Саясий шоуну жактырган насаатчы
"Аллергиянын символуна" айланган Феликс Кулов акыркы мезгилдери коомчулукка көрүнүп туруу максатында ар кандай билдирүүлөр менен чыга берип, элдин көңүлүн ого бетер айлантып бүттү. Куловдун баш айланткан билдирүүлөрүн карапайым калк канчалык уккусу келбеген сайын, ошончолук бир нерселерди ойлоп таап пресс-конференция өткөргөндөн таптакыр чарчабас болду. "Ар-намыс" партиясынын жетекчиси акыл айтууга уста жаралганбы, айтор кезектеги бир билдирүү менен "Hyatt" мейманканасында "Кыргыз Республикасынын алдындагы коркунуч" деген аталышта парламенттик шайлоо алдындагы 100 күндө Кыргызстанда көрүлүүчү чаралар туурасында тегерек стол уюштурду. Талкууга бир нече партия чакырылганына карабастан, Феликс Куловдун саясий шоусунан тажап бүтүшкөн көптөгөн партиянын лидерлери келген жок. Болгону "Эл арманы" менен Коммунисттер партиясынын жетекчилери менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Натыйжада, тегерек столдо алгылыктуу эч кандай маселе деле козголгон жок. Баягы эле көндүм болгон коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу боюнча Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун тынчтык күчтөрү менен бирге терроризмге каршы окуу уюштуруу, Ош жана Жалал-Абаддагы тополоңду уюштургандарды таап жазалоо, түштүктөгү окуяны ачык жана калыс иликтөө сыяктуу сунуштарын билдиришти. Бир сөз менен айтканда, алдыдагы парламенттик шайлоого чейинки 100 күндүн ичинде аталган жагдайларга көңүл буруу керек деген менен чектелишти. Ошентип, Куловдун эптеп эле эл көзүнө көрүнүп, үн катып туруу максатында уюштурулган кезектеги жыйыны саналуу адамдардын көңүл кош катышуусу менен зорго өттү. Маани берип, жата калып уккан эч ким деле болгон жок. Сыягы, Феликс мырзанын саясий шоусу эч кимди деле кызыктырбай калган көрүнөт. Бирок ага Кулов макул болчу түрү жок. Дагы эмненин ичинен чыгып, эмнени ойлоп табары белгисиз...


Мансапка суусап…
Курманбек Бакиевдин тушунда оппозицияга кошулбай ээндеп, саксынып турчу Мирослав Ниязов карапайым элдин колдоосу аркылуу бийликке келген Убактылуу Өкмөттү көргүсү келбегенин кези келген жерде жобурап, туура келсе да, келбесе да үнүн бийик чыгарып сындоону өнөргө айлантып алды. Албетте, ар кимдин тутунган жеке көз карашы бар дечи, бирок "төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун" болуп, капталдан чыга калып "каман" качырышка салган жоруктары өзүнүн аброюна көлөкө түшүрүп жатканына маани бербес болду. Кайсы жерде ким менен болбосун "Убактылуу Өкмөт алсыз. Өлкөнү башкара албайт" деген көз карашты саймедиреп, кызматка илинбей калган ич күптүүсүн ичине батыра албай келет. Анысы арманга айланып, анан элдин атын жамынып "Эл арманы" партиясын түзүп, бийлик үчүн ат салышууга катуу белсенип чыкты. Ток этер жерин айтканда, пайгамбар жашынан ашканына карабай, бийликке суусап чуркап жүргөнүн баам салган адамга өөн эле учурайт экен. Тилекке каршы, аны Мирослав Ниязов капарга алып койсочу. Отуздун кырына жаңы келгендей оолжуйт… Качан эсине келер экен?..


Гүлдөн-гүл тандап дейби?
Мансап кумарын татып алган адам үйүнө тынч алып жата албай, абийир, намыстан кечип таштайт окшойт. Бир кезде башкы прокурор болуп Акаевдин айтканын илгиртпей аткарган Мыктыбек Абдылдаев, учурда ар кайсы партиянын эшигин жыртып, гүлдөн-гүл тандаган көпөлөктүн кейпин кийип жүргөн кези экен. Сагызгандан сак Мыктыбек мырза экс-аткаминерлердин көбү бирден партия ачып жатканда, үйүндө отура албай ар кимдин баш терисин байкап көрмөккө ууга чыккан окшойт. Сыягы, ичиндеги убактылуу уктап жаткан амбициясы ойгонуп, жанына тынчтык бербей жаткан көрүнөт. Анан үмүттүн шооласын жандырып, мансапка кайра бир умтулуп көрүүгө бел байлап чыкса керек. "Тандаган тазга жолугат" болуп, ишенгени элдин көңүлүн айныткан "Ата-Журт" партиясы экен. Кантсин анан, башкалар кабыл албаса. Баягы тайраңдаган мезгили жок да...


Чамасы чарк экенин түшүнбөй…
Акылдуусунганы менен акылга сыйбас жоруктары аркылуу белгилүү болгон Исхак Масалиевди Убактылуу Өкмөттүн тайраңдатып койгонуна көпчүлүктүн ичи чыкпай жүрөт. Бул эргул болсо үй камагы деген эркиндиктен пайдаланып, оңду-солду ар кандай маектерди берип, Убактылуу Өкмөттү "туздагандан" ырахат алчу болду. Үсөн Сыдыков менен болгон телефондогу жашыруун сүйлөшүүлөрү ачыкка чыгып, бет кап артындагы чыныгы жүзүнүн сыйрылганына да караган жок. Кайсы жерде бийликке ичи чыкпагандар жыйын өткөрүп жатса, ошол жерде Исхактын карааны пайда болот. Сыягы, көнгөн адат калбайт окшойт. Эс тартканы атасынын кадыры менен ээрден түшпөй келаткан Исхак чамасы чакталуу экенин, мурдунун учунан башканы көрө албастыгын мойнуна алгысы келбесе да, коомчулук "камчыга сап" болбосун көрүп, билип бүттү. Бир гана Исхак түшүнгүсү келбейт… Албетте, түшүнүүгө да эрк, намыс, интеллектуалдык деңгээл, таза көрөңгө керек. Демек, Исхак Масалиевде...
Дагы кошумчалай кетчү нерсе, мурда күнү айтылуу "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" көрсөтүүсүндө "ичтен чыккан ийри жыландай" болгон Исхак мырза, Өмүрбек Абдырахманов менен дебатка чыгып, УТРКнын көгүлтүр экранында элдин кыжырын келтирип элге "түбү жок түгөнбөс" акылын кенен бир саат айтып олтурду. УТРКнын жетекчилери да кызык, эл душманын эмнеге эле утур-утуру менен жалпы эл көргөн Улуттук биринчи каналга эркелетип чыгарып жаткандарына башыбыз маң. Исхак мырза ал жерде бетин тултуйтуп туруп, "Биздин партия алдыдагы парламенттик шайлоодо бери болгондо беш пайыз алат"-деп кебелбей айтып жатпайбы. Кайсы бети менен айтты болду экен, беш пайыздан айланабы? Ким эле Исхак мырзанын кыргыз элине жасаган чыккынчылыгы үчүн анын партиясына добуш берейин деп туруптур. Антип айткандын ордуна, керек болсо өзүнүн өтүнүчү менен кыргыз элинин алдындагы чыккынчылык күнөөсүн аз да болсо ошол жол менен жууп, бери болгондо беш жыл түрмөдө жатыш керек эле. Анан дагы эл жек көргөн "эки президенттин тең качып кеткени кыргыз эли үчүн трагедия" дейт, акылың менен айды чапчыган десе, кантип эле ошо өзүнө окшогон кыргыздын чыккынчы президенттеринин качышы кыргыз элине трагедия болуп калсын. Исхак мырзага элдин эркиндиги үчүн жанын берген ондогон азаматтарыбыздын өлүмү трагедия эмес эле, душман президенттерди элибиз кубалап жибергени зор трагедия болгонун өз сөзү менен ушинтип дагы бир жолу далилдеп олтурат. Айкөлдүктүн да чеги болот, Исхак мырзаны катуу жазалоо - бул элдин дагы, мезгилдин дагы талабы. Кыскасы, бети бет болбой эле, бетон болуп калыптыр . Сөз жок... Аман эле болсун.


Чын-төгүнү белгисиз
Молдомуса Конгантиев менен Таласка барып элди тынчтандыра коймокчу болгон Акылбек Жапаров кара жанын араңдан зорго жашыл акчанын күчү менен арачалап калганы ММКларда жакшы эле айтылды. Ошол окуядан соң кабары билинбей бир аз тыныкты. Анан мансап кумары жай алдырбай, абройлуу партиялардын лидерлеринин эшигин сагаалап жүрүп, атын укканда аллергияны карматчу Феликс Куловдун "колтугунан" жай тапкан. Учурда басса да, турса да Куловду этектеп, жанынан чыкпайт. Мына ошол Акылбек мырза "Ар-намыс" партиясы өткөргөн "Кыргыз Республикасынын алдындагы коркунуч" деген аталыштагы тегерек столдо Кыргызстандын 2010-жылдагы бюджетиндеги тартыштык 20 миллиард сомду түзөрүн балп этти. Бул тартыштык өлкөнүн бюджетинин жарымы экенин баса белгилеп, мамлекет каржылык жарылуу алдында турганын саймедиреди. Кезинде башты айланткан сандарды жобурап, өнүп-өсө албай жаткан экономиканы гүлдөп жатат деп урдуртчу Акылбектин бул айткандары чын же жалгандыгын ажырата албай калдык. Эми Акылбектин ачылышын бийликтегилер тыкыр иликтеп, чын-төгүнүн коомчулукка кабардар кылышар.


Уккан кулакта жазык жок…
Алишер Сабиров менен Амангелди Муралиев Ош, Жалал-Абаддагы орун алган кандуу окуя туурасында Москвага барып, жабык эшик артында Мамлекеттик Думанын айрым депутаттары менен жолугушуп, "кыргыздарды жамандап" келишкени тууралуу имиштер жүрө баштады. Такталбаган маалыматка караганда Амангелди Муралиев ал жактан өзбек экендигин айтып, Алишер Сабировго кошулуп кыргыздарды болушунча жамандаган. "Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" дечү эле, кыргыздарды жамандаган адам 1-вице-премьер-министр болсо, шорубуз куруган го…