Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Мурутуңа муз тоңгур...
Кыргызстандын мамлекеттик менчигине ар кимдин кол салып, жеп-тоноп, ташып, менчиктеп алуусуна шарт түзүп, качан болсо мурутун сылап коюп, кылгылыкты кылып келген Турсун Турдумамбетовду ким билбесин. Акаев менен Бакиевди бирдей өзүнө имере тартып, нечендеген мүлктү камчыга ченеп бөлүп, өзү дагы аябагандай эңшерип келгени сокур менен дүлөйгө деле маалым. Акыры келме кезек бар демекчи, ошол нойон 7-апрелден бери камакка алынып, "колу менен кылганды, мойну менен тартып жаткан. Анан эле ден-соолугунун начарлап кеткенин айтып, үй-түрмөгө которулуп жатыптыр. Тубаса айлакер неме ошентип туруп, кайсы бир жакка жылт койбосо болду. Анын дагы бир өлөрмандыгын угуп алып таң калып турабыз. Тергөө убагында эки көзүн жашылдантып эле, бырбыңдап ыйлап, "Мени мурда Айдар "заставлять" эткен, кийин Максим "заставлять" этти, жасабасаң өлтүрүп салабыз дешчү. Баары жан айласынан болду",-деп жаткан имиш. Бирок ага эми ким ишенет? Кечээ эле эч кимди теңсинбей, кээкер сүйлөп, кергиштеп, ошол ажолору менен тең катар отуруп, арак ичип, тамак жеп жүрбөдү беле. Эркек болсо, элди сүйсө, "эл үчүн чымындай жаным садага, өлтүрсөңөр да жасабайм" каяша айтып, коомчулукка кайрылып, калп да болсо Кабиловачасынан качып кетсе болот беле? Болмок. Турсун анткен жок, мамлекетти сызга отургузууга катуу туруп берди. Эки ай камалып, "ооруп калганына" эл ишенбей турат. Мамлекетти талап-тоноп "кайф" заман болуп жүргөн кезде, эмне үчүн ооруп, ок тийип калбайт десең… Азыркы бийликтин накта кылмышкерлерди "ооруп" калса эле, үй түрмөгө чыгара берген "айкөлдүгү" элдин көкөйүнө көк таштай тийип турат. Эми кезекте ким болду экен?


Ичкилик менен достошуп дейби?..
Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы жетекчиси Марат Мамбетов министрлик кызматтан кеткени пивокана менен кафелерден чыкпай, спирттик ичимдикке жакындашып кеткени тууралуу эл арасында ар түрдүү сөздөр жүрүп жатканын угуп таң калдык. Бир эсептен Марат мырзанын мансап үчүн ичкиликке бериле тургандай алсыздыгын көрсөтчү жандардан эмес эле деп ишене албай турабыз. "Жел болбосо, чөптүн башы кайдан кыймылдасын" демекчи, балким министрликтин күйүтүн тартып жүргөндүр. Бирок кандай болгон күндө да Марат мырза ичкилик менен достошчу пастыкка барбаса керек.


Абдылдаев "Ак жолго" барбаптыр
Өткөн сандарыбызда буга чейин Токмоктогу "Интергласс" айнек заводун жетектеп кеткен Нурдин Абдылдаев аттуу жигит жөнүндө жазган элек. Анда Акаевдердин "Алга Кыргызстаны" менен парламентке ат салышып, жоогазын революциясынан кийин ишсиз калгандыгы, учурда Кара-Балтадагы спирт заводуна көз артып жаткандыгы жөнүндө куш тилиндей маалымат бергенбиз. "Талаштан тактык жаралат" демекчи, Нурдин Абдылдаевдин артынан ээрчиген чуулгандуу кептерди дагы бир ирет такташтырып көргөнүбүздө бул жигит "Алга Кыргызстандан" кийин саясаттан көңүлү калып, Бакиевдер "Ак жолуна" чакырганда да караманча каршылыгын билдирген жайы бар экен. Бүгүн деле эч жакка улунуп-жулунбай эле, өз оокатын кылып атыптыр.
Баса, таланып-тонолуп кетти делинип аткан Кыргызстандын эң ири айнек заводу ремонт иштерине байланыштуу убактылуу эле токтоп турганы болбосо, баягы калыбында эле күргүштөп иштеп атканын кошумчалап кетелик.


Өмүрбек мырза кийинки президентпи?
Өз ишин мыкты билген тажрыйбалуу чыныгы адис катары таанылган Өмүрбек Субаналиев Убактылуу Өкмөткө ичи чыкпай, коомчулуктун итиркейин келтирген "Ата-Журт" менен биригип кеткени карапайым калкка жакпай келет. Аны деле Өмүрбек мырза жакшы түшүнүп турат дечи, бирок шайлоонун шайтан оюндары азгырып, "шайтанбай" болсо да бириктирүүгө аргасыз кылып жатпайбы? Ошентсе да бүгүнкүнү эле эмес, эртеңкини да эсепке алыш керектигин эске алгысы келбеген Каттанинин "күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин" дегендей жоругу, эмнени каңкууларын түшүнбөгөндөр арбын. Айтор, аброю жокко эсе "Ата-Журт" партиясына кирген Өмүрбек мырзанын көздөгөнү азырынча табышмак болуп турган чак. Ошентсе да бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Ө.Субаналиев арканды алыс таштап жатыптыр. Угушубузга караганда 2012-жылы боло турган президенттик шайлоого күч топтоп, ажолукту мелжеп жатыптыр. Тилеги ишке ашабы, же кыял боюнча калабы аны мезгил көрсөтөр.


Аэропортто абал кандай?
Кыргызстандагы эң эле майлуу-сүттүү, кирешелүү делинген "Манас" эл аралык аэропорту эки бийликтин тушунда тең үй-бүлө же үй-бүлөгө аябай эле жакын "таасирдүү" адамдардын карамагында болуп келгенин жакшы билебиз. Тагыраак айтканда, стратегиялык объект катары эсептелген аэропортту мурунку бийликтин көшөгө артындагы "серый кардиналы" Үсөн Сыдыковдун карачечекей уулу Бакыт Сыдыков жана орун басары Эгемберди Мырзабековдор менчик ишканасындай эле колдонушуп, бир топ "жашылдарды" кымырып, элдин ырыскысын ачыктан-ачык эле уурдап жатышкандыгы тууралуу баян көп жылдан бери айтылып да, жазылып да келди. Дал ошол Бакыттын орун басары Эгемберди деген эргул Кыргызстанды бөлүп-жарып, контрреволюция жасамакчы болгон Үсөн акасына "кол кабыш" кылып, жакында эле камалып чыккан. Булардын кандай болуп, ким тарабынан үй камагына чыгарылып кеткени эртеби-кечпи такталып, мыйзам чегинде жазаларын алышат деп ишенип туралык. Ошентсе да, Мырзабековдун жок дегенде "Манастагы" мандемдүү иштерин териштирип, жеген-жебегенин такташтырып коюшса жакшы болмок.
Айтмакчы, америкалыктарга май куюп берген, Максимдин менчик киреше булагы болуп келген "Аалам Сервис" өңдүү "Манас" аэропортуна тийиштүү бир топ мекемелерден түшкөн миллиондор дагы деле аэропорттун аймагынан "чыкпай жаткандыгы" айтылууда. "Сыныктан башкасынын баары жугуштуу" эмеспи, аэропорттун азыркы кожоюну Болот Абдрахманов Максимдин бизнесине "көнүшүп" кете элегинде, тийиштүү күч органдары азыртадан ачык иш алып баруусун талап кылып коюшса, ашыктык кылбас эле.


Сергей кимдин артынан суу куйду?
Алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу жагынан алдына ат салбаган, кечээки Максим менен шилекей алышкан дос, Курманбек Бакиев менен абдан таттуу мамиледе жүргөн, "акжолчу"Сергей Ибрагимов бүгүн төөчөсүнөн тетири ушатып туру. Анткени колундагы ээлеп турган байлыгын элге ыраазы көрбөй, ичи ачышып, ар кандай аласалдырма жол менен келген ишканаларын эч кимге бергиси келбей турат. Чындап келсе анын баары элдики. Айталы, мына жакындан бери Убактылуу Өкмөт Бакиевдердин үй-бүлөсү менен жакындары мыйзамсыз ээлеп алган ишканалардын, мүлктөрдүн баарын жапырт улутташтырып келе жатат. Анын арасында, албетте, атактуу "Шампанвинкомбинат" дагы бар. Ага мурда ошол Сергей ээлик кылып, кийин Максим экөө биргелешип иштетип жатышкан. Ээлик кылганда да саясат менен акчанын күчүнө салып, 82 млн. сомго бааланган ишкананы 34 млн. сомго чейин түшүрүп туруп сатып алган. Ошону эми Сергей мырза эч мойнуна албай, ал тургай "Шампанвинкомбинатты Максим менден карөзгөйлүк менен тартып алган, ээси келсе бээсин бергиле" деп көрүнгөндү жөөлөп жатат дейт.
Кыскасы, кечээ атасы Мухамед Тургунович каза болгондо "Атама 300 000 АКШ долларына эстелик койдум" деп мактанып, калың эл кыйналып турганда кыйынсынган Сергей бүгүн деле ошол калыбында окшойт. Буларды кой-ай дегенге болбойбу?


Сокулуктун милициясы качан ойгонот?
Акыркы учурларда Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын ишмердигине нааразычылык билдиргендердин саны арбып барат. Анткени райондун аймагында ар кандай талап-тоноочулуктар, уурулуктардын саны арбып, жергиликтүү эл уурулар менен өздөрү күрөшүп келишүүдө. Айталы, Ак ордо жаңы конушунун тоо тарабындагы жаңы үй куруп жаткан жарандарга түнкүсүн белгисиз атчандар келип, коркутуп-үркүтүү жолу менен кол телефондорду тартып алып, чатырларды чечип, ал тургай кийим-кечектерден бери көтөрүп кетип жатканы тууралуу фактыларга Сокулук РИИБси эч кандай чара көрө элек. Бизге кабарлашкандай, кечээ 8-июлдун түнүндө жөө тумандай каптаган ошол зордукчулар аталган жаңы конуштагы аялдардан бери коркутуп, телефондорун, баштыктарын жулуп качышкан. Ал тургай арага түшкөн жигитти таяк менен бир салып, атка тебелетмекчи болушкан. РИИБинин жетекчиси Жапаркулов мырза бул иштер боюнча кабары барбы, жокпу, же кайдыгерлик менен эптеп кызмат аткарып отурабы белгисиз...






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
2-бет
БИЗ КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ
3-бет
Декреттер менен эмес, мыйзам менен…
4-бет
Калыстыкты кайдан күтөбүз?
5-бет
Укук коргоочулардын өмүрү коркунучтабы?
6-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
7-бет
Мурутуңа муз тоңгур...
8-бет
Сагынбек Абдрахманов,
Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу:
"Ибраимова, Сариевдер мени
кызматтан алмакчы болуп…"

9-бет
Жаңы министр.
Аксы окуясы. 4 пансионат.

10-бет
Курмангазы Инсанаев,
Кыргыз мамлекеттик циркинин директору:
"Итти сыйласаң, килемге чычат!"

11-бет
Аргынбек Малабаев,
"Кыргыз темир жолу" башкармалыгынын башкы директору:
"Мен эч кимден коркпойм, анткени чындык мен тарапта"

12-бет
Келдибек Ниязов,
КРнын Эмгек сиңирген артисти, куудул:
"Кыргыз мамлекетинде жашаган сексен улуттун уулдары армияда кызмат өтөөгө милдеттүү"

13-бет
Ал элдин кулк-мүнөзүн
түшүнө билет...

14-бет
Сандан-санга
15-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
16-бет
Кылымдар Асыкбеков,
комузчу:
"Өзүм чыгарган
беш күүм бар"











??.??