Алтынай Өмүрбекова,
"Республика" саясий партиясынын мүчөсү:
"Өлкөбүздүн келечеги өз колубузда"
Элибиздин эзелтеден бери келаткан тарыхында аялдардын орду жана ролу өзгөчө мааниге ээ болуп келген.
Ар дайым өзүнө ишенген, эрктүү, оорчулук башына келсе көтөрө билген биздин айымдар бир гана үй-бүлөсүнүн куту болбостон, элин-жерин башкарып, атагы алыска кеткен кездер да болгонун билебиз.
Бүгүн биздин редакциябыздын мейманы - "Республика" партиясынын мүчөсү Алтынай Өмүрбекова.

- Алтынай Сейитбековна, азыркы күндө Кыргызстанда партиялардын саны күндөн-күнгө өсүп, алардын убадалары бирдей эле болуп жаткансыйт. Сиздин "Республика" партиясына мүчө болуп калышыңыздын негизги себеби эмнеде?
- Эң негизгиси - "Республика" партиясы адамдарды "өз" же "бөтөн" деп бөлбөстөн, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бардык прогрессивдүү күчтөрдү бириктиргенге аракеттенип жатканы. Экинчиден, өмүр бою ишкердүүлүк менен аракеттенип келген адам катары мен бул партиянын экономикалык стратегиясына жогору баа берип жатам. Анда бизнестин корголушу, айыл чарба тармагынын, өнөр жайдын, энергетиканын жана башка маанилүү тармактардын өнүгүшү үчүн натыйжалуу боло турган кадамдар камтылат. Мен өзүмдүн жеке тажрыйбам боюнча айтсам, бизде азыр өзүнчө иш ачып, бизнес жүргүзүү оңой эмес. Канча деген мамлекеттик органдардын эшигин каккылап, кагаз чогултуудан тажайсың... Бирок эгерде бул багытта туура саясат жүргүзүлсө, ошол көйгөйлөрдүн баарын чечип, ак эмгеги менен иш алып барып, мамлекетке салыгын төлөп, өзүн да баккан ишкерлерге кеңири жол ачып берсе болот.
- Сиз өзүңүздүн жеке бизнесиңиз менен алектенип тажрыйба топтодуңузбу?
- Ооба, 2000-жылы мен "Урмат Интер" деп аталган бирикме ачып, азык-түлүк товарларын сырттан алып келип, бул жактан сата баштадык. Аны каттоодон өткөрүп, ишке киргизгенче бажы, лицензия маселелери боюнча чуркап, канча мээнетим кетти. Андан кийин, 2005-жылы курулуш материалдарын өндүрүү боюнча өзүнчө ишкана ачтым. Анда да жөнөкөй элге сатып алууга мүмкүн боло турган, арзан баадагы продукция өндүрөм деп көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болдум...
- Алтынай Сейитбековна, айтсаңыз, эркектер аткара турган ушундай оор иштер менен алектенүү Сизге оор эмеспи?
- Албетте оор. Бирок өз жакындарыңдын бейкут турмушта жашап, балдарыңдын татыктуу билим алышын камсыз кылуу үчүн жана жалпы Кыргызстаныбыздын экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымымды кошуу ниетим мага ар дайым дем берип келет. Алматы шаарына болгон сапарларымдын биринде мен ал жерде 20-25 кабаттуу үйлөрдү курууда пенобетон пайдаланылып жатканын көрүп, ушундай эле курулуш материалын бизде өндүрүүгө эмне үчүн болбосун дедим да жарым жылдын ичинде Санкт-Петербургдан техникалык жабдуу алып келип, иштей баштадык. Албетте, алгач оңой болгон жок. Өзүм аралашып, директордун да, технологдун да, жумушчунун да ишин аткарган күндөр болду. Кээде жумуштан кийин үйгө цемент болгон бойдон да келип жүргөнүм эсимде. Кээде тамашалап, уулум Кайнар ошол жерден төрөлгөн деп коём. Себеби жума күнү кечке чейин иштеп, дүйшөмбү күнү төрөт үйүнө барып жаткам. Албетте, "үй-бүлөлүк кеңеште" ошону менен ишкердүүлүгүмдү токтотуу чечими кабыл алынган, бирок... Мен өзүм ушундай адам окшойм, иш жок жөн олтура албайм. Кийинчерээк адистигиме жараша кызмат таап, мамлекеттик каттоо органдарында иштей баштадым.
- Үй-бүлөңүз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.
- Атам Сейитбек Өмүрбеков көптөгөн жылдар бою транспорт тармагында үзүрлүү эмгектенип келди. Апам Ырыс Исмаилова кесиби боюнча технолог-кондитер, кондитердик фабрикалардын биринде өндүрүш жетекчиси болуп иштейт. Баягы "Манас" деген шоколаддарды баарыбыз эле билет эмеспизби... Алардын татымдуу болуп чыгышына апамдын да салымы бар. Өзүм төрт бир тууганмын: эжелерим Асель, Рахат жана иним Урмат. Жолдошум Нурлан Тургунбаев саламаттыкты сактоонун отличниги, медицина илимдеринин кандидаты, кесиби боюнча көз доктур. Англиянын эң мыкты клиникаларынын биринде иштеп, тажрыйба топтоп келген. Учурда Улуттук госпиталда иштейт. Кызым Канышай быйыл алтыда. Уулум Кайнар үчтө. Тилекке каршы, бош убакыттын аздыгынан балдарыма кенен көңүл бура албайм. Бирок кечинде алар менен сөзсүз чогуу сейилдеп, тамак даярдаганга жетишем. Себеби эненин колунан бышкан тамак өзгөчө таттуу болот эмеспи... Ал эми дем алыш күндөрү балдарымды чоң апа, чоң аталарыныкына алып барып, паркка чыгып сейилдетем, циркке алып барам.
- Сиздин саясатка активдүү кирише баштаганыңызды укканда жакындарыңыз эмне дешти?
- Чынын айтсам, эч кимиси таң калган деле жок, себеби мени билишет да. Албетте, четте туруп, сынай бериш оңой. Бирок өз өлкөң үчүн пайда алып келе турган учур келип жетти деп ойлойм. Мекеним үчүн кызмат кылып, пайдамды келтире ала турганыма толук ишенем. Тарыхыбызда кара так болуп калган соңку кайгылуу окуялар ар бир кыргызстандыктын аң сезиминдеги патриоттуулук, өлкөң үчүн колуңдан келген жардамыңды берүү сезимин ойготуп, курчутту. Менин ата-энем 30 жылдан ашык эмгектенип келишти. Мен алардын жана алар сыяктуу жүздөгөн аксакал-энелерибиздин карылыгы татыктуу болушун каалайм. Балдарым келечекте эли-жерине пайдасын алып келе ала тургандай болушу үчүн аларга татыктуу билим берүүнү тилек кылам. Жөнөкөй адамдардан тартып жогорку мамлекеттик кызматтарда олтурган мекендештерибиздин ар бири адал эмгекти биринчи орунга койсо, республикабыз сөзсүз азыркы оор абалдан чыгып, бакубат турмуш орун алаарына ишенем!
- Саясатчы катары Сиз биринчи кезекте кайсы көйгөйлөргө көңүл бурат элеңиз?
- Албетте, эң биринчи кезекте аялдар маселесин, алардын укуктарынын корголушун алып чыкмакмын! Экономикалык кыйынчылыктарга туш болгон ар бир мамлекетте биринчи кезекте аялдар менен балдар жапа чегишет. Эптеп нан таап, үй-бүлөсүн багам деп оор жумуштарды аткарып, чуркап жүргөн аялдардын ден соолугу кантип жакшы болсун? Дени сак эненин балдарынын өсүп-өнүгүүсү да жакшы болот. Ал эми дени сак бала - жалпы улуттун саламаттыгы. Канча деген билимдүү кыз-келиндерибиз жумуштун жоктугунан, балдарын жибере турган жакшы бала бакчалардын, социалдык борборлордун аздыгынан дипломун кармап, үйдө олтурууга аргасыз. Дагы бир орчундуу проблема - мүмкүнчүлүгү чектелген, майып адамдардын, жаш балдардын укуктарынын корголбой жаткандыгы. Эң коркунучтуусу - коомдук аң-сезимде аларга болгон кайдыгер мамиленин калыптанып калганы... Менин турмуштагы урааным: жардамыңа муктаж болгон адамдарга кайдыгер болбоо. Биздин келечек дал ушул принципке негизделиши керек! Ал үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуу, курулуш системасында техникалык параметрлерди өзгөртүү сыяктуу бир караганда жөнөкөй көрүнгөнү менен өтө маанилүү маселелер мамлекеттик деңгээлде чечилиши зарыл деп эсептейм. Мисалы, кыймылдоо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын көп кабаттуу үйгө кирүүсүнө жардам болуучу пандустарды же атайын лифттерди куруш керек деп дайыма эле айтып келебиз, бирок иш жүзүндө бул талап аткарылбай эле келатпайбы. Мунун баары - мамлекеттин милдети. Биздин "Республика" - тең мүмкүнчүлүктөр партиясы. Мамлекетибиз да, элибиз да келечеги кең болууга татыктуу. Жакынкы арада Кыргызстанда көптөгөн жакшы жылыштар, алдыга карай өзгөрүүлөр болооруна мен чын дилимден ишенем жана ошол иштердин аткарылышына өз салымымды кошууга аракет кылам!
"Республика" саясий партиясынын басма сөз кызматы