oҮч кайрык...

Техникалык Өкмөт.
Эл аралык полиция. Yгүт.
1. Жаңы түзүлгөн техникалык өкмөттүн курамына көз карашыңыз?
2. Эл аралык полицияны Кыргызстанга киргизүүнүн зарылчылыгы барбы?
3. Эртелеп үгүт иштерин жүргүзгөн айрым саясий партиялардын иш аракетине кандай баа бересиз?

Айылчы Сарыбаев,
экономикалык серепчи:
1. - Жаңы түзүлгөн техникалык өкмөттүн курамы менин купулума толгон жок. Жоктон тапкансып, баягы эки бийликтин тушунда иштеп, мамлекетке бир тыйын пайда алып келбеген адамдардын тобун кайра эле бийлик бутагына алып келип коюптур. Бул чечимге мен гана эмес, 7-апрелде аянтка чыгып эски бийликти кулаткан элдин баары каршы болуп, ичи чыкпай турат. Өзгөчө жаштар нааразы. "Биз эмне, Бакиев менен Акаевдин куйруктары келсин деп, окко төшүбүздү тостук беле?"- деп нааразы болгондор көп. Чынында, бизде башка кадрлар калбай калгансып, мамлекеттин талкаланышына салым кошкон адамдарды техникалык өкмөттүн курамына киргизгени туура эмес болуп калды. Элде:"Досуңду көрсөт, андан кийин сенин ким экениңди айтып берем" - деген жакшы сөз бар… Эми билбейм, ишенген жаңы бийликтин жүзү бул болсо, кийин кандай болот. Түшүнбөй калдым.
2. - Бийлик башындагылар эл аралык полицияны киргизүү чечимин кабыл алардан мурда коомчулуктун пикири менен эсептешиши керек эле. Тилекке каршы, бизде азыр андай болбой жатат. Менин жеке пикиримде тренинг өткөрүмүш болуп келе жаткан эл аралык полицияны өлкөбүзгө киргизүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок. Көрүнгөн эле күчтөрдү киргизе берсек, жакынкы убактарда Афганистандын кейпин кийип каларыбыз бышык.
3. - Саясий партиялардын айрымдары кечээ эле эмес, кан төгүлүп, мыйзам бузууга каршы күрөш жүрүп жаткан 7-апрелден тарта эле үгүт иштерин баштаган. "Мыйзам чыгарабыз, мамлекетти оңдойбуз"- деген саясий партиялардын мыйзам бузуп жатышы биздин өлкөдө жакында мыйзамдуулук орнобошун көрсөтүп жатат. Эгер биз мыйзамдын чегинде иш жүргүзгөн, мыйзамды сыйлаган мамлекет курабыз десек, анда ишти биринчи мыйзам чыгаруу палатасына барууга жетүүгө аракет кылган адамдардан башташыбыз керек. Ал үчүн мыйзамды бузуп, үгүт иштерин жүргүзүп жаткан айрым саясий партияларды жоопко тартуу абзел.

Акин Токталиев,
адвокат:
1. - Техникалык өкмөттүн курамына баягы эле Акаевдин, Бакиевдин кишилери келди. Карапайым эл, бир эмес эки жолу "ичкич-жегич"-деп кууп чыккан адамдар кайра келип албадыбы. Элдин күткөнү ушул беле? Жаңы бийлик элдин пикири менен эсептешип, чечим чыгарса, мындай катачылыктар болмок эмес.
2. - Бул чечим Америка мамлекетинин таңуулоосу менен кабыл алынып жатат деп ойлойм. Кыргызстанга АКШнын аскер күчтөрүн киргизүүсүн - атайын жасалган аракет катары баалайм. Эртең өздөрү чагымчылык иш аракеттерди жүргүзүп, биздин өлкөгө келген полициясынын төрт-бешин набыт кылат да, Американын аскер күчтөрүнүн басып киришине чоң жол ачышат. Муну атайын жасалган иш катары санасак болот.
3. - Биздеги көп эле саясий партиялар 10 жылдан бери эле мыйзамды сыйлашпай калган. Булардын үгүт иштерин бүгүн көрүп жаткан жокпуз. Каалаган убактарында үгүт иштерин жүргүзүп келишкен, мындан кийин деле жүргүзө берет. "Yгүт иштерин убагынан мурда жүргүзүү мыйзамга ылайык келбейт"- деп биз канча айткан менен, бир жыйынтык чыгарына көзүм жетпейт.


Турсунбек Акун,
КРнын Акыйкатчысы:
1. Жаңы түзүлгөн техникалык өкмөттүн курамына түз эле көз караштамын. Менимче, азыркы кыйын кырдаалда бийлик башына өз ишин мыкты билген тажрыйбалуу адистердин келиши зарыл болуп турат. Мамлекет башчыбыз да техникалык өкмөттүн курамын бекитип жатканда, ушул жагына басым жасады көрүнөт. Дагы бир белгилөөчү нерсе, бул өкмөт болгону үч ай гана иштейт. Парламенттик шайлоодон кийин жаңы өкмөттүн курамы түзүлөт.
2. - Кыргызстанга эл аралык полицияны киргизүүгө толугу менен каршымын. Бул азыркы бийликтин кетирген чоң катачылыгы болуп калды. Ош, Жалал-Абад аймактарында коогалаң чыкканда да Роза Исаковнага, - "Чет мамлекеттен күч сурабаңыз. Ички маселени чечкенге өзүбүздүн күчүбүз деле жетет"- деп айткам. Азыр да ошол сөздү айтам. Биз БУУда желеги желбиреп турган эгемендүү мамлекет болгондон кийин, ички маселелерди башка мамлекеттердин күчтөрү менен чечпешибиз керек. Эл аралык полицияны киргизүү туура эмес ташталган кадам болду. Мен бул чечимди колдобойм.
3. - Эртелеп шайлоого кам урган саясий партияларга таң калып жатам. Шаардын көчөлөрүндө көрнөк-жарнак илген такталардын бети саясий партиялардын чакырыктарына толуп кетиптир. Өзү мыйзам боюнча Борбордук шайлоо кампаниясы үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат бергенден кийин гана партиялар чакырыктары менен чыга башташы керек эле. Тилекке каршы, азыркы мыйзамчы болгусу келген айрым адамдар биздин мыйзамды бузуп жатат. Башмыйзамды сыйлабаган адамдарга катуу чара көрүү керек. Эртелеп үгүт иштерин баштаган саясий партиялардын чакырыктарын алдырып, өздөрүн мыйзамдын чегинде жоопко тартуу зарыл. Мыйзам баарыбыз үчүн бирдей.

Орозбек Дүйшеев,
коомдук ишмер:
1. - Эл башкаруу жеңил эмес. Азыр кырдаал оор. Менимче, азыркы техникалык Өкмөткө өз ишин мыкты билген адистер келди деп ойлойм.
2. - Эл аралык полицияны айрым адамдар туура эмес түшүнүп жатат. Бул полициянын милдети дүйнөлүк тажрыйбаны биздин аскер күчтөрүбүзгө үйрөтүү. Мен бул чечимге каршы эмесмин.
3. - Айрым саясий партиялардын убагынан эрте үгүт иштерин жүргүзүп жатканы мыйзамга каршы келет. Ал эми мыйзамды бузуп жаткандар кимдер? Баягы эле "Ак жолдун" депутаттары. Жаңы бийликтин учурунда жаңы ат менен партия түзө коюшуп, парламенттен орун алып калууга эртелеп аракет жасап жатышат. Булар элдин кызыкчылыгын ойлогондор эмес, бийликке жетүүнү гана көздөгөндөр. Мыйзамды сыйлабагандар десек болот. Конституцияга каршы келген иш аракеттерди жүргүзгөн саясий партиялардын жетекчилери мыйзам алдында жоопко тартылышы зарыл.

Токтогул Какчакеев,
саясат таануучу:
1. - Учурда ишке киришкен техникалык өкмөттүн курамына менин ичим жылыган жок. Акаев менен Бакиевдин командасы Кыргызстанды оңдоп, өтө деле кыйратып жибербегендерине, биз жыйырма жылдан бери күбө болуп эле келе жатабыз. Мурда иштеп кыйратпаган адамдар, эми үч айдын ичинде жарытылуу иш кылмак беле.
2. - Эл аралык полицияны киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Биз эгемендүү мамлекет болгондон кийин биздин өзүбүздүн Конституциябыз кабыл алынгандан кийин иликтөө жана изилдөө иштери биздин биринчи милдет. Чет мамлекеттен келген полиция биздин кемчиликтерди өз кызыкчылыгына пайдаланат. Түштүк аймагын кошуп алууга аракет кылат. Мен кыргыз мамлекетине бөлөк мамлекеттерден, керек болсо Американын авиабазасынын да турушунун кереги жок деп эсептейм. Булардын баары бизге ашыкча көйгөй гана алып келет. Өлкөгө эл аралык полицияны киргизүү - биздин саясаттын тайкылыгы, кемчилиги.
3. - Бул партиялардын жетекчилери Конституцияны сыйлабагандыгынын белгиси. Саясий-маданий жагынан алганда, азыркы үгүт иштерин жүргүзүп жаткан саясий партиялар 100 пайыз ээнбаштык кылып жатышат. Бул жол акыры чоң чатакка алып келбесе болду.
Даярдаган Жаркынай КАДЫРКУЛОВА