Кара Дуба
Кайран эл
Окурмандарым менден көзү ачыктык, олуялык кылып, элимдин мындан аркы келечегин алдын ала тагыраак айтып берүүмдү күтүп жатышат. Анткени мен Манас дүйнөсүнүн маалыматчысымын, Кайыптын кабарчысымын, окурмандарымдын жүрөгүндө мен касиеттүү адаммын. Эгерде акыйкатты ачык, эч көркөмдүгү жок күзгүдөн эмес, көгүлтүр көз айнегибизди алып салып, эки көзүбүздү жумуп туруп жүрөгүбүз менен сезсек, менин окурманым, менин элим, менден бир үмүт кылып, боз мунарыктын туманынын артында эмне турганын билгиси келет. Элимдин мага болгон кызыгуусунун эң негизги себеби - үзүлбөгөн үмүт, же үмүт сезиминин энергиясы. Үмүт тууралуу баса айтып жатканымдын себеби, кайран элим эч кимге жана эч нерсеге ишенбей калган.
Менин макалаларымды башынан аягына чейин үзбөй окуп келе жаткан окурманым, анын алдындагы менин жоопкерчилигимди, кылдаттыгымды, өзгөчө аяр, сак экенимди жакшы билишет. Маанилүү окуябы, же тамашалуу окуябы, же жеке инсанбы, кимди сүрөттөп жазбайын, ар бир аңгемемдин артында табышмактуу сырдын жандырмагы жашынып жатат. Кээ бир окурмандарым мен жашырган табышмактын сырын жеңил эле жандырып, өзүмө ачык эле айтып берген учурлар кездешет. Кээ бир окурмандарым мага күйөрман болушуп, адашып жаңылып калбаса экен деп чын - жүрөктөрүнөн менин эл алдындагы аброй абийримдин таза сакталып калышына Кудайдан тилек - тилеп, бата кылып, мени менен бирге макала жазышып, мен жазган макалалар менен бирге жашап жатышкандай. Эл оозуна алынып, атым даңкым чыгып, кандайдыр бир урмат - сыйга ээ болгон болсом, ал ийгилигимдин эң биринчи себеби менин олуялык касиетим эмес, ал ийгилигимдин себеби - элдин үмүтү.
Кайран эл, алданды, адашты, саясатчы да, падыша да, молдо да, сот да, милиция да, прокурору да, салыкчы да, депутаты да, чоңдор да, дарыгерлери да элди алдады, эл ишениминен кетти. Ишеним сезими, же ишеним энергиясы миң жолу өлгөн жерден, же ишеним көмүлгөн көрүстөндөн үмүт тирилип, үмүт жаралып, үмүт жанданып, кайрадан жашоо башталат. Үмүт алсыз, үмүт калыс, үмүт тараза. Үмүттөн бата жаралат, үмүт каргыш, үмүт ок. Үмүтү алданган эл жанкечтиге айланды, 7 - апрелде үмүттүн энергиясын жүрөктөрүнө от кылып жандырган көк жалдарыбыз, үмүт, келечек, Ата Мекен үчүн жан кыйышты. Үмүтү алданган эл эки жолу төңкөрүш жасады, эки алдамчы падышаны Ыйык Мекенибизден кууп чыгышты. Үмүтсүз шайтан, шайтанда гана үмүт жок, шайтанда сүйүү жок. Ал эми биздин элдин жүрөгүндө сүйүүнүн чексиз океаны толкуп жашынып жатат. Ал океан, ал сүйүү, Манастын энергиясы.
Кут кармаган адам
Кут кармаган адам деп макала жазып, Алмаз Атамбаевдин Кут кармаган адам экенин ачыкка чыгарып, белгилүү жеке инсандын тегеретесинде табышмактатып, жандырмагын толук жандырбай макала жаза баштаганымда мен жөнүндө эл ичинде ар кандай ойлор пайда боло баштады. Биринчи туңгуч президентибиз Аскар Акаевдин тагдырын жаңылбай айтып, анын качан кантип кетээрин жазып, экинчи канкор президентибиз Бакиевдин келээрин, жана анын ким экенин алдын ала айтып, 7-апрелдеги төңкөрүштүн кандай болоорун убакты-саатына чейин санап, айтып берген мага, элдин үмүтү, албетте, зор болсо керек. Кыргыз эли байкоочу жана күбө болду, ошол себептен элдин эң жек көргөнү кошоматчылык. Алладан улуу эч ким жок, бул талашсыз, ал эми биздин арабызда абийирсиз кошоматчылар "улуу урматтуу президент" деп, элден, балдарынан уялбастан, Кудай арбактан коркпостон, сыналгыданбы, гезит беттериненби, айт намаздарданбы ачык эле айтып жатышпадыбы. Кошоматчылык биздин түбүбүзгө жетти, кошоматчы эл эч качан өнүгүп өспөйт. Бир жеке инсанды даңазалап мактаганда, же жеке бир инсанды жерине жеткире ушактап жамандагандан сак болушубуз керек.
Бир кезде мен дагы миллиондогон мекендештерим катары эле жарды мамлекеттин, жакыр элдин өкүлү катары көр оокаттын азабынан кылбаган ишим калган жок. Өз Ата-Журтумда жашап, үй-бүлө багыш, нан табыш үчүн Ивановка бекетинде вагондорго пияз жүктөп, жонумду жоорутуп күн чыккандан күн батканга чейин суй жыгыла иштейт элем. Ак эмгек, адал иш деп тарбия көрүп өскөн мага, мындай жумуштун кыйынчылыгы деле жок эле. Мендеги кыйынчылык - кыргыз болуп туруп, өз Ата Мекенимде жашап, эмне үчүн дуңгандарга жалданып иштеп, малай болушум керек деген кыйынчылык эле. Мындай көрүнүшкө элдешкис улутчулдук намыскөйлүгүм акыры жүрүп мени Манас дүйнөсүнө алып келди. Мен алган жакшы тарбияда, же менин аң-сезимиме терең орногон адал иш, ак эмгек деген түшүнүктө адашуу, жаңылуу бар экенин ал кезде мен түшүнбөдүм. Адал иш, ак эмгек кыргыздарга гана тиешелүү, башкалар биздин мындай пейилибизди өз кызыкчылыктарына пайдаланып сыйкырлап келген Кара Дуба экенин анда мен кайдан билдим. Жакында "Вечерний Бишкек" газетасында Мелис Карыбеков улутчул-шовинист деген макала жазышты. Макаланын негизги мааниси, өздөрү оокат кылганды билбеген жалкоо кыргыздар бай жашаган коңшу башка улуттун өкүлдөрүнө ичи тарлык, көралбастык кылат деген түшүнүк. Кыргыз жалкоо эмес, кыргыз эмгекчил, кыргыз баатыр, кыргыз арамдыкты билбеген ишенчээк, чыдамкай. Кыргызды улутчул деп күнөөлөгөн заман алда качан өтүп кеткен. Биздин жүрөгүбүздөгү мекенчилдик сезимди улутчулдук деп сыйкырлаганга азыркы учурда мүмкүн эмес, себеби биз Манастын эли Кара Дубадан тазалана баштадык. Ал эми Алмаз Атамбаев жөнүндө сөз башында кеп баштаганым, бул адам жөнүндө чындыкты ачык эле айта алам. Алмаз Атамбаевдин кемчилигин, жетишпеген жактарын, жакшы жана өзгөчө касиетин дагы. Алмаз Атамбаев жөнүндө басым жасап, акыркы оюмду, же акыркы алган маалыматымды айтууга мен сырткы сырдуу күчтөрдүн астында милдеттүүмүн, андан ары эл өзү тараза. Сырткы сырдуу күчтөрдөн Кут кармаган адамды тап деп мага буйрук болгондон тарта, кийинчерээк Кут кармаган адам Алмаз Атамбаев экенин билгенден тарта, мен ар бир ишиме кылдаттык менен кадам таштадым. Алмаз Атамбаев жөнүндө эл ичинде болгон маалыматты топтогонго аракет кылдым. Бир мисал, Ысык - Көл, Жалал-Абад областарында губернатор болуп иштеген, адам катары дайым чындыкты айткан Жусупбек Шариповдон мындан көп жыл мурун Алмаз Атамбаев жөнүндө оюн сурагам. Менин суроомо Жусупбек Шарипов ойлонуп туруп. "Алмаздын ачуусу чукул, кээде өзүн-өзү кармана албай калат, мени таңгалдырганы, азыркы заманда сейрек кездешкен өзгөчөлүгү, дүнүйөкор эмес". Ал кезде бизди дүнүйөкорлор башкарып турган, тагыраак айтканда, Акаевдин заманы эле. Эл ичинде Атамбаев тууралуу болгон маалыматтарды чогултуп, бул адамды жашыруун терең изилдеп келип, чыныгы мекенчил атуул экендигине толук көзүм жеткени Түндүк-Түштүк маселеси акыры чекке жетип, кыргыз эли, кыргыз мамлекети экиге бөлүнөөрдө жасаган чечкиндүү кадамы болду. Тагыраак айтканда, бул чечкиндүү деле кадам эмес эле, аргасыздан мамлекет бүтүндүгү үчүн өз башын отко салгандык эле. Бул окуяларга жеке өзүм күбө болгом, Дооронбек Садырбаев аксакалыбыз, же Докенин арбагы да буга күбө. Атамбаев тууралуу эл ичинде жакшы жаман сөздөр айтылат, бул биздин элде мыйзам ченемдүү көрүнүш. Душман өнөктүк, көралбастык, көнүмүш адат, талашабызбы, тартышабызбы, жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү, Манас дүйнөсүнөн келген маалымат ушул. Биздин улуттун, биздин мамлекеттин өнүгүшү түздөн-түз Атамбаев менен байланыштуу болуп калды. Мен сиздерге жакшы көрүнөмбү, жаман көрүнөмбү, түшүнөсүңөрбү, түшүнбөйсүңөрбү, Манас дүйнөсүнөн алган маалыматты мен сиздерге толук жеткирүүгө аргасызмын. Пенде катары менин бир гана кызыкчылыгым бар, Улуу тоолорго чыгып, жалгыз, жан адам жок жерде жашынып жашагым келет, ал эми кыргыз катары менин элим өнүгүп өсүш үчүн жанымды да, канымды да аябайм.
Манастын партиясы
Акыркы учурларда элибиздин жүрөгүндө бир гана нерсе - астыда боло турган шайлоо. Баарынын кызыкканы ушул шайлоо тынч өтөбү, кан төгүлбөйбү, же элибизге жерибизге бейкутчулук орнойбу деген суроолор. Окурмандарымдын да, тааныштарымдын да мага берген суроолору ушундай, анткен себеби бакиевчилер жаңы партия түзүшүп, ал партияларга кан жыттанган акчаларды аябай беришип, бийлике жабышып-жармашып калгандын аракетинде. Бул жолу эл кечирбейт, бакиевчилердин күлүн көккө сапырат, Бакиевчилер дагы жаңылышты. 7-апрелде Бакиев же Бакиевчилер элди кырып жатканда, Бакиевдин жанында отурган адамдар ээн-эркин эл аралап жүрүшөт. Бул убактылуу көрүнүш. Баары өз жазасын алышат, астыбызда боло турган шайлоого мен 7-апрелде окко учкан 86 адамдын арбактары менен барам.
- Алло (телефондон кыздын үнү угулат)
- Да.
- Мелис байке, сизге кайрылсак дедик элек, сиз жөнөкөй адамдарды да карайсызбы, мага жалаң гана чоңдордү көрөт деп айтышты.
Ачууланып кол телефонду өчүрүп салдым. Мен үчүн чоңдордон жөнөкөй адам бийик тураарын ал кыз кайдан билсин.

- Алло, Меке (менин бир таанышымдын үнү угулат) кандай, ден соолук жакшыбы?
- Жакшы досум.
- Сенден кеңеш сурайын дедим эле, кайсыл саясий партиянын катарына кирсем деп...
- Буга мен кеңеш бере албайм.
- А сен кайсыл партиядасың?
- Манас партиясында.
- (Ха - ха - ха деп каткырган үн чыгат) Туура, сенин партияң Манас. Сен билесиң, айтчы, кайсыл партия жеңет?
- Айтпайм.
- Бирок билесиң кайсыл партия жеңээрин, туурабы?!
- Туура, билем, кайсы партия жеңээрин. Кайсыл партияда Манастын энергиясы толук кандуу жетиштүү болсо ошол партия жеңет.
(Уландысы бар)

Мелис Карбеков,
Түгөлбай Ата сыйлыгынын
лауреаты