Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Декреттер менен эмес, мыйзам менен…
Мурдагы саныбызда БШКнын төрагасы Акылбек Сариевдин алдыдагы парламенттик шайлоолордо "шайлоо фонду 100 миллион сом болсун деп, капчыктууларга жан тартып жатат"-деп жазып чыккан элек. Ошол жыйынга катышкан кабарчыбыздын 100 миллион сом жөнүндөгү укканы кашкайган чындык болгону менен эртеси Акылбек мырза редакциябызга телефон кагып, маселенин чоо-жайын кененирээк айтып берди. Көрсө, "партиянын шайлоо фонду 100 миллион сомдон ашпаш керек"-деген берене Шайлоо Кодексинде эчак эле жазылып, "50 миллион сомго түшүрүш керек" деген оңдоп-түзөтүүлөр болбогондуктан, Акылбек мырза болгону мыйзамдуулукту сактоого чакырган экен. "Биз жаңы Конституцияны кабыл алдык, мыйзамдуу жолго түштүк, эми декреттерди унутуп, мыйзам менен гана иштешибиз керек"-деген БШКнын чоңу 50 миллион сом деп өзгөрткөн күндө деле, амбициясы ашып-ташыгандар 100 миллион эмес, андан да көп акча сапырышат. Андан көрө Шайлоо Кодексиндеги "100 миллион сомго чейинки" деген чекти калтырып, салыгын мамлекетке төлөтсөк жакшы эмеспи дейт. Бир чети Акылбек мырзанын да ою жүйөөлүү. Эң башкысы, Боршайкомдун мурунку жетекчилеринен айырмаланып, мыйзамдын сакталышына кам көрүп жатканы, алдыдагы парламенттик шайлоолор таза өтөөрүнөн ишеним арттырып койду.


Байболов бакыйган министр
Акаев, Бакиев режими менен чачы куудай болгуча кармашып, бир жагынан өзүнүн бизнесин коргоп калуу, экинчи жагынан элдин көйгөй турмушу үчүн күрөшкөн Кубатбек Байболов ушу тапта бакыйган министр болуп отурду. Өзү чыгаан чекист, тажрыйбалуу мыйзамчы, бизнестин битин сыккан ишкер. Бирок анын орду ИИМ эмес УКМУ экенин айтып жаткандар толтура. Эмнеси болсо дагы укук коргоо органын реформалап, элдин тынч, бейпил жашоосуна өз салымын кошуп, милиция тармагы саясаттын куралы, бийликтин камчысы эмес, жалпы элди коргоого, камкордукка ала турган тармакка айланса эле болгону. Болбосо акыркы учурларда көрдүк, эл менен тартип сактоочулар ортосундагы ит тартыштыкты. Анын акыры барып, Конгантиевдин көк ала койдой сабалышына жетти.
Айбаттуу сүйлөп, акырын иш кылган Кубат мырзага айтаарыбыз эле ушул - ИИМди саясатташтырбай, кландык, партократиялык кадр саясатынан алыстатып, чыныгы профессионал, уюштургуч, иштин көзүн билген кадрларды жоопкерчиликке коюп, жакшылап иштетсе. Менин милициям - мени коргойт деп сыймыктанган учурга жетсек эле болду...


"Манас" эпосун дүйнө окуйт
Айтылуу "Манас" эпосунун Саякбай Каралаевдин айтуусундагы толук варианты Дүйнөлүк санариптик (Digital) китепканасына кирди. Бул китепканага эпос кыргыз жана орус тилдеринде 1584 беттик көлөм менен жайгаштырылган. КРдин маданият министрлигинен маалымдашкандай, бул долбоор ЮНЕСКО уюму жана АКШ Конгрессинин китепканасынын колдоосу астында ишке ашырылып, "Манас" эпосун ЮНЕСКО уюмуна киргизүүнүн алгачкы кадамы болуп саналды.
Ошондой эле маданият министрлигинин дагы бир буйругу көп жылдардан бери УТРКнын имаратында баш калкалап келе жаткан "Учур" театрынын эмгек жамаатын имарат менен камсыздады. Бул жай Бишкектеги "Чатыр-Көл" кинотеатры болуп эсептелет. Дээрлик баардыгы Москвадагы Щепкин атындагы окуу жайын бүтүрүп келип, эмгектенип жаткан жаш актерлордун кубанычтары койнуна батпай, чыгармачылык жигерлери ойгонуп турган чагы.


Жаңы министрлер кабинети куралат
Убактылуу Өкмөт отставкага кетип, министрлердин жаңы кабинети кийинки жумада куралышы мүкүндүгүн УӨ аппаратынын жетекчиси Эмилбек Каптагаев билдирген. Анын сөзүнө караганда 14 адамдан турган УӨ кетет, жаңы министрлер кабинетинде мурдагыдай сыяктуу курам сакталат, бирок ага Жаштар министрлиги, Маданият министрлиги сыяктуу жаңылануулар киргизилет. Э.Каптагаевдин билдиргенине таянсак жаңы түзүлгөн өкмөт эч бир партияга кирбей, эч ким менен саясий жакындыктары болбош керек. Жаңы министрлер кабинетине кимди алууну президент Роза Отунбаева өзү чечет жана эч ким кийлигишпейт. Ал эми УӨ мүчөлөрү өзгөчө кырдаал түзүлүп калса, саясий бир күч катары чогулуп, саясий чечим чыгарууга укуктары бар мүмкүнчүлүктөгү УӨ курамы сактап калат.


УКМКда жаңы орунбасар
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеванын буйругу менен Узбеков Досмир Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Буга чейин ал кызматты ИИМ министри болуп дайындалган Кубатбек Байболов аркалап келген эле. Ал эми Досмир мырза буга чейин Калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция министринин орун басары катары иштеген болучу. Ошондой эле ал СССРдин учурунда Кыргызстандын КГБсында иштеген, тажрыйбалуу кадр экендигин да айтышууда. Эмнеси болсо да, жаңы орун басар мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууга башын сайып иштеп берсе болду.


Үлгүлүүдөн бетер үгүт жүргүзүп…
К.Бакиевдин эң ишенимдүү, эч кимди астына салбаган кошоматчысы болгон Бегалы Наргозуев деген эргул намыстан кийин туулганбы, эч бир тынчтана албас болду. Кошоматчылыгынын аркасында элге жек көрүндү "Ак жол" партиясынан депутат болгон неме, учурда коомчулуктун көңүлүн айныткан "Ата-Журттун" арыгын чаап, шайлоо боло электе үгүт ишин жүргүзүп убара тартып жүргөнүн угуп, намысы жокторго арга жок тура дедик. Кайсы арына үгүт жүргүзүп жүрөт дейбиз да. Сыягы, депутат болгусу келип, уктай албай жаткан го.


КСДПчылар талап койду
Балыкчы шаары менен Ысык-Көл районунун социал-демократтары 8-июль күнү саат 10до Чолпон-Ата шаарына конференция уюштурду. Анда көпчүлүк партия лидери А.Атамбаевдин парламенттик шайлоого катышышын талап кылган атат. Катардагы шайлоочу Бактыбек Тенти уулунун айтуусунда: "2009-жылдагы президенттик шайлоодо да А.Атамбаев БЭКтин төрагасы катары штабынын чечимине баш ийип, байкоочуларды алып салганына каршы чыга алган эмес. Эми Атамбаев партиялаштары менен шайлоочуларынын да талабын аткарып, алдыдагы парламенттик шайлоого аттанууга милдеттүү",- деп эсептешет алар.


Намыстан наам таттуу көрүнүп…
Кыргызстанда генералдар менен артисттерден баш айланчу болду. Эки кишинин бири генерал, же артист. Ошондон улам экөөнүн тең баркы төмөндөп кетти. Карапайым калк акчаң же кишиң болсо текей терип жүрсөң да генерал менен артист болуштан өткөн жеңил эч нерсе жок экенин жакшы түшүнүп калышты. Эгемендикти алган жыйырма жылдын ичинде генералдар менен артисттер жаандан кийинки козу карындай жайнады. Санап аягына чыкчудай эмессиң. Мына үч ай Ички иштер министрин жетектей койгон Болот Шер (жыйырма жылга жакын аталган тармакта иштебегенине карабастан) генерал-лейтенант деген наам алып, көңүлү өсүп турган чагы. Эчендеген азаматтар укук коргоо тармагында чачы агарганча иштеп, генерал-майор наамына жетпей жүрсө, үч айдын ичинде Болот Шер (кайсы эмгеги үчүн экенин билбейбиз) барс секирик менен генерал-лейтенант наамын басып жыгылды. Болот Шер кыргыздын намыстуу эле жигити эле, уялса болмок экен. Жигитчилик кылып ыйгарылган наамдан баш тартса, чыныгы намыска бек шер экенин далилдемек. Тилекке каршы, ага дарамети жетпеди көрүнөт. Сыягы, мансап менен наамдан таттуу эч нерсе жок окшойт.







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
2-бет
БИЗ КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ
3-бет
Декреттер менен эмес, мыйзам менен…
4-бет
Калыстыкты кайдан күтөбүз?
5-бет
Укук коргоочулардын өмүрү коркунучтабы?
6-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
7-бет
Мурутуңа муз тоңгур...
8-бет
Сагынбек Абдрахманов,
Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу:
"Ибраимова, Сариевдер мени
кызматтан алмакчы болуп…"

9-бет
Жаңы министр.
Аксы окуясы. 4 пансионат.

10-бет
Курмангазы Инсанаев,
Кыргыз мамлекеттик циркинин директору:
"Итти сыйласаң, килемге чычат!"

11-бет
Аргынбек Малабаев,
"Кыргыз темир жолу" башкармалыгынын башкы директору:
"Мен эч кимден коркпойм, анткени чындык мен тарапта"

12-бет
Келдибек Ниязов,
КРнын Эмгек сиңирген артисти, куудул:
"Кыргыз мамлекетинде жашаган сексен улуттун уулдары армияда кызмат өтөөгө милдеттүү"

13-бет
Ал элдин кулк-мүнөзүн
түшүнө билет...

14-бет
Сандан-санга
15-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
16-бет
Кылымдар Асыкбеков,
комузчу:
"Өзүм чыгарган
беш күүм бар"











??.??