Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Укук коргоочулардын өмүрү коркунучтабы?
Укук коргоочу катары Ош, Жалал-Абаддагы кандуу кагылышта кыргыздарды күнөөлөгөндөй негизде бир беткей чагылдырган Азиза Абдырасулова менен Төлөйкан Исмаилованын өмүрүнө коркунуч жаралган имиш. Бул туурасында "Кыргыз укук коргоочулары коргоого муктаж" деген мазмундагы ачык кат менен Брюссель шаарында жайгашкан Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму ушул таптагы Евробиримдиктин төрагасы болгон Бельгия өкмөтүнө кайрылды. Аталган уюмдун директору Бригитте Дуфур Кыргызстандагы Жарандар коррупцияга каршы укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова менен "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдырасулованын өмүрү өтө кооптуу абалда экендигине тынчсыздануу билдирген. Ал аталган катта "Кыргызстандын түштүгүндө орун алган окуяларды көз карандысыз иликтөөдө укук коргоочу эки аял жеке өмүрүнө кооптуу кырдаалдарга туш болуп, Т.Исмаилова балдары менен Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болсо, А.Абдырасулова өлкө ичинде калып өз ишин улантууда" деп маалымдаган. Айтор, Бригитте Дуфур билдиргендей укук коргоочулардын өмүрүнө коркунуч туулуп, укугу бузулганын укук коргоо органдары изилдеп жыйынтык чыгарышар.


Мураталы ажы Жуманов көз жумду
Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда Кыргызстандын муфтийи кызматын аркалап, 7-апрелдеги кандуу окуядан кийин ордун өз арызы менен ыктыярдуу өткөрүп берген Мураталы ажы Жуманов 7-июль күнү таңкы саат беш жарымда узакка созулган оорудан улам кайтыш болуп, өзүнүн туулган жери - Ноокат районунун Ынтымак айылында саат үчтө жерге берилди. Мураталы ажы Жуманов 3-4 айдан бери ашказан рагы менен ооруп жүргөн.


"Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат"
"Вечерний Бишкек" гезити 2010-жылдын 2-июлундагы №118 санында "Мина талаасында" (На минном поле) деген аталышта "Форум", "Алиби", "Айат" гезиттери "Манаска" жамынып алып, шовинисттик көз карашты жайылтып жатат" деп былжыраптыр. Сыягы, кыргыз элинин уул-кыздарынын аң-сезимин бузган, үй-жайынан ажыраткан, турмуштук очогун талкалаган кореецтердин казинолорун жаптыруу маселелерин жактырбаган кореец Александар Ким аталган макаланы заказ менен жаздырган көрүнөт. Кайсы бийлик болсо да, эбин таап коюн-колтугуна кирип, тымызын иш кылган Александар Ким кол алдында иштегендерин тукуруп, кыргыз элине каршы жылма саясат жүргүзмөкчү болгон го, сыягы. Өлкөбүз бир үй-бүлөнүн туткунунда калганда Максим Бакиевдин арыгын чапкан эргул, Кыргызстандын суусун ичип, кыргыз жеринде жашап жатканын билгиси келбей, өлкөбүзгө үлкөн эмгеги сиңгенсип, көшөгөнүн артында туруп алып, кыргыздарга асылган жоругун көргөндө күйбөгөн жериң күл болот. Анан кыргыз жеринин суусун ичип оокат кылгандар, кыргыздарга акыл үйрөткөнүн качан коюшат деп ойлойсуң. Өкүнүчтүүсү, жеткен куу-куйтулар кыргызды-кыргызга каршы коюп, сырттан табаасын кандырып, билмексен болуп турганын түшүнбөгөн интернационалист, гумандуу болуп көрүнгүсү келген кыргыздарга зээниң кейийт.


Шектүү делген мурдагы милиция кызматкери кармалды
Кара-Суу районундагы Нариман айылында башаламандыктарды уюштурган деген шек менен ушул жылдын 10-25-июнь аралыгында жумушка чыкпай койгону үчүн кызматтан бошотулган Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын өзбук улутундагы мурдагы кызматкери Жахонгир Умаржанов кармалды. Бул тууралуу Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча жетекчиси Алмаз Эргешбаев Азаттыкка билдирди. Анын айтымында, Жахонгир Умаржанов күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде кармалган. Ж.Умаржанов үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталуудагы көптөгөн ок-дарылар, ар башка маркадагы үч мылтык табылган. Учурда табылган курал-жарактардын колдонуп-колдонулбаганын аныктоо үчүн соттук-баллистикалык иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Ушул тапта башаламандыктар учурунда жумушка чыкпай койгон бардык тартип коргоо органдарынын кызматкерлери текшерүүгө алынууда.


Баш айланган партиялар парады...
Учурда парламенттик шайлоого катыша турган партиялардан баш адашмай болду. Эки күндүн биринде бирден партия жаралып, шайлоого катышарын жар салып турган чак. Кыскасы, шайлоого катышчу партиялардын санын тактоого мүмкүн болбой баратат. Эки киши баш кошуп партия ачып жатышат. Аттарын атап аягына чыкчудай эмессиң. Мына дагы бир Кыргыз Республикасынын "Либералдык" партиясы жарык көрүп, октябрь айында болуучу парламенттикке ат салышып, 2010-жылы президенттик шайлоого катышарын жар салды. Жаңы жаралган партиянын тең төрагалары Урмат Казакбаев менен Мурадил Жумадилде уулу маалымат жыйынында билдиришкендей, жаңы пайда болгон партиянын өзөгүн "Либерал" жаштар клубунун мүчөлөрү түзөт. Аталган партия өлкөнү либералдык жол менен өнүктүрүү планын сунуштоодо. Кыскасы, парламенттик шайлоонун шайтан оюндары, баш айланган партиялардын катышуусунда өтө турган өңдөнүп калды. Алдыда дагы канча партия түзүлүп, шайлоого бармакчы болуп чыгат, али белгисиз.


Айтикенин уулу айт тике!
"Кыргызгаз" мамлекеттик ишканасын өзүнүн атасынан калган менчигинен беш бетер каалагандай калчап, ар кандай аферисттик ыкмалар менен мамлекеттин акчаларын болгон чөнтөгүнө шыкаган Саламат Айтикеевге акыры кылмыш иши козголду. Бу жигиттин өмүрү, ишмердигин кылдат карап отурган укук коргоо, каржы полициясы, салык кызматы дегендер акыры Саламаттын сагызгандай сак аракеттеринин бетин үч ай дегенде ачышты... Көрсө эргул эртели-кечпи эсеп-кысаптарымды карматпайын деп, жеңге катмайынын жолдорун жакшы эле жашырыптыр да. Мына эми "кыңыр иш кырк жылда билинет" болуп, анын быкый-чыкыйларынын баары коомчулукка дайын болгону туру. Туура кылышат, жер менен баспай калгандардын этегинен тартып отургузуп коюу элдин, замандын талабы болуп турат..


Сатыбалдиев саясатка аралашпайт
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиев аталган шаарларды толук калыбына келтирмейин саясатка аралашпай турганын билдирди. Убактылуу Өкмөттүн ишенимине арзып, талкаланган шаарларды талапка ылайык өнүктүрүүгө чамынып турган Жантөрө мырзанын өз ишинин өтөөсүнө чыкканча саясатка аралашпайм дегенинен улам, буюрса Ош-Бишкек жолун куруудагыдай (эл арасында айтылып жүргөн) "бармак басты, көз кысты" сыяктуу көз боемочулук менен ичип-жегенге жол бербей таза иштээр деген үмүт пайда болду. Эми үмүттү актайбы, же шайтан-шабырга азгырылып "ойноп" кетип, ишенич арткандардын демин суутабы аны мезгил көрсөтөр.


Түрткүнчүк
Белорусия мамлекетинин жарандарынын көпчүлүгү Александр Лукашенконун Курманбек Бакиевге баш паанек бергенин туура эмес деп айтып жатышканын белорусиялык АФН агенттиги Социалдык-экономикалык жана саясий изилдөө боюнча көз карандысыз институт жүргүзгөн сурамжылоого таянып билдирди. Натыйжада, 17,9% адам А.Лукашенконун К.Бакиевге баш паанек берүүсү туура десе, 40,6% адам бул туура эмес чечим, себеби Белорусия Кыргызстандын чыр-чатагына кийлигишпеш керек деген. Ал эми 24,1% адам мындай чечим туура эмес, себеби "К.Бакиев элдик көтөрүлүш менен акыйкаттуу эле бийликтен кетирилди" деп жооп беришкен. Ошондой эле, 47,2% Кыргызстанда "паракор бийликке каршы элдик көтөрүлүш болгон" дешсе, 23,2% А.Лукашенко менен макул болушуп, Кыргызстанда "конституцияга каршы төңкөрүш" болгон дешти. Бир сөз менен айтканда Белорус эли Бакиевди көрөйүн деген көздөрү жок экенин сурамжылоонун негизинде ачыкка чыгарышты. Сыягы, өз элине чыккынчылык кылып качкан К.Бакиев Белорусияга да батпай турган өңдөнүп калды. Жек көрдү болуп канчага чейин баш калкалайт аны мезгил таразалар...





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
2-бет
БИЗ КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ
3-бет
Декреттер менен эмес, мыйзам менен…
4-бет
Калыстыкты кайдан күтөбүз?
5-бет
Укук коргоочулардын өмүрү коркунучтабы?
6-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
7-бет
Мурутуңа муз тоңгур...
8-бет
Сагынбек Абдрахманов,
Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу:
"Ибраимова, Сариевдер мени
кызматтан алмакчы болуп…"

9-бет
Жаңы министр.
Аксы окуясы. 4 пансионат.

10-бет
Курмангазы Инсанаев,
Кыргыз мамлекеттик циркинин директору:
"Итти сыйласаң, килемге чычат!"

11-бет
Аргынбек Малабаев,
"Кыргыз темир жолу" башкармалыгынын башкы директору:
"Мен эч кимден коркпойм, анткени чындык мен тарапта"

12-бет
Келдибек Ниязов,
КРнын Эмгек сиңирген артисти, куудул:
"Кыргыз мамлекетинде жашаган сексен улуттун уулдары армияда кызмат өтөөгө милдеттүү"

13-бет
Ал элдин кулк-мүнөзүн
түшүнө билет...

14-бет
Сандан-санга
15-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
16-бет
Кылымдар Асыкбеков,
комузчу:
"Өзүм чыгарган
беш күүм бар"











??.??