oБиле жүрүңүз!

Күнгө туура эмес кактануу
тери рагын пайда кылат
Кумдуу жээк, жыпжылуу көл, чайыттай ачык асман…. Бах, чиркин! Кандай сонун керемет… Ушул керемет бир жыл бою тынымсыз жумуш менен алпурушкан адамдардын көзүнөн учат эмеспи. Бирок жай айы деле көпкө күттүрбөйт. Мына көптөн күткөн жай айы да ортолоп баратат. Эс алууга жана каникулга чыгууга убакыт келди. Анда эле, камыныңыздар, эс алууга кеттик. Бирок жолго чыгаардан мурда, көлгө түшүүнүн эрежелери менен таанышып алыңыз.

Көлгө барып, күнгө туура кактануунун эрежелерин эске салып койбосоңуз, ден-соолугуңузга зыян келтирип алышыңыз мүмкүн. Бул эреже өзгөчө айымдар менен бийкечтерге тиешелүү. Себеби аялзаты сүйкүмдүү, сулуу жана азгырыктуу болобуз деп түрдүү курмандыктарга барышат эмеспи. Аялдардын денесинин сүйкүмдүүлүгүнө теринин өңү да таасирин тийгизбей койбойт. Эркектердин көңүлүн бурдуруп, суктандырган жагымдуу денеге ээ болуу үчүн, ак денени карайтып, күнгө кактанууга туура келет. Мындайда биз денебиздин ооруганына, ысык күндө зыяндуу нурларга "куйкаланып" жатканыбызга да карабайбыз. Болгону кинодогу кыздардын денесиндей денеге ээ болууну кыялданып гана мээ кайнаткан аптапта күндүн ультрафиолеттик нурларга денебизди тосуп, отура беребиз. Мындай учурларды көп эле кездештирип келебиз. Эгер сизге күнгө кактанууга мүмкүн болбосо, ысык аптапта күнгө кактанып өзүңүздү курмандыкка чалбай эле койсоңуз болот. Себеби сүттөй аппак денени да сүйгөн эркектер бар. Деги эле болочоктогу жолдошуңузга сиздин күнгө күйгөн жагымдуу денеңиз эмес, эң башкысы - адамдык бийик асыл сапатыңыз жана бекем ден-соолугуңуз гана керек экенин да эстен чыгарбаганыңыз оң.
Адистердин айтканына караганда, күнгө туура эмес кактануу адамды тери оорусуна чалдыктырып, мындан сырткары тери рагынын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Андыктан көлгө түшөрдө төмөнкү эрежелерди толук сактоого аракет жасаңыз.
1. Күнгө эртең мененки саат 11ге чейин же кечки төрттөн киийн гана кактануу керек. Саат 11ден саат 15ке чейин күндүн зыяндуу нурлары күчөйт. Ал нурлар сиздин ден-соолукка терс таасирин тийгизип, ооруга чалдыгып калышыңыз толук ыктымал. Андыктан күнгө жогоруда көрсөтүлгөн убакта гана кактаныңыз.
2. Тегиз жана туура күнгө кактануу үчүн биринчи барган күнү 5-10 мүнөттөн ашпоосу зарыл. 10 мүнөт күнгө кактангандан кийин көлөкө жерге барып эс алыңыз же көлгө түшүңүз. Андан кийин күнгө кактанууну улантпоо керек.
3. Көлдүн жээгине чыгарда, башкача айтканда, пляжга барарда сөзсүз күндүн зыяндуу нурунан сактоочу кремдерди колдонуу керек. Кремди ар бир 2 саатта бир кайталап сүйкөп туруу талапка ылайык.
4. Күнгө кактанып жаткан учурда уктоого болбойт. Уктап калып денеңизди күйгүзүп алышыңыз мүмкүн. Ошондуктан күнгө кактанып жаткан учурда уйкуга алдырбай, эрежени так сактоого аракет жасаңыз.
5. Пляжга чыккан учурда атырларды колдонууга мүмкүн эмес. Алар териде аллергияны пайда кылып, теринин күйүп калышына шарт түзөт. Андыктан көлгө эс алууга сапар алганда духи, одеколондорду алып убара болбой деле койсоңуз болот.
6. Таштын жана кумдун үстүндө жатып күнгө кактануу да адамга терс таасирин тийгизет. Күнгө кактанаардын алдында жата турган жериңизге одеял салып алыңыз.
7. Жайдын ысык аптабы адамды суусатары бештен белгилүү. Чаңкооңузду муздаткычтагы өтө муздак суу менен канааттандырбаңыз. Колдон келсе, муздак суунун ордуна өтө муздак эмес, лимон кошулган суусундуктарды колдонуңуз.
8. Көлгө түшүп чыккандан кийин денеңизге суунун калдыктарын калтырбаңыз. Сүлгү менен денеңиздин баардык жерин кургата сүртүп жүрүңүз. Себеби денеде калган суунун тамчылары зыяндуу нурга кабылууга түрткү болот.
9. Саат 12ден 15ге чейин күндүн ультрафиолеттик зыяндуу нуру жерге жакын түшүп турган учуру болот. Мына ушул мезгилде сууга түшүүдөн качыңыз. Бул учурда жөн гана китеп окуп, көлөкө жерде эс алыңыз. Көлгө эртең менен жана кечинде түшкөн пайдалуу. Сууга түшүүнүн аралыгы 2-3саат болушу шарт. Мындан сырткары, ач карын жана тамактангандан соң сууга түшүүгө болбойт.
10. Көлгө бара жатканда кийген кийимдериңизге өзгөчө көңүл буруңуз. Себеби пляжга барарда синтетика кийимдерин кийүүгө болбойт. Синтетикадан тигилген кийимдер адамды бат тердетип, денеде жагымсыз жыттардын пайда болушуна өбөлгө гана түзбөстөн, теринин күндүн нуруна бат күйүшүнө да себепкер болот.
11. Пляжга чыгаар күнү эч качан самын жана сүргүч менен жуунбоо, ошондой эле бетти скраб же пилинг менен тазалабоо керек. Анткени булар теринин коргоочу катмарын бузат. Натыйжада, күндүн зыяндуу нурлары денеге бат өтүп кетет.
12. Мүмкүн болсо айымдар менен бийкечтер күйүүдөн сактоочу кремден тышкары, эч кандай косметика колдонбогондору оң. Себеби кремдеги май кислоталары күндүн зыяндуу ультрафиолеттик нурларынын таасири астында кычкылданып, уулуу кошулмаларды пайда кылат. Оозго да күндүн нурунан сактоочу помадаларды гана колдонуу кажет. Денеге татуаж жасаткан күнү да пляжга чыгууга болбойт. Татуаж күндүн зыяндуу нурларын денеге тоскоолдуксуз өткөрүп жиберет.
13. Дары ичип алып пляжга чыгуу коркунучтуу. Сиздин организмдеги дары ысык күндө теринин аллергиясын пайда кылышы толук мүмкүн.
14. Диетада жүрүп пляжда болуунун да чоң зыяны бар. Анткени денеде белок аз болуп, терини күн нуруна абдан сезгич кылып жиберет. Бул болсо тери аллергиясына алып келет.
15. Эгер сизге күндүн нурунан сактоочу кремдер жардам бербей күйүп калсаңыз, биринчи кезекте анальгин же аспирин дарысын ичип, күйүп калган жерлерге муздак айран сүйкөп коюңуз. Айран толугу менен денеге сиңгенче кармап, андан кийин муздак суу менен жууп салуу кажет. Мындан соң салкын жерге отуруп эс алуу керек. Күндүн зыяндуу нуруна чалдыккандан кийин кайра аптап учурунда күнгө чыгууга болбойт.
16. Көлгө түшөрдө күндүн нурунан сактаган витаминдерди да колдонуу керек. Ал үчүн сабиз, өрүк, шабдалы, дарбыз жемиштерине көбүрөөк басым жасаңыз.
17. Көлдөн кийин сөзсүз денени, чачты таза суу менен тазалап жууп, кургата сүртүп коюу зарыл. Себеби туздуу суу теринин кургашына жана бат картайышына, чачтын жансыз болуп түшүшүнө, өңүн жоготушуна алып келет.
18. Пляжга чыгарда баш кийим жана күндөн сактоочу көз айнекти унутпоо керек.
19. Күнгө кактанган соң, дароо сууга жана душка түшүүгө шашылбаңыз. А дегенде көлөкөгө барып, дененин табын төмөндөтүү керек. Андан соң гана сууга түшүү зарыл.
20. Эгер сизге күндүн нуру өтүп кетсе, муздак суу менен компресс жасаңыз. Андан кийин дененин күйгөн жерлерине, күйүккө каршы мазь сүйкөп койсоңуз жакшы жардамын берет.

Жогорудагы эрежелерди так жана толук аткарсаңыз, оору-сыркоодон сырт болуп, көңүлүңүз да көтөрүлүп,ойдогудай эс алып, жылуу маанайда үйүңүзгө сапар аласыз.
Даярдаган
Жаркынай КАДЫРКУЛОВВА