oАйтылбай турган сөз эле…

"Күүгүм Бишкектин" күмөндүү ою, же Ким "байкенин" көшөгө артындагы оюну
Мезгилдин өктөм өкүмүн эч ким өзгөртө албайт эмеспи, бирок алдыда болор окуяны токтотуп коюунун жолдорун издегендерди ар дайым ийгилик коштоп жүрөрү да жашыруун эмес. Биздин өлкөдө болуп өткөн капсалаңдуу кан төгүлгөн түштүк синдромунун алдын алууга УККанын шалаакылыгын, Убактылуу Өкмөттүн кыйын кырдаалда жалпы Кыргызстандын калкынын алдында легитимдүүлүгү таанылбагандыгын, натыйжада, буларды жаңы бийликке каршы ички жана тышкы күчтөрдүн пайдаланып кетишине жол бергендигин тануу мүмкүн эместигин белгилеп кетсек болот.

Эски бийлик кулатылган менен анын жактоочуларынын колунда маалымат майданынын каражаттарынан тарта, "куралдуу күчтөрү" "жан сакчы" көшөгөсүнүн алдында аракеттерин жүргүзүп келишкен. Кечээ эле бакиевщинанын баскан изине чаң жугузушпагандар бүгүн да өнөкөт адаттагыдай жаңы бийликти көкөлөтө мактоо менен алек болушууда. Ошентсе да учурунда "жем жеген акырын" "сагынабы", тымызын азыркы бийликке "таман тузак" ыргытуудан кайра тартынышпасы учур өткөн сайын ачык көрүнүүдө. Алардын мындай аракетине түштүк синдрому ыңгайлуу шарт түзүп берүүдө десек жаңылышпайбыз.
Алардын мындан башка жолу жок. Биринчиден, өлкөбүздүн көп улуттардан турганын, экинчиден, андай жерде нукура кыргыздар эмес, маңкуртка айланган, өз эне тилин унуткан "киргиздер" экендигин белгилесек болот. Бул маселе боюнча көп ирет какшасак да, баягы эле башкы мыйзам аркылуу кыргыз тилин муунткан, кыргыздарды башка элге жүгүнткөн беренелердин ошол боюнча калгандыгы да себепкер болуп жаткансыйт. Ушул мүмкүнчүлүктү орус тилдүү "Вечерний Бишкек" өз пайдасына пайдаланып отурбайбы!
Мисал келтирели. Бул гезит учурунда А. Акаевдин, андан кийин К. Бакиевдин сасык саясаттарын колдоого алып, үй-бүлөлүк башкаруучулардын таламын талашып келгенин элибиз билет. "Кой терисин жамынганды" жакшы өздөштүргөн гезит ишенген бийлик кулары менен бейтараптык "саясатка" өткөн. Бирок алар кыргыз элинин кызыкчылыгына, мамлекетибиздин эртеңки келечегине кызмат кылары күмөн деп коркпой айтсак болот. Айрыкча, 2010-жылдын 9-июлундагы "Түшүнүү. Кечирим жана аны кабыл алуу" ("Понять. Простить и принять") маектешүүсүнө катышкан Ишенбай Абдуразаковдун, КРнын түрк коомдук бирикмесинин башкармачылыгынын Кеңешинин мүчөсү Эмиль Гамидовдун, дуңган улутундагы Башкы прокуратуранын бөлүмүнүн начальниги Сумар Насисанын жана укук коргоочу - журналист Абдумомун Мамараимовдун айрым пикирлерине каяша айтууга туура келет.
Алардын оюна караганда, биздин өлкөдө улуттук азчылык кыргыз элинин кысымында калгандай таасир берет. Бул жерде кыргыз элинин момундугу - текеберчилик, меймандостугу - кекирейүүчүлүк, айкөлдүгү - манчыркагандык катары көргөзүлгөн сыяктанат. Ушул жерде алар бир нерсени - алардын башка жерде эмес, Кыргыз Республикасында жашап жаткандыгын унутуп коюшкан сыяктанат. Алып көрөлүк, И. Абдуразаковдун бир гезиттин 3 санында "биз - кожоюнбуз, башка эл мейманыбыз" - деген сөзүн наадандык катары санап отурат. Кыргызда мындай учурда "тилиңизге тибиртке" дечү эле. Бул сөздө сиз ойлогондой улуттар аралык араздашуунун элементи бар экенине ишенүүгө мүмкүн эмес. Элибиз эзелтеден коногун ыйык тутуп, босогосундагы "кудайы коногунун" бейпилдигин коргоп келген. Аларды куугунтукка алмак түгүл, коопсуздугуна камкордук көрүп, "босогосунан" "иттен" чыгарып коёрун кантип танасыз? "Босого" - сиз ойлогондой эшигинин алды эмес, кыргыз жергесинин жалпы чеги, ал эми "ит" калкыбыздын каада-салтын, үрп-адатын унутуп, конокторду тоноп кетер каракчылар экендигин эске алдыңызбы? Ушул сөзүңүз менен жалпы кыргыз элинин бетине көө сүйкөп жатканыңызды моюнуңузга алганга абийириңиз жетишеби? Сиз чет элдерде элчи болуп иштегенсиз. Айрыкча, жапан элинин улуттук ар-намысты баарынан жогору коёрун какшагансыз. Эсиңизге сала кетели, өз улутунун патриоту жана калыс сөзү бар адам катары алардын "Восходящего солнца" сыйлыгын да алгансыз. Карылык калыс сөзүңүздү күттүк элек. Балакет баскырдыкы, улгайган кезибизде элибизге "байкабай" каршы сүйлөгөнүбүз, кимдин кызыкчылыгын көздөп каларын ойлобогондугубуз алжыган учурубуз болуп калбасын? Же муну турмуштун бузулгус мыйзамына шылтоолоп кутулабызбы? Бул "ырыңыздын" башкача чыгып калганынын себеби эмнеде экенин элге ачык айтып бере аласызбы?
Ал эми өлкөбүздүн Башкы прокуратурасынын өкүлү Сумар Назиса түштүктөгү улуттук араздашуунун себебин бийликтин тынч жол менен эмес, апрель айында бийликтин күч менен кулатылганы менен байланыштырат. Мыйзамды урматтабаган жерде, тартип болбосун айтып, акыл үйрөтөт. Атти-иң десең, бул адам 2005-жылы бийлик алмашканда неге бул "калыс" сөзүн айткан эмес? Искра окуясына өзүнүн "саясий" баасын чыгарган жок? Катары менен бийлик күч менен кулатылгандан кийин, "мыйзам бузулганына каршы" нааразылык билдирип, өз каалоосу менен иштен кетпестен, эми Мекенибиздин калкынын 30 гана пайызын түзгөндөрдү бийликтин бардык бутактарына киргизүү маселесин козгоп жатат? Мыйзам коргоочу мамлекеттик уюмдун өкүлү катары канча миң дунгандар бар экенин, алардын канчасы КРнын аскер күчтөрүндө кызмат кылып, жарандык милдеттерин аткарганын ачык айтып чыга алабы? Базарларда дуңгандар жок, аларга орун берилбейт - деп каңырыгын түтөтөт. Калыстык кылып калктын санына жараша бөлүнгөндө да, базарларыбызда дуңгандар басымдуу экенин эске албай, ушул сөзү менен "мыйзам коргоочу" С. Назиса эки элди бири-бири менен кайраштырып жаткан жокпу?
Укук коргоочу - журналист А. Мамараимов ушул маектешүүдө бир нерсени - улуттук араздашуунун бөгөтү болуучу каражат бар экендигин туура белгилегендигин көрсөтүп кетсек болот. Буга негиз кылып Кыргызстандын элинин Ассамблеясын көргөзүп отурат. Бул колдоого татыктуу, бирок ушул Ассамблея Мекенибиздин мыйзамын урматтайбы?" - деген суроону пайда кылат. Сөз сөз менен, тилекке каршы, аны ишке ашыруучу ошол улуттардын каймагы болгон билимдүүлөрү мыйзамга каршы аракеттерди жүргүзүп жаткандай сезилет.
"Улутчулдукка" каршы пикирин айткан С. Назиса улуттук азчылыкты түзгөн Казакстанда бар болгону 9 орун берүүгө сунушун казак мажилиси четке какканын аргасыз моюнга алып отурат. Ошол эле учурда 60 миң дуңгандардын ичинен күч менен 200-300 адамы гана партияга мүчө болгонуна кимди күнөөлөгүсү келет? Ага караганда бизде ошол азчылыктардын канчасы (өзүнүн кызмат абалына көңүл буралы), ЖоКеде мамлекеттик жооптуу кызматтарга ээ болгонуна көңүл бурбай жатат?
Бизди улутчулдукка ошол азчылыкты түзгөн башкалар түрткү берип отурат. Башкасын коёлу, КРнын түрк коомунун башкармасынын Кеңешинин мүчөсү Эмил Гамидовдун айткан сөздөрү терс таасирин тийгизүүдө. "Оозуңдан чыкканча сөз сенин кулуң, оозуңдан чыккандан кийин сен сөзүңдүн кулу" болуп каларын унуткандардан дегеле акыл суроого болобу? Сөзүбүз куру болбосу үчүн анын айрым пикирине каршы аргументимди келтирсем капа болбос?!
Урматтуу Э. Гамидов, эсил кайран СССРдин учурунда улуттук азчылыктын укуктары "тепселбегендигин" эскерип, каңырыгын түтөтүптүр. Ошол учурда "улуу орус эли" бар экендигин унутуптур. Кыргыз элинин улуттук патриоттукка чакырыгын "күнөөлөп", түрк - деген кысымга дуушар болуучу коркунучка дуушар болорунан чоочулап, ичкени ирим, жегени желим болуп калганына зээни кейип жатыптыр. Атаны кокуй, арман күн дейли, эмне үчүн кыргыздар өз жеринде, өз элинде үстөмдүк жүргүзүшөт? Антейин десең, 90-жылдардын аягында Турцияда түрк-месхеддер неге ал аймактан куугунтук жегенине ушул убакка чейин жооп таба албай келебиз. Анын сырын эми ачык айтып бере алабы? Же бул интернационалдык тилектештикти билдиреби? Болбосо, түрк туугандардын "Ана Мекени" кайсы, "Ата Мекени" кайсы жер деп эсептешерин түшүндүрүп койсо эле ыраазы болбойт белек?
Албетте, бул каяшам үчүн мага "улутчул-шовинист" жарнагын тагып кыйкыруучулар чыгарын билем. Буга деле каниет кылам, анткени кыргыз деген ат кайсы учурда болсо да өзүм үчүн ыйык катары эсептейм. Ушул сезим мени кайрылбайм деген маселени кайра козгоого аргасыз кылганын моюнга алууга мажбур кылды. Жарандар билген тилинде гана сүйлөш керек деген Э. Гамидовдун пикири кыргыз тилин кордоо деп эсептейм. Себеби эч бир өлкөдө мамлекеттик тилди кор тутушпайт. Андайлар биздеги сыяктуу мамлекеттик жооптуу кызматка алынбайт. Ал гана эмес кечээ эле СССРдин курамындагы Казакстанда бардык мамлекеттик документациялар казак тилине өткөрүлгөнүн кош колдоп колдойм. Ошол үчүн казак жергесинде улуттук азчылык "автономияны" талап кылбай, ошолордун мыйзамын кыйшаюусуз аткарып келет деп эсептейм.
Баса белгилеп кетсек болот, жогорудагы маектешүүдө улуттук азчылыктын таламын талашкандардын көлөкөдөгү максаты өзбектердин түштүк жергесинде "автономиянын" түзүлүшүн коргоо сыяктанат. Бул ишке ашса, жогорудагыларга дуңган, түрк, корей жана башка азчылыктардын "автономия" түзүү талабын ишке ашырууга шарт түзөт. Түштүк синдромунун түпкү сыры ушунда экенин эске алсак, бул кыргыз мамлекетин жок кылуу багыты катары санасак болот. Ошентип, бул максат жергиликтүү кыргыз элин өз Мекенинде анклавдарда жашашына алып келбес бекен? Буга маекке тартылгандардын кебинен башкача жыйынтык чыгаруу мүмкүн болбой отурат.
Акырында айтарым, гезиттин аты көргөзгөндөй, элибизге "күүгүмдүүлүктү" эңсеген "Вечерный Бишкек" гезити мурдагы бийлик ээлери болгон, кыргыз элине кыянатчылыкты жасашкан А. Акаевдин, К. Бакиевдин камчысын чаап, калкка каршы күрөшүн жүргүзүшкөнүн, акырында М. Бакиевди жандагандыгын эске алсак, аларга мындай материалдар аркылуу, болгондо да жергебизде өз бийлигин жаңыдан орнотуп жаткан жаңы бийликке каршы тымызын "фронт" ачып жатпасын. Ич "күптүсү" тынчтык бербеген Ким "байкенин" оюнунун аркасында, "күүгүмдөгү" кандай ою жаткандыгын ким билет?..Аа-у-у, калкыбыздан буга жооп берер жан адам чыгар бекен? Же "жамандын бойдогу билет, жакырдын коногу билет" болуп, "конокторубуздын" мүдөөсүн аткарып, "автономияларды" түзүп бергенибиз "оң болуп" жүрбөсүн? Бул жаңы бийликтин "кулагына таккан күмүш сыргабыз" экенин да эскерте кетсек артыкбаш болбос…
Эртабылды АТТОКУРОВ