Сандан-санга

Кандуу жылдар
гана бапестеп багып жүргөн бир ою бар эле, мектепти бүтөрү менен бул үйдөн кетет, үйүнөн эмес, бул үйдөн кетет. Анткени бул үй небак эле өз үйү болбой калган, баягы аял ээлеп алган. Адегенде келгенде жыл чамасы үйдү тазаламыш этип жүргөн неме, кийин ал түйшүктү Нестандын мойнуна илип таштаган. Бар түйшүк кыздын мойнунда. Аял болсо бети-башын эбегейсиз боеп, кийбегенди кийип, кээде күйөөсү менен, көбүнчө өзү жалгыз төркүнүмө барам деп, мейманчылап кетет. Кайда жүргөнүн сураган жан жок. Дептер, калем алыш Нестан үчүн өзүнчө коркунучтуу окуя, тилди аябай угуп, токмогун жеп, анан ээ болот, өп-чап. Атасынан сурабай калган, бир-эки ирет сурап көрдү эле, "бар, апаңан ал" деген. Ошентип, Нестандын тилеги бар - үйдөн кетет. Баса, бир ирет агасы шаардан келгенде Нестан эчкирип-эчкирип бир топко аны кучактай ыйлап, бул аялдан көргөн кордугун айтты эле, агасы соороткон болот: "Кой, ыйлаба, мен ага айтайынчы, экинчи урба деп". Бир тууган өңдөнүп боор тартып, жалгыз карындашы үчүн күйбөгөн бу неме атасындай эле тоң экен, карамүртөз экен. Күтүп жүргөн агасынан да Нестандын көңүлү калды.
Нестан онду бүтүп, окууга кетем деп кам уруп, эски-уску кийимдеринен дурусураагын тандап, эптеп жанагы шаардагы ташбоор агасынын үйүнө жетип алмакка атасынан акча сурады эле, ал каапырың адатынча "апаңан сурачы" деп сөз бүтүрдү. "Апасынан" акча сураш Нестан үчүн тозок да. Сурай албай үч-төрт күн өткөрдү. Анан бир күнү сурады эле, балээ башталды, акча бермек тургай, акесин таанытты жер-жеберине жетип: "Өлүгүңдү гана көрөйүн шерменде, окугандан кетесиңби, ыя? Окуганың азыр оңбогондой акча. Аны сага ким таап берет?! Атаңдын пенсиясы атаңдын башына жетеби, дагы курсагың тогуна сүйүнсөң. Окуунун балакетин албай, көчүгүңдү беш жеринен кысып, кыңкылдабай үйдө отур!" деп ой-да жер-жеберине жетип ыйлатып тынды. Бүт оокатты жасап, күңдөй кызмат кылган немени кайдан кетирсин. Анын үстүнө окуп-чокуп алса баш бербей кетиши мүмкүн. Кийин тың күйөөгө тийип алса, экөөлөп келип өзүн үйүнөн кууп чыкпайбы... Ушулардын баарын ойлоду бу катын. Бу жаш неме үйдөн качып кетпесин деп кечинде абышкасынын койнунда жатып айтты: "Нестаның окууга кетем дейт, кой де. Эмдиги жылы окусун, расход камдап берем де..." Аялынын сөзү эки болбогон неме эртеси кызын көндүрдү, эмдиги жылы окуганга... Короо толо малы, керектейм десе каткан толтура акчасы туруп, карачечекей кызын окууга жөнөтпөй койду атасы.
Аял Нестанды окууга жибербей эле жөн калбастан, дагы бир балээни - кыздын бүт өмүрүн коштоп турчу балээни ойлоп турду... Аялдын аты - Сонун, ошондонбу, "сонун" оюн мындайча ишке ашырды.
Бир күнү Сонун солкулдай кийинип, килтилдей басып, айылдагы автобус токтоочу жайга келди. Төркүнүнө барып келмек. Ошол жерде турат эле бир зоңкойгон жигит салам айтты, кызымтал экен:
- Эже, амансызбы?
- Аман. Ай Жаныш, бу жерде эмне кылып жүрөсүң, ыя?
- Жүрөм. Жолдош баламдыкына келгем. Эки күн болду, кетип баратам.
- Мен дагы колукту издеп келген го деп атпайымбы...
- Колукту издеп убара болмок белем, алар мени издесин, ха-ха-ха.
Бу зөөкүр чалыш жигит Сонундун айылдашы эле, алыс туугандарынан да болуп кетет. Жашы отуздардан өткөн неме. Бирөөнү сабап коюп бир ирет отуруп келген. Ичкен-жегени эне-атасынын мойнунда.
Сонундун "сонун" ою дал ушул жерде пайда болду:
- Айылыбызга келип калган турбайсыңбы. Эжем бар эле деп издеп келбесең да, жүрү үйгө, мынча болду үй-жайды көрүп, чай ичип кет.
Ичкени тарай жаздап бараткан неме дароо макул болду. Арак менен сыйлашы ажеп эмес да.
Сонун аны үйгө ээрчитип келип, алеки саатта Нестанга картөшкө куурутуп, бир бөтөлкөсүн ачып, чай берип турду.
- Бу жакын инилер болот, - деди абышкасына, - учураша кетейин деп келиптир. Ырас жолунан чыкпадымбы, кайчы өтпөй. Бу айылда жолдошу бар экен, ага эртең барсын, бүгүн биздикине конуп ал дедим. Эжесиникине конбой кетчүбү, туурабы, Жаныш?
- Туура, - деди тиги. Ага алдыда стакан турса, баары туура болчу.
Сонун күйөөсүнө кайрылды:
- Тур, кийин. Жалгыз шүмшүңдөбөй сени менен барайын деп кайра ойлободумбу.
Сонун күйөөсүн ээрчитип, төркүнүнө кайра жөнөдү. Үйдөн чыгарда сыртка тамеки тартканы чыккан Жанышты жалгыздата айтып калды: "Биз эртең кечирээк келебиз. Өз үйүңдөй көрүп жата бер. Жанагы кызды көрдүңбү, тамырын тартып көр. А балким өзүңдүкү кылып аларсың. Эркек эмессиңби. Эч нерседен коркпо, жообун өзүм берем".
Татына кызды улам-улам карап тамшанып, аңгиси кармап турган немеге кудай берип салбадыбы. Жүзү жайнай түшүп: "Рахмат, эже. Бир кыздык ал бар" - деди. Сүйүнүч-ыраазысы кошулуп. Бу маалда Нестан бейкапар дасмалын жыйнаштырып жатат эле.
Жаныш кечке чейин үйгө кирип-чыгып, эжекеси кеңири таштаган арактан эрмектеп...




Айлакер
Айым
Эжесинен мындайды күтпөгөн иниси дендароо.
- Эй, эмне оозуңду ачасың, давай, жүр менин менен акимге тааныштырам, керек болсо айыл өкмөттүк кызматты сага алып берем.
Эже, ини ээрчишип акимге кирсе ал чыйпыйы чыгып күтүп атыптыр. "Кетип калышса, шефтерге жамандап барса не кылам" деп заманасы куурулуп турган экен, энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп кетти.
- Өзүмдүн карындашым болот турбайсыңбы! Тааныбасты сыйлабас деген ушу, тартынбай айт, илибой жумушуңду бүткөртүп берем. Канат Темирбековичтин сөзү бизге мыйзам. Колдон келип турганда эмне...
Чай үстүндө оголе көп маселелер козголду. Зарина болсо койкоюп турган бөтөлкөлөрдөн көзү өтсө да ооз тийбеди. Ырас иштери оң жагына ооп бараткандан кийин жаман адаттардын баарын артка тыштап, өнүгүп-өсүүгө гана жол издеш керек.
Айтор, Зарина акимден көңүлдүү чыкты. Инисин жумушка орноштурду, үй салдырмак болду, отун-суу түшүрттү. Чукул кырдаалдар министрлигинде жарылып, эскилиги жеткен, суу каптагандан, жер титирегенден жабыркаган үйлөрдү салып берген программасы бар дедиби, айтор түшүнгөн жок. Иши кылса бир айдын ичинде Заринанын үйү койкоймок болду. Азыр июнь айынын ортосу, болуп-толуп турган убак, аким жакшы көңүл бурса эле августта үй заңгырап калбайбы.
Акимден чыгып инисин базарга ээрчитип барып, баштан аяк чыштай кийинтти. Бөбөктөрүн, келинин да унутпады. Азык-түлүктү килолобой, мешоктоп алды да, "Аудиге" жүктөп, айылга кирип барышты.
Келини үйүн жыйнап, чай даярдап, картошка кууруп койгон экен, кайнежесинин алып келгендерин көрүп, чын дилден барпаңдап сүйүндү. Эки бир тууган ошо түнү уктаган жок. Иниси экөө баштарынан өткөргөн тагдырын жипке тизген шурудай тизмектеп, бирде ыйлап, бирде күлүп эске түшүрүштү. Зарина инисине жалынып, жалбырды "сен агаларыңдын жолун жолдоп иче көрбө, ата-энебиздин очогун томсортуп, коломтосунун отун өчүрбө, менин тилимди алып, айтканымды жасасаң сенде баары болот, андай кылбайсыңбы анда үйдөн кууп чыгам. Бул үй меники" деп кайра-кайра ыйлап да, күлүп да эскертти.
Заринасын айылга узаткан Канат Темирбековичке ар бир күндүн өтмөгү тозок болду. Кабинетине кирет, сессияга катышат, телевизор көрөт, коллегалары менен бильярд, саунага барат. Бирок баары башкача, баары кызыксыз. "Ойноп, ойноп оюн салып кетем" деген алгачкы кыялынан таптакыр дарек жок. Ойлосо сүйүп калыптыр, айылдык, бирок ойлору акылдуу, кыял, ой-максаттары тээ асмандын башында болгон кызга арбалды да калды. Заринага күнүгө тынбай телефон чалып ал-ахвалын сурайт, "эртерээк келчи, сагындым" деп жаш баладай телефондун трубкасына шыбырайт. Нары жактан шаңкылдаган күлкү ого бетер жүрөгүн эзет.
Сүйгөн кызы айылга кеткени үй пааналады Канат Темирбекович. Балдары менен парктарды аралап, ар түркүн аттракциондордо жаш баладай ойноп, музей кыдырып, кафе-ресторандарда тамактанып, ойда черден чыгышты. Айрыкча кыздары "папалап" мойнунан түшпөйт. Күйөөсүнүн 180 градуска бурулган мүнөзүнө таңданып, аялы убара. Ажылдап уруш чыгарайын десе да шылтоо жок. Өзүн күзгүдөн карап алып кебетесине жийиркенип да алды. Ыксыз семиздигин ушуга чейин байкабаптыр. Күйөөсүн аяп кетти. "Кетип калбай, кантип мени менен жашап жүрөт" деп турмуштун ачуу чындыгын мойнуна алды да "кой, эртеңден баштап тилди агытканды токтотуп, бассейн, фитнесске барып арыктайын" деген пландарды алдыга койду да, үйдү ирээттеп, майрамдык дасторкон жасоого киришти.
Зарина айылда туура төрт күн, төрт түн жүрдү. Оголе көп жумуш бүтүрдү. Айыл апаны кыдырып өлгөн кеткен тууган-туушкандарына батага барды. Үйүнө кой союп, ыраматылык кеткен апасына куран окутту. Атасына окутайын деп негедир дити да барбады. Инисине "мен кеткенден кийин атаңа да куран окутуп, тууган-туушкандарды чакыр" деп буйруду. Такыр эле самтырап, кедейликке белчесинен баткан иниси заматта чыйрала түштү. Эжеси "саап ичкиле" деп короого уй, "минип жүр" деп ат, "отун, суу" ташыгыла" деп эшек, союп жегенге он чакты кой алперип, бөбөктөрүнүн кам-кечегин камдап, санаасы тынып шаарга кайтты.
Самат эжесине элжиреп, ыраазычылыгын сөз менен айтып түгөтө албайт, келинчеги андан беш бетер. Атын алкынта минип, кийимдин кымбатын кийип күндө айыл өкмөттөгү жумушуна барат. Жумушу оор деле эмес, "кимдин жери канча гектар, кимге жер бериле элек, бузула элек канча сарай калды", ж.б. ушу сыяктуу майда-чүйдө иштер менен алек. Бат эле каада күтүп, "кедей Самат, байкуш Самат" деген аты өчүп, эл да "Самат байке, аке" деп сыйлап, эми шумдук. Келинчеги экөөнү эч ким теңине алчу эмес эле, күн куру эмес конокко чакырылып барктуу. Дасторконду жайнатып, оозуна арак сунушат. Саматта акыл бар экен, ар дайым эжесинин буркурап ыйлаганы эске түшүп, убадасын унутпай, аракты такыр ууртабайт. Асмандан түшкөн сыйкырчыдай болуп эжеси турмушун оңдогонго чечекейи чеч. МЧСтин акчасы да тез бөлүнүп, райондон курулуш бригада келип, үйдүн жанына чыкыйтып килейген тамдын фундаментин куюп, кыш түшүрүштү.
P.S. "Айлакер айым" сериалынын башталышын окубай арманда калдык, качан китеп болуп чыгат?" деп телефон чалган көптөгөн окурмандардын суроосун эске алып, автордун уруксаты менен "Айлакер айым" сериалы "Айат пресс" газетасында кайра башынан баштап басылып чыгууда. Окуялар кантип башталып, кандай өөрчүгөнүн окуган да, окубаган да арманда. "Форумдагы" сериалдын окуялары уламдан-улам курчуп, бүйүр кызытып, жарык көрө бермекчи.