамдарды ыйык сактоого… өз элимдин жана Ата Мекенимдин алдында ант берем"- деп президенттик ишине киришти. Роза Исаковна Отунбаева эч качан антынан кайтпай тургандыгын баарыбыз билебиз! Ошондой Улуу ишеним.
Жогорудагыдай ыйык, улуу, бузган адамга кусурлуу антты эки айбан да: Акаев менен Бакиев да беришкен. Ант бергенде да Ала-Тоодой эт кылып, Ала-Көлдөй чык кылып, миллиондогон акчаны талаага чачып туруп беришкен. Бири катынына алдырып койсо, экинчисинин түбүнө баласы жетти. Ант бузулду. Эми алар Мекенинен айрылып тентип жүрөт. Кызыгы, Бакиевдин биринчи инаугурациясында жанагы мурунку Маданият министри Раевдин чала сабаттыгынын айынан сойкунун -Травиатанын ариясы аткарылган. Анан Бакиев да, анын бийлиги да ошол атты алышты го…Мындай учурларды ар дайым эскерип турушубуз керек, итчилик кетиргендерди эскерүү - андайды кайталабайлы деген кеп эмеспи…
Ошентип, эл күткөн күн да келип, кыргыздын чыгаан кызы Роза Отунбаева ошол кыргызынын башына турду. Кыргыз тарыхында мындай болуп көргөн эмес экен. Эки-үч коктудан турган бир аймакты башкарган Курманжан датканы кошпогондо…
Отунбаева айым тээ саясатка киргенден эле ал маселени мыкты билгендиги, көрүнгөн пикирге ойт бербей, бир пикир менен жүргөндүгү, билиминин тереңдиги жана ага шайкеш акыл калчай ала турган дарамети, Эл аралык дипломатияны мыкты билген адис экендиги, баарынан да таза адам экендиги билинген. Ал башкалар өңдөнүп бийлик жана байлык артынан куубады. Аны бийлик өзү тапты. Мына эми эң жогорку бийликке олтурду - бул анын акыл, билим дараметинин, кайратынын, элим деген тилекке толгон ак дилинин кылганы болду.
Кайра-кайра эскерип турганыбыз эптир - Отунбаева Бакиевдин кутурганы болуп көрбөгөндөй жогорку чекке жетип, элин эл дебей, жерин жер дебей айбан деңгээлинде көөп, оппозицияны кырып-жоюуга киришип калганда, андагы эркектерибиздин биртобу жансоогалоого бет буруп калганда, ошол бычак мизинде турган, туңгуюктун кырында турган оппозициянын башына келген. Анын бул чечими сөздүн түз маанисинде өлүмгө тике карагандык эле, баатырдык эле!
Ооба, Отунбаева президент болуп да кыйын кырдаалда, оголе кыйын кырдаалда келди. Ал үчүн бейпил күндөр аз болор. Мамлекетибиздин бүгүнкү абалы бычак мизинде тургандай эле болуп турат: жанагы Бакиев деген айбандын куйруктары биротоло тынчып калган жок, билгизбөөгө, сездирбөөгө аракет кылып далай былык иштерди жасап да жатышат, тамырын кыркмайын жасай берет; парламенттик шайлоо башталар менен кыргызыңда мурдагыдай эле компромат, амбиция, коррупция, трайбализм, жалаа жабуу, каралоо, сатып алуу, сатылуу, өмүргө коркунуч келтирүү ж.б. аралашкан катуу кармаш чыгат, мыйзам бузулган далай окуялар болот; кыргыз менен өзбектин чатагы бүтүп калган жок, кайра тутанып кетиши мүмкүн, анткени бул чыр өтө эле тереңдеп кетти, телевизордон көрсөтүлүп жаткан чал-кемпирлердин ынтымакташуусу - жасалмага көбүрөөк окшош. Жогоруда саналган кыйынчылыктарга чет элдик улутчулдар, сепаратисттер, экстремисттер, наркобарондордун терс таасири, коркунучтуу аракеттери да кошумча болушу бар. Ошентип, Отунбаевага көптөгөн негативдүү, а турсун опурталдуу-коркунучтуу көрүнүштөргө жана окуяларга каршы күрөш жүргүзүүгө туура келет.
Айым президентибизге кыйынчылык туудурчу дагы бир иш бул - өзүнүн тегерегиндеги соратниктеринин кыргызчылык аракеттери болот. Айталы, "баланча деген адамды түкүнчө кызматына коелу, тигини кызматтан шыпырыш керек…" сыяктуу сунуш-өтүнүчтөр, бири-бири менен кармашуулар көп болот, болуп да жатат. Анан да бизге грант түрүндө, жеңилдетилген насыя түрүндө миллиондогон доллар каражат келет, аны талатпай контролдош керек. Кыргыз жетекчилери акча көрсө эле баса калып көнүп калган. Көдүңүзбү, Отунбаева үчүн аябагандай кыйын иштерге каршы турууга туура келет. Туруштук бере алар бекен? Ушинтип суроо коюшубуз мыйзам ченемдүү көрүнүш дечи, бирок анын туруштук беришине, элин Жеңишке жетелешине ишеним чоң, бул объективдүүлүктөн келип чыккан ишеним!
Калың эл Роза Отунбаеванын президенттиги аз эле убакытка созуларына нааразы. Бул айымдай инсан кыргыз элинде дайым эле жарала бербейт, андыктан элинин башында бери дегенде беш жыл турушу керек эле. Болуптур, кийин президенттик шайлоо өтсө, Отунбаеваны Американын мамлекеттик катчысы сыяктуу өлкөнүн экинчи адамы кылып шайлап алышар… деп сооронуп туралы…
Эскере кеткенибиз эптир, дүйнө тарыхын барактасаң, мурун-кийин аялдар башкарган мамлекеттер биртоп экен: Филиппин, Израиль, Пакистан, Индия, Германия, Литва ж.б. Эми бу тизмеге Кыргызстан илинди, элинин ишенимине толук ээ болгон чыгаан кызы менен илинди…
Роза Отунбаеванын президенттиги чоң иш менен бшталганы - Астанага барып бир катар мамлекеттердин жетекчилери, айталы, Назарбаев, Медведев, Гүл, Рахмон менен теңата сүйлөшүп келгени да жакшы болду. Анын бул сапары мамлекетибиздин кадимкидей эле дүйнөлүк аренага чыкканынын символу болуп калды көрүнөт!
"БЕШИНЧИ КОЛОННА"
"Жоо аяган жаралуу…" деген кеп айтылып келатат кылымдан. Туура сөз. Анткени жоону аяп басып кетип баратсаң, маселен, артыңан кол салат экен, анан өлбөй калсаң - жарадарсың… Демек, жоону эч качан аябаш керек экен…
Билгендер билер, тээ өткөн кылымдын отузунчу жылдары Испанияда республикачылар бийликти алып, анан аны басууга Мадридди көздөй эл аралык империализм, фашисттик Германия колдогон Франконун төрт колоннасы келатканда, шаардын ичинде аларды колдогон адамдар жашырын күтүп турган. Мына ошолорду "бешинчи колонна" деп атап коюшкан. Республикачылар бу арам ойлуулардын барын да билген эмес… Республикачылар жеңилип, кыргынга учураганы тарых болуп калды. Ошондон бери "бешинчи колонна" деп өз жаныңда туруп, чыккынчы болуп душман күткөндөр айтылып келет…
Эпадам, диктатордук даам татып калган, мамлекетти менчигим деп ойлоп алган Бакиев жанагы бүтүндөй бир мамлекеттин ала качкан долларларын эми бир ирет чачып, бийликти кайра алам деп бул жакка баш бага турган болсо, кан-жанын аябай тосуп алууга даяр куйруктары азырынча аябай эле арбын. Бул коркунучтуу күч. А биздин өкмөт жетекчилери аны элес албагандай. Аларды камап жоопко тартып зыянсыздандыруунун ордуна келечек креслолорунун камын көп ойлоп жатышат окшоду.
Мына, аз күн мурун Убактылуу Өкмөттү кулатууга кам көрүп, анын башында туруп тилеги ташка тийген Сыдыковду камактан чыгарышты. "Үй камагы" деген кыкка турбаган эле нерсе. Андай адамдардын колу-жолу бош: ким менен болсо да үйүндө сүйлөшөт, каалаган адамын кабыл алат ж.б. Жүзүкара ишин улантууга эң сонун абал. Азыр мамлекеттик көңтөрүш жасоо үчүн үйдөн чыгып кетүү деле зарыл эмес, телефонду алат да буйругун бере берет. Муну ошол эле Сыдыков тастыктап койбоду беле. "Жашынын улгайып калганына, анан ден соолугуна карата чыгарылды" деп бийлик тарап шыпшынып жатышпайбы. Э айланайындар, кечээ эле "букадай буржуюп, токол алчу кейиптенген" неме бүгүн эле карып-арып калдыбы?! Аны чыгарганы биздин бийликтин боштугу гана болду.
Масалиев, Малеванная, Жороев сыяктуулар камакта жатышы керек эле, алар да үйүндө шапар тээп туру. Анча болду акелеп-жакелеп жатып Бакиевди алып келели да Ала-Арчадагы резиденцияга киргизип, "үй камагы" деп жарыялап, чучук-пучукка тайгалантып таштайлы. Антпесек, жанагы гумандуулуктун "энелери" Исмаилова менен Абдырасулова тейтектеп тескери баспасын! Деле ушул экөө тынчыбады, тыбырайт да турат. Буга да азыркы бийлик күнөөлүү. Тантыракай талаптарын кунт кое укканын айттым…
Азыр Бакиевдин накта куйруктарын коомдук иштерге аралаштырбай, кызматтарга койбой баскан-турганына саресеп салуунун ордуна, ортозаар кызматкерлерин куугунтуктаганга кыйын болуп жатышат. Бакиев тушунда да, азыр да иштеп жаткан орто кызматтардагы чиновниктер аябай эле көп. Алардын баарын кызматтан айдап жиберсе ким иштейт. Ооба, иш билги, бирок иши жок жаштарыбыз бар. Бирок алардын саны жетишсиз, экинчиден, кызматтагыларды алмаштырууну жер титирегендей кылбай ырааттуу жүргүзүшүбүз зарыл.
СССР кулагандан кийин компартиянын гегемондук ролу Конституциядан алынып салынган. Ал чечимдин туура болгонун кийинки тарых көрсөттү. Анын сыңары, "Ак жол" партиясы Конституциябызга жазылбаса да, аны мыйзам менен тыюу салыш керек эле, жана ага мүчө болгондордун ана башыларын эч бир саясий, коомдук иштерге аралаштырбаш керек эле. Азыр карасаңыз, Бакиевге жанын берчү "ак жолчулардын" бир катары айбанчылыктарын небак унутуп, хамелеон кейпи менен кайкая басып калышты, кээси кайсы бир партияга кирип жатат, келе жаткан парламенттик шайлоодон көздөрү өтүп. Азыркы бийлик бу элин эзген, элинин накта душманы болуп бир гана Бакиевдин күүсүн чалган "Ак жол" партиясын тарыхтан чийип салуусу керек, коркунучтуу тарыхтын бир көрүнүшү катары көөмп салышы керек! Антпесе, биринчиден, кылган күнөөсү үчүн жоопсуз калтырат, экинчиден, булар эртең эле баштарын жыландай соймоңдотуп, чагып, чагым чыгарууга далалат кылып турушу мүмкүн. Жакшы душман - өлгөн душман. "Өлгөн" дегенибиз моралдык жагынан айтылганын билээрбиз.
БИЙЛИК ТИЙСЕ, КАЛГАНЫ "ТЕХНИКАНЫН" ИШИ БОЛБОСУН…
Өкмөт башында тургандардын биртобу парламенттик шайлоого барыш үчүн кызматтарын башкаларга өткөрүп беришет да азырынча оозеки жүзүндө "саясий бюрого" биригип парламенттин милдетин аткарып турушат экен. Ал эми алардын ордуна "техниктер" деген ат менен башкалар келет. Булар саясий иштерге аралашпайт, эсеби менен жолун, суусу менен өнөр жайын билет. Мындай караганда туура көрүнгөнү менен, иш жүзүнө келгенде опурталдуу абалды туудуруп койбос бекен?!
Өзүбүздү өзүбүз дурус билет эмеспизби, эки кыргыз уюша калып үчүнчү кыргызды алып түшкөнгө машпыз, ар дайым кызмат көзүбүздөн учуп турат... Анан ушул маани менен алганда министрликтин башына келгендер жана башка мамлекеттик жетекчи кызматтагы "техниктер" кечинде "чайлаша" калып жаңы эле тынчтык жолго түшүп бараткан мамлекетибизде алаамат баштап жибербейби? Акчанын күчү канчалык экенин билип бүттүк, эч бир нерсе ага тең келе албайт экен. Ал эми ошол акча деген Бакиевдерде каалаганча бар. Мына ошол акча жанагы "техниктердин" башын бириктирип жибербес бекен? Мына ушундай санаркоо…
Анткен менен, Конституциябызды кабыл алып, президентибизди шайлап, мамлекеттүүлүгүбүздүн жаңы доорун баштап алдык көрүнөт. Эми жолубуздан бурууга күч түгөндү окшоду. Антсе да, "сактансаң сактаймын" дегенди жадыбыздан чыгарбаганыбыз оң, анын пайдасы гана бар.
Азыр Кыргызстандагы жаңы бийликти дүйнө эли ар кандай аракеттери менен тааный баштады: референдумга бир катар Эл аралык уюмдардан байкоочулардын келиши, анын жакшы өткөнүн айтып жатышы, биздин маселе БУУда, Евробиримдикте, Европарламентте, Евразия Экономикалык Биримдигинде ж.б. дүйнөлүк масштабдагы уюмдарда талкууланып жатышы, талкуулана тургандыгы ж.б. Бакиевдин көргөн күнү курусун…
Эми баары өзүбүздөн. Президентибиз жаман жолго баштабайт, артынан калбайлы, жардамыбызды аябайлы, бир тилек менен чогуу иштейли… өзүбүз үчүн.
Баратбай АРАКЕЕВ