Сыймык Бейшекеев,
ырчы:
"Данияр үсөнов 40 миң доллардан төлөп..."
Мукамдуу обондору, салмактуу ырлары менен элдин жүрөгүнөн түнөк таап, бир нече жылдан бери чыгармачыл жаатта элине татыктуу кызмат өтөп келе жаткан белгилүү ырчы, обончу Сыймык Бейшекеев менен турмуштун бүгүнкү көйгөйлөрү туурасында баарлаштык.

- Сыймык байке, маегибизди алдыдагы шайлоолор туурасында баштасак. Күз айында өтүүчү парламенттик шайлоого катышайын деген оюңуз барбы?
- Мага "Биздин партияга кир. Депутаттык мандат алып, чоң саясатта да өзүңдү сынап көр"- деген сунуштар бир катар партиялардан түштү. Сунуш кылган адамдарга ыраазычылыгымды билдирип, саясатка аралашуудан баш тарттым. Себеби мен өнөр адамымын. Чыгармачыл жаатта бүтүрө элек иштерим арбын. Баштаган иштеримдин аягына чыгып, элиме жемишин беришим керек го. Саясатка киргенден кийин чыгуу кыйын болуп калат да, чыгармачылыгым экинчи орунга жылып, аксап калаарына толук көзүм жетип турат. Ошондуктан азырынча көңүлүм сүйгөн кесипти эле аркалап турайын деп чечтим. Бул жашоонун кубанычын да, кайгысын да ыр дүйнөсү менен элиме жеткирип, кызмат кылууну туура таптым.
- Шайлоого катышуудан баш тартыпсыз. Шайлоо учурунда кайсы партияга чыгармачылык жактан колдоо көрсөткөнү турасыз?
- Бул нерсени так чече элекмин. Үч-төрт партиядан "бизди колдоп бер" деген сунуштар түштү. Аларга да ачык жообумду айта элекмин. Себеби алардын сунушу менин купулума толбой, менин сунушум алардын шартына туура келбей жатат. Азырынча ортодо сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кудай буйруса, бир жуманын ичинде кайсы партияга иштээримди чечем. Азырынча сыр кылып айтпай турайын.
- Айрым ырчылар жандуу үн менен ырдоого биздеги аппаратуранын абалы жооп бербейт деген сөздөрдү көп айтышат. Чынында эле жандуу ыр менен ырдоого биздеги техникалардын начардыгы тоскоол болуп келеби?
- "Фонограмма менен ырдоого биздеги азыркы аппаратуралардын абалы талапка жооп бербейт"- деген сөздөргө толугу менен кошулбайм. Себеби бизге конок катары келип, концерт коюп жаткан чет элдик ырчылар, дайыма жандуу үн менен концерт коюшарын баарыбыз билебиз. Аларга башка аппаратура берилбейт. Ошол биз ырдап жүргөн эле аппаратуралар менен ырдашат. "Чегирткеден корккон эгин экпейт"- деген жакшы сөз бар го кыргызда. Анын сыңары жогорудагы сөздү өзүнүн күчүнө, талантына ишенбеген адамдар чыгарып жатса керек. Элдин алдында уят болуп калбайын дегендердин чыгарган шылтоосу катары кабыл алсак болот. Ал эми фонограммасыз, жандуу үн менен ырдоого эмнеге болбосун. Фонограммасыз төрт-беш саат концерт берсе болот.
- Сиз сахнага биринчи комуз менен чыктыңыз эле. Улуттук аспаптан эстрадага өтүүңүзгө эмне себеп болду?
- Турмуштун агымы адамды өзү менен кошо агызып отурат экен. Союз тараган мезгилде биздин өлкөнү эстрада агымы ээлеп, ал агымга каршы турууга биз алсыздык кылган элек. Ошол кезде көпчүлүктүн катары менен мен дагы эстрада агымына кошулуп кеттим. Себеби 1993-жылдары биз Тууганбай, Ашыраалы аталар менен Спорт ордосуна улуттук багытта концерт койгонбуз. Чынын айтсам, көп адамдар ал концертке келген эмес. Ал эми эстрада ырчылары бир айлап концерт койсо да, эл залга батпай келип жаткан эле. Ошондо мага "Азыр эстрадага өтүп, учуру келгенде элди комуздун кайрыктарына ээрчитип кетем" деген ой келип, эстрадага кадам таштагам. Тилекке каршы, айткан сөзүмдү толук ишке ашыра албай калдым. Эгер мен да учурунда филармонияда иштеп, Тууганбай, Ашыраалы аталар менен чогуу иштеп калбаганда "жапайы" музыканын кулу болуп калат белем. Көч бара-бара түзөлөт дегендей, буйруса акырындык менен кыргыздын кан-жанына сиңген комузга кайрылууга аракет кылып жатам.
- Сиздин Юлдуз Усманованын ырына жооп иретинде ырдаган ырыңызды угуп калдык. Аталган ырды чыгарууңузга эмне түрткү болду?
- Кыргыз эли өз жеринде туруп, күнөөлүү болуп жатканы мени аябай өкүндүрөт. Менин жеке көз карашымда Юлдуз Усманованын ыры алдын ала эле атайын тапшырма менен жазылгандай. Менимче, аталган ыр өзбек улутуна дем, күч берүү максатында мурунураак даярдалган. Кыска аралыктын ичинде мындай ырды жаратууга мүмкүн эмес эле. Ыр эки жарым күндүн ичинде интернет булактарында жарыяланды. Бул өтө таң кала турган да, кооптоно турган да нерсе. Учурдан пайдаланып айтат элем, бизди Юлдуз Усманова ырдап да, чырдап да жеңе албайт. Бизге ыр менен каяша кылганга анын моралдык укугу жок. Өздөрү чырды баштап, күнөөнү бизге жаап жатканы кыжырымды келтирди. Эми бул жерде "осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт" дегендей эле болуп жатат да. Аталган ырды чыгаруу менен Юлдуз өз элине жакшы көрүнүп, куулуп кеткен жерине келем дегени го. Бир чети бизге чала болот. Ушуну көрмөкпүз. Себеби чет элдин ырчыларына гонорардын чоңун төлөп, атайын машина жалдап, "чалчактатып" сыйлап турчу элек. Жыйынтыгында эмне алдык. "Ашыңды ичейин кадырыңа..." - дегендей мамиле жасап отурушат. Ошол эле Юлдуз да бир кезде биздин сыйлуу коногубуз болгон. Анан эмне болду. Төбөбүздөн өйдө заара ушаткандай эле кылды. Данияр Үсөнов бийликте турганда баласына той берип, биздин алдыңкы ырчыларга 200 доллардан, чет жерден келген ырчыларга 40 миң доллардан гонорар төлөп берген. "Өз элин агалай албагандар башканын эшигин сагаалайт" болуп, өзүбүздөгү не бир таланттуу ырчылардын талантын баалабай жаткандарга бир чети ырас болот.
- Ош, Жалал-Абад аймактарында болгон коогалаңдагы ачык чындыкты бийлик башындагылар да ачык айта алышпай келет. Бул ырды чыгарууда чыгармачылыгыма терс таасирин тийгизип коет деген кооптонуулар болгон жокпу?
- Мындай кооптонуу да болбой койгон жок. Бирок биз "эртеңки күнүм эмне болот. Менин жаным тынч калсын" - деп отурсак, баарысы башыбызга чыгып албайбы. Бир ырчыга жооп кыла албасак, бизди учур да, келечек да кечирмек эмес. Өзүбүздүн намысты коргоого убакыт жетти го. Коркуп жүрүп эмне таптык. Азыр да бизде коркоктук сезим басымдуулук кылып келет. Анткени менин "Төр талашпа" деген ырымды бир гана "Сезим" радиосу кабыл алды. Калган радиолор коркушуп, "эки элдин ортосуна от жагат"- деп кабыл албай коюшту. Эки элдин ортосуна башкалар доо кетирсе унчукпайбыз. Биз ооз ачсак эле, эки элди чабыштырган улутчул болуп калабызбы? Качанга чейин басмырланып отура беребиз? Кайдагы бир ырчыга жооп кайтарууга алыбыз келбесе, адамдыгыбыз кайсы. Намыс үчүн болсо да ооз ачыш керек го.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова
(2010-жылдын май айындагы
Ош, Жалал-Абад окуясына
карата)
Сөзү: Бактыгүл Чотурова
Обону: Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ

Урпактары Манастын,
Улап келген тарыхын.
Кыргыз элим байыртан,
Кылымдардын жарышын.
Мейманына урматтап,
Койгон колдо баарысын.
Бөрү тери жамынып,
Бөлгөн кантип жарысын.


Бийигидир кыргыздын,
Бир туугандай санашса.
Ынсабыңды бек туткун,
Ыйманыңа жараша.
Жакын коңшу деп койсо,
Жаман ойго жанашпа.
Төркүн эмес бөлөк эл,
Төрдү келип талашпа.

Орун алып орток деп,
Оңдоп алып турмушун.
Таарынтканда ашыкча,
Татып жүрүп ким тузун.
Өзү келип тийишип,
Кордоп жатса уул-кызын,
Катылгандын катыгын,
Берип келген кыргызым.

Өзбек тууган не керек,
Жалган жалаа койгондун.
Кыргыз сыйлап төрүндө,
Кыйын десе толгондуң.
Кыргыз нанын жеп жатып,
Кыйшык сөзүң оңдонгун.
Биздин жерде жашасаң,
Биздин салтты колдонгун.

Мал арыгын баккандын,
Бармактары май жалайт.
Киши арыгын баккандын,
Оозу бир күн канжалайт.
- деген сөз бар илгертен,
Акылсыздар аңдабайт.
Өзүбектин түркөйү,
Сөз маанисин тандабайт.

Өзбек деген тууганда,
Өзүмчүлдүк арбыйбы.
Сырттан көчүп келишип,
Байлык менен мал жыйды.
Ач көздүгү ашынып,
Алгач баштап кан кыйды...
Ата-Журтту сактайм деп,
Азаматтар жан кыйды.

Түштөн кийин ыр ырдайт,
Чаң чыгарып таңдайды.
Кордоду деп кыргыздар,
Бет тырмачу кандай бу?
Кулдай болуп кутуруп,
Куулук менен алдайбы?
Кыргыз эли жакпаса,
Өз элине барбайбы?

Касапчыга мал кайгы,
Кара эчкиге жан кайгы.
Боордошуп жашасак,
Болбос эле зар, кайгы.
Өзүбектин жаманы,
Өзү баштап андайды.
Уят кылып жакшысын,
Узун сөзгө калбайбы?!

Өзүбектей кыргызым,
Өзү келип тийишпейт.
Жашап жүрүп кыргызда,
Жаман мейман күйүшпөйт.
Коноктугун унутуп,
Кой дегенди билишпейт.
Сабак болсун башкага,
Кимдер кулак түрүшпөйт.

Биздин жерге келгендер,
Биздин салтты тутунмай.
Ынтымактуу бололу,
Ырыскыны учурбай.
Бизге кымбат нерсе жок,
Биримдиктин кутундай.
Кыргызстанды сүйөлү,
Биздин тилек ушундай.