Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Сагынбек Абдрахманов,
Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу:
"Ибраимова, Сариевдер мени
кызматтан алмакчы болуп…"
- Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткарып жатканыңызга үч айга жакындап калыптыр. Эң алгач жумушту эмнеден баштадыңыз?
- Биз чынында өтө оор тарыхый учурда кызматка келдик. Кызматка келээрим менен 8-апрель күнү Чүй облусунун 8 районунун акимин жана шаарларынын мэрлерин алмаштыра баштадым. Бул кадамым эң туура болгондугун кийинчерээк турмуш өзү тастыктап койду. Бакиевдердин "бөрк ал десе баш алган" дал ушундай адамдарынан кутулмайынча, ишибизде тоскоолдуктар боло бермек. Бирок калыстык үчүн айта кетишим керек, ошол аким-мэрлердин ичинен айрымдары, мисалы, Бакиевдин кадимки кан кудасы, Ысык-Ата районунун акими Болот Кененбаев кызматтан алып салган күндүн эртеси келип, ишиме ийгилик каалап, кызматын тынч эле тапшырып берди. Аламүдүн районунун акими Саккараев да келип, "Туура кыласыз, кызматта калууга биздин моралдык укугубуз жок" деп түшүнүү менен кабыл алды. Ал эми Токмоктун мэрине окшогон Чудиновдой "крышасы" бар Канат Исаев сыяктуулар бир топ ызы-чуу салып атышып, араң кетишти. Өкмөттө анын "калкалоочу күчү" бар деп угуп калдым. Чындыгында жогорудагы аким-мэрлердин кызматта калууга моралдык укуктары жок болчу. 7-апрелде окко учкан жигиттердин Ак үйдүн алдына баруусуна алардын да күнөөсү бардай сезилет. Себеби былтыркы президенттик шайлоолордо да, мурунку парламенттик шайлоодо да Бакиев жана үй-бүлөнүн "Ак жолу" ыплас, балит жолдор менен бийликке келип калышына алардын да салымы өтө чоң экенин эл кантип билбесин. Муну менен катар эле областтык, райондук деңгээлдеги бир топ күч структураларынын жетекчилери кызматтан кетирилди. Түштүктөгү болуп өткөн тополоңдон кийин бакиевчи чиновниктерден тазалап койгондугубуз бир чети оң натыйжасын берди окшойт. Себеби жүздөгөн ар кандай улуттардын өкүлдөрү жашаган Чүй аймагы чагымчылар үчүн өтө эле ыңгайлуу жер болчу.
Ушундай окуялар көп улут жашаган Чүйдө болбосун деген алдын ала көргөн аракетибиз өзүнүн пайдасын тийгизди го дейм. Ар улут жашаган аймактарда күнү-түнү жүрдүк. Чагымчыларга алданбай, өрт чыкпасын, өлүм болбосун деген аракетибиздин тыянагын көрүп турасыздар. Түнү түн дебей дуңган, өзбек айылдарында жүргөнүбүздүн бир эле мисалы, Милянфан деген дуңган айылында түнкү саат он экилерде жүздөгөн элдин арасында сөз сүйлөп турганым элестейт.
- Маевкадагы окуя жөнүндө да айта кетсеңиз?
- Эң биринчи айтып кетээрим, согуш эмнеден чыгат - согуш жер үчүн чыгат. Ата Мекенди коргоо деген түшүнүк ар бир кыргыз канында бар деп ойлойм. Саясаттын туура эмес жүргүзүлүшүнөн тышкы жана ички миграцияны көрүп турасыздар. Чет өлкөдө миллиондогон кандаштарыбыз кара курсактын камы деп чачылып жүрүшөт. 2005-жылкы март окуясынан кийин миңдеген гектар жерлерибизге эл отурукташты. Сары-Өзөндүн жери резина эмес да деп айтар элем! 2005-жылдагы окуя кайра башталды. Эгин себилген айдоо аянттарына, бирөөнүн жерлерине казык кагышты. Жер басып алмай башталды. Арасына барып түшүндүрүү иштерин жасап жүрсөк, таш бараңга алышып, бизди уккан киши жок. Маевканын ылдый жагындагы жер талашта Аламүдүн районунун акиминин орун басары Марат Кутанов, ошол убактагы райондун координатору Т.Молдобаев, Аламүдүн РИИБинин башчысынын орун басары Рыспек Мүсүралиевдер таяк жеп, ооруканага жатып калышты. Колдорунда арматура, штырлар жана бычактар бар. Иса Өмүркулов барып, түшүндүрмө берейин десе, барымтага алышып, кагаздарына күчкө салып кол койдура башташты. Сүйөркул Усубалиев аттуу биз менен жүргөн жигитти жиберип, машинага отургузуп, элдин арасынан сууруп чыгып кеткен да күндөр өтүп кетти. Миңдеген кишилер Жаш Гвардия бульварынан машина өткөрүшпөй, бирде өйдө, бирде ылдый жүрүш кылып, жаңы өкмөттү боктогон, кыйратуу, өрттөө жөнүндөгү сөздөр улам күчөп, биздин сөздү угаар эмес эле. Чоң жаңжал чыгаарына көзүм жетип, Б. Шерниязовго, И. Исаковго, Р. Отунбаевага чейин кирип, бүт күч структурасын колдонгула деп жүгүрүп, эшиктерин каккылап жүрдүм. Маевка, Төмөнкү Ала-Арча, Ленин айыл өкмөттөрүндө элдик кошуундарды түзүп кирдик. Тоо тарапта жашаган элдерге киши жиберип, эл топтодук. Милиция сөз укпайт же аларды эч ким укпайт. Жер алам деп чогулган эл күүгүм кирээрде айылга кирип келишти. Чыркырап ыйлап кирип келген элдерди көрүп, милиция да жылбай туруп алды. Үстү жактан команда күтүп жатабыз дешет. Бир аз убакыттын ичинде үй өрттөнүп, өлүм да чыгып кетти. Жер алам дегендер үй өрттөшөбү? Киши өлтүрүшөбү? Түрк месхитинецтерде алардын кандай тиешеси бар дейм да. Жаңжалда кошо аралашып, түнкү саат он экилерде 130дан ашык кишини карматып, милицияга салып бердик. Маевканы эптеп бассак, Көк-Жардын ылдый жагында да катуу кармаш болду. Тоодон түшкөн элдик кошуунга таш жаадырышып, ортодо далай балдар жаракат алышты. Атчандар келишип, жер баскандарды милиция менен кошулуп кууп чыктык. Таң калычтуусу А. Салымбековдон башка жер ээлеринин бири дагы жардамга келишкен жок. Бул күндөр да өтүп кетти. Ошол күндөрдөгү баатырдык кылган жигиттерди да, милиция кызматкерлерин да грамота, медаль, ар кандай сыйлыктар менен сыйладык.
- Бирок Маевкадагы ызы-чуудан кийин сиздин ордуңузга Бакирдин Субанбековду кое коюшту го…
- Ошентип, биз тиякта согушуп жүрсөк, түн ичинде Элмира Ибраимова "сени кызматтан алдык"-деп "сүйүнчүлөп" атпайбы. Кызматты эмес, тополоңду кантип басышты ойлоп жатып, ал сөзгө көңүл деле бурган эмесмин. Жаңжал басылып калаарда ошол жакка да келишти. Түн ичинде тополоң басылганда, жумушка келсем, Темир Сариев обладминистрацияда жүрөт. "Темике эмне болду?"-десем, "Сени элдер тааныбайт экен. Субанбековду элдер жакшы тааныйт, кызматка койдук"-дейт. Түн ичинде ийиниме таш тийип, кыйналып турган жаным ачуум келип, кыжылдаша кеттим. "Бакиевди дүйнө жүзү тааныйт, ошону кайра алып келип койбойсуңарбы"-деп айткым келип, жөн койдум.
"7-апрель күнү чоң курултай болот, биз менен бирге бол"-деп Субанбековго барган күндөрдү, ар шылтоону айтып, бизге кошулбай койгонун эстеп, ага бир өзүмчө ачуум келген эле. Мени кызматтан алуу жөнүндө кабар, тигил жагы Панфилов, бул жагы Кемин, Кочкор, Жумгалдагы жактоочуларыма чейин угулуп кетиптир. Ошол жактан бери эл топтолуп, Темир Сариевди кошуп кууп чыгарып жиберишти. А. Атамбаев ошондо Астанада эле, ал да укпаптыр. Ал жактан учуп келип, түнкү бирлерде аэропорттон түз эле обладминистрацияга келди.
Баарынан да эртеси эле кандайча интернетке чыгып, телевидениелерде көрсөтүлө баштаганы кызык болуп атат.
- Түштүктөгү коогалаңда Чүй элинин салымы кандай болду?
- Албетте, бардык областтардагы мекендештерибиз сыяктуу эле чүйлүктөр дагы биринчи эле күндөн баштап, болгон жардамыбызды көрсөттүк. Бул ишибиз азыр дагы уланууда.
Алмаз Атамбаев айтмакчы, кыргыз эли асманда учкан куштай, сол канаты сынса, оң канаты менен кантип учат. Түштүктөгү бир туугандарыбыз кыйналып турса, биз карап турмак белек?
Бишкектин аэропортунан Ошко биринчи жөнөтүлгөн самолеттогу гумжардамды Чүй обладминистрациясы жөнөткөн. Баш-аягы 300 тоннадан ашык гумжардамдарыбызды жибердик. Айрым сасык саясатчылар элди тигил жактык, бул жактык дегени карапайым калк үчүн кереги жоктугу билинип калды. Чүйлүктөрдүн бардыгы болгон жардамын берип атышты. Бир кемпир 50 сомун көтөрүп алып келиптир, "колумдан келгени ушул, бирдеме алып жиберип койгулачы" дейт.
"Сактыкта кордук жок"-дейт, анын жүзүн ары кылсын, өлкөбүздүн кайсы жерине, качан болбосун жөнөп кетүүгө даяр турган эр-азаматтарыбыздан ыктыярдуу кошуун уюштуруп, даярдап турдук. Чүйдүн бир топ милиция кызматкерлери да Ош жана Жалал-Абадда кызмат кылып жүрүшөт. Тилекке каршы, үч жигитибиз каза болуп калды. Жамандык сурап келбейт тура. Алардын үй-бүлөлөрүнө барып, администрация атынан жардамыбызды берип келдик. Окко учкан жигитибизди койгону барганыбызда айылдаш жаш балдар өч алабыз деп, атчан даярданып алышыптыр. Ошондо каза болгон жигиттин атасы кабыргасы кайышып, жүрөгү канап турса да: "Артка кайткыла, элге тынчтык керек" - деген эки ооз сөзү менен ызырынган жаштарды токтотуп койду.
- Эми аткарып аткан иштериңер жөнүндө айтып берсеңиз?
- Жогоруда айтып өткөндөй, биз кызматка өтө оор тарыхый мезгилде келдик. Үч айга жакын убакыттан бери башыбыздан кандай гана оор күндөрдү өткөрдүк. Адам баласы губернатор же министр болуп туулбайт. Чындыгында кыйналдык. Бирок өмүрдүн өзү окуу жана үйрөнүү эмеспи. Карапайым элдин арасынан суурулуп чыкканым, ишимде бир чети жеңил болсо, бир чети оор болду. Миңдеген досторумдун ар бир мүдөөсүн аткаруу кыйын болду. Досум деп эле келе беришти. Жумуш сурашат, оокат сурашат. Ар бирине жумуш таап берүү менин колумдан келбейт. Кудай буйруса, мамлекетибиз бутуна турса алардын жумушу да бүтөт, кызматы да болот. Бир жагынан кадр маселеси, экинчи жагынан жаңжалдар, эгин себүү иштери, ар кандай мекемелерди ишке киргизүү ж.б.у.с. жүрөк өйүгөн маселелерди ойлоп жүрүп, тыңгылыктуу деле уктай элекпиз.
Президент Роза Отунбаева өткөн айда Чүй облусун кыдырып чыккан. Мурунку чиновниктерге окшоп, акталган, таза көчөлөр менен жакшы мекемелерге алып барбай, проблемалуу жерлерибизге алып бардым. 20 жылдан бери айрым кошоматчы чиновниктердин айынан ушундай абалга келип отурабыз. Ошондуктан дал ушундай "показухалардан" алыс болсок дээр элем. Кудай буйруса, Чүйдө эгиндерибиз жайкалып бышып атат. Четинен оруп-жыйноо иштерин баштап жатабыз. Кызылчачыларыбызга кант заводдорун даярдап, дыйкандарыбыздын мээнетин кайтарууга болгон аракетибизди көрүп жатабыз. Нан болсо, ыр да болот эмеспи.
Мындан тышкары, баягы басып алабыз деген жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү салалы деп, долбоорун чийип, инвесторлорду таап жатабыз. 0,10 га жерге көп болсо эки үй-бүлө там салат экен. А биз ошол 0,10 га жерге 9 кабаттуу 2-3 бөлмөлүү үйлөрдү салсак, 81 квартира болот экен. Мунун баары социалдык турак-жайлар болот. Түрк, кытай, ирандык инвесторлор өлкөдөгү абалдын турукташуусун күтүп отурушат. Мен өзүм жогорку окуу жайды Россиянын Свердлов шаарынан бүтүрүп, кийин Москвада окудум. Өзбекстанда, Россияда Тоо-кен заводдорунда экономист болуп иштедим. Өндүрүш тармагын Кудайга шүгүр, жакшы эле билем деп ойлойм. Тынччылык болсо, аз убакыттын ичинде экономикабызды көтөрүп алаарыбызга көзүм жетет.
- 27-июнда өткөн Референдумда кандай иш-чаралар болду?
27-июндагы Референдум тарыхый күн болду деп ойлойм. Өзүм туулуп-өскөн Көк-Жар айылына эртең менен добуш бергени барсам, эл толтура. Көп жылдардан бери шаарда жүрүп, шайлоолорго өмүрү басып келбеген айылдаштарым үй-бүлөсү менен келип добуш берип атканын көрүп, бир эсе таң калып, бир эсе ыраазы болдум. Кезекке туруп, мен дагы добушумду бердим. Баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, мынча пайыз чогултушуң керек деп Өкмөт тараптан сөз айтылган жок. Мен дагы айыл өкмөттөрүнө, акимдерге кысым кылган жокмун. Эл өзүнүн аң-сезими менен эртеңки келечеги үчүн жаңы Конституцияны колдоп беришти.
- Күзүндөгү парламенттик шайлоого аттанайын деген оюңуз жокпу?
- Мен Жогорку Кеңешке деле депутат болуп көрдүм. Бирок Сары-Өзөн Чүйдү көтөрсөмбү дейм. Мен өзүмдү ишкермин деп эсептейм. Элиме кайсыл жагынан көбүрөөк пайдам тийсе, ошол жакта жүрөм го…
Маектешкен
Эрнис Балбаков







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
2-бет
БИЗ КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ
3-бет
Декреттер менен эмес, мыйзам менен…
4-бет
Калыстыкты кайдан күтөбүз?
5-бет
Укук коргоочулардын өмүрү коркунучтабы?
6-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
7-бет
Мурутуңа муз тоңгур...
8-бет
Сагынбек Абдрахманов,
Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу:
"Ибраимова, Сариевдер мени
кызматтан алмакчы болуп…"

9-бет
Жаңы министр.
Аксы окуясы. 4 пансионат.

10-бет
Курмангазы Инсанаев,
Кыргыз мамлекеттик циркинин директору:
"Итти сыйласаң, килемге чычат!"

11-бет
Аргынбек Малабаев,
"Кыргыз темир жолу" башкармалыгынын башкы директору:
"Мен эч кимден коркпойм, анткени чындык мен тарапта"

12-бет
Келдибек Ниязов,
КРнын Эмгек сиңирген артисти, куудул:
"Кыргыз мамлекетинде жашаган сексен улуттун уулдары армияда кызмат өтөөгө милдеттүү"

13-бет
Ал элдин кулк-мүнөзүн
түшүнө билет...

14-бет
Сандан-санга
15-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
16-бет
Кылымдар Асыкбеков,
комузчу:
"Өзүм чыгарган
беш күүм бар"











??.??