oКадам ушул…

БИЙЛИКТЕГИЛЕРДИН
БИЛБЕСТИГИНЕНБИ?
Кандайдыр бир элге керектүү көрүнүштүн традициялуу нукка түшүшү оңой иштерден эмес. Бөтөнчө биздин кыргыз менталитетинде жакшы нерсенин жакшы салтка айланышы оңбогондой оор экен деп калдык, деп жатабыз жалпыбыз, акыл калчай ала турган жалпылык…

Айта турган маселебиз мамлекеттүүлүк жана аны кандай асыроо керектиги жөнүндө болгону турат окшоду. Ооба, мамлекеттүүлүктүн жалпы адамзаттын түшүнүгүндөгү учурдагы классикалык түрлөрүндө Конституция дегени диктатуралык кылып, кыңк эттирбей бийлигин жүргүзөт экен. Андай мамлекеттер оболу Европа биримдегиндегилер, Америка, Япония сыяктууларды кошууга болот. Ал эми биздин мамлекетке окшоп, Конституциянын диктатурасын мамлекет башындагы адам жеке өзүнүн диктатурасы кылып алган мамлекеттер элинин шорун кайнатат экен.
Илгери бизди окутчу эле: бир адам коомду өзгөртө албайт деп, ага макул дейин десең Александр Македонский, Чынгызхан, Аксак Темир, Ленин, Гитлер, Горбачев сыяктуулар бир коомду экинчи бир коом менен алмаштырыппы, же чалмакейди чалыппы, ташташты го, акыры келип эле тапталган коомду башка нукка буруп турушту го. Бу албетте, терең илимий негизи жок сырткы байкоо. Мына ушул жагынан алганда бир мамлекетти деле бир адам башка нукка буруп жибере турганын Акаев менен Бакиев деген жексурлар биздин мамлекеттин мисалында байкатып койду.
Бу эки айбан Конституцияда жазылган "бийлик элдики… сот чынчыл… эл мүлкү кол тийгис… адам укугу тебеленгис…" сыяктуу ыйык эрежелердин ыйыктыгын карабады, тебелешти да тепсешти! Элдин жыргалчылыгы үчүн, элдик маанай менен алдыга кетчү мамлекет бир бүлөнүн гана жыргалы коюлган, каалаганын жасачу, менчик мамлекетине айландырып алышты.
Жогорудагы маселени улантуу бу жерде анча зарыл эмес, мисалга тартыла айтылганы ошол: жерин кор туткан, элин кул туткан бир эмес, эки айбанды айдап салып, эми-и бир жашагандай жашайлы деп турганда азыркы бийлик тараптан алашемдиктер күндөн-күнгө артып жаткандай. Көбүн эмес, азын санайлы, элдин элегинен өтүп жатканынан, анан да бул айтылгандардын жалганы көп болсо экен о-ов деп кудайдан тиленип да туралы:
Биринчиден, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүбүз дегендер кайсы бир тармакты бөлүп алып, үч айдан ашуун "шимшип, тумшуктары майланып чыгышты" бул процесс бүтө элек; элине кылган айбандык иштери үчүн абакта жатчулардын көбү кармалбай жүрөт, кармалгандары суралымыш этип, "баланчасын төлөппү", боштондук алып жатышат; бийлик бутактарынын баарына элине душман, мурунку эки бийликтин өкүлдөрү толуп алган; кызмат орундары мурункудай эле сатылып жатат, бир айырмасы азыркы "креслолор" мурункуга караганда кымбатыраак дешет, дүйнөлүк инфляциянын таасиридир; коррупция эми гана баралына келип жатат окшоду; азыркы бийликтин убадалары мурунку бийликтегилердикиндей эле аткарылбас нукка түшүп жатат; криминал дегениңе "бейиш" мамлекет болууга кенен жол турат, кримавторитети кайсы, губернатору менен мэри кайсы ажыратылбай турат; мамлекет башындагылар экономикалык маселелерди унутта таштап, куру саясаттын туткунунда турушат ж.б.
Өзүбүз эле чеччү маселелерге чет элдиктерди алар каалагандай аралаштырып жатабыз…
Э наалаттыныкы, мындай болгон күндө эл Акаев менен Бакиевди неге кулаткан?! Акаев президент, Бакиев премьер-министр болчу бийликти күсөп жаткан жокпузбу?! Окко учкан күлгүн жаш кайрандарыбыз, мунжу болгон мыктыларыбыз, жылаңач төшүн окко тоскон миңдеген азаматтарыбыз, кечиргиле, бийликтин билбестиктерин!
Президентибиз Роза Отунбаева, эл ишениминдеги Текебаев, Атамбаев, Сариев, Исаков мырзалар, элиңер Силерден жакшылык күткөндөн тажабайт, а Силер көп күттүрүп тажатпагыла…
ПАРТИЯҢА ПАРТИЯМ!
Бакиев тушунда парламенттик шайлоону партиялык негизде кылабыз деп, анын артыкчылыгы элге дурус эле даңазаланды. Анысы ал болуп, шайлоого келгенде эле "Ак жол", жалаңкыч болуп жаралган экен, калган партияларды жеп_жутту да, бүтүндөй парламентти бийлеп тынды. Ошол шайлоодогу добуштун 70-80 пайызын алган "Ата Мекен" партиясы ал добуштарын зордук менен тарттырып жиберип, "садага" катары берилген орундан баш тартты эле, Масалиев дегениң шылуун экен, а балким намыссызбы, ал олтурду коммунисттерин ээрчитип, "ак жолчулардын" колуна суу куябыз маанисинде. КСДП болсо кор болду да койду! Андан да качканы качып, Отунбаева, Өмүркулов, Кадыров, Карамушкина сындуу азаматтар чыдап берди.
Ошентип, алгачкы эле саамалыктын - партиялык негиздеги шайлоонун ойрону чыкты. Анын авторлорунун ана башы Садыркулов өрттөнүп да кетти!
Эми экинчи "кайрыкта" эмне болор экен? Парламентке абийирдүү делген партия келип, жанагы баарыбыз күткөн парламенттик башкаруу эл керегине жарап береби, же кыргыз журтчулугунда боло берчү негативдердин дагы бир жаңы түс-өңдүү жаңы түрлөрү пайда болобу?
Атаганат де, тээ Американыныкындай болуп эки партия - республикачылар менен демократтар кармашып, же Германиядагыдай үч-төрт партия кармашып, эл тандаган мыктысы парламенттик көптүктү түзүп, утулган партия оппозициялык фракцияны түзүп конструктивдүү идеяларын туура тартып турса… ошондо ишибиз оңолмок. Биздин менталитет ошол абалга жеткирер бекен?
Бизде кезектешип парламенттин төрүн ээлөөчү партиялар барбы? Уучу куру эмес. Далайды көргөн "Ата Мекен" партиясы бар, аны менен тайманбай талашка аттанчу Социал-демократтар партиясы бар Мына ушул экөө "бирге бир" чыкчу баштанат. Буларды "Ак шумкар" такымдайт түрдөнүп тур. Андан арычы? Андан ары "ат чабым", "тай чабым", мейли "эшек чабым"… деп да кошолу... арттагы партиялар бар аттары укмуш, санына майда эсеп чак келбес! Ырас, кандай гана начар нерсе, көрүнүш болбосун, жакшынын алдында бир артыкчылыгы болот. Ушул жагынан алганда биз азырынча атагыбыз келбей турган бир катар партиялардын кадыры болбогону менен акчасы арбын, ана башында акылмандары болбогону менен дымагы оголе күч популисттер ж.б.
Биздин заманда аталган артыкчылыктар да бир керекке жарап кетиши бар. Маселен, акчага туруштук берчү адамдарыбыз азайгандан азайып турат го…куру кыйкырыкка ишенгендер көбөйдү го…Кандай болсо да муну реалдуулук деп так, кесе айтпайлычы…
"Ата Мекен" партиясы чынчынына келгенде Өмүрбек Текебаев башында туруп далай кармаштарда такшалды, темир уста жакшы ийленген темир сапатында турат. Канчалаган жылдар бою Текебаев тандаган түз жолунан, элинин кызыкчылыгын качырган жолунан тайбай келет, жеңилип-жеңип келди. Акыр аягы биротоло "Жеңиш биздики болот" деп катуу ишенимде турган кези…
Социал-демократтардын катарынан шартка жараша Отунбаеванын чыгып кетиши бул партияны бир топ эле алсыздандырат десек да болот. Бирок... Бирок Оунбаеванын партиядан чыгышы ал бул партияга кам көрбөйт дегенди билдирбейт, кандай болгон күндө да анын калдайган карааны, таасири бу партияга далай "плюстарды" толтуруп салышын жокко чыгарбайлы. Отунбаева кеткени менен партия лидери Атамбаев бар, анын кадыры да элинин далай жерине жетип берет. Ага удаа Өмүркулов, Карамушкина, Кадыров, Р.Момбеков, сыяктуу эли таанып, жактырып турган азаматтары бар.
"Ак шумкардын" башында турган Темир Сариев кийинки жылдары элге бир топ эле алынып калды. Өзүнүн элдеги кадыр-баркы бир топ эле жогору болгону менен партиясында жалпыга таанымал жарандар жокко эсе десе болот.
Кандай болгон күндө да келе жаткан шайлоо кыргыз элине дагы далай азап-тозокторду алып келет го деген санаркоо сөзсүз бар. Анткени эки бийликтин кешигинен жакшы ооз тийип, эми бу бийликтин "обоймасынан" орун таппай калган капчыгы оголе калың шүмүрлөр ошол капчыгынын күчү менен далай жаман иштерди жасайт деп күтсөк, жөн эле санаркоо болбос. Айттык го, баарыбыз билебиз, акчанын күчү баарына жетип берет экен. Акча менен добуш берүү биздин жаш мамлекетте клыптанып да калды. Элдин кай бир катмары кадимкидей эле акча менен добуш бергенди мыйзам ченемдүүлүккө айлантып алгандай да болду. Мына ушундай коркунуч бар.
Кандай болгон күндө да түптүү элбиз, кылымдар келаткан Улуулугубуз кайткан жок. Болсо болуп жаткандыр бийликьтен кеткен, жеке адамдардан кеткен жосунсуз иштер, бирок, бүтүндөй эл - КЫРГЫЗ ЭЛИ бабалар түптөп берген Улуулугунан кайта элек деп билели!
ӨЗ МАСЕЛЕБИЗДИ ӨЗҮБҮЗ ЭЛЕ ЧЕЧЕЛИ
7-апрелден кийин реванш алууну көздөгөн бакиевчилердин аракеттери менен бир топ чырдуу окуялар болду, кийинки Ош коогалаңы жүздөгөн адамдарыбыздын өмүрүн кыйып да таштады. Революция да, ар түрдүү коогалаң иштер да, улуттук араздашуулар да... баары, баары өзүбүздүкү. Андыктан ал маселелердин баарын өзүбүз эле, жаманбы, жакшыбы, чечип алабыз. Негизи эле ушундай болуш керек го. Айталы, бир үйдө эки бала чырдашса бүлө ичинде чечип алат ата-эне дегени. Мамлекеттик деңгээлде деле ошол.
А биздеги болуп жаткан ички окуяларыбызга сөзсүз түрдө четтегилер аралашат да турат. Аларды ошондой көндүрүп алганбыз. Ар бир окуяга чет элдиктер комиссия түзүп изилдегилери келет. Ошол комиссиясына кирген немелер кыргыз деген ким экени менен түшүнүгү жок, элдин каада-салттары, ыйык туткан асыл баа сезимдери, руханий байлыктары… менен түшүнүгү жок да анан түз келип бизге "мунуң туура, тигиниң натуура" деп акыл айткысы бар.
Апрель окуяларынан кийин, бөтөнчө Оштогу улуттук кагылышуудан кийин аны изилдейбиз дегендер толуп кетти. А турсун, куралдуу күч киргизип абалды колго алабыз деп жатпайбы. БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллей деген неме "кыргыздар өзүбектерди кордоп жатат" маанисинде айтып чыкты. Ал эми ЕККУнун конфликтерди алдын алуу борборунун деректири Герберт Зальбер "Кыргызстанга полиция күчтөрүн киргизебиз" деп, улуксат-пулуксаты жок эле айтып жатпайбы. Көрдүңүзбү, булар үчүн Кыргызстан деген мамлекет маани-баасы жок эле бир нерсе. Анткени жетекчилик, мурунку да, кийинки да, оозун ачып, гумжардам бербей койбосун деп, кайра оозун басып окшуюп олтурганы олтурган.
Өзүбүздүн Исмаилова, Абдрасулова, Жакупова деген "азоо аттай алкынган" айымдарыбыз болсо, ар бири өз алдынча "изилдөө борборлору" болуп чыгып кетти. Эми аларды тим коюш керек, кези менен элине эрмек да керек…
"Тарых баарын орду ордуна коет" деп, ар дайым эле азыр ордуна койчу нерселерди келекчекке жылдырып келебиз, анткени азыр милдетин алуудан коркобуз. Өткөндөгү Ош окуясын да "тарых тастыктайт" деп кийинкилерди жоопкер кылып жатабыз. А эмне үчүн азыр эле "…чынчынына келгенде эки улуттун кырылышына өзүбектер күнөөлүү" деп эмнеге так кесе айта албай жатабыз. Аны айталбай жүрүп, тиешелүү чара көрбөй жүрүп аларды да, башка улуттарды да башка чыгарып алып жатпайбызбы! Илгери бир акын айтмакчы: "Сок тумшукка, анткени, алдыңда акмак турат!" дегенди мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүп чыкса деле болот! Ошондо элиң менен башка эл жакшы эсептешет, сенин жериңде баш калкалап жүрүп же жашап жүрүп сага карап каяша айтпайт, кемсинтүүгө далалат кылбайт! Эң башкысы: автономия бер, тилибизди официалдуу кыл сыяктуу айбандык, көпкөн ойго ширелген талаптарын койбойт!
Эл деген баарына даяр, бийлик төбөлдөрүнүн айткандарын жасайт, эгер ал маанилер эл кызыкчылыгы, улут кызыкчылыгын көздөсө. Кептин баары бийлик башындагыларда. Баарына мээлери жеткен жетекчилердин элим деген саясатындагы алешемдиктер кайдан чыгат?!
Баратбай АРАКЕЕВ