Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
 oҮч кайрык

Жаңы министр.
Аксы окуясы. 4 пансионат.

1. Кубатбек Байболовдун ИИМге жетекчи болушуна
көз карашыңыз?
2. Аксы окуясы боюнча күнөөсү бар делген адамдарга
кылмыш ишинин козголушуна карата оюңуз?
3. Казакстанга кеткен Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты
улутташтыруу туурабы?

Жыпар Жекшеев,
коомдук ишмер:
1. - Кубат Байболовду өз ишин мыкты билген профессионал деп билем. Күч структурасынын ишин жакшы билген инсан десем болот. Кубатбек Байболов коопсуздук комитетинен Ички иштер министрлигине келгенинин пайдасы гана болбосо зыяны жок. Менимче, ал өзүнүн тажрыйбаларынын негизинде ички иштерде бир топ жакшы иштерди жасайт деп ойлойм. Кайсы жерде болбосун, профессионал жетекчи келгени жакшы да. Иш илгерилеп, өз ордуна түшөт. Бул жолу да Жалал-Абад жергесиндеги оор кырдаалда азаматтык жагын көрсөтүп, кыйын кырдаалдан чыгып кетүү үчүн баардык жүктү көтөрүп, жакшы иштерди жасады. Профессионал, күчтүү жетекчини Ички иштер министрлигине алып келдик деп ойлойм. Мен анын ИИМге келишин толук колдойм.
2. - Ушул кезге чейин күнөөлүүлөр жоопко тартылбай келгендиктен, өлкөдө мыйзамсыздык күч алып, сотторго болгон ишеним төмөндөп кеткен. Менин жеке көз карашымда Аксы окуясына күнөөлүү дегендер эч кандай кызматына, чинине карабай жоопко тартылышы керек. Бул туура көтөрүлүп жаткан маселе. Мыйзам баардыгыбыз үчүн бирдей. Ар бир адам жасаган күнөөсү үчүн жооп бериши шарт.
3. - Бул жерде биз Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилени пансионаттардын арты менен бузуп албашыбыз керек. Мурдагы бийлик учурунда түзүлгөн келишимди карап чыгыш керек. Анын юридикалык, укуктук жактарын кандай чечилип, кандай келишимдин негизинде пансионаттар казактарга берилген ошол жагын эске алуу зарыл. Эгер юридикалык жактан баардык документтер туура болсо, аны биз бул жактан "шантаж" кылып, коркутуп ала албайбыз. Мындай сөздү айтуу Эл аралык дипломатияга туура келбейт. Бул сөз ким тарабынан айтылбасын, мейли өкмөттүн мүчөлөрү болобу, же жөн эле саясатчылар болобу, бул сөздөр саясий маданияттуулуктун рамкасына сыйбайт. Эгер мыйзамсыз, юридикалык келишимдери жок эле берилген болсо, анда дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылыш керек.


Жыргалбек Касаболотов,
"Улутман" коомдук бирикмеси:
1. - Кубатбек Байболовго менин көз карашым негизинен түз эле. Эл үчүн иштеп бере турган адам. Бирок анын орду ИИМде эмес, Улуттук коопсуздук кызматында болсо керек эле. Анткени азыр талылуу маселенин баарын ошол коопсуздук кызматы чечиш керек болуп турган кез.
2. - Аксы окуясы боюнча күнөөлүү делген адамдар эртеби-кечпи өз жазаларын алышы керек. Бул маселенин козголушуна оң карайм. Ошол окуяга моралдык жагынан да жоопкерчилик деген болушу керек да. Андыктан туура кылышкан, колу менен кылганды мойну менен тартканда гана акыйкат коом болот.
3. - Бул пансионаттарды сөзсүз улутташтырышыбыз зарыл. Маселени туура көтөрүшкөн. Бирок "мен ушинтип жатам, биз жасаганы жатабыз" деп жарыялабай эле, жасап салыш керек. Коомчулукка мактана турган бул жерде эч нерсе деле жок, улут үчүн жасап жатышабы, жасашсын, эл өзү баа берет.

Орозбек Молдалиев,
саясат таануучу:
1. - Кубатбек Байболовдун министр болуп дайындалышына түз көз караштамын. Себеби Байболов бул чөйрөдөн бөтөн адам эмес. Жакында болуп өткөн Жалал-Абад, Ош окуяларында Жалал-Абаддын коменданты болуп, тынчтыкты орнотууга чоң салым кошуп, өзүнүн мындай оор кырдаал учурунда өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алды. Көп жылдар бою оппозицияда чоң фигура болуп жүргөн инсан. Кубат мырза депутат болуп жүргөн кезде, "ИИМди реформа кылуу керек"- деп айтып жүрчү, эми ошол сөзүнө турар бекен көрөрбүз. Ошону менен катар бул адамдын артынан эч кандай "жеп-ичти" деген сөздөрдүн ээрчибегени да, элге бир топ ишеним жаратып турат. Кубат мырза бул кызматта убактылуу эле турса керек, анткени ал келечекте мындан башка саясий ордун тандайт деген пикирдемин.
2. - Убактылуу Өкмөт эң туура маселени козгоп жатат. Себеби Аксы окуясына байланыштуу иш эмдигиче аягына чыкпай келет. Бул окуя бийлик тарабынан да, коомчулук тарабынан да, саясий да, укуктук да баасын ала элек. Мындай каргашалуу ишти, кандай болгон күндө да сөзсүз аягына чыгарышыбыз керек. Окуяга кимдин канчалык деңгээлде тиешеси бар, ошол уюштурган адамдар күнөөсүнө жараша жоопко тартылышы зарыл. Бул ишти аткарганга азыркы бийликтин мүмкүнчүлүгү чоң. Бийликтен эл дагы Аксы окуясын жогорку деңгээлде, таза иликтенишин күтүүдө.
3. - Азырынча бул маселе эрте каралып жаткандай элес калтырат. Себеби ал пансионаттарды түбөлүк коңшубуз казактар эч жакка көчүрүп кетпейт. Анан бул маселе Убактылуу Өкмөттүн толук мүчөлөрүнүн пикири эмес, Бекназаров эле козгоп турат. Кээде Убактылуу Өкмөт өзүнүн жүргүзүп жаткан бийлигинен ашыкча бийлик жүргүзүп жиберип жаткандай. Биринчиден, азыркы бийликтин милдети референдум өткөзүү, алдыдагы парламенттик шайлоону өткөзүү. Бул сөз кылып жаткан маселени парламент келип, толук мыйзамдуу бийлик болгондон кийин деле козгосок болот. Кыргыз эли сабырдуу эл. Сабырдуулук менен иш алып барсак, баары жакшы болооруна толук ишенем.


Курманбек Осмонов,
Жогорку соттун экс-төрагасы:
1. - Кубатбек Байболов Ички иштер министрлигине туура барды. Ал - тажрыйбалуу профессионал адам. Милициянын ички-тышкы маселелерин ийне-жибине чейин мыкты билет.
2. - Аксы окуясы ушул күнгө чейин жаап-жашырылып келди. Соттук иштерге тийиштүү териштирүүлөрдө ал кезде адам өлтүрүү деген күнөө эч кимге коюлган эмес. Болгону кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча гана кылмыш иши козголгон. Азыр ошол иштердин аягына чыгарганга чоң мүмкүнчүлүк бар. Андыктан Аксы окуясынын аныгына жетүү учурдун талабы.
3. - Советтер союзунун учурунда башка союздук өлкөлөр Ысык-Көлгө эс алуу пансионаттарын өз каражаттарына курушкан. Ошондуктан алардын менчиги болуп саналат. Менчик пансионаттар турган жер үчүн ижара акысын төлөшү керек.

Туратбек Мадылбеков,
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:
1. - Эми Кубатбек Байболовдун ИИМдин жетекчилигине дайындалышы чынында күтүүсүз болду. Бирок бул адамга оперативдүү ой жүгүртө алган, өз ишин мыкты билген чыныгы профессионал чекист катары баа берет элем. Жалал-Абадда комендант болуп турганда да өзүн мыкты адис катары көрсөтө алды. Бирок ИИМ менен УКМКнын ортосунда бир топ эле айырма бар. Ошондуктан ИИМдеги ишти кандай алып кете алат алдын ала айтуу кыйын. Эң негизгиси, кадрларга кыраакылык менен карап, бул маселеге өтө этият, кылдат мамиле кылышы керек. Себеби азыркы милиция кызматкерлеринин, өзгөчө жетекчилик кызматтагыларынын көбү кылмыш дүйнөсү менен аралашып кеткен. Кубатбек Байболовдун бул кызматтагы эң биринчи кадамы органды дал ошондой булганган адамдардан тазалашы керек. А эгер анте албаса, анда жөргөмүштүн желесиндей болуп өзү да чырмалышып, ал дагы ИИМдин иши алдыга жылышына таасирин тийгизе албай калышы мүмкүн.
2. - Аксы окуясы болгондон бери 8 жылдан ашык убакыт өтүп кетсе дагы, бул боюнча али күнчө күнөөлүүлөр жазасын алыша элек. Ал эми Жанузаков, Абышкаев, Кудайбергеновдорго кайрадан күнөө тагылып атканы боюнча тергөө иштерине катышпагандан кийин азырынча бирдеме деп айтыш кыйын. Бирок Аксы окуясы боюнча күнөөлүүлөр сөзсүз жазаланышы керек. 8 жылдан бери булар "мен ал кезде биякта элем, мындай кылган элем"-деп бири-бирине шылтап келе жатышат.
Менин жеке пикиримде, бул окуяны изилдөөдө төмөнтөн жогору көздөй иликтеш керек. Алгач ок аткан адамдарды таап, аларга ким буйрук бергенин аныкташ зарыл. Ошентип отуруп, аким, прокурор, милиция начальниктери аркылуу ошол кезде Ак үйдө отургандарга келип такалмак да.
3. - СССРден калган мүлктөрдүн баары эчак эле бөлүштүрүлгөн да. Азимбек Анаркулович көтөрүп жаткан маселени толугу менен колдойм. Казакстан менен достук мамилебизди бузбай туруп, кандайдыр бир жолун таап, бул пансионаттарды Кыргызстандын менчигине алышыбыз керек. Анан гана 10-15 жылга ижарага берсек болчудай.


Даярдагандар: Алмаз ТЕМИРБЕК уулу, Жаркынай КАДЫРКУЛОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
6-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
2-бет
БИЗ КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ
3-бет
Декреттер менен эмес, мыйзам менен…
4-бет
Калыстыкты кайдан күтөбүз?
5-бет
Укук коргоочулардын өмүрү коркунучтабы?
6-бет
Ант берүү аземиндеги акылга сыйбас жоруктар атайын уюштурулганбы?
7-бет
Мурутуңа муз тоңгур...
8-бет
Сагынбек Абдрахманов,
Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу:
"Ибраимова, Сариевдер мени
кызматтан алмакчы болуп…"

9-бет
Жаңы министр.
Аксы окуясы. 4 пансионат.

10-бет
Курмангазы Инсанаев,
Кыргыз мамлекеттик циркинин директору:
"Итти сыйласаң, килемге чычат!"

11-бет
Аргынбек Малабаев,
"Кыргыз темир жолу" башкармалыгынын башкы директору:
"Мен эч кимден коркпойм, анткени чындык мен тарапта"

12-бет
Келдибек Ниязов,
КРнын Эмгек сиңирген артисти, куудул:
"Кыргыз мамлекетинде жашаган сексен улуттун уулдары армияда кызмат өтөөгө милдеттүү"

13-бет
Ал элдин кулк-мүнөзүн
түшүнө билет...

14-бет
Сандан-санга
15-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
16-бет
Кылымдар Асыкбеков,
комузчу:
"Өзүм чыгарган
беш күүм бар"











??.??