Аракетке берекет...

Роза, Отунбаева, КРнын Президенти:
"Түштүктү калыбына келтирүүгө акча жетиштүү"
16-июль күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева жаңы түзүлгөн техникалык өкмөттүн толук курамы менен алгачкы жыйынын өткөрдү. Июнь айында шейит кеткен мекендештерибизди бир мүнөт унчукпай эскерүү менен башталган бул жыйында, негизинен, республикабыздын түштүгүн, айрыкча Ош шаарын заманбап мегаполиске айландыруу пландары, жалпы эле республикабыздын экономикасын өнүктүрүү, алдыдагы парламенттик шайлоолор жөнүндө кенен сөз болду.
"Мен 7-апрелдеги окуяларда каза болгондор жана жапа чеккендер, түштүк аймагынын кээ бир шаар, райондорунда май, июнь айларындагы жаатташуу курмандыгы болгондор, зыян тарткандар, жоготууга учурагандар менен иштөө тууралуу айтып жатам. Сөз - үй-жайынан ажырагандарды суук түшкөнгө чейин турак-жай менен камсыз кылуу тууралуу да жүрүп жатат. Ошондой эле биз тез аранын ичинде Бишкек, Талас, өзгөчө Ош, Жалал-Абад облустарындагы бүлгүнгө учураган обьектилерди, турак-жайларды калыбына келтиришибиз зарыл. Биз бир катар чараларды бул багытта көрүп жатабыз. Анын катарында түз акчалай компенсация берүү, ошону менен бир катарда салыктардан бошотуу жеңилдиктерин жаратуу сыяктуу иш-чараларды жүргүзүп жатабыз, ал эми гуманитардык жардамдарды көрсөтүүнү мындан ары да токтотпойбуз. Бул багытта өкмөт ишин мындан ары да улай берет"- деген мамлекет башчыбыз, эң алгач июнь айындагы трагедиялуу окуяларда үй-жайынан ажырагандар, андан кийин табигый кырсыктардан жапа чеккендерге жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.
Ал эми Ош шаары боюнча Р.Отунбаева: "Биз Ош шаарын кайрадан калыбына келтирүү иштерин жаңы деңгээлде жүргүзүү чечимин кабыл алдык. Калыбына келтирүү иштери енералдык пландын негизинде жүрөт. Ошол эле учурда биз жаңы курулуш аймактарын тандоодо келечекте жашап калуучу адамдардын да кызыкчылыгын эске алуу менен иш аракет көрөбүз. Алардын баары турак-жайын башка жерлерге көчүрүүдө акчалай гана компенсация албастан, өздөрүнө ыңгайлуу жер участокторун да алышат. Анткени мурдагы жерлерге мамлекеттик керектөөдөгү обьектилер да курулуп калышы мүмкүн. Биз жарандардын мындай кадамдарды түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнөр элек" -деп, түштүктүк жарандарыбызга кайрылып өттү.
Р.Отунбаеванын айтуусунда, республикабыздын түштүгүн калыбына келтирүүгө каражат жетиштүү. 27-июнда Бишкекте, андан соң августтун экинчи он күндүгүндө Алматыда Казакстандын президенти Н.Назарбаевдин демилгеси менен эл аралык уюмдардын, донорлор менен финансы институттары катышкан Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүү боюнча конференциялар болот. Н.Назарбаев Алматыда өтүүчү конференцияга араб мамлекеттеринин инвесторлорун чакырууну да убада кылган.
Ошондой эле Президент Роза Отунбаева акыркы мезгилдерде ишкерчилик менен алектенип жүргөндөрдөн фискалдык, күч органдары тарабынан себепсиз текшерүүлөр көбөйүп кеткендиги жөнүндөгү арыздар абдан көп түшүп жаткандыгына байланыштуу:
"Биринчи кезекте биздин укук коргоо органдарынан соңку мезгилдерде ишкерлерге карата жасалып жаткан жөнү жок текшерүүлөрүн токтотуусун талап кылам. Бакиевдерди кармоого келгенде алсыз болуп калышат да, бизнеске келгенде кыйын болуп чыга келишет. Бул өзүм билемдикти токтотуу үчун атайын чечимдерди кабыл алып, катуу чара көрөбүз" -деди.
Президент Р.Отунбаева жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрүн шайлоо таза, ачык өтүшү үчүн партия мүчөлүгүнөн чыгып, же убактылуу мүчөлүгүн токтотуусун талап кылып: "Эгерде шайлоо учурунда кимдир бирөө тарабынан административдик ресурсту колдонуу аракеттери байкалса, токтоосуз кызматтан алынат" -деп эскертти.
Ошондой эле бул жыйында президент көптөн бери ар кандай жоромолдонуп келген Кыргызстанга эл аралык полиция күчтөрүнүн киргизилиши тууралуу суроого ачык жообун берди. Отунбаеванын айтымында, Европа коопсуздук кызматташтык уюмунан 50 куралсыз полиция Ош шаарына киргизилет. Алар төрт ай бою адам укуктарынын корголушуна көз салып, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн кызматтык аша чаап кетүүлөрүн алдын алышат. Эл аралык полициялардын мандаты - байкоо салуу, кеңеш берүү жана тренинг өткөрүү болуп эсептелет.
Эң акырында Роза Отунбаева техникалык өкмөттүн курамындагы акаевчи-бакиевчилердин отуруп калышы боюнча мөндүрдөй жаап аткан сын пикирлерге:
"Азыр бизге сөзсүз профессионалдык өкмөт керек. Алардын алдында болгону үч гана ай бар. Үч айда биз жаңы, жаш кадрларды, Гарвард университетин бүтүп келген болсо да, аларды кайрадан үйрөтүүгө убактыбыз жок. Мен деле Акаев учурунда иштедим. Биз баарыбыз эле иштедик. Биз эми Кыргызстандан чыгып кетелиби, эмне кылалы?" -деген пикирин билдирди.




Отко күйбөс, сууга
чөкпөс Каныбек Нарбаев
Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиевдин эң жакын жан-жөкөрлөрүнүн бири болгон, мамлекеттик архитектура агенттигин 3 жылдан бери каалагандай калчап келген Каныбек Нарбаев кайрадан эле аталган агенттиктин жетекчиси болуп дайындалып калды. Эске сала кетсек, Нарбаев деген эргулубуздун Бакиевдин тушунда жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн азабынан Бишкектин ичиндеги сонун жерлерибиз алдым-жуттум чиновниктердин колуна жең ичинен (мамархитектура уруксат бергенден кийин) сатылып кеткенин айтышууда. Мисалы, андай чыркырап кеткен жерлердин ана башында "Ата-Түрк" паркынын ичиндеги мыйзамсыз салынган асман тиреген хан сарайларды айтса болот. Нарбаевдин ал "бай шаарчанын" пайда болушуна чоң салымы бар. Эски бийликтин эрендерине көрсөткөн ушул "ак кызматы" үчүн жоопко тартылышы зарыл эле. Бул адамдын ич жылытпаган ишмердүүлүгүн тыкыр текшерүүгө албаса болбойт. Бирок тилекке каршы, мындай ишти түшүбүздөн эле көрөбүз окшобойбу. Дегенибиз, Нарбаевдин бул кызматта калышына жалпы эл эле эмес, ушул тармакта иштеп жаткандар дагы бир ооздон каршы. Өткөндө "Нарбаев кетет экен, ордуна Мамбетов келет экен" деген кеп тараган. "Келет экен" деген Мамбетову болсо, Нарынга губернатор болуп дайындалып калды. Нарбаев болсо, катуу каршы чыккандарга: "Мени өкмөт күзгө чейин иштеп бер деп кетирбей койду" -деп, "лапшаны" илип жана өзүнүн жактоочуларына аларды "кафелетип" сыйлап, алдап-соолап жатканын эшиттик. Нарбаев бийликтин бийик бутагында олтургандардын кимиси менен "таттуу мамиледе" болду экен? Негизи, уялганынан өзү деле сыйы менен кызматынан кетип калса, эл ыраазы болмок. Кудай уруп, бул жаңы бийлик жеп-ичкендерди тазалайт, жоопко тартат деп ишенип турсак, тескерисинче, дал ошол жеп-ичкендерди, акаевчилерди, бакиевчилерди чоң кызматтарга дайындап, үмүтүбүзгө муздак суу сепкендей эле койду. Элдин эңсегени ушул беле? Жыргаган экенбиз, эл башкарам деген өңчөй эргулдарга...