Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
 Ишенген кожом сен болсоң…

Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
3-июлда болуп өткөн ант берүү аземи жакшы өттү деп канчалык көкөлөтүп мактап айтканыбыз менен, ал аземди уюштурган топтун жок жерден орун берген оркойгон катачылыктарына көз жумуп коюу болбойт. Кандай болгон күндө да, коомчулук ал окуяга өз баасын бериши керек. Себеби ал ант берүү аземин бир эле биздин мамлекетибиз эмес, ондоп саналган мамлекеттер да көрүштү. Албетте, ал аземди жөндөп өткөзө албаган уюштуруу тобунун башында турган Султан Раевдин кесепетинен, бүтүндөй кыргыз эли уят болду. Ал ант берүү салтанатына катышып олтургандарды айтпаганда да, аземдин жүрүшүн сыналгыдан түз эфирден көрүп олтурган элдин нааразычылыгына чек жок болду. Эми Султан "палвандын" ал жерде көрсөткөн "эрдигине" токтолсок.

Ал аземде баарынан көзгө эң эле жаман көрүнгөнү Роза Отунбаева элдин алдына чыгып, ант берейин деп ант жазылган кагазды таппай калганы болду. Ал эми аземди "көрүнбөй" алып барып жаткан алып баруучу болсо, улам залды жаңыртып "Роза Исаковна антты окуйт"- деп кыйкырып турат. Эл болсо, Роза Отунбаеванын ант берүүсүн чыдамсыздык менен күтүп олтурат. Роза эжекебиздин кагаз таппай ыңгайсыз абалда калганын айтпа, улам кылчактап, сегиз сөздүн башын бириктирип сүйлөй албаган Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариевден бир сурап, Улуттук гвардиянын жоокерлеринен бир сурап, абдан бушайман болду. Жоокерлерге жоокерлер дечи, алардын ал кагазга эч тиешеси жок. Ал эми Акылбек Сариев өзүнүн сөзүн жөндөй албай жатса, ошо маанилүү кагазды кантип эле "жөндөп" коймок эле. Негизи, ал кагазды талаптагыдай кылып, күн мурунтан эле жөндөп коюу милдети Султан палванда болчу. Андан да, Акылбек Сариев Роза эжекебиздин мойнуна штандартты илген соң, жоокер салтанаттуу түрдө марш менен басып алып келип берген желекти Роза эжекебизге карматып коюп кетип калды. Роза эжебиз болсо бир аз кармап туруп, ал желекти кайра кимге кайтарып берерин билбей, ал жерден да бир аз убакытка ыңгайсыз абалда калды. Жоокер Роза эжекебиз желекти чекесине тийгизип, өпкөндөн кийин дароо эле алып кетиши керек. Бирок эл күтүп олтургандай Роза эжекебиз дагы желекти чекесине тийгизбеди, жүзүнө сүртүп өппөдү. Кыязы, уюштуруу тобу бул жагын караштырбаса керек. Чынында элге бул жагы да жакпады.
Ошентип, Султан палван эргулубуз жөпжөнөкөй нерсени жөндөй албай, элге уят болду. Же ал мындай иш-чараларды уюштуруп, катары менен уят болуп жүрүп, көнүп калганбы. Маселен, өткөн жылы Турдакун Усубалиевдин 90 жылдыгында да, аксакал, көксакалдаштырып сөз бере албай, башаламандыкка жол берип, элдин күйбөгөн жерин күл кылганы бар. Кыскасы, Раев муну атайы уюштургандай болуп калды. Раевге ишенген Убактылуу Өкмөттүн аттуу-баштуу адамдары деле кызык. Раевден башка "бычакка сап" болгудай башка киши жок калганбы Кыргызстанда? Күнү түшүп калгансып эле, эски бийликтин эркелерин кайрадан эркелете берүүнүн кажети канча? Же Раевдин сөзү бийликке ушунчалык эле өтүмдүүбү?
Кантсе да, бул ойго келбеген иш аракет Раевдин жаңы өкмөткө болгон "чыккынчылыгы" болду окшобойбу. Албетте, Султан палванды Роза Отунбаеванын аброюна жана элдин кыжырына тийгендиги үчүн кандайдыр бир деңгээлде жоопко тартылышы керек болчу. Угушубузга караганда, учурда жанагы түштөн кийин кагазды көтөрүп чыккан Бөрүбек Чыйбылов деген эргул ошол элди жер караткан окуядан кийин, өз эрки менен арызын жазып, жумушунан кетип калып, дайын-дарегин билгизбей жүргөн экен. Кылган "былыгы" үчүн ал эргул жооп берүүдөн корксо керек да. А биздин жоопко тарта турган чоңдорубуз: "Боло берет турмушта, особенно кыргызда"-деп, көз жумду кылып койсо керек. Бул иш боюнча азыр мен көр, сен көр "жым, жым" болуп турат. Бул боюнча Убактылуу Өкмөттүн басма сөз кызматы да, өкмөттүн уюштуруу иштери менен алек болгон бөлүмү да жашырып турушкансыйт. Мындай көңүлгө так калтырган, "кара ниеттик" иштерге "боло берет"-деп көз жумганыбызды токтотушубуз керек. "Боло берет" менен эси жок эски бийлик жыйырма жыл жакшы эле "чартаңбай теппедиби", эми элдик бийлик болууга милдеттүү болгон жаңы бийлик андай эски ооруга кабылбашы керек.
Ал эми Роза Отунбаеванын президенттик кызматына киришүү алдындагы сөзүндө кеп жок. Роза эжекебиздин сөзү салтанаттын көркүн чыгарды. Албетте, бул жакшылыктын, жаркын келечектин белгиси.
Айбек Шамшыкеев




Азимбектин отчету:

- Кыргызстанда элдик революциянын ишке ашырылышына бүгүн туура үч ай убакыт өттү. Ошол артта калган үч айдын ичинде Кыргызстандын тарыхында боло элек кыйчалыш кырдаалдар орун алды. Ырас, Убактылуу Өкмөт абалды турукташтыруу үчүн колунан келген бардык аракеттерди жасады. Ички-сырткы күчтөрдүн, чагымчылдардын кылган аракеттери өтө оорчулук жаратканы менен, биз эл менен бирдикте акыры өлкөдөгү абалды тынчтандырып, мыйзамдуу бийликти куруп, Кыргызстанды буттан чалган Конституцияны кайрадан оңдоп кабыл алдык. Душмандарыбыздын тилеги таш каап, ойлогондору оңунан чыккан жок.
Мен Убактылуу Өкмөттүн прокуратура, сот, каржы полициясы тармактарынын жетекчиликке алган төраганын орун басары катары кезектеги аткарылган иштер тууралуу маалыматты айтып берейин.
Биринчиден, Ош, Жалал-Абад облустарында болгон башаламандыктарда биз, прокуратура кызматкерлери, жеринде иш алып бардык. Кыргызстандын Башкы прокурорунун орунбасары Р. Г. Бакытаев башында турган укук коргоо органдары ар бир жагдай боюнча ишти кылдат текшерүүгө алып жатат. 5-июлга карата, Ош менен Жалал-Абадда 850 кылмыш иши козголуп, 100дөн ашык адам кармалып, сурак берүүдө. Ошол мезгилде расмий түрдө 283 адамдын сөөгү табылып, алардын 70и ким экендиги аныкталбай турат. Денесинен ар кандай жаракат алгандардын саны 1902 адамды түзсө, алардын 916сы октон жаракат алгандыгы маалым. Бул боюнча 895 ар түрдүү экспертиза дайындалып, соттук-медициналык кароого 570и жөнөтүлдү. Ошондой эле 1136 даана менчикти уурдап алуу жана жоготуу катталса, анын ичинен 1129у жеке менчик болуп далилденген. Дайынсыз жоголгондор тууралуу элден 84 кайрылуу түшкөн. Ал эми айыл, кыштактарды, шаарды текшерүүгө алуу маалында 613 ар кандай атуучу 613 даана куралдар, ок-дарылар менен бирге 40 килограмм, 590 грамм баңги заты табылган.
Экинчиден, 19-апрелдеги Чүйдүн Маевка айылындагы болгон башаламандыктар боюнча да атайын иштер жүргүзүлдү. Анда белгилүү болгондой, жарандарды өлтүрүү боюнча КРдин КЖ Кодексинин 233-статьясынын негизинде Кубанычбек уулу, И. Ашуров, Гамзамидин уулу, Хайрулла уулу жана Э. Кулмурзаев деген жарандарга кылмыш иши козголуп, мындан тышкары массалык башаламандыкты уюштурган жана укук коргоо органдарына баш бербеген, райондук администрациянын чечимдерине макул болбогон деген шек менен бир канча адамдар сурак беришүүдө.
Үчүнчүдөн, апрель айынын жетисиндеги Ак үйдүн алдындагы адамдарды курман кылуу боюнча 19 адамга кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 9 адам кармалып, 4 адам үй түрмөдө, 6 адамга эл аралык издөө жарыяланды. Бул боюнча 766 экспертиза дайындалып, 466 адамга ок атуучу куралдардан жаракат алгандыгы тууралуу ишти иликтеп жатышат.
Ал эми К. Бакиевдердин үй-бүлөсүнө тиешелүү экономикалык кылмыштарына келсек, бүгүнкү күндө, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, коррупция, мамлекеттик ар тармактарда, банктык иштердеги мыйзам бузуучулук боюнча, жалпысынан, 34 адамга кылмыш иши козголсо, алардын 25и азыр издөөгө алынууда. Биздин жыйынтыктар боюнча Бакиевдердин мамлекетке чыгымы 4 миллиард сом жана 130 миллион АКШ доллары деп бааланууда, мунун ичинен 268 725 000 мамлекетке кайтарылды. Ошондой эле тергөөлөр учурунда Республикадагы ар кайсы банктарга катылып жаткан Максим Бакиевдин ЦАРИИсине тиешелүү делген 1 миллиард, 130 миллион сом жана 35 миллион АКШ доллары табылып, мамлекеттин каржы министрлигине сактоого өткөрүлүп берилди.
Мындан тышкары, ОсОО "Флексии Комюникейшн" дегендин директору Вугар Халилов менен ЖАО "MGN groupтун" башкы директору Евгений Гуревич деген Максимдин достору боюнча тергөө иштери аягына чыкты. Аларга КР КЖ Кодексинин 183- беренесинин негизинде кирешелерди мыйзамсыз легалдаштыруу деген кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук сотуна өткөрүп бердик. Ошондой "Кыргызгаз" ААКсынын директору С. Айтикеевдин үстүнөн тергөө иши аягына чыгып, зулумдук менен мүлктү жоготуу жана жарактан чыгаруу жана мыйзамсыз каржылык жеңилдетүү алуу боюнча кылмыш иши козголду.
Буга кошумча, "Дастан" АК, "Шампанвинкомбинат", "Кайынды кант" жана "Кошой" акционердик коомдорун менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу текшерилүүдө. Эгерде бул объектилерде мыйзам бузуулар табылса, аларды да улутташтыруу жөнүндө чечим кабыл алынат. Ал АК "КЦШК" боюнча биз ишти дээрлик аягына чыгарып жатабыз. Бул жерде инвестицияны убагында салбагандыгы үчүн ишкананын акциясына ээлик кылып жаткан казак ишкерлеринин акциясы мамлекетке өтүшү күтүлүүдө. Ал эми Ысык-Көлдөгү Казакстандын төрт пансионатын мамлекеттештирүү боюнча Убактылуу Өкмөт азырынча чечим кабыл ала элек.
Орчундуу маселе болгон буга чейики саясий буйрук катары айтылып келген чуулгандуу иштер боюнча да көп жагдайлар бар. Айталы, Аксы окуясы боюнча учурда тиешелүү делген үч адамга кылмыш иши козголду. Буга тиешеси бар делген экс-президенттердин экөөсүнө тең кылмыш иши козголот. Бул жерде К. Бакиевдин кол тийбестиги мурун алынган болсо, эми А. Акаевдин кол тийбестигин ажыратуу каралууда.
Мындан тышкары, Ү. Садыков мамлекетти күч менен басып алууга аракет кылгандыгы боюнча иши жана Б. Эркинбаевдин өлтүрүлүшү, Ө. Текебаевдин героин менен кармалган "матрешка" окуясы, 2005-жылдын 24-мартында Жалал-Абадда жоголгон 22 миллион сом, И. Кочкаровдун өлүмү, кылмыш иши далилденбей өмүр бою эркинен ажыратылган Эркин Мамбеталиевдин иши да жаңы жагдайларга байланыштуу кайрадан каралууда.

Төмөндө улутташтырылган объектилердин тизмеси:
1. ЖЧК "Петрол Груп"(БНК);
2. ЖЧК "БЛВЗ";
3. ЖАА "Альфа-Телеком" (Мегаком)-49% акциясы менен;
4. Аэропорт "Манастагы" кичи терминалдын курулушу 12,49 га жери менен;
5. ААК "Таш-Көмүр" 96% акциясы менен;
6. Кинотеатр "Чатыр-Көл";
7. "Бешинчи каналдын" кожоюну болгон "Жыйырма бешинчи кадр" ЖАКсы, 99 % үлүшү менен;
8. "Витязь" пансионаты, 9,32 га жери, 91 даана кыймылсыз мүлкү менен;
9. Кара-Ой айылындагы "Инвест-Трест" ЖЧКсы , 10 га жери менен;
10. "Терра-Нова" ЖЧКсы, 6,75 га жери менен;
11. "Ысыккөл Аврора" пансионаты, "Аврора плюс" жашоо комплекси жана 10 га жери менен;
12. "Санвей" ЖЧКсы, 6, 75 га жери менен;
13. "Пирамида" телерадиокомпаниясынын уставдык капиланын ээлери 100 % үлүшү менен;
14. Бостери айылындагы "Достук" эс алуу үйү;
15. "Солнышко" пансионаты, 11,029 га жери жана 5 кыймылсыз мүлкү менен;
16. "Манас Аэрофьюелс" ЖАКсы жана башкалар.
Тынчтык Алтымышев






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
2-бет
БИЗ КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ
3-бет
Декреттер менен эмес, мыйзам менен…
4-бет
Калыстыкты кайдан күтөбүз?
5-бет
Укук коргоочулардын өмүрү коркунучтабы?
6-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
7-бет
Мурутуңа муз тоңгур...
8-бет
Сагынбек Абдрахманов,
Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу:
"Ибраимова, Сариевдер мени
кызматтан алмакчы болуп…"

9-бет
Жаңы министр.
Аксы окуясы. 4 пансионат.

10-бет
Курмангазы Инсанаев,
Кыргыз мамлекеттик циркинин директору:
"Итти сыйласаң, килемге чычат!"

11-бет
Аргынбек Малабаев,
"Кыргыз темир жолу" башкармалыгынын башкы директору:
"Мен эч кимден коркпойм, анткени чындык мен тарапта"

12-бет
Келдибек Ниязов,
КРнын Эмгек сиңирген артисти, куудул:
"Кыргыз мамлекетинде жашаган сексен улуттун уулдары армияда кызмат өтөөгө милдеттүү"

13-бет
Ал элдин кулк-мүнөзүн
түшүнө билет...

14-бет
Сандан-санга
15-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
16-бет
Кылымдар Асыкбеков,
комузчу:
"Өзүм чыгарган
беш күүм бар"











??.??